Мен билгени Нурланбек Шакиев, “өз киндигин өзү кескен” мыкты жигит.
Кыргызда “Кишини ишинен бил, ишинен билбесең, ичинен бил” деген ташка тамга баскандай таасын кеп бар. Ошол сыяктуу, байкап турсам Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевди туунун айрым элементтеринин өзгөрүүсү боюнча тааныганы, тааныбаганы деле “бир муштап” өтүп жатат.
Бирок, мен билгени Нурланбек Шакиев, “өз киндигин өзү кескен” мыкты жигит.
Турмушта жаштайынан эле көп нерсеге көзү жетип, жаш курагынан эрте жетилген адамдар болот. Нурланбек Шакиев дал ошондой адамдардын бири десем жаңылышпайм.
Бул адамда тубаса жетекчилик жөндөм бар. Болбосо, алыскы Аксынын Кара-Жыгач айылынан келип, ошол кездеги таанымал гезиттердин бири болгон “Обон” газетасына ким эле 19 жашында башкы редактор боло алмак эле?
Жөн эле барып маашырланып отуруп калбай, “Обонду” оболотуп, нускасын арттырып, элге сиңире алган жаш жетекчи болгон.
Кийин мезгилдин күрөө тамырын кармай билип, өзүнүн жеке менчик “Учкун” гезитинде башкы редакторлук кылып, ошол кездеги маалымат майданында “кайнап”, өз позициясы бар, принципиалдуу башкы редактор катары “узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына” таанылган.
Калеми курч, табиятынан жетекчилик көрөңгөсү бар, ошол кездеги жаш жигиттибийлик да байкап, өкмөттүк “Эркин-Тоо” гезитине башкы редактор кылып дайындаган.
Кийин, Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы, “ЭлТР” телеканалынын башкы директору, Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министри кызматтарын татыктуу аркалады.
“Татыктуу аркалады” дегеним, Нурлан Шакиев кайда иштебесин аркасынан бир да жаман сөз ээрчиген жок. Тескерисинче кесиптештеринин арасында калыс, чечкиндүү, иш билги жетекчи катары оозго алынды.
2017-жылы “New TV” каналын негиздеп, өзүнүн мыкты менеджер экенин дагы бир жолу далилдеп, аз убакыт ичинде аталган каналды өлкөдөгү алдыңкы каналдардын бирине айланта алды.
“Эл көрөгөч, эл сынчы” деген кеп бекеринен айтылбаса керек. 2021-жылы болуп өткөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына болгон шайлоодо Нурланбек Шакиев, №17 шайлоо округунан көпчүлүк элдин колдоосу менен депутат болуп шайланып келиши, анын карапайым калктын арасындагы кадыр баркын, элдин ага болгон ишенимин билдирет.
Бир жылдан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
Төрага катары, эң ириде парламентке темирдей тартипти орнотууга зор салым кошту. Буга чейин жумушка каалагандай келип кеткен депутаттардын тизгинин тартып: “Каталуудан өтүп бирок, жыйындарга катышпаган депутаттар бар. Олуттуу себеби жок эле жумушка келбеген депутаттар бар. Эмгек кодексине ылайык, 8 сааттык жумушчу күнүн талап кылабыз жана текшеребиз. Жумушка себепсиз келбегендердин маяналарын кыскартабыз”,- деп катуу эскертүү берип, парламенттин иш ыргагын жөнгө салды.
Жайкы эс алууга жакын калганда депутаттардын чет өлкөлөргө баруусуна чектөө киргизди. Мындай чечими менен Нурланбек Шакиев мамлекет үчүн, эл үчүн маанилүү мыйзамдарды карап чыгып өз учурунда кабыл алууну тездетүүгө салым кошту.
Ошол кезде ал депутаттарга кайрылып : “Бир айдын ичинде биз жемиштүү иштешибиз керек. Анткени тагдыр чечерлик, мамлекеттин келечегине байланыштуу мыйзам долбоорлор бар. Милдетиңиздерди так аткарууну суранып кетем” деген.
Кыскасын айтканда, “токмогу катуу болсо, кийиз казык жерге кирет” болуп Нурланбек Шакиевдин төрагалыгы астында Жогорку Кеңештин депутаттары 222 мыйзам, 1394 токтом кабыл алууга жетишти.
Анын ичинде конституциялык макамга ээ “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамы кабыл алынды. “Улут болсом тилим менен улутмун” деп акын Эсенгул Ибраев жазгандай, түшүнгөн адам үчүн мындай мыйзамдын кабы алынышы зор жетишкендик.
Ачык айкындуулук болгон жерде суроо да аз жаралат. Нурланбек Шакиевдин журналисттер үчүн ар дайым эшиги ачык. Өзү журналистика чөйрөсүнөн чыккандыктан парламенттин ишин чагылдырууда журналисттерге эч кандай тоскоолдук жаралган жок. Башкача айтканда массалык маалымат каражаттарынын 250дөй өкүлү Жогорку Кеңештин ишин чагылдыруу үчүн үзгүлтүксүз аккредитациядан өткөн.
“Адам үчүн эң кыйыны - күн сайын адам болуу” деп даанышман Чынгыз Айтматов айткандай, Нурланбек Шакиев мамлекеттик эң жогорку кызматты аркаласа да, “көктү карап сөөлөт күтүп калбастан”, баягы эле жөнөкөйлүгүнөн жазган жок. Анын ийгилиги дал ушул жөнөкөйлүгүндө, адамгерчилигинде.
Бакай Садыров, Булак: "Майдан.kg" гезити