Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 1822

Бишкек, "Саясат.kg". Кыргызстандык бейөкмөт уюмдардын каржылоо географиясы абдан таасирдүү. 

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери - бейөкмөт уюмдар - НПО деп аталуучу жаңы көрүнүш пайда болгон. 

Кыргызстандык бейөкмөт уюмдардын каржылоо географиясы абдан таасирдүү. 

"Ачык демократиялык коомду" курууга грант катары берилген жардам-каражат жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын эсебине батыш Европа өлкөлөрүнөн жана АКШдан келип турат. 

Эл аралык донорлук фонддордун жардамын алууну эч ким айыптабайт. 

Кыргызстанда бир гана социалдык, билим берүү жана гуманитардык тармакта иш алып барган  жергиликтүү бейөкмөт уюмдары бар.

Ал эми саясатташтырылган НПОлор тууралуу кеп башка. Мындай уюмдардын жетекчилери адам укуктарын жана эркиндигин коргоого жамынып алышып, шайлоо алдында толук кандуу саясий партияларды түзүп, бийлик үчүн чыныгы системалуу күрөш жүргүзүшөт. 

Кеп НПОчу- айымдар: Рита Карасартова, Динара Ошурахунова, Чолпон Жакупова, Азиза Абдырасулова, Бурул Макенбаева, Клара Сооронкулова, Гүлнара Журабаева, Гулгакы Мамасалиева, Асия Сасыкбаева ж.б.лар тууралуу болуп жатат. 

НПО-медианын айымдары дагы саясатка аралашкан, ишмердүүлүгүнүн  күн тартибине бийликти жана мамлекеттик институттарды системалуу түрдө дискредитациялоо да кирет...

Жогоруда аталган адамдар өздөрүнүн уюмдарынын ичине чыныгы үй-бүлөлүк-кландык башкаруу орнотуп алышкан. Ар биринин бейөкмөт уюмунун штатын балдары, күйөөлөрү, туугандары түзөт. Кыргыз президенттеринин ар бирин "үй-бүлөлүк - кландык" башкарууга айыптап, сындаган бул айым-лидерлер "жапайы постсоветтик эгемендүүлүк" доорундагы "кландык-үй-бүлөлүк НПО биримдигин" бекем орнотуп коюшкан. 

Бир жагынан донордук жардам алып, экинчи жагынан Кыргызстандын мурдагы президенттери, саясатчылары менен ачык ойногон "кыргыз агымынын демократтарынын" айлакерлиги тез эле ачылып, өлкөнүн карапайым эли, кеңири коомчулугу тарабынан катаал сынга алынды. 

Кыргызстандын НПО-айымдарынын тобу бүгүнкү күндө толугу менен дискредитацияланды. Алардын эки фронтто ойногонун - демократияны да куруп, ошол эле маалда мурдагы автократ - президенттер менен "бийликтеги майлуу-сүттүү кызмат үчүн" соодалашуусу - Кыргызстандын эли жек көрүү менен кабыл алды жана учурда "өлкөдөн уят кылып кууп чыгууга" даяр. 

Деги эле эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстанда 6 президент алмашты! 30 чакты өкмөт башчылары орун которду! Бир гана "НПОнун тар-үй-бүлөлүк чөйрөсү" эч убакта алмашпайт! 

Бул саясий НПОлордун ички кадрлык реформасы эч убакта жүргүзүлбөгөн, башталган дагы эмес. 

Кыргызстан эл аралык донордук институттар менен кызматташуунун маанилүүлүгүн түшүнөт жана алардын коомго, жалпы эле өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымын баалайт. 

Маселе башкада. Айрым НПОлордун аракети учурда начар репутацияга ээ. Донордук каржылоону алган көпчүлүк НПОлор четте калышты. 

Эмнеге ушул багытта реформа жасоого болбойт? Эмнеге эл аралык донордук коомчулуктар кандай "НПОнун такшалган аферисттери" менен иш алып барып жатканына кылдат баам салышпайт? 

Аларды, дүйнөлүк донорлорду, кечириңиз, келесоо кылып жатышпайбы?

Анан дагы бул "кыйкырчаак айымдар" дагы канчага чейин салмактуу донорлордун, Кыргызстандын көп жылдын өнөктөштөрүнүн репутациясын тепселей беришет? Аны менен кошо өлкөнү дагы хаоско, кыйроого түртүшөт... Мунун баары доллар жана евро менен келүүчү акчанын чоң агымын алуу үчүн жасалып жатабы?