Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 675

Чык эшикке!

2021-жылдын аягында түзүлгөн "Кыргызиндустрия" ишканасы боюнча арбын сөздөр айтыла баштады. Жетекчиси Жарасул Абдураимовго дооматтар күчөдү. Жогорку Кеңеште ишкананын сапырып жаткан миллиондогон каражатына байланыштуу бир топ фактылар ачыкка чыгып, айлык үчүн эле оңбогондой каражат жумшалганы билинди. Көрсө, 65 адам иштеген жамаатта бир президентинен сырткары төрт вице-президент, аппарат башчы, жетекчинин эки кеңешчиси жана бир жардамчысы бар экен. Бул өзүмбиледиктин жеткен чеги эмеспи? 60 кишиге төрт вице-президенттин эмне кереги бар? Мындай көрүнүш өнөккөн өлкөлөрдүн биринде да жок.

Кызыгы, президент катары Жарасул Абдураимов 170 миң сом, вице-президенттери 130 миң сомдон, кеңешчилери 120 миң сомдон, башкармалыктын башчысы 120 миң сомдон, эксперттер 85 миң сомон, бөлүм башчылар 90 миң сомдон айлык алат экен. Бул мамлекеттик каражатты мыйзамдуу түрдө уурдоо, ачык коррупция эмеспи?

“Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Жеңишбек Токторбаев бул маселеде абдан туура көз карашты карманып, уурдалган элдин каражатын жетекчи Жарасул Абдураимов тез арада мамлекетке кайтарып берүүсүн талап кылды: “Сизге сегиз мамлекеттик ишкананы жандандыруу үчүн 1 млрд. сом бөлүнүп берип жатат. Өкмөттүн токтомун одоно бузуп, иштебей турган ишканалардан башка ишканаларды ачуунун кереги бар беле? Сиз 843 миллион 504 миң сомду жоготупсуз, аны 19 ишканага бөлүп бергенсиз. Ал эми 1,5 жыл ичинде тапкан кирешеңиз - нөл. Калган 54 миллион сомду 65 кишиге айлык катары таркатып бергенсиз. Каражатты максатсыз пайдаланганы үчүн 1 млрд. сом түгөнүп, азыр 300 миллион сом карыз болуп, 65 адам үч айдан бери айлык албай отурат. Муну “мамлекетти тоноо” деп койсо болот. Сиз 1,5 жыл ичинде 2 млн. сомдон ашык, төрт вице-президентиңиздин ар бири 1,7 миллион сомдон ашык айлык алыпсыздар. Жарасул Осмоналиевич, чукул арада бул акчаны кайтарып беришиңиз керек. Болбосо түрмөгө отурасыз. Түрмө сизди күтүп, ыйлап турат. Бул мамлекеттин, элдин акчасы. Анын баарын табакташтарыңыз, чөнтөктөштөрүңүз менен ордуна коюп коюңуз. Кызматтан өз эркиңиз менен арыз жазып кетиңиз. Пенсия курагындагы адам экенсиз, Алайга барып, кымыз ичип жатыңыз. Сизде бир гана "Кыргыз мык" деген ишкана бар экен. Аны дагы жеке ишкер менен келишим түзүп, анын 70%ын силер, калган 30%ын алар каржылайт экен. Ошол иштеп жатыптыр. Азыр мыктын баасы базарда 120-130 сом болсо, силерде 90 сом экен. Бул жетишкендиктен башка силерде эч нерсе жок”- деп, быкшыган көйгөйдүн бетин ачты. Мындан сырткары, Жарасул Абдураимов "Кыргызчеттранс" логистикалык компаниясына 203 миллион 626 миң сом бөлүп, 300 миң доллардан он "КамАЗ" алыптыр. Базарда алар 58 миң доллардан сатылып жатканы айтылды.

Баса, Ж.Абдураимовдун төрт вице-президентинин бири Жыргалбек Сагынбаев деген эргул экен. Аны Башкы прокуратура 2022-жылы мартта Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетин жетектеп тургандагы ишине байланыштуу кармаган болчу. Кантип түрмөдөн чыгып, бул чоң кызматка келип алганы, кылмыш иши эмне менен аяктаганы көпчүлүккө белгисиз.

Булак: "Майдан.kg" гезити