Жебедим-албадым дебе...
Эгемендүүлүк алган жылдары мамлекет башында турган лөктөр элдин мүлкүн каалаганлай менчиктештирип, талап-тоноп байыганы баарыбызга маалым. Күтүүсүз жерден байлыкка маарыгандар 30 жылдан бери саясатта акыйнек айтышуу менен бири бийликке келсе, экинчиси оппозицияга секирип элди тоноо менен алектенип келгенин билебиз.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин криминалга жана жемкорлукка каршы жигердүү күрөшүнүн алкагында бир нечесинин тумшугу сынды. Бир далайы тузакка түшүп камалып, жегенин кусса, айрымдары кирерге тешик таппай, өлкөдөн чыга качты.
Өткөн жумада так ошол талап-тоноо ишинин башында турган Равшан Жээнбековдун менчигиндеги, тагыраагы Талас облусунун Киров суу сактагычынын жээгиндеги жалпы аянты 4 гектар болгон "Эдельвейс-Тур" эс алуу зонасы мамлекетке кайтарылды. Жеңил конструкциядагы административдик имараттары бар жер тилкесинин баасы 16 млн 871 миң сом турат. Аталган жер тилкеси Равшан Жээнбеков Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун жетекчиси болуп турган маалда, 2000-жылдардын аралыгында мыйзамсыз берилгени аныкталган.
Булак: "Майдан.kg" гезити