Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 317

У.Ормонов: Булар экономиканы көтөрө турган максаттуу иштер экенин ар бирибиз туура түшүнүп, колдоого алышыбыз керек.

- Улукбек Зулпукарович, убакыт ушкан куш демекчи, быйылкы жыл да ортолоп калды, Президенттин саясаты, экономикалык багыттагы иш аракеттери кандай багытта баратат, оош-кыйыштар жокпу?

- Мамлекет башчыбыз Садыр Нургожоевичтин аракетин барыбыз көрүп жатабыз, күнү-түнү тыным албастан иштеп, жумурай журттун турмушун жакшыртууга, мамлекеттин экономикасын көтөрүүгө болгон күчүн сарптап жатат. Эң башкысы, эл аралык кадырыбыз өстү. Кошуна өлкөлөр менен болгон мамилебиз чыңдалып, стратегиялык багыттагы мамлекеттер менен болгон карым-катышыбыз кеңейди. Президент чоң жыйындарга барып Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп, биздин өлкөбүздө дагы дүйнөлүк масштабдагы саммиттерди өткөрүп жатат. Келечекте мунун жемиши чоң болот. Маселен, буга чейинки жетекчилер тайсалдап, чечалбай келген Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун Садыр Нургожоевич өтө кылдаттык менен ишке ашыра алды. Келишимге кол коюлду, долбоору даярдалууда. Бул ишти чоң жеңиш катары айтышыбыз керек, ишке кирген күндөн тартып биздин өлкө азыркы туюк абалдан чыгып, транзиттик мамлекетке айланат. Түндүк тараптан Кытайга түз кирип кетүү мүмкүндүгү пайда болот. Түштүк жактан Өзбекстанга, андан ары Ооганстан, Иранды аралап, Жакынкы Чыгыш, андан ары Европа мамлекеттерине чейин темир жол каттамы ачылат. Биздин экономика дароо көтөрүлүшүнө шарт түзүлөт. Миңдеген жарандарыбыз жумуш орундары менен камсыз болот. Баса, темир жол демекчи, мына өзүбүздөгү эле Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун курулушу да жанданып, былтыр 5 чакырымга жакын тилкесин түптөө иштери бүтүп, 4 чакырымдайына рельстер орнотулган эле, быйыл да иш кызуу жүрүп жатат. Булар экономиканы көтөрө турган максаттуу иштер экенин ар бирибиз туура түшүнүп, колдоого алышыбыз керек.

- Бийликти басып алабыз дегендер камалып жатат, эл ичинде нааразычылык жокпу?

- Мамлекетти оюнчук катары көрбөшүбүз керек. Буга чейинки төңкөрүштөрдөн зыян гана тартпасак, эч пайда тапкан жокпуз. Азыр биз мамлекеттүүлүктүн келечегин ойлой турган, ар бир кадамыбызга терең акыл калчай турган мезгилге жеттик. Анткени, мурдакы жетекчилер мойнубузга илип кеткен ички жана тышкы карыздын эң көп бөлүгүн төлөөр маалга келдик. Былтыр, 2022-жылы 33,6 млрд сом карыз төлөнсө, быйыл 48,6 млрд сом төккөнү турабыз. Кийинки, 2024-жылы 64,7 млрд сом, 2025-жылы 75,1 млрд сом бюджеттен беребиз. Бул өтө чоң суммалар. Эгер ушул каражаттар социалдык жана башка иштерге жумшалганда, чоң иштер бүтмөк. Буга чейин, 2004-жылы 3,1 млрд сом, 2008-жылы 5 млрд сом, 2011-жылы 9,4 млрд сом, 2017-жылы 20,6 млрд сом, 2019-жылы 28,1 млрд сом төлөнүп келген. Кыскасы, азыр биз таш көтөрүп чыгып чамынганды жыйыштыра турушубуз кажет. Төңкөрүш менен мамлекетибиздин пайдубалына сокку уруп албайлы!

- Өзгөндө 1-майда салтка айланган Зулпукар Ормоновдун элесине арналган маданий жана спорттук мелдеш абдан жогорку деңгээлде өттү. Ошол жерде Элмурза Сатыбалдиев: “Илгерки 1-майдагы майрамдык маанай бүгүнкү күндө Өзгөндө сакталып калды. Бул үчүн жыл сайын элди ынтымакка чакырган иш-чараны уюштуруп келген Улугбек Ормоновго ыраазылык билдирем. Экинчиден, атаны даңктоого үлгү көрсөткөнү абдан маанилүү”- деп, чогулган жалпы элдин сезимин билдирген ыраазычылыгын билдирди. Иш-чара боюнча кыскача айта кетсеңиз?

- Зулпукар Ормоновдун элесине арналган маданий-спорттук иш-чара быйыл 20-жолу уюштурулуп, мааракелик деңгээлде өттү. Салтка айланган таймаштар мамлекет башчыбыз Садыр Жапаровдун "Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы  жөнүндөгү" жарлыгын ишке ашырууга багытталды. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары баш болгон бир нече мамлекеттик ишмерлер күбө болушуп, жалпы Өзгөн районунун тургундары борбордук стадиондо оюн көрүштү.  Майрамдык иш-чарада "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын лидери Бактыбек Сыдыков, "Мекенчил" депутаттык тобунун лидери Эльмурза Сатыбалдиев, эл өкүлдөрү Таалайбек Сарыбашев, Айбек Маткеримов, Жаныбек Кыдыкбаев ж.б. сөз сүйлөп, Өзгөн элин куттуктады. Спорттук мелдеште волейбол, кол күрөш, таяк тартыш, тогуз коргоол  сындуу оюндардын түрлөрү боюнча райондогу спортчулар мелдешип, жеңүүчүлөр байгелерин алып кетишти. Иш-чаранын маданий бөлүгүндө белгилүү ырчылар, акындар концерттик программа тартуулашты. Кудайым буюрса, келерки май майрамына чейин Өзгөндөгү борбордук стадион реконструкция болот. 

- Сиздин бышырып жаткан мыйзамыңыз боюнча да сурай кетпесем болбос, дегеним, ысырыпкорчулукту тизгиндеген буйрукту Президент чыгарып, башында аябай дүркүрөдү эле, азыр дайын-оту чыкпай калды. Себеби неде деп ойлойсуз?

- Президентибиз эл күткөн буйрукту чыгарып, ишке ашырууга тапшырмаларды берген, жер-жерлерде иш жүрүп жатат. Албетте, элдин жашоо турмушуна катмарланып сиңген каада-салттагы ашыкча чыгымдардын, ысырапкорчулуктун тамырын бир буйрук менен кыркуу мүмкүн эмес. Андыктан, буйрукту биз эми мыйзам менен бекемдеп беришибиз керек. Ошондо гана жигердүү жүрөт. Азыр мыйзам 1-окуудан өткөн. Президенттик администрация менен биригип иштелип жатат.

- Эл ичиндеги нааразычылык дин ишмерлеринин аралашуусунан улам жаралды окшойт, мыйзам кабыл алынса, жалаң мамлекеттик кызматкерлер ишке ашырабы?

- Ооба, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү ишке ашырат. Ал эми түшүндүрүү иштерин аксакалдар, элдик кеңештер, дин ишмерлери жүргүзсө болот. Эң башкысы эл өзү түшүнүшү керек. Ал эми мыйзамды аткарууда райондук, областык жана республикалык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлер үлгү көрсөтүшү керек.

- Карама-каршылыктын бири кайтыш болгон кишиге бодо мал союлбасын деген маселеде болду окшойт...

- Азыр жер-жерлерде жергиликтүү бийлик өз чечимдерин кабыл алып жатат. Муну ар бир аймактын эли өзү элдик жыйын өткөрүп, чечим кабыл алышы керек. Себеби, беш кол тең эмес. Ар бир аймак өзүнүн шартына жараша ырым-жырым жөрөлгөнү жөнгө салышы шарт. Кыргызстан боюнча бир өңчөй кылалы деш туура эмес болорун көрдүк. Ошолорду талдоо менен мыйзам толукталып жатат.

Зулпукаар Сапанов, Булак: “Майдан.kg” гезити