Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 363

Болбосо ал жарамазанчылардын кеңейтилген клубу бойдон кала берет.

Жогорку Кеңештин депутаттары Элдик Курултай институтун күндөш катары көрүп, анын укук-ченемдик базасын түзө турган мыйзам долбооруна ошондой мамиле жасап жатышканын көрүүдөбүз. Муну күтсө болмок, бийликке жеткен кандай акыл-эстүү Кыргызбай башкаларга өз ыйгарымын бөлүшкүсү келсин. Антсе ата бабаларынын рухуна каршы иш кылгандай болуп калбайбы.

Аны Президенттин администрациясы Элдик курултай жөнүндөгү мыйзам долбоорун даярдап, 2022-жылдын майында парламенттин тармактык комитетине киргизишсе, аны Жогорку Кеңеш ушул жылдын мартында карап, кайра күн тартибинен алып салганынан эле көрүнүп турат. Эми аны кайра карап, анын бир катар ыйгарымдарын алып салып, биринчи окуудан өткөрдү. Кийинки окуулардан өткөрүлгүчө дагы шылынат го деп ойлойбуз. Анткени, Элдик Курултайга парламент гана эмес, өкмөт да, Президент да, а түгүл жергиликтүү бийликтегилер да кызыкдар эмес. Чындыгында дүжүр жарамазынчыларды ким жакшы көрсүн. Эгерде анын аты эле кала турган болсо, анда анын кимге кереги бар эле?

Биздин оюбузча, өтө эле оригиналдуу ой жүгүртүшкөн бир ууч теңирчи фанатиктерден башка эч кимге деле кереги жок болчу. Бийлик ээрге жаңы отуруп жатканынан пайдаланышып, алар Улуттук Академияны Баш мыйзамга киргизгендей эле, аны да киргизе коюшкан. Чынын айтсак, эми алар андан кантип кутуларын билбей баштары ооруп жатышат. Улуттук академияны шылып, институттарынын көбүн универлерге өткөрүп берип салышты. Универлерге деле андай “ырыстын” кереги жок эле, бирок Өкмөт эмне кылсаңар, ошол кылгыла деп колдоруна карматып койсо, эмне кылышат?

Эгерде Элдик Курултай эле баарын оңдоп жибере турган болсо, анда ашыкча баш оорууларды көбөйтпөстөн 1925-1936-жылдардагы курултайдын формасын эле киргизе коюш керек эле. Ошол жылдарда Кыргызстандагы эң жогорку бийлик - курултай болгон. Эл жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, алар кантондук (облустук) курултайларында Кыргызстандын Курултайына өкүлдөрдү шайлашкан. Алар өздөрүнүн курултайында Борбордук Аткаруу Комитетин түзүп, төрагасын, БАКтын мүчөлөрүн шайлашып, отчетторду угушкан, кадрларды бекитишкен. БАК курултайлардын аралыгында азыркы парламенттин милдетин аткарган.

Эгерде Элдик Курултай институту кала турган болсо, ал күндөлүк, саясый, экономикалык жана социалдык маселелерге аралашпастан Улуттук өтө маанилүү маселелерди талкуулап, бийлик органдарына сунуш бере турган гана институтут болушу керек. Жер-жерлерден келгендердин ар кимиси өздөрүндөгү чарбалык, социалдык көйгөйлөрдү айтып, чомдоп-комдоп жөнөтүшкөн чиновниктерди мактай беришсе, ал карикатурага гана айланат. Алар өкмөттүн, жергиликтүү бийлик органдарынын деңгээлдеринде чечиле турган маселелер. Анда Элдик Курултай кандай маселелерди карашы керек?

Азыр коомчулукта өтө оор кылмыш жасагандарга (бир нече адамды атайылап өлтүргөндөргө, боюнда бар аялдарды жана балдарды кордоп өлтүргөндөргө, мамлекеттин коопсуздугуна чоң зыян келтирген чыккынчыларга) өлүм жазасын киргизүү маселеси козголууда. Бул маселени депутаттар, Президент эмес, Элдик Курултай карап, тыянагын бериши керек. Анан билим берүү министрлигинин жалпы билим берүүнү 10 жылдыктан 12 жылдыкка айландыруү жөнүндө долбоору көпчүлүктү нааразы кылууда. Бул да Элдик Курултайда карала турган эң маанилүү маселе. Анткени, бул катардагы мыйзам долбоору эмес, жалпы элдин кызыкчылыктарына түздөн түз тиешеси бар. Анан Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү да алгач Элдик Курултайда каралса, анын легитимдүүлүгү артмак. Аймактык-административдик реформалар, 2010-жылдын 6-7-апрелиндеги, июнь окуялары боюнча жалпы элдик макулдашууга келүү да, биздин оюбузча, Элдик Курултайдын преррогативасындагы маселелер. Анткени, булар боюнча эл арасында карама каршы пикирлер көп. Акыркы маселени бириреволюция десе, экинчиси, кылмыштуу төңкөрүш дешет. Июнь окуяларындагы негизги күнөкөрлөр “временшиктер” экени талашсыз.

Элдик Курултай ушундай жалпы улуттук чоң маселелер менен алектенсе гана мааниси, таасири артат. Ата бабаларыбыздын курултайларында ушундай чоң маселелер гана чечилген. Болбосо ал жарамазанчылардын кеңейтилген клубу бойдон кала берет.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити