С.Раев: 21-кылым - түрк дүйнөсүнүн кылымы!..
- Султан мырза, алгач кепти бир жылдан бери сиз жетектеп келаткан ТҮРКСОЙ уюму тууралуу баштасак... Бул уюм тууралуу кыргыз элинде анчалык көп маалымат болбосо керек, ошондуктан уюмдун кантип түзүлүп калганын, анын чыныгы максаттарын айтып берсеңиз?
- Түрк дүйнөсүнүн маданий кызматташтык уюму же кыскача айтканда - ТҮРКСОЙ уюму 1993-жылдын 12-июнунда Алматы шаарында президенттерибиздин, министрлердин чечими менен түзүлгөн. Постсоветтик өлкөлөр эгемендүүлүк алгандан кийин андагы түрк дүйнөлүү улуттарды “эмне бириктирет, бириктирчү кандай көпүрөлөр бар?”- деген маселе жаралган. Анан биз өзүбүздүн негизги алтын көпүрөбүздү таптык, ал - маданият, тил, кулк-мүнөз, тарых, тагдыр. Себеби түрк элдеринин тарыхы дагы, тагдыры дагы узун: кылымдар бою тарыхтын чен өлчөмүндө бири бири менен катнашта болуп, бир чөлкөм, бир түзүлүштө жашап келген. Ошондуктан бул мааниден алганда маданият менен тил маселеси бири бирин бириктирүүгө өзгөчө бир чоң ролду ойноду деп айтаар элем. Себеби, биз баарыбыз өзүбүздүн тилибиз боюнча түрк тилдүү элдердин катарына киребиз. Ошол эле убакта жалпы тарыхыбызда да чоң өзгөчөлүктөр, бири бирибиздин башыбызды кошкон тарыхый мезгилдер, чен өлчөмдөр болгон. Бул тээ Орхон – Енисей, түндүк Монголиядан тартып хакас, тыва ж.б. болуп көөнө тарыхыбыздын учугу Култегин, Катаган-каган, Барсбек-каганда жатат. Булардын баары биздин тарыхый инсандарыбыз болгон. Мына, ушулар аң-сезимибизде түркий рухту жаратып, түрк дүйнөсүн бириктирүү, түрк биримдигине умтулуу боюнча көптөгөн аракеттерди пайда кылган. Көптөгөн тарыхый каршылаштар, империялардын түзүлүшү түрктөрдүн кыртышынан чыккан. Түрктөр тарыхта биринчи жолу империя - каганатты түзүшкөн. Бул жактан дагы жакындык, бири-бирибизге тарткан ымала бар. Ошондуктан 1993-жылы “эл аралык маданий уюм түзөлү, бул уюм бизге алтын көпүрө болуп берсин, өлкөлөрүбүздү жакындаштырган, бир туугандык сезимдерин күчөткөн жагдай болуп берсин”- деп ТҮРКСОЙ – түрк дүйнөсүнүн маданий кызматташтык уюму түзүлгөн. Ошол кызматташтыктын алкагында бириктик дагы, анын натыйжасында көптөгөн чоң өзгөрүүлөрдү жасадык. Бүгүнкү күндө түрк дүйнөсүндө Түрк мамлекеттер уюму бар, бул саясий уюм. Бул уюм 2019-жылы түзүлгөндөн кийин чоң мамлекеттердин өзгөчө бир географиялык да, геосаясий дагы картасы жабылды. Анын локомотиви – Түркия. Азыр дүйнөлүк саясатта да, геосаясий саясатта да түрктөр чоң роль ойноп жатат. Аны менен катар бул уюмга кирген Борбор Азиядагы мамлекеттер. Бул жерде эң башкы нерсе – бир туугандык сезим өтө күчтүү.
ТҮРКСОЙго алты мамлекет мүчө: Кыргызстан, Азербейжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркия. Сегиз байкоочу мамлекет бар, алар: Россия Федерациясындагы субъекттер - Башкырстан, Татарстан, Алтай, Хакасия, Тыва, Якутия, Молдованын курамындагы Гагаузия, Түркиядагы Түндүк Кипр. Биздин негизги миссиябыз – маданият аркылуу түрк тилдүү элдерди жакындаштыруу, аларга алтын көпүрө болуп берүү, түрк өзгөчөлүгүбүздү, менталитетибизди, түрк цивилизациясын сактоо жана келечек муундарга калтыруу. ТҮРКСОЙдо маданияттын бардык сегменттеринде: адабияттан тартып, архитектура, хореография, кино, сүрөт искусствосу, элдик өнөрчүлүк, кол өнөрчүлүк, этно мода, этно-гастрономияга чейин иш чараларды өткөрөбүз. Негизги максатыбыз - бирибиздин маданиятыбыз аркылуу бирибизге жакындашуу, маданиятты сактоо, өркүндөтүү маселеси. Бирок эч бир маданиятка үстөмдүк кылуу жок. Ар башка маданияттар аркылуу өзгөчө диалогдун аянтчасы түзүлгөн. Ошондой эле өзүңөр жакшы билесиңер, ТҮРКСОЙдун функцияларынын катарында тил, салт-санаа, психологиялык өзгөчөлүктөр бар, ушул багытта илимий жаатта да иш алып барабыз.
Жыл сайын бир шаарды Түрк дүйнөсүнүн маданият борбору деп жарыялайбыз. Мисалы, 2023-жылы Азербейжандын Шуша шаарын жарыялаганбыз. Бир жыл бою көптөгөн иш чараларыбыз ушул шаарда өттү. 2024-жылга Түркмөнстандын Аннау деген байыркы шаарын жарыяладык. Ошол эле убакта түркмөн элинин улуу акыны, философ Махтумкулинин 300 жылдыгын жалпы түрк дүйнөсүндө белгилөө чечимин кабыл алдык. Андан тышкары уюмга мүчө болгон башка өлкөлөрдүн руханий тулгалары, улуу таланттары бар, аларды да ушул жылдын алкагында белгилейбиз. Мисалы, Кыргызстанда улуу акын, философ Барпы Алыкуловдун жылы деп жарыяладык. Азыр даярдыктар көрүлүп жатат, чоң иш чараларды өткөрөбүз деп ниет кылуудабыз. Чынында Барпы Алыкулов чыгыш поэзиясындагы улуу акын, чыгыш маданиятындагы чоң фигура, бирок ушул кезге чейин аны өзүнүн деңгээлине жеткире албадык. Анын чыгармаларын дүйнөлүк аренага алып чыгуу, таанытуу, чыгармачылык мурасын жаңыча көз караш менен кароо - биздин милдетибиз. Барпы акындын чыгармалары постсоветтик доордо орус тили аркылуу которулган. А бүгүнкү күндө ар бир тилге кыргыз тилинен которууга, мисалы, кыргыз тилинен азер тилине, кыргыз тилинен өзбек, түрк, казак тилдерине которууга аракеттенип жатабыз. Барпы акындын улуулугун, колоритин, өзгөчө поэзиясынын духун бере ала турган тил бул – кыргыз тили. Ортодо ортомчу тил болбошу керек. Орус тилине начар которулуп калган. Барпы акындын чыгармалары ийнине жеткире которулса, Омар Хайямдан, Жалаладдин Румиден, Алишер Новоиден, Низами Гянжевиден кем калбаган улуу ойлору бар. Азыр ушул багытта иш алып барып жатабыз.
ТҮРКСОЙдун дагы бир өзгөчөлүгү - маданияттарды бири бири менен жакындатып жана жалпы орток маданиятты түзүү аракети көрүлүүдө. Орток тил байланыш каражатын түзүүгө аракеттерибиз күчтүү. Бул эми илим жаатында да, элдик дипломатия жаатында да ушул нерсе жаңы тенденция, жаңы трендке айланып баратат. Бул элдерибиздин жакындашына таасир бере турган жагдайлардын бири деп эсептейм. “ТҮРКСОЙ – түрк дүйнөсүнүн ЮНЕСКОсу” деп бекеринен айтылбайт. Биз дагы ошол дүйнөлүк ЮНЕСКОнун функциясы, миссиясы, мандаты бар уюм болуп саналабыз. Ошондуктан бир гана түрк дүйнөсүнүн чек арасында, алкагында гана өзүбүздүн маданиятты таанытпай, башка маданияттарга дагы таанытышыбыз керек. Себеби адамзат тарыхында, адамзат цивилизациясында түрк цивилизациясы - дүйнөнү өзгөрткөн, дүйнөнү башка нукка бурган цивилизация. Чыңгызхандан тартып Амир Темир, Атилла тарыхтын орбитасын өзгөрткөн инсандар эмеспи. Ошондуктан түрк дүйнөсүнүн дүйнөлүк цивилизацияга, адамзаттык өнүгүүгө кошкон салымы чоң. Ошол мурасты, традицияны улантып кетишибиз керек. Кандай улантабыз, жаңы меридиандарды кантип ачабыз, кандай жүргүзөбүз – ал боюнча ТҮРКСОЙ уюму системалуу иш алып барууда.
- Эң жакшы айтып бердиңиз, ушул багытта сөзүбүздү уланта берели. Бул уюмдун түзүлүшүнө дүйнө жүзү өзгөчө барктаган улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун салымы болгон деген сөздөр бар. Анын чындыгы канчалык?
- Албетте, ТҮРКСОЙдун түзүлүшүнө бир гана саясатчылар эмес, адабият менен маданияттын көрүнүктүү ишмерлеринин дагы ролу чоң болгон. Туура айтасыз, Чыңгыз Айтматовдун салымы бар. Азербейжандын жазуучусу Анар Рзаев, Өзбекстандан Адыл Якубов, Казакстандан Олжас Сулейменов, Казакстандан Мухтар Ауэзов ж.б. тулгалар, кыйын инсандар “бизге жаңы платформа керек, ал маданий, руханий жаатта болушу керек. Биз качан гана ошол нерсени түзгөндөн кийин өлкөлөрүбүздүн бири бири менен жакындашуусу, интеграциялык процесси абдан активдешет” дешкен. Алар интеграциянын өзгөгүн маданияттан көрүшкөн. Бул туура чечим болгон. Маданият өнүгүүнүн детонатору болгон десем жаңылышпайм.
Илгертен эле, 19-кылымда, 20-30-жылдарда алдыңкы көз караштагы адамдардан куралган уюмдар болгон. Ошондогу ойлор чогулуп келип, идеяларынын апогейи Түркий мамлекеттеринин биримдигине жеткен. Туран идеясы деп айтылат эмеспи. Бул элдин эңсеген, жүрөгүндөгү маселеси болчу. Көп учурда бул идеяларды саясий идея катары бурмалашып, анын айынан нечендеген мыкты инсандарыбыз кырылды. Панисламизм, пантүркизм саясаты түрк дүйнөсүнүн көрүнүктүү инсандарын саясий кине менен жок кылды. Ошондуктан бүгүнкү күндө Туран идеясы көтөрүлүп жатат. Мына, жакында Астанада өткөн президенттердин саммитинде Түрк доору деген концепция кабыл алынды. Себеби келечекте түрк дүйнөсүнүн кылымы келе жатат. 21-кылымды Түрк кылымы катары белгилөө оюубуз бар. Бул жерде түрк элдери биригип алып согуштук блок же экономикалык блок түзүү эмес, жалпы адамзаттык өнүгүү циклинде сихрондуу түрдө өнүгүү жана ошол эле учурда түркий маданияттын ролун негиздештирип, экономикалык дагы, геосаясий дагы, саясий дагы багыттарда түрк дүйнөсү лидер болушу керек же түрк дүйнөсү алдыңкы өлкөлөрдөн болушу керек деген план коюлуп жатат. Азыр Америкада, башка ири өлкөлөрдө саясий, экономикалык кризис болуп жатат. Ушундай будуң-чаң болуп жаткан учурда түрк дүйнөсүн бириктирүү - элдерибиздин кызыкчылыгына да, уюмубуздун идеясына да, миссиясына да жооп берет. Биригүү - бири бирибизди кыйынчылык күндөрдөн алып чыгуу жана өзүбүздү өнүктүрүүнүн жолу. Бирөөлөргө каршылаш болуу менен эмес, биз эч убакта маданиятыбызды башка маданиятка каршы койбойбуз. Маданияттагы көп түрдүүлүк идеясын колдойбуз. Себеби, маданият көп түрдүүлүктүн продукциясы болуп эсептелинет.
- Оюңузду улап кетчү суроо: быйыл ТҮРКСОЙдун 30 жылдыгы экен, ушул датага карай айтканда, уюм баштапкы максаттарына жеттиби?
- 30 жыл – бул бир адамдын жигиттик курагы, бир жетилүү процесси, бир фаза. ТҮРКСОЙ биринчи этаптагы фазасын башынан өткөрдү. Башка чөлкөмдөргө, дүйнөгө тааныла алдык. Эми экинчи этабы – өнүгүү этабы болушу керек. Ошол өнүгүү процессинин алгачкы жылдары биздин ыйгарым укугубузга, биздин тагдырыбызга туш келип жатат. Демек, биз буга чейин жүргүзүлгөн иштерди негиз катары кабыл алып, жаңы стратегия, жаңы өнүгүү жолуна түшүп, өнүгүүнүн бүгүнкү заманбап жолдорун издешибиз керек. “Turkish World Vision – 2040” программасын кабыл алып, түрк дүйнөсүнүн багыттарын, кайсы системалуу жолдордо өнүктүрөөрүбүздү концепция катары бекиттик. Анын негизинде жакынкы жана узак аралыктагы негизги жүрүштөрүбүздүн приоритетин билебиз. Ар бир өзүн сыйлаган эл аралык уюмдун өзүнүн концептуалдуу маселеси болушу керек. Ошондуктан “Turkish World Vision – 2040” негизги стратегиялуу документ болуп эсептелинет.
21-кылымды түрктөрдүн кылымы деп жатабыз. Бул этностордун гана эмес, ошол мамлекеттердин негизги кыймылдаткычы – жаштардын кылымы. Жаштар боюнча дагы “Түрк дүйнөсүнүн жаштары” программасын иштеп чыктык. Биздин келечегибиз жаштарда. Алардын түркий сезимдерин же өзүнүн маданиятын сыйлоо принциптерин ойготуу аракетин көрүүдөбүз. Качан келечектүү болобуз? Качан гана маданиятыбызды, тилибизди, салт-санаабызды сыйлай алганыбызда, улут катары калыптанганыбызда. Ал эми жалпы трансулуттук жактан алганда, түрк өзөгүн сыйлай билүүбүз кажет. Бул багытта стратегиялык мерчемде иш алып барабыз десем жаңылышпайм.
Маектешкен Нургазы Анаркулов, Булак: "Майдан.kg" гезити