Кыңыр иш кырк жылда...
КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мындан 17 жыл илгери киши колдуу болуп каза тапкан айтылуу кримтөбөл Рыспек Акматбаевдин өлүмүнүн бети ачылганын билдирди.
Атайын кызмат тараткан маалымат боюнча, 2006-жылдын 10-май айылында Көк-Жар айылындагы мечиттин жанынан Ауди-100 үлгүсүндөгү унаа менен белгисиз адамдар Рыспек Акматбаевге куралдуу кол салып, жыйынтыгында Рысбектин башына жана көкүрөгүнө көптөгөн ок тийген. Кримтөбөл алган жаракатынан улам кол салуу болгон жерде мүрт кеткен. Ошол учурда укук коргоо органдарынын билдирүүсүнө ылайык, бет кап кийген бир кылмышкер Рыспек Акматбаевди “Калашников” автоматы менен атып, андан соң унаага түшкөн да, Бишкек шаарын көздөй из жашырып кеткен. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, бирок ал белгисиз себептер менен ушул убакка чейин ачылбай келген. Мындайча айтканда, кызыккан киши болгон эмес, иш таптакыр каралбай калып калган.
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Рыспек Акматбаевди өлтүрүүнү Камчы Көлбаев, Алманбет Анапияев, Болот Самсалиевдер (“Боха Казарманский”) жана Марат Раимбеков (“Рэмбо” аты менен белгилүү кылмышкер) уюштуруп, жасагандыгы аныкталган. Тактап айтканда, Рыспек Акматбаевди жок кылууну жогоруда аталган катышуучулардын баары аткарышы керек болгон, бирок адам өлтүрүү учурунда унаанын рулунда Марат Раимбеков, ошондой эле унаанын артында отуруп кылмышты көзөмөлдөгөн Камчы Көлбаев калган. Буга байланыштуу Алманбет Анапияев менен Болот Самсалиев кол салууну жетектеген Көлбаевдин чыгышын күтпөстөн, Рыспек Акматбаевди маңдайынан түз атып, андан соң дароо из жашырып качып кетишкен.
УКМК бул фактылар Камчы Көлбаевдин киши өлтүргүчүнүн (киллеринин) көрсөтмөлөрүнүн негизинде аныкталганын белгилеп, анын аты-жөнү тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн ачыкка чыгарышкан жок. Албетте, мындай маалыматтарды берген тараптар жеке коопсуздугу үчүн ысымы ачык айтылбай турганы барыбызга айкын. Ал кайсы жерде, түрмөдө же эркиндикте жүрбөсүн жок кылынышы толук ыктымал. Ошондуктан, ачык айтылбай, жаап-жашырылып жатканын мыйзам ченемдүү түшүнсөк болот. Анын дагы бир ылайыгы келип калса, киллердин берген көрсөтмөсү жарыяланып калышы ажеп эмес.
Кылмыштын бети ачылгандыгы боюнча коомчулукта түрдүү пикирлер айтылып, талаш-тартыштар жүрүп жаткан мезгил. Айрымдары “Акматбаевдин көзүн ошол учурдагы бийлик тазалаган”- деген бүтүмдөн кайткысы келбесе, кээ бири Азиз Батукаев жок кылгандыгына ынанышат. Бир тобу Феликс Кулов менен болгон тирештин жыйынтыгына байлашууда. Ошого катар “бай депутаттар Рыспектин парламентке киришин жактырбай, киллер жалдаган”- деген ойду кармангандар да бар экен. Анткени, Рыспек Акматбаев өлөөрүнө аз калганда депутат болуп шайланып, мандат алганы турган маалында "Лица" гезитине маек берип: “Мен парламентке келсем, Кыргызстанды жегендердин бардыгын акчасын төктүрөм”,- деп айтканы бар.
Рыспек Акматбаевдин өлүмү боюнча жогорудагы божомолдордун баарына ал кезде ишенсе болот эле. Бийликтин кадырына көлөкө түшүп, калчылдап корккону ачык билинген. Ошол кездеги президент Бакиев өзү чыгып Акматбаев уюштурган митингде сөз сүйлөгөнү баарынын эсинде. Андан сырткары, Рыспек Акматбаевдин бир тууган иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаев №31 колониядагы абал менен таанышуу үчүн барганда чечен улутундагы кылмыштуу топтун мүчөсү атып өлтүргөн. Депутат менен бирге барган И.Полотов, Х.Алымкулов, Т.Оморов да киши колдуу болгон. Коомчулукта бул абдан чоң резонанс жаратып, парламентте катуу кайым айтышуулар жүргөн.
2006-жылдын 3-августунда Аламүдүн райондук соту Азиз Батукаевди, Рустам Абдулинди, Азамат Закировду, Евгений Головинди жана Хусейин Ражаповду депутат баштаган төрт адамдын өмүрүн алган кандуу окуяга күнөөлүү деп таап, үчөөсүн өлүм жазасына тартып, тапшырма берген башчысы Азиз Батукаевди 16 жыл 8 айга эркинен ажыраткан. Кийин 2013-жылдын 9-апрелинде Нарын шаардык соту Азиз Батукаев "өлүмгө алып келүүчү лейкомия менен ооруйт" деген медициналык корутундунун негизинде анын 8 жыл 3 ай мөөнөтү кыскартып, кызыл килем менен Грозный шаарына узатышкан.
Айтор, Рыспек Акматбаев криминалдык дүйнөдөгү таасир талашуунун негизинде көптөгөн топтор, кландар менен тирешкен. Башкача айтканда, сырттан бүтүм чыгарып, мына ушулар жок кылды дей берсе боло турган жагдай түзүлгөн. Бирок, иликтөө деген жөнөкөй нерсе эмес, ал факты жана далилдерден турат. Маселен, бүгүн аты аталган Алманбет Анапияев менен таасир талашуусу толук мүмкүн болчу. Анткени, ошол маалда Анапияев бийликтин колдоосуна алынып, көөп турган мезгил эле. Ал эми Көлбаев сыртта качып жүрбөй, орун-очок алуу үчүн жанталашып жаткан чагы болчу. Буларда чыныгы мотив болгон.
Билбегендер үчүн айта кетишибиз керек, Камчы Көлбаев “кримтөбөл” Рыспек Акматбаевдин көзүн тазалап, ордуна келүү планын 90-жылдары баштаган. Маселен, кылмыш чөйрөсүнө таасир этүү үчүн “мыйзамдагы ууру” Рыспек Акматбаев менен атаандашып, аны өлтүрүү үчүн буктурмада жол тосуп жатып кол салган. Ошол учурда Акматбаевдин эки жансакчысы өлүп, өзү оор жаракат менен качып кутулган. Эки “рыспекчини” өлтүргөндүгү үчүн 2000-жылы Камчы Көлбаев 25 жылга эркинен ажыратылган. Бул факты Көлбаевдин башкы максатын көрсөтүп турат. Ал Рыспекти өлтүрүп, ордун ээлөө тилегин көшөрүп жүрүп акыры ишке ашырган.
Камчы Көлбаев 2006-жылы ал жатак абагына которулгандан кийин айрым чиновниктердин жардамы менен качып кеткенге жетишкен. Бир жылдан кийин бийлик аны издөөнү токтоткон. 2010-жылдагы революцияга чейин Көлбаев сыртта жашырынып, бирок тынымсыз Акматбаевди өлтүрүүгө аракет кылып жүргөн. Качан гана Рыспектин тегерегин жоо каптап, бийлик менен тирешип калган маалда дароо жетип келген да, тынчыткан. Аны бүгүн УКМК өз иликтөөсү менен тастыктап берип отурат. Биз андан шектенбей деле койсок болот. Башка мотивдерге караганда, Рыспектин жок болушунан чоң пайда таба турган бир гана жак болгон, ал криминалдык такка келчү жаңы “ууру”.
Баса, Камчы Көлбаев жок кылынганда айрымдар "кыргыздын кырааны өлдү" деп каңырыгын түтөтүп жатты эле. Көрсө, ал уйгур менен корей диаспорасынын сүткорлорун байытканга чейин Рыспек Акматбаевдин көзүн тазалаган экен. Бул алкоого жана актанууга татыбай турган иш. Бирөөнү колдоордон мурун, анын басып өткөн жолуна назар салсак жаман болбос эле. Анан жыртык тыйынын алган үчүн эле “баатыр” деп кыйкыра беришсе, мамлекеттин өсүп-өнүгүшүнө залакасын тийгизет. Бизге жасалма эмес, чыныгы баатырлар керек!
Кылычбек Кудайбергенов, Булак: “Майдан.kg” гезити