Ошол каражатка сатылып алынган бул аскердик-техникалар эми жер-жерлердеги чек ара тарамдарына жөнөтүлөт.
Кыргыз армиясынын кубаттуулугун арттырууга, заман ыргагына шайкеш техника, курал-жарактар менен камсыздоого карата өлкөдө жигердүү аракеттер жасалып жатат.
Эгемендиктен бери карай элдир-селдир күн өткөрүп, эптеп жанын багып жаткан бул тармак учурда мезгил талабынан калышпаган учкучсуз учактар менен камсыздалууга чейин жетишип, кызматкерлердин материалдык-социалдык абалы жакшырып, айлык-маяналары эң алдыңкы сапка чыга алды.
Эсеби маселен, 18-мартта КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы, генерал-лейтенант К.Ташиев Чек ара кызматынын аскердик бөлүгүнө барып, сатылып алынган жаңы аскердик-техникалык жабдыктар менен таанышып чыкты.
Чек ара кызматынын директору, генерал-майор Уларбек Шаршеевдин айтуусунда, чек араны кайтарууга алган тарамдарды камсыздоого алуунун алкагында ооруктук мүлк жана атайын техника алуу үчүн чек ара ведомствосуна республикалык бюджеттен акча каражаты бөлүнгөн. Ошол каражатка сатылып алынган бул аскердик-техникалар эми жер-жерлердеги чек ара тарамдарына жөнөтүлөт.
Өз кезегинде К.Ташиев өлкө жетекчилиги жана ведомство тарабынан УКМКнын Чек ара кызматынын алдында турган күжүрмөн тапшырмаларды ийгиликтүү аткаруусу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп жатканын белгиледи.
Булак: "Майдан.kg" гезити