Бишкек, "Саясат.kg". Акыл менен күч айкалышканда.
Февраль айынын соңунда Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тамаша иретиндеби же чындаппы, өзүнүн тааныш аксакалынын айтканын мисал келтирди эле. Кеп президенттин кадр саясатынын туура баратканы жөнүндө болгон. Акылбек Жапаровдун даанышмандыгына көзү жеткен аксакал "Садыр Жапаров Акылбекти акыл керек жерге койду, а кайсы жерге камчы керек болсо, ал жерге Камчыбекти койду" деп айткан экен. Мына, ушундай ысымдарга байланышкан кызыктуу дал келүүчүлүк. Бир гана дал келүү эмес.
Эгерде дагы карай турган болсок, УКМК төрагасынын кызмат ордуна бир гана ысымы гана шайкеш келбестен, анын фамилиясы да ылайык. Генералдын Ташиев деген фамилиясы да "күчтүү". Ал жөнүндө МинКаб төрагасы же эстебей калдыбы же ачык айтуудан кармандыбы.
Генерал Ташиев - чындыгында кыргыз саясатындагы күчтүү фигуралардын бири. Түндө Камчыбек Кыдыршаевичти түш көрүп, чоочуп ойгонгондор өлкөдө көп болсо керек. Компромисске барбаган камчы көп жылдан берки криминалдык авторитеттерди, ууру менен бандиттен айырмасы аз эле болгон "кол тийбестерди" жыгыта чапты.
Бирок А.Жапаровдун тамашасы "Күч болсо, акылдын кереги жок" деген макалга туура келеби? Чындап эле президент Садыр Жапаров роль менен милдеттерди ушунчалык тар бөлүштүрдүбү: оң тарапка - акылдуулар, сол тарапка - күчтүүлөр?
Бул жерде айдан ачык дал келбөөчүлүк жатат.
Бир дагы акылдуу (даанышман деген мааниде) акыр аягына чейин кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууларды чек ара маселесин чечүү менен жөнгө сала алган эмес. Эгерде чек ара маселесин чечүү жоопкерчилигин өзүнө алган адам чыкпаганда, эки боордош эл бирин бири толук жок кылгыча кагылышмак. Бул жерде камчы же таш колдонулган жок, а чыныгы акылгөйлүк, логика жана аналитика өз ишин жасады.
Бул бир гана мисал. Генерал Ташиев өзүн бир гана Камчы иретинде эмес, Акыл иретинде да көрсөткөн толтура учурлар бар.
Акылсыз күч - кыйратуучу жана кайгы чакырат. Күчсүз акылдын да жыйынтыгы жакшы болбойт. Идеалдуулук үчүн гармония болушу зарыл. Ташиев идеалдуу эмес. Бирок анда эстүүлүк, тунук акыл айкалышкан кандайдыр бир күчтүн эстетикасы бар. Ошондуктан айрымдар андан коркушат (туура кылышат). Башкалар андан татаал маселелерди чече билген адамды көрүшөт. Анан ага анын компентенциясына кирбей турган деле маселелер менен кайрылышат.
Ташиевде биздин убакта таңкыс болгон дагы бир сапат бар. Так ушул кебелбеген, кубаттуу турушу менен укканды жана көйгөйгө сүңгүп киргенди билет. Башкалар кабылган кырдаалга ортоктош боло алат. Аргасы кеткен адамдын жазган катына жооп катары үй куруп, көп балалуу үй-бүлөгө берип деле салат. Жөнөкөй гана рахмат деген сөз үчүн. Мусулмандардын майрамынын алдында адамдарды кайрымдуулукка жана боорукердикке чакырат. Коркуп-үркпөгөн катуу генерал президенттин тапшырмасы менен керек жерге катаал тартип орнотот, мечиттердин курулушун демөөрлөйт жана мектептерге компьютердик класстарды камсыздайт.
Кайрымдуулуктан тышкары Ташиев акыйкаттуулук жөнүндө да көп айтат. Бул ал үчүн жөнөкөй сөздөн өтө бийик турган нерсе. Эл менен коомчулукту өзгөртүү, кайрадан түзүү боюнча пландарын бөлүшөт, ага баары адилеттүүлүктүн негизинде түщүлүшү маанилүү (бул ал үчүн биринчи орунда тураары талашсыз). Мындай мамлекет курулабы же курулбайбы ишенсе же ишенбесе да болот, а бирок Ташиевдин чынчылдыгына ишенбей коюу мүмкүн эмес.
Ал Кыргызстандын тарыхындагы дайыма эл көзүндө жүргөн биринчи УКМК төрагасы. Дайыма иш менен алек, бир гана өзүнүн түз милдеттери эмес, башка дагы алектенген маселелери көп. Мамлекеттик коопсуздукту камсыздоо милдетинен тышкары ал күн сайын башка да көйгөйлөрдү чечип жатат. Чоңбу же майдабы, ал анын компентенциясына киреби же кирбейби - ойлонбой, чечүүгө киришет.
Өткөн кылымдын ортосунда жазуучу Габриэл Гарсио Маркес "Полковникке эч ким кат жазбайт" ("Полковнику никто не пишет") деген повестин жарыкка чыгарган. Бул повесть - унутта калган адам күнү бою күтүп, бирок эч кат ала албайт. Камчыбек Ташиев полковник эмес, генерал. А ага кат жазып жатышат. Баары, бардык жактан жана дайыма. Суранышат, мыйзамсыздыкка же акыйкатсыздыкка арызданышат. Ал баш тартпайт, шылтоо айтпайт. Кимге көп берилсе, ошол көп корошу керек экенин түшүнөт. Кеп акча жөнүндө эмес.
Булак: vb.kg