Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 355

А.Тойчиев: Алар кандуу кагылышууларды токтотушуп, жүздөгөн өмүрлөрдү сактап калышты.

2010-жылдын июнундагы Ош, Жалал-Абад облустарында болуп өткөн кандуу окуялар - Кыргызстандын жаңы тарыхындагы эң оор трагедия катары түбөлүккө тарыхка кирип калды. Биздин бул жерде анын себептери, кесепеттери тууралуу айтайын деген оюбуз жок, алар буга чейин ЖМКларда, тийиштүү адабияттарда, алардан сырткары эл аралык, мамлекеттик, коомдук  ж.б. 10 комиссиянын ишинде жетиштүү иликтенип, изилденип,  ачылып берилген. Биз мында ал мезгилде өмүрлөрүн тобокелге салып, окуялардын чордонунда жүрүп, кагылышууларды токтотууга, эки тарапты элдештирүүгө аракеттенген эр жигиттер жөнүндө гана айткыбыз келет. Эл өзүнүн чыныгы баатырларын билиши жана унутпашы керек.

“Бул үч жигит (К.Ташиев, С.Жапаров, А.Келдибеков) бала-чакаларын таштап, кандуу жаңжалдын алгачкы күндөрү түштүккө келишип, өмүрлөрүн тобокелге салып жаалдуу каршылашкан эки тараптын ортосунда жүрүштү, - деп жазган ал окуяларга өз көзү менен күбө болгон Ош Ислам университетинин проректору, теолог Алтынбек Тойчиев. - Сөздүн толук маанисинде алар кандуу кагылышууларды токтотушуп, жүздөгөн өмүрлөрдү сактап калышты”.

Жогорудагы үчөөсү, өзгөчө Камчыбек Ташиев жөнүндө ЖМКларда андай пикирлер көп айтылып, ошондо эле айрымдар аны баатыр катары даңазалагандыгын жакшы билебиз. Баарынан да анын Сузакта баррикадаларга жашынгандар кыргыздарга карата автомат, пулемёттор менен атып жатышканда тайманбай ортого чыгып: “Биз бири-бирибизге бир тууганбыз. Эгерде бирөөлөрдү өлтүргүңөр келип жатса, мени өлтүргүлө” деп кыйкыра   өзбек тараптагыларга барып, аларды ок атууну токтотууга көндүрүп, кайра келатканда эми алар эми аркамдан атышат го деп күтсө да, кадамын да тездетпей, башын бийик көтөрө кайкалай басып келип кыргыз тараптагыларга кошулган экен.  Кийин ал президенттикке талапкер болгондо бир журналист андан: “ Ошондо сени атып салышы мүмкүн эле. Сен ал жөнүндө ойлондуң беле:” деп суроо берсе, “мен тынч адамдар курман болбосо экен деп гана ойлонгом. Башка эч нерсе оюма келген эмес. Чынын айтсам ойлонгонго да убакыт жок болчу, аракет кылуу гана керек эле” деп жооп берген.

Чыныгы эр жигит деп ушундай адамдарды айтса жарашат. Ал убакта өмүрүн тобокелге салып Камчыбек Ташиев Жалал-Абад менен Сузактагы кагылышууларды тынчытып, өчүккөндөрдү  элдештирип жүрсө, Акматбек Келдибеков Алайдан келаткан атчан жердештерин артка кайтарган. Ал эми “временшиктердин” Алмаз Атамбаев баш болгон бир нечеси ачкыл-кычкылдар менен өздөрүн өздөрү ап-апапташып  үйлөрүнө бекинип жатышса, Бектур Асанов менен Кубатбек Байболов Текебаевдерге козу сойдуруп жешип чардап жүрүшкөн.

Үч баатырдын эрдиктерин “временшиктер” өздөрүн мазактагандай кабылдашып, аларга нелерди гана жабыштырышпады. Аягында үчөөн тең камашты. Ошондо алардын оппоненти Өмүрбек Текебаев: “Эл Ташиевди жасалма эмес, чыныгы мекенчилдиги үчүн жакшы көрөт. Жалаалардын баары саясат” деп ачык эле айткан.

Чындык ийилген менен сынбайт экен,  эки достун жетекчилигинде азыр Кыргызстан ишенимдүү өнүгүп жатат. Камчыбек Кыдыршаевич жемкорлорго каршы күрөштө да  баатырлыгын көрсөтүүдө. Биз алардын  түзүүчү тынч эмгекте да баатырлыкка татыктуу эмгектерин жасай  беришсе дейбиз.

Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: "Майдан.kg" гезити