Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 421

Сак бол кыргыз!

2020-жылы парламенттик шайлоонун кесепетинен бийлик алмашкан күндөн тарта коррупцияга жана криминалга каршы күрөш системалуу түрдө жүрүп, чоң иштер жасалды. 30 жылдан бери мамлекетти тоногондор бир чекеден кусуп жатат. Алкымы бузуктар күн сайын камалууда. Ушул ыргак менен бара берсек, жакынкы жылдарда тамыры биротоло кыркыларына ишеним жаралып калды. Бирок, мамлекеттен чыга качкан уурулар тынч жатпай, сыртта уюшуп алып, өлкөгө бүлүк салганга аракеттенүүдө.

Буга чейин Имамидин Ташов менен Тилекмат Куренов митинг өткөрүүчү күндү белгилеп, бир нече ирет үгүт жүргүзүштү. Бирок, айтылган күндөрдө бир дагы адам чыккан жок. Жакындан бери Раим Матраимов өзүнүн тилектештери менен билек түрүнө киришип, элди митингге чыгарууга аракет кылып жаткандыгы айтылууда. А.Бекназаров, М.Аспеков, И.Шаменовду колдогон акциялар жөн жерден чыкпаганы баарына белгилүү болуп калды. Эгер чындап эле сыртка чыга качкандар геосаясий оюнчулар менен бирге тополоң уюштуруу үчүн чоң каражаттарды таратып жаткан болсо, анда биз абийир алдында жыйынтык чыгарышыбыз керек болот. Анткени, акча менен митингге чыгууда ууруну же мамлекетти тандоо маселеси туруп калат.

Бул жерде ууру деп айтканга толук укугубуз бар, себеби Райымбек Матраимовго коррупция беренеси боюнча иш козголуп, сот аны күнөөлүү деп тапкан. Өзү да айыпты мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. Тактап айтканда, анын жемкор экенин сот да далилдеген, өзү да мойнуна алган. Демек, ууруну өз аты менен атап, эч нерседен ийменбей, кесе эле сүйлөшүбүз керек. Өзү жемкор экенин сот алдында мойнуна алып жатса, биз эмнеге аны аяшыбыз керек. Анан эми ушундай репутациясы бузук адам сырттагы каражатын элге таратуу менен өлкөгө чаң-тополоң салууга камынса, аны ээрчигенибиз туура болобу?

Өйдө-ылдыйды карай турган жердебиз. Геосаясий алкактагы тирештерден улам дүйнөлүк державалардын басымы күчөгөн учурда жашап жатабыз. Ага катар ааламдык алкакта ар кайсы маданияттын, диндердин идеологиялык күрөшү жүрүүдө. Эгемендүүлүк алгандан берки боштукта өздөрүнүн маалыматы менен далай мекендештерибиздин аң-сезимин уулап салышты. Сырткы күчтөр бир-бирден кертип, идеологиялык жактан бөлүп-жаруу иштерин жүргүзүшүүдө. Аны биздеги бей өкмөт уюмдары, көз карандысыз делген ар кайсы журналисттик топтор, ар кайсы агымдарга сугарылган диний миссионерлер аркылуу ишке ашырышууда.

Аң-сезими ууланган жарандар кыргыз коомун ар кандай ыкмалар менен жиктелүүсүнө чыйыр салып, ыңгайы келген жерден бийликти жек көрсөтүүгө, туруктуулукту бузууга аракеттенишүүдө. 30 жыл ичинде “өзөктөн чыккан өрттөр, өздөн чыккан жаттар” өтө көбөйгөнүн көрүп жатабыз. Муну тартипке келтирүү зарыл. Анын бир тизгини “Чет элдик өкүл” мыйзамы экени талашсыз. Мамлекеттин келечеги үчүн бул бизге азыр аба менен суудай зарыл. Анткени, учурда Юстиция министрлигинде комерциялык эмес уюмдан 30 миңдей катталыптыр. Ошолордун 30у эле самандай акчасы менен саясий жана диний идеологиялык багытта иш жүргүзсө, далай мекендештердин аң-сезимин буруп коёт.

Эң өкүнүчтүүсү, өздөрүнүн идеологиясын жүргүзүүнүн максат кылган сырткы күчтөр чоң акчалары менен бейөкмөт уюмдары аркылуу арабызга кирип, биздин кесипкөй, өзгөчө шыктуу, ишке жөндөмдүү уул-кыздарыбызды өздөрүнүн катарына тартышууда. Аларды бизде жана чет өлкөлөргө чыгарып окутуп, демократиялык баалуулук деген ураан алдында аң-сезимин, ой жүгүртүүсүн тез эле буруп коюп жатышат. Алар жалган идеологияга сугарылган соң, кайра чыгарыш оңойго турбай калууда. Диний агымдар дагы Кудайды ортого коюу менен мекендештерибизди маңкурт кылып алышууда. Сырткы топтордун жетегине кирип, саясий жана идеологиялык багытта ой калчаган жарандарыбыз бөтөн бирөөгө иштегенин аңдабай калышууда.

Ошол ичибизден иритип жаткан иштерге азыр өзгөчө көңүл бөлүү зарыл болуп турат. Мамлекеттик бийликтин үч бутагы жана Кыргызстандын атайын кызматы милдеттүү түрдө бул иштерге олуттуу чара көрүшү керек. Чет жактын атайын кызматтарынын ичтен иритүүчү долбоорлоруна каршы контрчабуулду улуттук коопсуздук кызматы жасашы шарт. Биз дагы акыл эсти калчап, кимди ээрчигенибизди аңдап, жасалган ишти колдоого милдеттүүбүз. Сырттагылардын акчасына азгырылып ар кимди ээрчий берүүнүн аягы жакшы бүтпөйт. Башкалардын кызыкчылыгындагы бузуку идеяларга азгырылып, улуттун уңгусуна доо кетирип албайлы. Жемкорду кайрадан бийликке алып келүү - мамлекетти талкалоого барабар экенин ар бирибиз түшүнүшүбүз кажет!

Кылычбек Көкөнбеков, Булак: "Майдан.kg" гезити