Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 315

Ажайып визит

Катар Мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга биринчи жолу келди. Аны эл аралык “Манас” аба майданынан президент Садыр Жапаров өзү тосуп алды.

Даражалуу конокту тосууда көчмөн элдин өзгөчөлүгүн көрсөткөн ички жасалгалары менен боз үй шекилинде инсталляция орнотулду. Улуттук кийимчен эркектер бүркүтчү жана тайганчынын катышуусунда салттуу маданияттын элементтерин көрсөтүштү. Бул маалда ансамблдин артисттери кыргыздын улуттук бийлерин аткарып турушту. Катардын эмирин аэровокзалдын имаратынын алдында аттары менен 10 чабандес жигиттер жана “Алптар” баатырлары тосуп алышты. Ошондой эле, кыргыз артисттеринин, элдик жана фольклордук-этнографиялык жамааттардын катышуусундагы концерттик программа тартууланды.

Андан ары эки өлкөнүн президенттери тар жана кеңейтилген форматтарда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Анда өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин кеңири чөйрөсүн, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн келечеги талкууланды.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө Катар эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин Кыргызстанга мамлекеттик сапары Катар менен Кыргызстандын кызматташтыгында эле эмес, жалпы араб дүйнөсү менен болгон карым-катышта чоң тарыхый мааниге ээ экенин белгиледи: “Бул сапарыңыз өз ара ишенимге негизделген кыргыз-катар бир туугандык мамилелеринин жаңы барагын ачаарына жана ар кыл багыттарда кыргыз-катар кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө чоң түрткү берерине терең ишенем. Учурда Катар Мамлекети өркүндөө жолун ишенимдүү улантып, эл аралык аренада көрүнүктүү жетишкендиктерге жетип турган чагы. Дал ушул учурда сиз араб дүйнөсүнөн алгачкылардан болуп Кыргызстанга келип турасыз. Үстүбүздөгү жылы биздин өлкөлөрдүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орногонуна 25 жыл толуп олтурат. Бул мааракелик датаны биздин кадырлуу катарлык досторубуз менен салтанаттуу белгилеп жатканыбыз кубанычтуу. 25 жыл аралыгында Кыргызстан менен Катар ортосунда саясий кызматташтык активдүү жүргүзүлүп, ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарлар жана бир катар маанилүү иш-чаралар өткөрүлдү. Мындан тышкары, биз Бириккен Улуттар Уюму, Ислам кызматташтык уюму жана башка эл аралык уюмдардын алкагында тыгыз кызматташып, шайлоо органдарына өз ара колдоо көрсөтүп келүүдөбүз. Бүгүн биздин өлкөлөрдүн ортосунда ар түрдүү тармактарда эки тараптуу документтерге кол коюлуп жатканын кубануу менен белгилейм”.

Катардын эмири Садыр Жапаровго жана Кыргызстан элине жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. “Катарда өткөн дүйнөлүк чемпионатка барганыңызда экономика боюнча кызыктуу сунуштарды айтканыңызды өзгөчө белгилегим келет. Биз мындан ары да мамилелерди чыңдай турганыбызга жана өкмөттөр деңгээлинде бизди кызыктырган бардык маселелер боюнча өз ара кызматташа аларбызга терең ишенем. Ошондой эле гидроэнергетикалык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу жана өлкөлөрүбүздүн туристтик потенциалын биргелешип өнүктүрүү боюнча берилген сунуштарыңызды баса белгилегим келет. Бул демилгелерди биз кылдат карап чыгабыз”, - деди ал.

Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани Кыргызстанга болгон сапарынын жыйынтыгы менен биргелешкен күч-аракеттердин аркасында эки мамлекеттин ортосундагы эки тараптуу кызматташтык кеңейерине бекем ишенимин билдирди. Атап айтканда, соода-экономикалык чөйрө, инфратүзүм, туризм, айыл чарбасы жана башка тармактарда жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити