Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 316

УКМКга ыраазычылык...

Үч күн мурун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бийликти күч менен басып алууну көздөгөн 30дан ашуун адамды кармап, сырттан каржыланган топтун төңкөрүш жасоо планын таш каптырды. Социалдык түйүндөрдө айрымдарынын аты-жөнү айтылып, талкуу жүрүп жатат.

Атай кетсек, кармалгандардын бири Гүлжигит Исаков деген эргул. Атын элге тааныта албай андан-мындан көрүнө калган көчө баатырларынын бири экени тар чөйрөдө кеп болууда. Ошондой эле, айрым митингдерде көрүнө калып жүргөн Роза Нурматова деген чырлуу айымдын аты айтылып, ал уюштуруучу экени белгиленүүдө. Ал “Элдик кеңеш” партиясынын төрайымы катары кыйды планды ишке ашырууну жетектеген. Тактап айтсак, УКМКнын маалыматы боюнча Р.Нурматова бийликти күч менен басып алуу пландарын тынбай талкуулоо менен тиешеси бар адамдарды мамлекеттик структураларга каршы үгүттөөгө багытталган жашыруун жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөргөн. Демек, булар бир нече ирет жолугушкан.

Ошондой эле, тергөө аныктагандай, бул уюшкан топко коомдун ар кайсы катмарынан жана өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 100дөн ашык адам тартылып, алардын ортосунда конкреттүү милдеттер так бөлүштүрүлгөнү ачыкка чыкты. Андан да таң калыштуусу, жакынкы аралыкта уюштуруу маселелерин каржылоо жана негизги кызмат адамдарына сый акы төлөө үчүн чет элдик булактардан олуттуу каражаттарды алуу күтүлүп жатканы белгилүү болду. “Бул ким болушу мүмкүн?”- деп коопчулук сестенүүдө. Кыргызстанда туруксуздуктун кезектеги толкунун уюштурууга сырттан колдогондор барбы?

Кызыгы, Роза Нурматованын үйүн тинткен тасмада Ковалев Александр Михайлович, Войцинский Сергей Владиславович деген ысымдагы визиткалар чыккан. Ага удаа "Московский Комсомолец" гезити Роза Нурматова боюнча кеңири макала жарыялап, анда Нурматова батыш баалуулуктарын кыргызстандыктарга таңуулоого каршы чыккан активист катары көрсөткөн. Ошондой эле, жалпы советтик тарыхты эске салганын жазып, 2023-жылы март айында Бишкекте өткөн жыйынды мисалга тартышкан. Биринчиден, сырткы күчтөрдүн сайда саны жок Роза Нурматовага күнү түшүп калган болсо, анда алардын абалы аябай чатак экен. Экинчиден, бул жерде сырттагы каражат берүүчү топтун кулагы көрүнгөнү ачык байкасак болот.

Кандай болгон күндө дагы бизге азыр ынтымак, ырашкерлик керек. Төңкөрүш менен пайда таппайбыз. Эң алды мамлекетибиздин бейкуттугун ойлонушубуз зарыл. Сырттагы күчтөрдүн тукуруусу менен башаламандык уюштура берүү – өлкөбүздүн бүтүндүгүнө залакасын тийгизиши ыктымал. Андыктан, өз жерибизди көздүн карегиндей аздектегенге аракет кылып, бүлүк салчу топторду тизеге чабышыбыз зарыл. УКМК кечээки кармоолордо мыкты иштеди, ал ишине ыраазычылык билдирип коюшубуз шарт, бизге Кыргызстаныбыздын тынчтыгы керек!

 

Кылычбек Кудайбергенов, Булак: "Майдан.kg" гезити