Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 255

Мекен чеги...

- Мирлан мырза, чек арадагы жагдайды чегарачылар гана жакшы түшүнөт. Мекенибиздин тынчтыгы үчүн эмне керек?

- Чек арада тынчтык болуш үчүн стабилдүүлүк керек. Анткени, стабилдүүлүк болбосо кошуна мамлекеттер алсыз учурдан пайдаланып калалы деп, ыңгайлуу учурдан пайдаланып, кол сала беришет. Ошон үчүн биздин мамлекетибизге эң биринчи стабилдүүлүк, элибизге ынтымак керек. Тагыраагы, чек арадагы тынчтыктын өзү бакыт. 

- Кудайга шүгүр, азыр өлкөбүз тынч, кырдаал туруктуу. Эми мындан ары жоокерлердин өмүрү кыйылган, жайкын жашоочулар жабыркаган кагылыш болбойт деп ишенсек болобу?

- Бул өтө татаал суроо, азырынча эч нерсе айта албайм. Анткени, эртеңки күндүн эмне болоору белгисиз. Кандуу кагылышты каалабасак да бир эмес, эки жолу кайталанып кетти. Мындан ары болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошондой жагдайды кайра жаратпоонун аракетин көрүп, эки тарап тең тынчтыкты сактап, маселени кагылышуу эмес, сүйлөшүү жолу менен чечкенге аракет кылышы керек. Күч атасын тааныбайт, кагылыштан эки тарап тең жоготууга учурайт. Ошон үчүн эки тарап тең чагымчылдарга алдырбай, тынчтыкты сактоосу - бүгүнкү күндө аба менен суудай керек. Азыр жаңжал чыгарбай, ызы-чууга алдырбай, тынчтыкты сактап туруунун өзү чоң жетишкендик. Чек арага чеп болуп жашаган жергиликтүү элдин тиричилиги, өмүрү, алардын коопсуздугун ар бирибиз  түшүнүп,  чек араны тынчтык жолу менен чечүүгө болгон күчүбүздү жумшашыбыз зарыл.

- Чек арада чыр чыкты деген маалыматты чек арада иштеп кеткендер кандай кабыл алат?

- Чек ара кайтарып, чек арачылардын түйшүгүн, милдетин, жоопкерчилигин жакшы билгенибиз үчүн чек арада чыр чыкты деген сөздү укканда жаныбызды коёрго жер таппай калабыз. Оюбуздун баары чек арада, чек араны коргогон жоокерлерде болот. Жабыркашпаса экен, жарадар болбосо экен дейбиз. Өлүм болду десе аз болсо экен, жарат алса жеңил болсо экен дейбиз. Чек арачы ардагерлер чогула калып, кантип жардам берип, кантип колдоо көрсөтсөк экен деп сүйлөшөбүз. Былтыр чек арада ок атылды, кармаш күчөдү дегенде ардагерлер түндөп чыгып, таңга маал  жетип бардык. Чек арачыларга моралдык дагы, башка жагынан дагы колдоо көрсөттүк. Ошол жерден чек арачыларды даңктай турган иштерди жасашыбыз керек экенин, аларды туш тараптан  колдошубуз  зарыл экенин, алардын ар бири өзүнчө баатыр экенин туйдук. Ошолорду мисал кылып, мекенчил жигиттерди өстүрүү зарылдыгын түшүндүк. Буюрса, азыр ишти баштадык. Баягы кармаштан каза болгон чек арачылардын, жоокерлердин эрдигин даңазалайлы деп “Бөрү” спецназынын ардагерлер Коомдук Бирикмесин түздүк. 23-февралда Филармонияда шейит кеткен баатырларды эскерүү кечесин уюштурдук. Каза болгон баатырлардын туугандарын чакырып, концерт бердик. “Баатырдын энеси” жана “Баатырдын жубайы” деген медалдарды тактык. Балдарынын, өмүрлүк жолдошунун  эмгеги эскерилгенине жакындары бирде ыйласа, бирде эбегейсиз баатырдык көрсөткөнүнө сыймыктанып отурушту. Азыр чек арада шейит кеткен азаматтардын атын алыска, даңкын даалайга чыгаралы деген оюбуз бар. Алардын эрдиги менен кийинки муунду тарбиялайлы деген максатта биздин бирикме шейит кеткен баатырлардын айылындагы мектепке, аскерге даярдоочу  сабактын классына атын берип, колдонгон буюмдарын, ал тууралуу маалыматтарды чогултуп, музей ачуу керектигин айтып жатабыз. Буюрса, иш башталып, ачкандар да бар. Анча маани беришпей ача электер да бар. Ушул идеяны мектеп директору, аким, айыл өкмөт жапырт колдосок, чек арага чеп болгон жигиттердин эрдиги даалай азаматты патриот кылып, мекенин сүйдүрүп тарбиялайт эле.

- Былтыркы кол салууда  ротасын сактап калыш үчүн  өзүн жардырып жиберген жигиттерибиз да болду. Чек арачы жоокерлер эрдик көрсөткөн окуялары кол салган тараптын мизин кадимкидей кайтарды. Чек арачылардай эрдикти бардык эле адам жасай алабы?..

- Сиз Эламан Ураимовду айтып жатасыз, анын баатырдыгы, эрдиги ченемсиз болду. Ал жигиттин баскан жолу, мекенди чын дилинен сүйгөнү, баатырдыгы мактоого, даңктоого татыктуу. Бирок, мен  чек ара кызматындагы “Бөрү” атайын отрядынын ар бир кызматкерин баатыр мүнөз азаматтар деп билем. Мен да ошол “Бөрүдө” кызмат кылгам. “Бөрүнү” уюштуруп, атын койгон адаммын. Ошон үчүн алардын духун, мекенчилдигин, аларга мекенден башка нерсе маанилүү эмес экенин жакшы билем. Чек ара кайтарган жигиттердин ар бири - өзгөчө сөзгө, өзгөчө сыйга, өзгөчө мамилеге, өзгөчө даңктоого татыктуу. Анткени, алардын ар бири баатыр. Алардыкындай дух, мекенчилдик сезим баардык эле мырзаларда боло бербейт. Чек ара кайтарган жигиттердин муштумдай жүрөгү мекенчил сезимдерге толгон - тайманбас, артка кайтпас жигиттер. Ошон үчүн ар бир чек арачы кымбат, алардын өмүрүн сактоо баарыбыз үчүн маанилүү.  Кагылыштарда алардан айрылуунун өзү мамлекет үчүн да, чек арга чеп болгон жигиттер үчүн да оор болот. Чек арачылардын өмүрүн акча менен, сыйлык менен, үй менен өлчөө мүмкүн эмес...

Алардан айрылдык деген сөздү уккандагы сезимдерди сөз менен айтып бере албайм. Азыр да шейит кеткен баатырларды эстесем ичим эзилип, жүрөгүм өрттөнөт. Өкүнгөнүм окко учкан чырактай жигиттердин көбү үйлөнө элек, артында туяк калбаган жалгыз уулдар болушту. Алардын ата-энесинин күйүтүн, мекенчил жүрөгүн, баатыр мүнөзүн эстегенде кең дүйнөм тарып, жанымды коёрго жер таппай кетем. Мындай жоготуулар экинчи кайталанбаса экен, чек арада тынчтык, элибизде ынтымак болсо экен деп жараткандан күндө тилейм. Чек аранын тынчтыгы мекенибиздин бүтүндүгү жана бейпилдиги.

Чек арадагы кармашта шейит кеткен азаматтардын ар бирин сураштырганда  каңырыгым  түтөдү.  Эламанды жакындан тааныбаганым менен ал тууралуу жакшы сөздөрдү укканда эрдигине, адамгерчилигине, мекенчилдигине жүрөгүм жылыды. Бирок, андан айрылганыбызды эстегенде өзөгүм өрттөндү. Эламанды жакшы тааныгандар үлгү болчу, көк жалдыгы бар, мыкты сапаттарга бай жигит болчу дешти. Шейит кеткен ар бир чек арачы өзүнүн жанынын тынчтыгын эмес, мекендин бүтүндүгүн жогору койгон жигиттер эле. Аттиң деп бармак тиштеп, арман кылгандан башка айла да, арга да жок. Жүрөгүбүз өрттөнүп, каңырыгыбыз түтөп кала бердик. Жараткан чек арачыларды бөөдө кырсыктан, бөөдө өлүмдөн сактаса экен. Чек арага чеп болгон, тоодой жүктү көтөрүп, жайкын жашоочуларга чоң таяныч, караан  болуп иштеп жаткан чек арачылардын жараткан өмүрүн узун, ден соолугун чың кылсын.

- Чек арага жакын жашагандар “Бөрү” атайын отрядынын кайтарышын талап кылып, “Бөрүлөр” жаныбызда турса, чек арада жашай беребиз” дешет экен. “Бөрүлөр” кандай артыкчылыкка ээ?

- “Бөрү” атайын отряды окутуудан, машыгуудан өткөн тандалма, өзүнө ишенген жигиттерден турат. “Бөрүдө” эч нерседен жалтанбаган, мекенге коркунуч туулса жанын аябаган, муштумдай жүрөгүнө бүт ааламды батырган, мекен дегенде ичкен ашын жерге койгон, жеке кызыкчылыктан мамлекеттин кызыкчылыгын жогору койгон, тайманбас, баатыр мүнөз эр жүрөктөр иштейт. Алардын артыкчылыгын байкаган эл да “Бөрүлөргө” таянат. Сөзүм куру болбош үчүн бир нерсени айтып коюн, Ак-Сайдын эли “Бөрүлөр” чек араны кайтарса, чек арада жашайбыз, алар кайтарбаса жашабайбыз деген талап койгон. Ошон үчүн “Бөрүлөр” чек араны кайтарып калган.      

Баса, өткөндөгү кагылышта артка чегингиле дегенге карабай “Бөрүлөр” кашык каны калгыча мекенди коргоду. Жоготуулар болсо да артка чегинишкен жок. Себеби, алар бир кадам жерди да алдыргысы келбейт. Мекенибиздин жери түгүл, бир ташы да кымбат экенин жакшы түшүнүшөт. Аларда мекендин бүтүндүгүнөн өткөн бакыт жок. Ошон үчүн  кандай жагдай болсо да кызматын ак өтөөнү каалашат. Ошондуктан артка чегинишпейт. Бөрүлөр чегинбеген үчүн жерибизди толук сактап калдык. Алар кара жанын коргоп чегингенде, бүгүн алар басып алган жерлерди алуу да чоң маселе жаратмак. Бул жагынан чек арага чеп болгон “Бөрүлөргө” алкыш айтсак да аздык кылат...

- Чек араны чечүү, сүйлөшүүгө баруунун өзү кооптуубу, оорбу?

- Аябай татаал. Аны түшүнө, туя билбегендер ар нерсе деп айта беришет. Чынында чек ара боюнча сүйлөшүүгө барып, өмүрүңдү тобокелге салып, кооптуу жерге кирүүнүн өзү оор. Чек арада жашап көрбөгөндөр чек арада жашоонун өзү оор экенин, кайтаруу андан да татаал экенин биле беришпейт.

- Азыркы бийлик келгенден бери чек арачыларга өзгөчө көңүл бурулууда. Жашоо-шарты оңолуп калдыбы?

- Кудайга шүгүр, өзгөчө маани берилип, чек арачыларга көңүл бурулуп жатат. Бул үчүн Президентке, УКМК төрагасына ыраазычылык билдирип кетем. Бирок, аны менен эле маселе чечилди, чек арачылар май көл, сүт көл жашоодо жашап жатат деп ойлобошубуз керек. Мурункудан абалы бир топ жакшырганы менен дагы деле жетишпестиктер, көйгөйлөрү бар. Бирок, ошондой оор шартта иштеп жатышса дагы бир чым дебей чек араны кайтарып, ишине жоопкерчилик менен мамиле кылган, үй бүлөсүн экинчи орунга, чек араны кайтарууну биринчи орунга койгон азаматтарга алкыш айтам.

- Чек арачыларда мамлекет үй менен камсыздайт, эмгегибиз сыйлык менен кайтат деген ичинде ишеним болобу?

- Мамлекет чек арачылардын айлыктарын көтөрүп, кичине жашоо-шартынын жакшырышына мүмкүнчүлүк түзүп жатат. Бул жакшы. Себеби, чек арачылардын көбүнүн аялы, бала-чакасы казармада жашабайт. Ата-энеси менен алыста жашайт. Чек арачылар чоң жоопкерчилик менен иштешсе да экономикабыздын төмөндүгүнөн арзыбаган эле айлык алышчу. Азыр айлыктары жогорулап кичине бала-чакасы кенен жашап, зарылчылыктарын алууга мүмкүнчүлүк болуп калды окшойт.

Негизи биз чек араны кайтарганда үй алам, сыйлык алам деген ой да болгон эмес. Бизде чек араны кайтаруунун өзү сыймык, жоопкерчилик болгон. Ошон үчүн акчасына, башкасына карабай эле баш отубуз менен киришип, мекенге чеп болобуз деп чек араны кайтарабыз. Мекенибиздин коопсуздугун коргойбуз деп чын жүрөктөн иштегенбиз. Албетте, мамлекет мээнетиңди кайтарып, эмгегиңди бааласа ал сага сыймык гана алып келет. Ошон үчүн чек арачыларга стимул болгон иштерди жасаса, алардын андан ары да шыктанып иштешине өбөлгө болот. Чек арачылардын эрдигин баалап, эмгегин даңктап, башкаларды шыктандырышыбыз керек.

Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан.kg” гезити