Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 151

Т.Акеров: Криминал революциялардан кийин күч алат.

--Табылды мырза, көптөн бери маек курбай калдык эле. Эмне менен алексиз? 
--Мен азыр кыргыздардын байыркы тарыхына байланыштуу китеп жазып жаттым эле. Ошону бүтүп алайын деп, үйдөн чыкппай жазып жатам. Анда-мында алаксыш үчүн ММКларга маек берип койгонум болбосо. 
--Табылды мырза, бүгүн өлкөдө криминал менен күрөш кызуу жүрүп жатат. Ал кримдүйнөсү менен байланышы бар адамдарды камоо менен коштолууда. Бирок, айрымдар муну жөн эле «показуха деп да жатышат. Сиз кандай кабыл алдыңыз?
--30 жылдан бери криминал өлкөнүн артериясына кирип, канын соруп жатканы баарыбызга эле белгилүү болчу. Бирок, аны менен эч ким мынчалык күрөшкөн эмес. Криминалды күрөө тамырынан кармап, опендиксти оорусун кесип салгандай эле болгонсуду. Эми муну аягына чейин мыйзамдын негизинде жакшы бүткөрүп кетишсе ошол олжо болот. Бийликтин криминал менен күрөшү колдоого арзуулук. 
Байкашымча, криминал революциялардан кийин күч алат. Мисалы, 2005-жылкы жоогазын революциясынан кийин К.Бакиев бийликке келгенде криминал баш көтөрө баштаган. Өзгөчө региондордо бирок, мыйзамдан өтө аша чаап, бирөөнүн мүлкүн тартып алуу, чанда кездешкен. Көбүнчө крышевать этип, жан багышкан десек туура болот го. Криминал той, аштарда ат чабыштарды контролго алган. Байгеге ошолордун аты келип, кааласа биринчи байгени алып койгон. Криминал өзүнө керектүү айыл өкмөттөрүн бекитип алган учурлар болгон. Мисалы, акимге айтып, айыл өкмөткө өз кишисин алып келген. Бул кызматы үчүн айыл өкмөт башчысы аларга ай сайын кой союп, сыйлап турган. Бирок, мүлктөрдү жаздырып алуу ж. б. иштерге бара алган эмес. Ошол кезде, элде «Балам кримтөбөл менен сүйлөшүп келиптир, баланчанын тобуна кириптир, эми оокатыбыз оңолот» деп кудуңдаган аталар да болгон. Б.а. криминал өлкөнүн жана элдин жашоосунда негизги ролду ойноп, аларды туурап жашоо нормалдуу көрүнүшкө айланып бараткан. Бирок, борборлордо криминал бийликтин контролунда болгон. Бийлик үстөмдүк кылып турган менен, бйилик менен криминал чырмалышып кеткен. Бул тууралуу ММКлар көп жазган. Ошого ал кездеги чуулгандуу өлүмдөр, саясий заказдар криминалдын катышуусу менен  болгон деп жазып келатышпайбы. Ж.Сурабалдиев, М.Садыркулов, В.Павлюк ж. б. бир топ саясатчылар киши колдуу болуп, өмүрлөрүнөн  ажыраган. Мына каралардын коомго тийгизген залалы. 
--Ооба, ошол кезде Рысбек Акматбаев парламентке барам деп аракет кылбады беле?
--Туура, Р.Акматбаев аз жерден депутат болуп кала жаздаган эле да. Бирок, бийлик аны саясатка барат деп ойлобосо керек. Р.Акматбаев саясатта ойноп короюн деди, бирок болбой калды. Жанагы казактар тарткан фильмдегидей эле болду. Бирок, анын бул аракети башкаларга дем болду. Кийин айрым криминал менен байланыштуу деген адамдар парламентте депутат болуп жүрбөдүбү. 
--Мурдагы учурдагы криминал менен азыркылар эмнеси менен айырмаланат? 
--Жогоруда айттым го, мурда криминал мыйзамдан аша чаап аракет кылчу эмес. Крышевать этип жанын бакчу. Бүгүнкү камоолор көрсөтүп жаткандай, ачык эле тоноп, коркутуп тартып алып жатышканы белгилүү болуп жатат. Бирок, бизнесмендер эч жакка кайрыла алышпайт. Муну бирден-бир себеби, мурда байлар, колунда бар адамдар аз болчу. Азыр эл бизнеске үйрөндү, жаш эле балдар өзүнө чакан бизнес ачып, акчалуулар көп. Ошого криминал да күч ала баштады. Мен мурда укчумун жаш бизнесмендерди Бишкектиин сыртына алып чыгышып, 50 миң доллардан чоң акчага тоноп, акчасын алып коюп жатышыптыр деп. Таң калып, ак үйдөгүлөргө ушуну бир текшерип көрсөңөр, миш-миштер журуп жатат деп айтып көрдүм. Бирок, ишенгендей болушкан жок эле. Мына эми криминал менен күрөш башталгандан бери дал ошондой фактылардын бети ачылып жатат. УКМК, ИИМ да кылмышкерлерди кармап жатышат. Элди аралап жүргөн миш-миштер ачыкка чыгып жатат. Ошого күрөш туура эле болуп жатат деп ойлойм. Бирок, аша чаап кетпеш керек. 
--Сиз эмнеге ММКлар аркылуу президентке же коомго айтып чыккан жоксуз?
--Бир нерсени айтыш үчүн далил керек да. Бул эл арасында жүргөн сөздөр болчу. Бийлик өзүнүн пландарын айтып, өзгөртөбүз, реформа кылабыз деп жатса, анан сен туруп алып, далилсиз миш-миштерди айтсаң ким ишенет эле? Азыр ММКларда сак болуп, далилсиз маалыматты баспайт. Мурдагы бийликтегилер тескерисинче, ММКларды эркинирээк коюп алып, коомдо эмне болуп жатканын билип турушчу да. Эксперттердин билдирүүлөрүнө маани беришчү. Кандайдыр бир реакция болчу. Айтуунун деле кажети жок, бийлик өзү маселенин бар экенинне ынанса, өзү аракетин көрөт. Мына криминал менен күрөш өзүнөн-өзү эле от алып кетти. Эл колдоп жатат. Азыр сени эч ким деле укпаса керек. Мына Байтиктин Боз-Бөлтөгүндөгү казууларды токтотобуз деп чыркырашты эле, эч ким деле маани берген эмес. Прзидент Байтиктин 200-жылдыгында убада кылды эле, өкмөт бул боюнча чечимин кабыл алды. Буюуруса токтойт деген үмүт бар. Бирок, казуулар дагы деле жүрүп жатат. Себеби, элдин айтуусу боюнча бул казуулар коррупциялык негизде жүрүп жатат. Ал компаниялардын айыл өкмөтүнөн баштап, акимчилик, губернаторлук, өкмөткө, ЖКга чейин крышасы бар. Ошого токтотуш кыйын болуп жатат дешет.
--Жакында эле К.Көлбаев аны кармоо учурунуда өлтүрүлдү? Бул жөнүндө ар кандай сөздөр жүрүүдө? Айрымдар мыйзамсыз, суроо, сотсуз эле өлтүрүлдү деп жатышат. Сиз кандай баалайсыз?
--Ал жерде болбогондон кийин эч нерсе айта албайсың. Элде да ар кандай пикир бар. Элдин бир бөлүгү туура болду дейт, айрымдар туура эмес болуп калды дешет. Себеби, ал Борбордук Азияны бүт кармап турчу деген сөз бар. Бирок, эң негизгиси, бардыгы мыйзамдын негизинде болушу керек. К.Көлбаевби, башкабы, криминал болсо да, мыйзамдын негизинде болгону жакшы. Тиги криминал, бул киши киши өлтүргөн деп баарын экинчи сорттогу адам катары көрүп тооктой атып салууга мыйзам жол бербейт. Ал жерде Генпрокурор, саламаттыкты сактоо министри болду да. Мыйзам бузулса, айтса керек. Бирок, Р.Акматбаев, К.Көлбаевдин тагдыры каралар дайыма саясат айдынында алсыз экенин көрсөттү. Робингуд болосунбу же башка болосунбу эгерде сен кара болсон, сен каралар дүйнөсүндө гана Робингудсун, мыйзам дүйнөсүндө сен эч ким эмессиң, сен алсызсың, сени менен эч ким эсептешпейт деген чындыкты айгинеледи. Бул эми каралар дүйнөсүндө болгусу келип кыялдаган тентек жаштарыбызга чоң сабак болуп калуусу тийиш. 
--Президент жакында коррупция менен күрөш 90% жоюлду деп билдирди. Демек, өлкөдө коррупциянын деңгээли төмөндөдң деп айтсак болобу?
--Ооба. Бирок, кайсы статистикалык маалыматка таянып айтылды белгисиз. Адатта, эл аралык уюмдар коррупциянын деңгээлиин аныктаган сурамжылоолорду өткөрүп калчу эле. Бирок, өлкө боюнча цифровизация жүрүп жатат эмеспи. Мисалы, цифровизация Чүй областында 90%, Жалал-Абад 80%ден жогору бүткөрүлгөндүгү айтылууда. Башка региондордо, Бишкек шаарында да иш жүрүп жатат. Мекемелерде мурдагыдай акча сурабай калгандыгын айтышат. Ошого караганда, коррупциянын деңгээли түшүп жатат десек болот. 
--Сиз криминал менен күрөштө этият болуш керек деп жатасыз? Коррупция менен күрөш жүрүп, камоолор болуп жатат? Же эмне камабаш керекпи?
--Мен бардыгы мыйзамдын негизинде болсун деп жатам. Бизде советтик системадан мурастап калган толгон-токой методдор бар. Ошолор колдонулуп, күч органдары аша чаап кетпесе экен деп жатам. Мисалы, 1933-1937-жылдары бүгүнкүдөй камоолор жүрө берип, райондор аралык социалисттик мелдештерге өтүп кетишкен. Эл душманын ким көп табат деп жарышышкан. Анан, эч кимди таппай калганда колхоздогу бригадирлерди коңшусуна арыз жаздырып алып камап, аттууга өкүм чыгара беришкен. Себеби, иштин натыйжасын көрсөтүш керек болгон. Бүгүн да коррупция менен күрөш ошол негизге өтүп кетпейби деп жатам. Ошол кооптондурат. Коррупция же криминал менен күрөш жүрүп жатабы же жокпу, бирок өлкөдө адам укуктары жогору турушу тийиш. Граждандар кимдир бирөөнүн карьерасы үчүн ойлоп табылган план же натыйжа үчүн камалбашы керек. Жарым жылдан бери мамлекеттик кызматтагылардын арасында кызматын таштап кетүүнү ойлогондор пайда болду. Мамлекеттик кызматта ушундай тенденция пайда болду. Орто тепкичтеги кызматтагы чиновниктер коркуп калышты. Бакиевдердин мезгилинде да ушундай тенденция болгон. Башкармачылыктын башчылары, бөлүм башчылар өзүнө ишене албай, өз келечегинен кооптонуп, иштен бошоп кете баштаган эле. Ошондуктан, бул ишке өтө астейдил мамиле кылуу зарыл. Бийликтегилерге эч нерсе билинбейт. Бийлик мамлкеттик машианы туура пайдалануусу абзел. Анын күчү менен чиновниктержди камап, кустуруп сала берсе болот. Бирок, бийлик бул иште эл үчүн анын аракеттери канчалык туура жана пайдалуу болуп жатканы гана маанилүү экенин унутпашы керек. Мүлктөрүн мамлкетке алууда да, мейли каралар болобу, коррупцияоер болобу өтө тактык менен жана мыйзамдын негизинде аракеттенуу ылаазым. Илгери, Сталин кулака тартуу саясатын жүргүзгөндө, байларды кулака тартып бүтүп, аягында кулак эмес, анча-мынча колунда барларды да кулакка тартып салышкан. Айылда адамдын тагдырын үч киши эле чечкен. Айыл башчысы, коммунисттердин өкүлү жана секретарь. Кийин жагында Сталин муну билип калып, ката кетиргенин мойнуна алып, «Головокружение от успеха» деп жазган. Цивилизациялуу коом куруп, өнүккүбүз келсе, тарыхтан сабак алышыбыз керек.
--Кыш босогого келип калды. Кышында свет өчөт, жылуулук үзгүлтүккө учурайт деген кооптону бар. Свет өчсө абал курчуп кетпейби?
--Менимче, кыш жылуу болсо керек. Бирок, Токтогул суу сактагычында суу аз деп жатышат. Кыш оор болсо, кыйын болот дешет. Өкмөт ошого ички проблемаларды чечиши керек. Мисалы, бийликтин шаарда эмнеге рейтинги жок. Анын бир себеби кышкысын эл үшүп чыгат. Теплосеть акча алганга эле маш. Бирок, жылуулукту толук бербейт. Көмүрдү аяп жагат, жазга жетсин деп. Кыргыздар шаарда жашап көргөн эмес да, региондордон келегендер көп. Акчалуулар көп. Көп кабаттуу үйлөрдөмастер чакырып, өзүнүн квартирасын жылуулап алышат. Аларга система айланып жатабы, жокпу баары бир. Батареядагы краниктерди өчүрүп алып олтура беришет. Квартирасына эч кимди киргизбейт. Теплосеть келип айтса да болбойт. Себеби, акчалуу, бай. Жөнөкөй мугалим же бюджеттеги адамдар аларды сотко да бере албайт. Берсе да тиги акча берип, утуп алат. ТСЖларда короо шыпырганга, подъезд жууганга акчасын төлөшпөйт. Акчалуу, сотко берсең, утуп алат. Соттор сатылма. Кыскасы, бирөөнүн эсебинен жашагысы келген мителер көп. Мына ушундай иштерди ЖК, өкмөт, мэрия колго алып, мыйзам чыгарып, токтом токуп жөнгө салыш керек. Жаңы мыйзамдык нормалар, чечим, токтомдор менен кыргыздарды шаарда, коомдо жашаганга үйрөтүш керек. 
    

Памирбек Көкөнбеков, Булак: "Эркин тоо" гезити