Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 511

У.Үсөйүн: Бир тараптын ыңгайына чечүү бул - бир гана согуш жолу! Аны Кудай бербесин!

- Тажикстан менен чек ара маселеси боюнча көптөргө жакпаган ой пикиримди бөлүшөйүн.

Негизи, чек ара маселеси баары бир бир күнү чечилиши керек. Берчүнү беребизби, алчуну алабызбы, чечилүүсү зарыл. Чечилбей тура берген маселе - чоң чоң көйгөйлөрдү жарата бергени анык.

Ооба, чек арадан алыс аймакта жашагандар ар нерсени айтышыбыз мүмкүн, бирок Баткенде жашаган Эл сезген сезимди, корккон коркунучту сезе албайбыз! Уйкусуз, кооптуу, ата энеси балдарына, балдары ата энесине сарсанаа болуп, жинди болуп кете турчу акыбалды алардан башка эч кимибиз көргөн да, билген да жокпуз!

Бир күн жер титирегенде эмне болуп кете жаздадык?

Мени “берчүнү берип, алчуну алып” дегениме жаман көрүп, сөгөөрсүңөр, бирок билип койгула, эч бир тарыхта чек ара сүйлөшүү жолу менен бир тараптын кызыкчылыгына жараша чечилген мисал болгон эмес.

Бир тараптын ыңгайына чечүү бул - бир гана согуш жолу! Аны Кудай бербесин! Ошого, баарын тынч, сүйлөшүү менен гана чечилүүсү зарыл.

Эми азыркы бийлик боюнча.

Ооба, башында бул бийлик чек ара боюнча сөздөрүндө ката кылды, аны баарыбыз билебиз. Бирок, “чек ара чечилиш керек” деген, чечкиндүү кадамдары кубаттоого татыктуу.

Чек арасы маселесин чечүү деген, сенин убактың өткөндө “саткынга, чыккынчыга” айлануу деген наамдуу алуу менен барабар.

Баарыбыз билебиз, кандай чечилсе да, сөзсүз чек ара маселесинде бизге жакпаган, туура эмес делген ой табылат да, булардын доору бүткөндө ошол чечим кабыл алган адамды сөзсүз “чыккынчы, саткын” деген атка коебуз.

Буга мисал, балким Мадумаровдун кол койуусу,

Балким ошол убакта эң жакшы чечим болгондур, бирок убакыт өтүп ал чечими үчүн “чыккынчылыкка” шектелип камакта жатат. Кыскасы, убакыт өткөндө чек араны чечкен адамды мактабай, ага сөзсүз “саткын, чыккынчы” деген мөөрдү басабыз. Бул турган нерсе.

Эми ошол жоопкерчиликтен качпай, жаман жакшы көрүнсө да чек ара чечилет деген Камчыбек Ташиевдин оюн жана иш аракетин 100% колдойм.

Буга чейин чек араны чечүүгө Акаевдин укмуштуудай мүмкүнчүлүгү бар эле, тилекке каршы чечмек турсун ооз ачкан жок. Ошол убакта жан соогалап келген Рахмонго бир сөзү эле.

Андан кийин Бакиев эмне болду,? Кыргыз-тажик чек арасы жөнүндө ооз ачмак, чечмек турсун, “казактар менен чечтим” деген Каркыранын арты менен куулду.

Отунбаеванын убактысы да болгон жок.

А бизди оруска биротоло баш ийдирген Атамбаев, орус менен жакшы болуп туруп, чек ара боюнча чечкиндүү аракет кылбады. Анын да жакшы аракети болгондо, чечүү мүмкүнчүлүгү жогору эле.

А Сооронбай Жээнбековго сөз жок! Чек ара эмес, “Ч” деген сөздү айта албай кетти.

Булардын чек ара маселеси артка жылдырганы, эч кимиси тарых алдында жаман атка калгысы келбегендиги болгон. Эмне болсо ошол болсун, бирок чек ара менен “баляяга” калгым жок деп, жаа боюу качышкан.

Эми ошолордун кылбаган иш аракетинин жыйынтыгы эки чоң кагылышка алып келип, жүзгө чукул бир туугандарыбыз окко учуп кетти. А эгер чек ара чечилбесе, бул сандар дагы 1000деп саналып калаары анык. Ошого, кандай күн болсо да, жаман жакшы көрүнсө да Ташиевдин чек араны биротоло чечкени мыкты болоор.

Эми бул эки дос деле, “бизди жаман көрүшсүн, бизди саткын, чыккынчы” аташсын деп аракет кылбаса керек. Булар деле ак дили менен чек ара көйгөйү чечилсин деген оюу бар экенине жүз пайыз ишенем.

Ким эле өз элине жамандык кааласын!

Ким эле тарыхта жаман атка калгысы келсин!

“Чечкиндүүлүк жакшы сапат, жакшы жакка колдонсоң”- деп дайым айтканымдай, булардын чечкиндүүлүгү менен бул маселеге чекит коюлса өмүр боюу эле рахмат айтып жүрүп өтөм.

Ошо, бул менен жеке пикирим.

Мени бул ойлорум үчүн “сатылдың”, “даканса болуп кеттиң” деп чыгаарсыңар, бирок кандай күн болсо да чек ара маселеси чечилип, Эл тынч өлкөдө жашаш керек!

 

Булак: "Майдан.kg" гезити