Бала кезимде кыялдангандай, жер кыдырып, саякаттап, көп өлкөлөргө бардым.
Турусбек Мадылбай - заманыбыздын көп тилде сүйлөй да, жаза да билген полиглот жазуучусу. Мындай таланттар сейрек кездешсе керек. Бирок 32 тилди өздөштүрүп, ааламды таң калтырган Турусбек агайдын өзүн гений же өзгөчө жөндөмү бар деп эсептебеген жөнөкөйлүгү бар экен. Ал чет тилдерди үйрөнүү, ал тилдерде эркин сүйлөө үчүн жөн гана коркунуч сезиминен арылуу керектигин баса белгилейт. Андан кийин адамдын каалоосу күч болушу керек дейт. Бул жазуучунун кыргыз адабиятына кошуп келе жаткан зор салымы бар. Дүйнөлүк классиктерди кыргызчалатып, кыргызча чыгармаларды чет тилдерге которуп гана тим болбостон, калеминен жаралган чыгармалары эл аралык сыйлыктарды багындырып келет. Канткенде чет тилде эркин сүйлөп кетсе болот, Чили президенти Сальвадор Альенде кантип анын жазуучулук шыгына шык кошо алган? Эмне себептен айрымдар жазуучуну "чунак киши" деп сыпатташат? Мына ушул тууралуу жана башка кызыктуу окуяларга, пайдалуу кеңештерге толгон маекти төмөндө окусаңыз болот.
L. Саламатсызбы, агай? Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз
Мен Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул шаарында төрөлүп, ошол жерде мектепти бүтүргөм. Кийин Россиянын Дондогу Ростов шаарындагы университетти бүтүрүп келип, Токтогул шаарында 11 жыл мектепте мугалим болуп иштедим. Андан соң Москвадагы Дипломатиялык Академияны аяктадым. Аны бүтүрүп келип, Бишкекте “Кыргыз Руху” гезитинде бөлүм башчы, кийин жооптуу катчысы болдум. Ошентип журналистикага өткөм.
Негизи мен жазуучумун. Жазуучулукка шыгым мектепте эле ойгонгон. Ал кезде Ч. Айтматовдун жылдызы жанып, атагы алыска кеткен учур эле. Бүткүл союздук республикаларда Айтматовдун аты радио-телеберүүлөрдөн, гезиттерден такыр түшчү эмес. Бала кезимде ушунун баары мага чоң таасир берсе керек, 9-класста эле жазуучулукту баштагам. Ал гана эмес ошол кезде жазган чыгармам эл аралык сыйлыкка да татыган. Ошол кезде Чили өлкөсүндө Сальвадор Альенде деген президенти өлтүрүлүп, Пиночет бийликке келип путч чыгат. Путчка каршы конкурс жарыяланып, сынакка чыгармаларымды жибергем. Жыйынтыгында, Чилинин эл аралык сыйлыгын утуп алгам. Венгрияда жайгашкан Эл аралык студенттер союзу дагы менин Чилиге арнаган чыгармаларыма сыйлыгын ыйгарган. Ошентип, мектеп окуучусу кезимде эле эки эл аралык сыйлыкка ээ болгом. Алган сыйлыктарым мага күч берип, шыктандырды окшойт, мен андан ары жазуучулукка өттүм.
Ал кездеги аброю жогору деп эсептелген Москвадагы Горькиий атындагы адабият институна тапшырайын дегем. Бирок бул окуу жайга жалаң тааныш аркылуу колунда кызматы, бийлиги бар адамдардын балдары гана өтө алгандыктан, кыялымдагы университетке бара албай калгам. Бирок Ростов шаарындагы университеттен филология факультетин аяктап, орус тили жана адабияты мугалими адистигине ээ болдум. Окуумду бүтуп келип, өзүм бүтүргөн мектебимде мугалим болуп иштеп жүрдүм.
Анан 1992-жылы өкмөт тарабынан Москвадагы Дипломатиялык Академияга окууга чакыруу алдым. Ал кезде эл аралык мамиле тузүү иштери боюнча тил билген адистер керек болуп, дипакадемияга студенттерди тандап жатышкан экен. Буга чейин көп тил билген адис катары мен тууралуу гезит беттерине да жазылган эле. Ошондон улам мени окууга жиберүү боюнча акимиатка кат келген экен. Анан мен Москвадан 2 жыл Дипломатиялык академияны бүтүрүп келдим.
Бирок дипломат болуп жумушка орношо албай калдым. Ал кезде ТИМде жумушка кирүү үчүн тааныш керек эле, болбосо, пара аркылуу орношуу мүмкүн болчу. Мен андай кылгым келген жок. Акча берип, жумушка орношуудан баш тарттым.
Анан “Кыргыз Руху” гезитине журналист болуп кирдим. Ошол жерде жооптуу катчылыкка чейин иштедим. Кийин Жогорку Кеңешке кеңешчи болуп иштөөгө чакырышты. Бирок бул убакыт аралыгында жазуучулукка колум тийбей калды. Жумуш деп, аркы-берки жактарга чуркап жүрүп, китеп жазганга үлгүрбөй калгандыктан, арызымды жазып, жумуштан чыгып кеткем. Анткени жазуучулук - мен үчүн негизги, сүйүктүү, баарынан жогору койгон ишим болчу. Тынч отуруп, жазуучулугумду уланткым келди. Азыркы тил менен айтканда фрилансер болдум.
Жакында эле кытай тилинде жарык көргөн "Кичинекей Бердинин азаптары" китебим
Ошол убакыттан бери көптөгөн чыгармаларды жаздым, китептеримди басып чыгардым. Эл аралык 8 сыйлыктын ээси болдум. Орусиядан жазуучу катары Москвадан “Русская премия” эл аралык сыйлыгы, эки жылдан кийин Сантк-Петербург шаарынан “Добрая Лира” эл аралык сыйлыгы, АКШнын IBP Эл аралык жазуучулар программасынын алкагында Америкага барып, Айова IWP (International Writing Program) Жазуучулардын эл аралык программасы боюнча окуп келдим. Германияда уюштурулган жомоктор боюнча сынакта мен жазган жомогум эң мыкты деп табылды. Лондондогу Кембридж шаарынан 1 сыйлыкка ээ болдум.
Мындан сырткары, жазган китептерим чет тилдерге которулуп, англис, түрк, кытай, француз, немис, орус тилдеринде басылып чыкты.
Учурда деле чыгарма жазуу менен алекмин. Бирок пенсия жашыма карабастан, мектепке келип иштеп берүүмдү суранышкандыктан, өзүм окуган мектепте орус тили жана адабиятынан сабак берип жатам. Ошондой эле, өзүм билген чет тилдерди курс катары үйрөтөм.
L. Сиз 32 тил билген полиглот катары Гиннестин китебине кирген экенсиз. Ушул боюнча айтып берсеңиз.
Мен полиглот болоюн, көп тил үйрөнөюн деген атайын максат койгон эмесмин. Окуучу кезимде эле англис тилине кызыгуум күч болгондуктан, өз алдымча эле үйрөнүп, бул тилде жакшы сүйлөп калгам. Ал эми мектепте тил үйрөтүү сабактарынын деңгээли кандай экени баарыбызга эле маалым болсо керек.
Кийин Ростов шаарында окуп жүргөндө француз тилин үйрөндүм, анткени англис тилин билгендиктен, убактымды текке кетирбөө максатында француз тилине жазылып алгам. Эреже боюнча, окуу процессинин учурунда бирден чет тилди үйрөнүү милдет болчу. Ал эми кийин Москвага барып, Дипломатиялык Академияда окуп жатканда билген тилдеримди эле окуп жүрө бербейин деп, португал тилин окудум. Андан тышкары биздин окуу жайда серб-хорват тилдерин үйрөтчү. Бул тилдер славян тобуна киргендиктен, орус, украин тилдерине жакын болот. Булардан сырткары, испан, итальян тилдерин өз алдымча үйрөндүм. Дипломатиялык академияда роман тилдери боюнча адис болуумду сунушташкан. Ошол себептен да португал тилин үйрөнгөм, азыр роман тобундагы ири тилдердин дээрлик баардыгын (португал, испан, итальян, француз ж.б.) билем. 1994-жылы Дипломатиялык Академияны бүтүрүп келип, жумушсуз калганда, Бишкек-Ош жолун курган компанияга англис-түрк тили боюнча котормочу болуп иштедим. Ушинтип отуруп эле үйрөнгөн тилдеримдин саны арта берди. Менде көп тил билген полиглот болуп, Гиннес китебине кирейин деген эч кандай максатым деле, оюм деле жок болчу.
Мен тарыхты түп нуска жазуулар боюнча гана иликтейм.
Гиннес боюнча айтсам, рекорддор китебинин өкүлдөрүнө мен тууралуу жазуучулар союзундагы балдар айтышкан экен. Алар мага келишти, чогулуп отуруп алып санадык. Мен ага чейин билген тилдеримди санаган деле эмесмин. Гиннес китебинин өкүлдөрү мен сүйлөй алган, китептерин окуп, которо алган тилдерди санаганда 32 тил билет деп чечишти.
L. Ал тилдерди кантип санашкан?
Негизи тилдер жандуу жана жансыз тилдер болуп 2ге бөлүнөт. Жандуу тилдер - булар азыр кишилер сүйлөгөн, баарлашууда колдонулган тилдер. Мен билген тилдердин көбү жандуу тилдер. Ал эми жансыз тилдер - убагында колдонулуп, кийин өзгөрүп, бөлүнүп, колдонуудан чыгып калган тилдер. Аларды көбүнчө илимде гана билишет. Жансыз тилдерден мен санскрит, латын, байыркы славян тилин билем. Бул тилдерде жазылган чыгармаларды окуйм. Андан тышкары байыркы түрк тилин билем. Мисалы, Махмуд Кашгари жазган хакани тили, Жусуп Баласагын жазган бууракан тилин билем. Бул байыркы тилдерди өздөштүргөн себебим - мен тарыхка да абдан кызыгам. Тарых изилдөөдө байыркы жазмалардын түп нускасын чечмелегенге туура келет. Мисалы, кыргыздар тууралуу арабдар, ирандар, кытайлар, байыркы славяндар, байыркы гректер көп жазган. Аларды түшүнүү үчүн бул тилдерди үйрөнүүгө туура келди. Анткени кыргыз тилине которууда катачылыктар көп кетирилип келген. Айрымдары саясатка байланыштуу, атайын эле туура эмес которулган.
Мисалы, араб тилинде Мырза Хайдардын кыргыздар тууралуу айтканын: “Киргизы - это дикие львы Моголистана” деп орусча которуп коюшкан. Ал эми тарыхчыларыбыз муну кыргызчага которуп, “жапайы” деген сыпаттаманы колдонуп калышты. “Дикий” - жапайы, варварлар дегенди билдирет да. Бирок ал кезде кыргыздар жапайы болгон эмес, күчтүү өнүккөн мамлекетти түзүшкөн. Кийин Мырза Хайдардын жазмасын окусам, “жапайы” эмес “токойдогу” деп жазган экен. “Кыргызы - лесные львы Моголистана” деп сүрөттөптүр. Мындай туура эмес котормолор аябай көп кездешет. Ушуга окшогон каталар боюнча да тарыхый изилдөөлөрдү жүргүзүп келем. 2010-жылдан баштап өлкөдөгү ири интернет басылмасында “История Кыргызстана и кыргызов” аталыштагы атайын рубриканы алып барам. Анда таш доорунан баштап 2010-жылкы басып өткөн кыргыздардын тарыхын жазып чыккам. Андан тышкары Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына карата анын кыргыз экенин, “Кутадгу билик” кыргыз тилинде жазылганын далилдеген 20 дан ашуун макалаларым жарык көрдү. Эми булардын баары тарыхый талаш деп эсептелинет. Бирок тарыхый изилдөө жүргүзүүдө түп нусканы кароо керек. Кээ бир тарыхчылар, жазуучулар түп нускасын карабай эле, орус тилинде кандай жазылса, ошондой кылып которуп берип коюшат. Мен түп нускасын карап, кандай жазылса, ошондой кылып жазам.
L. Сиз тарабыңыздан далилденген тарыхый фактылар окуу программасына киргизилгенби?
Жок, аны киргизишпейт. Анткени Оноре де Бальзак деген француз жазуучусунун айтканы бар: “Эки түрдүү тарых болот. Бирөө расмий тарых - ал жалган. Экинчиси, чыныгы тарых - ал тарыхтан кээ бир эл уялат, аны жашырат. Ошондуктан, чыныгы тарыхты эч ким жазбайт”. Мен өкмөттөн маяна алып, академиялык институттарда изилдөө жүргүзгөн илимпоз тарыхчы эмесмин. Ошондуктан, мен чыныгы тарыхты гана жазам. Болгону өткөндү түп нуска жазмаларга таянып изилдейм.
L. Көз карандысыз илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн оңой эмес каражат талап кылынат эмеспи. Күнүмдүк жашоого кантип каражат табасыз?
Менин туруктуу айлыгым жок, жалаң гонорар менен жашайм. Кээде китептерим сатылып же сыйлыктар тапшырылып калганда, акча пайда болуп калат. Бир убактарда Америка элчилиги аябагандай чоң көмөк көргөздү. Алар мага англис тилинен кыргыз тилине 20дан ашык китепти которууга буюртма беришкен. Анын ичинен 18 китеп мыкты көркөм адабият чыгармалары болгон, мисалы: Рэй Брэдберри “Каакым ширеси” романы, Марк Твен “Том Сойердин жоруктары”, “Хеклеберри Финндин жоруктары”. Бул котормолор үчүн элчилик мага гонорар төлөп берип турду. Мындан сырткары, жеке жазуучулардан чыгармаларын англис-орус-кыргыз тилдерине котортуу үчүн буюртмалар түшүп турат.
L. Өнүккөн өлкөлөрдөгү көп тил билген полиглоттордун, жазуучулардын көбү миллионерлер. Сизге чет жакка чыгуу боюнча сунуштар түшкөн эмес беле?
Айрым адамдар мени чунак киши катары көрүшүп, эмнеге Ак үйдө иштебейсиң, эмнеге чет өлкөгө кетпейсиң деген суроолорду көп беришет. Мен жогоруда айткандай, өкмөт же гранттык уюмдар менен кызматташсам, мен алар чийип берген алкактан чыкпай калышым керек болот. Мен өз оюмду эркин жазгым келет. Убагында мени мыкты шарттар менен Кытай, Түркия жана АКШ өлкөлөрү чакырган. Бирок пандемиядан улам бара албай калгам. Анткен менен ар кандай кооптуу окуялар күчөгөн тынч эмес мезгилде, үйдө эле отурган жакшы экен. Мен башында айтып кетпедимби, убагында Чыңгыз Айтматовго окшогон дүйнө кыдырган, дүйнөгө таанымал жазуучу болсом деп кыялданган элем. Учурда дүйнөнү кыдырып эле жүрөм, ар кандай жолугушууларга, илимий конференцияларга көп чакырышат.
Бала кезимде кыялдангандай, жер кыдырып, саякаттап, көп өлкөлөргө бардым.
Бирок жер кыдырып, саякаттап жүрүп алсам, жазуучулугум аксап калат экен. Ал эми жазуучулук мен үчүн баарынан жакын. Эгерде бардык шартты түзүп беришсе, мен жазуучулук менен гана алектенүү үчүн чакырган жерлерге кете берем. Мисалы, АКШ мага бардык шарттарды түзүп берип, китеп жазуума сонун мүмкүнчүлүк берген эле. Ал өлкөдө жүрүп, 5 роман жазып келдим. Болгондо да англис тилинде жаздым. Ошол чыгармаларымдын бири - “Токтогул Ливерпуль” романым Лондондогу Кембридж университетинин эл аралык сыйлыгына татыды. Булардан сырткары англис тилинде жазылган 3-4 романым даяр болду. Буюрса, алар да жакында басылып чыгат, бул боюнча америкалык басылмаларда иштеген редакторлор менен кызматташып жатам. Былтыр “Русская премия” сыйлыгына ээ болгон “Күкүнүс” романым Шанхайда кытай тилинде басылып чыкты. Азыр Amazon дүкөндөрүндө сатылууда. Буюрса, чыгармачылыгым ийгиликтүү өсүп жатат, көп өлкөдө мени билишет. Китептерим басылып, башка тилдерге которулуп жатат.
L. Жөнөкөй адамдар 32 тилди үйрөнө албаса керек. Сиз өзүңүздү вундеркинд деп эсептебейсизби?
Баары эле мени вундеркинд же гений деп ойлошот. Бирок ошолордон сурагым келет: “Силер кантип орусчаны үйрөнүп алдыңар? Орустар орусча үйрөнгөнгө жөндөм сураган жок да бизден?!” Андыктан кимдин тил үйрөнөм деген чын каалоосу болсо эле, оңой эле үйрөнүп алышат. Тил үйрөнүүнүн эч кандай көйгөйү жок.
L. Тил үйрөнүүнү көздөгөн жаштарга кандай кеңештерди берет элеңиз? Эмне себептен 10 жылдап чет тилин үйрөнсөк да ал тилде эркин сүйлөй албай келебиз?
Мен буга кесипкөй педагог катары жооп берейин. Бир нече жылдап үйрөнүп жаткан чет тилдерде сүйлөй албоо - бул коркунучтун айынан келип чыгат. Окуучу, студенттер гана эмес, мугалимдер да ошол коркуу сезимден улам, эркин сүйлөй алышпайт. Качан гана аң-сезимдеги коркунучтан арылганда, чет тилде сүйлөө мүмкүн болот.
Дагы бир белгилей кетчү нерсе, азыркы мектептерде чет тилин үйрөтүү системасы таптакыр туура эмес, бул система, тескерисинче, чет тилде таптакыр сүйлөй албагыдай кылат. Анткени мындай ыкманы тоталитардык өлкөдөн элдерди сыртка чыгарбоо максатында атайылап ойлоп табышкан. Андыктан бардык окутуу курстарында, мектептерде, жогорку окуу жайларда советтик окутуу ыкмасын түп-тамырынан бери өзгөртүү зарыл.
Англис тилинен кыргыз тилине 20дан ашык китеп котордум.
Ал эми кыргыз тилин билгендер үчүн англис тилин үйрөнүү опоңой. Анткени эки тилдин грамматикасы окшош.
Жогоруда соз кылгандай, айрымдар мени гений катары көрүп жатышпайбы, бирок андай эмес. Жөн гана чет тилин үйрөнө берүү керек. Бир жылдын ичинде 3-4 тилди деле үйрөтүп кое алам. Эгер ошого чыгынып, мен үйрөнөм деген чын ыкластан каалоо болсо эле ошол жетиштүү. Буга эч кандай таланттын, өзгөчө жөндөмдүн кереги жок. Тырышчаак болуп, мээнет көбүрөөк жумшасаңар эле каалаган тилде сүйлөп кете аласыңар демекчимин. “Үйрөнүш керек эле” деп созуп жүрө берсеңер, өмүр бою үйрөнө албайсыңар.
Мен билген 32 тилдин ичинен эң татаалы орус тили. Анан эмнеге эң оор тилди үйрөнүп алабыз да, грамматикасы эн жеңил англис тилине келгенде эле жөндөмүм жок деп шылтоо таба беребиз?
L. Сиздин кыргыз адабиятына, тарыхыбыздын изилденишине зор салымдарды салып келе жатасыз. Мамлекет тарабынан бул эмгектериңиз бааланды беле?
Өкмөт тарабынан балдар адабияты үчүн чет элдик чыгармаларды которгон эмгектерим үчүн сыйлык алгам.
Булак: Лимон