Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 557

М.Осмон: Коррупция менен күрөшүү өтө оор процесс.

- Манас мырза, маегибизди Чолпон-Ата шаарында өткөн саммиттен баштайлы. "Европа кеңеши - Борбор Азия" саммити максатына жеттиби?

- Мындай саммиттин өтүшү өлкөбүз үчүн өтө маанилүү. Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери менен Европа Кеңешинин Президентинин экинчи жолугушуусунда региондун актуалдуу маселелери, регионалдык интеграцияны, Европа Бирлиги менен кызматташтыкты өнүктүрүү жана Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер менен мамилелерди өнүктүрүү маселелери талкууланды. Бул Кыргызстан үчүн өтө пайдалуу десек болот.

- УКМК төрагасы Коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабы башталды деди. Бул көп коррупционерлерди ойго салып жатабы?

- Коррупция менен күрөшүү өтө оор процесс. Кыргызстанды 70 үй-бүлө башкарып, ошолор эле кемирип келатышат. Аталары карып, эми балдар-кыздарына өткөрүп беришти. Мамлекеттик кызматтарды дале ошол үй-бүлөлөр ээлеп, ошолор эле майкандап келатат. 1990-жылдан бери мамлекеттик структураларга сиңип, тамырлаш болуп кеткендер менен күрөшүү абдан оор. УКМК төрагасы жыргаганынан 3 этапка бөлгөн жок. Жалпы эл Камчыбек Ташиевди колдоого алып, коррупция менен бирге күрөшүүсү керек. Маселен, мамлекет бир эле кишиге керек эмес, баарыбызга керек. Бирок, тилекке каршы, жапырт эл жээкке чыгып, жемкорлор менен күрөшүүдө аны жалгыз таштадык. Биздин өлкөдө уурулар түгөнбөйт.

- Карапайым калк кантип жардам бермек эле?

- Мамлекеттин жүгүн көтөрөм дегендерге элдин бир жылуу сөзү жетет. Аңдыбай, ичи тардык кылбай, "карап туралычы, кантишээр экен" дебей, жөнү жок сындабай, аракеттерине реалдуу баа бералсак мындан өткөн колдоо жок.

- Садыр Жапаровдун эл аралык аренадагы аракетине кандай баа бересиз?

- Ал кишинин аракетине, жакшы ниетине баа берем. Кээ бирөөлөр өлкөнүн жыпжылаңач абалын көрүп турушуп деле бийликти жарга кыстагандай боло беришет. Эч нерсебиз жок болсо да, жакшы ниетибиз бар. Балким, Кудай биздин жакшы ниетибиздин урматына ишибизди оңоп жатат.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити