Бишкек, "Саясат.kg". Жыл жыйынтыгы.
Гезит майданында он жылдан ашуун ишмердүүлүгүн жүргүзүп, элдин калың катмарына сиңген "Майдан.kg" гезити адатка айлангандай 2023-жылдын мыктыларын аныктады. Белгилей кетсек, "Саясат.kg" маалымат порталы "Майдан.kg" гезитинин электрондук варианты.
Анда эмесе, кетип бараткан жылдагы алгылыктуу иштери үчүн жыл мыктысына татыган инсандардын тизмеси:

Жылдын адамы – Садыр Жапаров

Жылдын мыкты коомдук-саясий ишмери – Нурланбек Шакиев
Жылдын мыкты маданий ишмери – Султан Раев

Жылдын мыкты жетекчиси – Ильяс Тулекеев (“Каз Минералс Бозымчак” компаниясынын башкы директору)

Жылдын мыкты меценаты – Аскар Салымбеков

Жылдын мыкты мамлекеттик ишмери – Эдил Байсалов

Жылдын мыкты мамлекеттик компания жетекчиси – Алмамбет Шыкмаматов (Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгын төрагасы)

Жылдын мыкты жетекчи-менеджери – Нургазы Нишанов (“Кыргызнефтегаз” ачык типтеги АКнун башкармалыгын төрагасы)

Жылдын мыкты коммуналдык чарба жетекчиси – Жамалбек Ырсалиев (“Бишкек жылуулук энерго” коммуналдык ишканасынын башчысы)

Жылдын мыкты тартип сакчысы – Жеңиш Жоробеков (Ош областтык ички иштер башкармалыгынын начальниги)

Жылдын мыкты эл өкүлү – Айбек Маткеримов

Жылдын мыкты эл өкүлү – Бактыбек Сыдыков

Жылдын мыкты элчиси – Руслан Казакбаев

Жылдын мыкты министри – Бообек Ажикеев

Жылдын мыкты салыкчысы - Авазбек Жаныбаев

Жылдын мыкты телеканалы – “РЕГИОН”

Жылдын мыкты телеканал жетекчиси – Эрлан Догдурбеков

Жылдын мыкты обончу-аткаруучусу – Айбек Карымов
