Сай-сат!
Мелис Аспеков деген эргул абактын артында жөн жатпай, жалган ушактын негизинде президентке жалаа жапканга аракеттенгени бүткүл коомчулукту жерге түкүрттү. Албетте, Аспековго эч ким ишенмек эмес, бирок ниети бузук топтор анын сөздөрүн коомчулукка чындай кылып таңуулап, элдин нааразычылыгын күчөткөнгө, толкутканга аракеттенди.
Аспековдун чындыкка коошпогон ушак сөздөрү менен өлкөгө бүлүк салууга өтө катуу жандалбасташып, алдын ала даярдаган “партизандары” менен бир күн бою тынымсыз чабуул жасашты. Бирок, “койнунда котур баш” топторду аңдап калган кыраакы журтубуз баарын алдын ала сезип, былк эткен жок. Чымын чаккандай кенебеди. Раим миллиондун кезектеги акчасы самандай сапырылды да, асманга учуп кетти. Аспековдун “бомбасы” алар күткөндөй жарылбады. Негизинде, Мелис Аспеков буга чейин маркум Чыныбай Турсунбековдон 11 миң доллар талап кылып бир аты чыккан “аферист” болчу. Азыр өлкөдөн качып кеткен уурулардын куралына айланып калды. Буга чейин президенттик шайлоого “С.Жээнбековдон 10 млн доллар алгам" деген, эми 2020-жылы 9-октябрдагы окуяда “Раимден 1,5 млн доллар алдым" деп чыкты. Бул барса эле миллиондорду кармата берген көпөстөр келесообу?
Булак: "Майдан.kg" гезити