Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 636

С.Раев: Ал эми эл качан бактылуу болот? Акыркы саясатчы бул дүйнөдөн жок болгондо.

- Чыңгыз Төрөкулович элчи болуп иштеп жүрүп дагы чыгармачылыгын таштаган жок. Сизди да таланттуу, дүйнөгө таанымал жазуучу, публицист, драматург катары билебиз, чыгармачылыгыңыз кантип жатат?

- Албетте, бул абдан кызыктуу суроо болду. Мисалы, мен повест-романдарымдын баарын маданият министри болуп турганымда жазгам. Азыр бир роман жазып жатам, “Доол” деп аталат. Доол дегенди Туяк ырчынын сабынан таптым. Романым кыргыздын тарыхына, Барсбек-кагандын дооруна байланышкан чыгарма десем болот. Таза тарыхый эмес, тарыхый фондо жазылган чыгарма. Менин оюмча, жарымынан жогорулап калдым. Буйруса, бош убактымда отуруп жазып жатам. Жазуучу каерге жазат? Биринчи кезекте блокнот-кагазга эмес, мээсине, анан жүрөгүнө жазат. Ушул эки жерге жазса, ал кагазга түшөт. Андан тышкары “Шыбыргак”, “Топурак” жана “Мисте гүлү” деген аңгемелерди жаздым. Маал-маалы менен аңгеме жазып коюп жатам. Кээде сүрөт да тартып коймойум бар эмеспи, бул жакка келгенден бери ильхом келип түнү менен уктабай эки картина тарттым. Адамдын потенциалы чектөөсүз. Аны туура реализация кылуу керек. Бир күндө 24 саат бар, анын ар бир секунд, саатын үнөмдүү пайдаланса, эч бир жумуш ашыкчалык кылбайт.

Айтматов иштеген Бельгиядагы элчиликке бардым. Эң сонун чыгармаларын элчи болуп турганда жазды. Ал Европада жүрдү, ал жак такыр башка ой жүгүрткөн пространство да. Тээ айылда турган адам бирди көрөт, эң көп болсо, Айтмат акенин эки кабат үйүн көрүшү мүмкүн. Андан жогору чыккан адам айылды толук көрүшү мүмкүн. Эң жогоруга чыккан адам тоолорду, асманды көрөт. Ошондуктан ар бир нерседе өзүнчө деңгээл бар. Мировосприятие. Ошого жазуучуга башка өлкөлөргө баруу, башка маданияттарга аралашуу чоң нерсе. “Үйдөн чыкпай эле жаза бересиң” деп айтып калышат. Үйдөн чыкпай жаза берсең, өзүңдүн сазыңдан алыс кете албайсың.

Бир жолу Айтматов маданият министри болуп турганымда, кабинетиме келип калды. Кетеринде узатып чыктым. Кеч күз болчу. Чүй проспектисине чейин узатып келдим. Бир суроо берейин деп жүргөн элем, “капа болбосоңуз, бир суроом бар эле”- десем, “Бер”, - деди. “Сиз биздин гезиттерди окуйсузбу?”- дедим. “Мен окубайм, бирок айтышат”, - деди. “Гезиттердеги сизди сындап жаткандарга жооп берип койбойсузбу”, - дедим. Сүйлөгөн жок, “... уффф”, -  деди. Үшкүргөндө өзүм жаман ыңгайсыз болдум, кайдан гана ушул суроону бердим эле деп, маанайы башкача боло түштү. Гезиттерге Бүбүсара, Жамийласы жөнүндө жазып жатышкан болчу да. Анан... “Султан, эми бир нерсени сага айтайын. Түшүнсөң, мен көктө учуп жүргөн бүркүт болсом, анан тээ сазда бакалар чарылдап жатса, мен эми ошол сазга келип конойунбу, кызык эле”, - деди. “Көрдүңбү, адам кандай болуп жаралса, ошол жакта болушу керек. Буларды тагдыр өзү жазалап койгон, ошол сазынан башка эч нерсени көрбөйт. Мага Жараткан бүркүттүн бийиктигиндей мүмкүнчүлүк берди. Мен ошол деңгээлде жүрүшүм керек”, - дегенде гана суроо бергениме сүйүндүм. Эгерде бербегенимде жообун укпай калмакмын да.

- Сиздин да элдин баарына жатталган эки фразаңыз бар. Биринчиси: “Жылдыздарга чаң жукпайт”. Аны “Кыргыз Рухунда” жүргөнүңүздө жазгансыз. Экинчиси: “Жашоо качан оңолот? Акыркы саясатчы өлгөндө”. Мына, ушул цитаталарды кайдан алгансыз, ошондо айткандарыңыз бүгүн чындыкка айланып баратканын баамдайсызбы?

- “Жылдыздарга чаң жукпайт”- дегенди метафора катары кабыл алыш керек. Чаң бийиктикке жетпейт. А биз чаңдашып, кирдешип бүттүк, өзүбүздүн аягыбыздан чыккан чаңга өзүбүз ууланып, дегредация болуп баратабыз. Жылдыздай бийик болушубуз керек. А бийик болуш үчүн шаты менен чыгып кете албайсың. Деңгээлиң, изилдөөң, жандүйнөң, руханий көрөңгөң, акыл-парасатың менен чыгасың. Андан кийин бакалардын чардаганы бир тыйын болуп калат.

Ал эми эл качан бактылуу болот? Акыркы саясатчы бул дүйнөдөн жок болгондо. Адамзаттын трагедиясын жасагандардын баары саясатчылар болгон. Адам жашоосун саясатка айландыргандар да ошолор. Адам өзү жөнөкөй принципте, баары бирдей жаралган, алардын бирин башкаруучуга, бирин башкарылуучуга айланткандар саясатчылар эмеспи. Ошондуктан айтаар элем: саясатсыз жашоо жогорку аң сезимдеги жашоо. Ар бир адам ички адамзаттык кодекс: ыйман, принциптери менен жашайт, ошол нерсе коомдо сыйланышы керек. Саясат деген – рамка. Баарыбыз ошол рамкага барабыз, чыгып кетсек, бузуп салсак коом тарабынан терс кабыл алынабыз, ошондуктан ал айлампадан чыкпай жүрө беребиз. Ошондуктан качан жалпы адамзаттын аң сезими бийик көтөрүлгөндө, саясий түшүнүктөн, саясий катмардан арылганда гана бактылуулукка жетебиз деп ойлойм.