Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 378

Садыр Жапаров өткөн жылдын этегинде Тажикстан менен чек ара быйылкы жылдын жаз айларына чейин такталып каларын белгилеген.

КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин чечкиндүү аракеттеринин натыйжасында чек арадагы талаштуу маселелерге дээрлик чекит коюлуп, чечилерине чукул калгандыгы аяк салууда.

Атай айтсак, 12-17-март күндөрү Тажикстандын Бустон шаарында эки мамлекеттин чек ара боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. 16-мартта эки мамлекеттин өкмөттүк делегацияларынынтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолугуп, мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси талкууланды. Анда Ташиев менен Ятимов кыргыз-тажик мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушчу топко калган тилкелерде мамлекеттердин чек ара линиясын мындан ары аныктоо үчүн ишти улантуу боюнча так тапшырмаларды беришти. Негизинен, акыркы алты айда жигердүү кадамдар жасалып, ар бир жолугушууда бир нече чакырымдык чек ара тилкелери достуктун жана ынтымактын алкагында бычылып, алдыга жыла алганы көрүндү. Ушул ыргак солгундабай, кошуналар ортосундагы чек ара толук чечилип, жакын арада жолдор ачылганы турат. Президент Садыр Жапаров өткөн жылдын этегинде Тажикстан менен чек ара быйылкы жылдын жаз айларына чейин такталып каларын белгилеген.

 

Булак: "Майдан.kg" гезити