Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 572

М.Мамазаирова: Алардын баарын мамлекеттин кан тамырынан сууруп чыгып, тазалоо керек.

- Меңди эже, коррупция менен күрөштүн экинчи этабы башталды. Бул этап коррупционерлерди түп тамырынан жок кылууга шарт түзөбү?

- Албетте, шарт түзөт. Биротоло тамырын кыркылбаса да, андан ары өсүшүнө бөгөт коюлат. Коррупция менен күрөшүүдө бир топ көмүскөдө чирип жаткан уурулуктардын жүзү ачылып жатат. Ар күнү кайсы бир мамлекеттик кызматкердин балыгы чыгууда. Бул экинчи жүрүш, мурдагы чоң кит уурулардан да башка катмарланып, бетонго айланып, билинбей калдык дегендердин бети ачылууда. Бардык нерсе кичинеден башталат. Көрсө, коррупционерлер мамлекеттин ар бир тармагына кирип, мите курттай канга сиңип, кенедей жабышып алышкан экен. Алардын баарын мамлекеттин кан тамырынан сууруп чыгып, тазалоо керек. Ошондо гана кан тамырларга таза кан жүгүрүп, өсүү, өнүү башталат эмеспи.

- Президенттин эл аралык аренадагы аракетине кандай баа бересиз?

- Президенттин эл аралык аренада аракети албетте, мамлекет үчүн пайда алып келет. Айрымдар ажонун активдүүлүгүнө кантип баарына жетишип жатат деп таңгалып да бүтпөй жатышат.  Жакынкы эле Чолпон-Атада өткөн саммитте канча мамлекеттин башчылары баш кошуп, келечекте жанаша жашоодогу алгылыктуу маселерди козгоп, тынчтык, достук маселерди сүйлөшүштү. Андан көп өтпөй эле Түркия мамлекетинин кайра жеңип шайланган президенти Эрдогандын кызматка расмий кириши, инаугурациясында чоң мамлекеттердин башчыларынан катарына биринчи айым Айгул Жапарова менен эл арасында тең ата укук менен отурушу кыргыз эли үчүн  сыймык арттырды. Мунун өзү Садыр Жапаровдун эл аралык аренада, кийинки убактарда активдүүлүгүн көрсөтүүдө.

- Баса, Президент Ыссык-Көлдө жаңы парктын ачылышында эл менен жолугуп, маселени кабыргасынан койду. Айрыкча ашыкча каражат сарптадык деп бюджетти жеп алгандарга токтолду. Ажонун айтпай туруп текшерип барганы жакшы жыйынтык берип жатабы?

- Президент Садыр Жапаровдун жыл башынан берки кадамы колдоого татыйт. Көп мекеме-уюмдарга айтпай барып текшерген абдан туура. Антпесе, кожо көрсүнгө  жасай салышат эмеспи. Отуз жылдан бери жасаган ишти он эсе көбөйтүп көрсөтүп,  акча жеген алкымы чоңдордун кекиртегине сөөк такап койгону эң жакшы болуп атат. Ысык-Көлдөгү жолугушууда президент күйүп-бышып айтты, далилдеди, эскертти. Эми жегичтер биртике чочуп калышты окшойт. Уккан кулакта жазык жок, Бишкек- Ош жолун салгандар калп эсеп берип, кабаттап үй салып алышып жүргөндөр бар деп укканбыз. Бул бир гана мисал.

- Эмнеге камалып, соттолуп жатса деле элдин ырыскысын жегендер тыйылбай жатат?

- Мен да ошого таңгалам. Эмне үчүн ар күнү кармалып, соттолуп атышса, кайра эле бир жагынан жеп атышат. Неге коркушпайт? Кыргыздардын мамлекеттик кызматкерлери жегенге туулушканбы? Таң калбай коюуга болбойт жана канткенде тыйылат? Же бул жегич деген сөздү маңдайына ысык темир менен мөөр кылып басып коюш керекпи? Ошондо элден уялып мамлекеттик мүлккө экинчи кол салбай калат беле?

Мына биздин президент бардык параметрде жан үрөп иштеп атат. Анан кайдан эле “эчтеке кылбай жатат, болбой калды” деген сасык, ылай сөздөр кайдан чыгып атат? Эл көргөндү айрымдар неге көрбөйт? Бул сөздөрдү чыгаргандар беш-алты эле өздөрү бийликтен кур жалак калгандар эмеспи. Ал баарына түшүнүктүү.  Президенттин бардык башталыштардын колдоп, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, “Кыргыз үчүн!” - деп иштесек алга кетебиз. Ал үчүн пейилди оңдоп, ынтымакка келели!

 

Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан.kg” гезити