Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 520

Н.Нарматова: Буга чара көрүүчү мезгил жетти.

Жакында президент Садыр Жапаров "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Мыйзамга кол койду. Буга ылайык, мындан ары Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдар Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, ачык - айкын иштешет. Аталган мыйзам долбоорунун башкы демилгечиси болуп саналган депутат Надира Нарматова "Эркин-Тоо" гезитине бул боюнча пикирин билдирген:

- Мамлекетте темирдей тартип болбосо, бүгүнкүдөй бейбаш болуп жүрө беребиз. Адамдардын адеп-ахлагы, ариет-намысы, жүрүм-турум эрежелери, мамлекетти, ишти сүйүүгө болгон жоопкерчилик, улуттук идеологиянын баары темирдей тартиптин ичине кирет. 30 жылдан бери улуттук идеологиянын жоктугунан сырттан каржыланган өкмөттүк эмес уюмдар, диний агымдар, секталар Батыштын, Чыгыштын идеологиясын элге сиңирүүгө аракет кылып, бош калган ваакумду ээлеп бүтүштү. Буга чара көрүүчү мезгил жетти. "Чет өлкөлүк агенттер жөнүндө" мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште үч окуудан өтүп, президент кол койду. Эми мамлекетте көзөмөл орнойт. Чет өлкөлүк тыңчылар каалагандай калчап, билген намазын окуп, өлкөнүн тынчтыгын буза албай калышат. Күч түзүмдөрү көзөмөлгө алганга мыйзам менен куралданттык. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы ушул мыйзам менен тарых барактарында жазылып калат.