Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 2378

Бишкек, "Саясат.kg". Кыргызстанда криминалга карщы чечкиндүү күрөш жүрүүдө

Тизме деп айтылганда эске бул сөзгө байланышкан бир топ нерселер келет. Мисалы, Магнитский тизмеси. Ал - Америкага бир топ кызыктуу болгон ондогон россиялыктардын аты-жөнүн камтыган Кардин тизмеси. Алар - жогорку дагы, ылдыйкы дагы даражадагы адамдар. "Матросская тишина" изоляторунда каза тапкан аудитор Сергей Магнитскийдин өмүр таржымалын кеп кылбаганда, коррупцияга, мамлекеттик казынадан акча уурдоого жана деги эле мыйзамдарды бузууга аралашкандар. 

Мындан башка кайсы бир өлкөнүн же дүйнөлүк деңгээлде бай адамдар кирген Форбс тизмеси бар... 

Бул тизмелерде жалпылык барбы? Бир караганда - эч кандай окшоштук жок. Кайрадан карап көрсөң, окшоштуктар табыла баштайт. Ооба, албетте, көп миллиондогон, ал турмак көп миллиарддаган каражатты адам таза эмгеги менен тапкан учурлар да кездешет. Болот, бирок өтө сейрек. Эреже болуп калгандай, миллиардерге айланган адамдарды жакшылап чукуп көрсөң, ошол эле бюджеттик акчаны уурдоо жана коррупцияга, криминалга байланышы бар болчуп чыга келет. Башкача айтканда, таза жашоодо жашаган эмес. 

Кыргызстанда мындай адамдар Ташиевдин тизмесине түшүштү. 

Баары кармоо учурунда атылып өлтүрүлгөн мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевден башталды. Тагыраак айтканда, ага чейин эле генерал Ташиев кыргызстандык криминалга аеосуз согуш жарыялаганда башталган. Бирок анда, согуш жарыяланган маалда аны көбү олуттуу кабыл алышпаган. А азыр кырдаал толугу менен ачыкталды: Кыргызстан чындап эле мыйзамдагы уурулардан, чоң жана майда криминалдык авторитеттерден, алар менен кызматташкан адамдардан тазаланууну колго алды. 

"Тазалануу" эч убакта "физикалык жактан жок кылуу" дегенди билдирбейт. Биз баарыбыз акыркы убакта уникалдуу флешмобго күбө болуудабыз: криминалдык лидерлер камерага карап, криминалдык өткөнүнөн "Аллах үчүн" баш тартып жатышат. Чын чынына келгенде, Ташиев үчүн баш тартышты, анткени тамаша бүттү, эгерде өз каалоосу менен баш тартпаса, арты жаман болуп калаарын түшүнүштү. 

Каза тапкан Көлбаев тууралуу айтсак (өлүмү коомчулукту катуу ызы-чууга салган) - эмне дейбиз... Эгер душман айтканга көнбөсө, аны жок кылышат. Кандай согуштун болбосун, ошол эле бандиттер менен дагы - мыйзамы ушундай. 

4-октябрда болгон окуяны комментарийлеп жатып Садыр Жапаров: "Өнүккөн өлкөлөрдө "криминалдык дүйнө" деген түшүнүк жок. Ошондуктан алар өнүгүп жатат. Биз каракчылык заманды унутушубуз керек. Баары мыйзам алкагында болууга тийиш", - деди. Президент өлкөнү криминалдык дүйнөдөн тазалоо деген татаал, ошол эле убакта ардактуу миссияны өзүнө алган атайын кызматта ишенээрин так билдирди. Ишенет. Бирок текшерет дагы. Жапаровдун айтымында, Коля-киргиздин өлүмү боюнча иликтөө жүргүзүлөт. Эгер буга прокуратура баа бербесе, цивилдүү, өнүккөн мамлекет боло албайбыз. Башкача айтканда, "баары мыйзам алкагында" девизи эки тараптуу иштейт жана бул толугу менен туура. 

Ташиевдин тизмесине кимдер кирүүгө үлгүрүштү? 

5-октябрда кримавторитет Сакал ууру статусунан баш тартканын жарыялады. Андан көп өтпөй Дженге каймана аты менен таанымал Кадырбек Досонов, Мирлан Иссык-Кульский каймана аттуу Мирлан Ашимов, Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Казбек Билалов (Казбек Черный) жана Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри Мирлан Маратов дагы ушундай билдирүү менен чыгышты. 

6-октябрда Таластын мурдагы "смотрящийи", Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү "Тайсон" опузалап акча талап кылуу менен кармалды. Ошол эле күнү УКМК жерди мыйзамсыз берүү боюнча Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаевди кармады. 

7-октябрда "Аю" заводунун директору Тыныбек Исаев жана Кытайдын бир жараны, Жалал-Абад облусундагы компаниянын ээси нефти өндүрүүдө мыйзамды одоно бузганы үчүн кармалды. 

8-октябрда парламенттин мурдагы депутаты, ага кошумча Камчы Көлбаевдин кудасы Турсунтай Салимов, маркум кримавторитет Лимонтинин агасы Марс Сулайманов жана Баха каймана аттуу (паспортунда Бактыбек Аманкулов) уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү колго түшүрүлдү.

9-октябрда Көлбаевдин дагы бир кудасы - ишкер Рустам Турдиев темир тор артына кетти. 

10-октябрда Биринчи май райондук соту түштүктөгү "смотрящий" болгон Алмаз Эркебаевди жана нарындык кримавторитет Нурлан Омокеевди камакка алуу чечимин кабыл алды. Ошол эле күнү УКМК кыргыз-казак чек арасында ишкерлерден акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн эки жакын тууганын кармады. Андан ары тизме боюнча - "Элит-Хаус" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев жана сокулуктук активист Адилет Балтабай (массалык башаламандык жасоого үзгүлтүксүз чакырык таштап келген) кармалды. 

11-12-октябрда КР Күрөш федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов (ал Көлбаевдин УКТсын каржылаган деп шектелип жатат); Казбек Билалов (коомчулукка уурулук идеясынан баш тартып кайрылуу жолдогону куткарган жок, Мирлан Ашимовдон үч күндөн кийин кармалды); "Каганат резорт" эс алуу борборунун түптөөчүлөрүнүн бири Азрет Боотаев (тергөөнүн версиясы боюнча - Камчы Көлбаевдин бизнес-өнөктөшү); Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Замирбек Карашев (мыйзамсыз эркиндиктен ажыратууга айыпталууда); Бишкектин Ленин району боюнча салык башкармалыгынын кайсы бир инспектору (акча талап кылуу боюнча); бизнесмен Олег Подобедов, "Авангард стиль" курулуш компаниясынын башкы директору Эрнис Минкеев, Курманбек Бакиевдин иш башкармалыгынын мурдагы башчысынын уулу Темирбаев (кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди адалдоо боюнча). 

13-октябрда "Эмаркстрой" курулуш компаниясынын директору Чолпонбек Акматов кармалды... 

Атайылап "эттен куртту" бөлүп албай, бандиттер менен сыртынан ак ниеттүү көрүнгөн бизнесмендерди чогуу тизмеледик. Өтө көп кыйналган Кыргызстанда баары аралашып кетиптир. Ким ууру, ким ууру эмес - бир көргөндө айырмалай албайсың. Аларды толугу менен бири биринен ажыратып, айра таанып билүү үчүн бийлик ушул "тазалоону" баштады. 

Акыры, 13-октябрда Кыргызстанга Өзбекстандан үч кызыктуу адамдар келишти. УКМКнын маалыматына караганда, бул үчөө кыргыз-өзбек чек арасын Көлбаевдин өчүн алууга мыйзамсыз кесип өтүшкөн. Кийинки күнү киллерлер сурак беришип, КР УКМК мыйзамдуу ыкмалар менен жок кылып жаткан ошол кримдүйнөсүнүн өкүлдөрү дүйнөлүк атакка ээ болгон мыйзамдагы ууру үчүн өч алып келүүгө жиберишкенин тастыкташкан. Өчтү кимден алышы керек болчу - белгисиз. 

Генерал Ташиев коркоктордон эмес. Ал өзүнүн тизмесин жабууну ниеттене элек.

Булак: vb.kg