Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 458

С.Четинбаев: Биз ириде экономикабызды чыңдашыбыз керек, ансыз эгемендүүлүктүн өзү коркунучка кептелип калышы мүмкүн.

- Самсаке, сиз менен кобураша калган учурларда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу Кыргызстан үчүн чоң пайда алып келчү долбоор экенин көп айтып калчусуз. Бүгүн да бул долбоор кун тартибиндеги эн актуалдуу маселеге айланды. Бул темир жолдун курулушу улуттук коопсуздукка шек келтирбейби?

- Дүйнө полярдуулугу күн сайын өзгөрүп жатат. Азыркы кылым технология менен катар эле кыймыл-аракеттин заманы. Ким иштесе, ошол тиштейт. Коопсуздук маселесине келгенде азыр мезгил башка. Кыргызстан эгемен мамлекет. Анын эгемендүүлүгүнө эч ким шек келтире албайт. Биз ириде экономикабызды чыңдашыбыз керек, ансыз эгемендүүлүктүн өзү коркунучка кептелип калышы мүмкүн. Азыр кедей жашагандан, болгондо да экономикасы 2030-жылдарга барып, дүйнө жүзү боюнча биринчи орунга чыкчу Кытайга колтукташ жашап туруп, алсыз мамлекет болгондон уялышыбыз керек. Кытай тараптан коопсуздукка коркунуч жаралбайт, тескерисинче, алар менен экономикалык алакаларды күчтөндүрүү учурдун талабы болуп турат. Кытай рыногу биз үчүн экспорттук аракетибизге океан. Реэкспорт үчүн ченемсиз байлык. “Кытай Кыргызстанга коркунуч жаратат”- деген коркутуу үчүнчү тараптардын шовинистик саясаты, идеологиялык укурук.

- Бул темир жолду курууга мурдагы президенттер батынбай, “улуу орус элин кылчактап” келишти эле. Азыр чечимдер тез кабыл алынып жаткандай?...

- Чынын айтыш керек, курулай мактоо, же пафосу жок. Президент Садыр Жапаровдун бул чечимди кабыл алуудагы батылдыгы өз башын баталгыга коюп бергендей эле кеп. Мындай шартта жалпы өлкөнүн келечеги, экономикалык көз карандысыздыгы үчүн биз да биримдике болуп, бул демилгени колдошубуз гана керек. Бир мисал келтирейин. Кыргызстан Бажы Биримдигине мүчө. Өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөрүбүзгө жараша экспорт, реэкспорт маселесине келгенде Казакстан, Россия жолдорубузду жаап коюп, ишкерлер жөн жерден банкрот болуп калып жатат.  Азабы жалпы элге тийет. Эгер, бул темир жол курулуп калса бизге жол көз карандысыздыгы да кандайдыр бир деңгээлде чечилет. Бул факт. Бул долбоор ишке ашып калса, транзиттин өзүнөн жылына 200 млн доллардан кем эмес акча казынага түшөт. Биздин транспорттук дараметибиздин 97 пайызын автомобиль жолдору түзсө, калган 3 пайызын темир жол жана авиа каттам түзөт. Дүйнөдө авиакаттам менен жүк ташуу эң кымбат жана рентабелдүү эмес. Ал эми темир жол деңиз портунан кийинки арзан жүк ташуу логистикасына кирет. Капиталисттик экономикада “бир адам, бир доллар” деген түшүнүк бар. Чечмелегенде адам капиталы өнүккөн жерде экономика тез өнүгөт. Ал эми экономиканын өнүгүүсүнүн негизги атрибуттары байланыш, алака, соода сатык. Демек, биздин экономикалык абалыбыздын жакшырышына бул темир жолдун пайдасы сөзсүз тийет.

- Бул жолду ким курат? Бизде жол курууга каражат барбы?

- Бул жолдун курулушуна катышам деген кызыктар тараптар көп. Үч тараптуу келишимге кол коюлгандан кийин финансылык маселе жаралат. Азыр ТЭОсу бүттү. Өзбекстан өз тарабын, Кытай өз тарабын тез эле курушат. Экономикалык кубаттуулугу аларга маселе жаратпайт. Бизге келгенде маселе жаралат. 3-5 миллиард долларга бааланган бул темир жолдун курулушуна Кытай, Араб, Индия өңдүү мамлекеттерден инвесторлорду тартып келүү мүмкүнчүлүгү жок эмес.

- Россиялык РЖД кызыгып, биздин тиешелүү мекеме жетекчилери менен жолугуп кетишти эле...

- Ачык айтайын, бул жолдун курулушу Россиянын геосаясий кызыкчылыгына дал келбейт. Дал ошондуктан колеянын стандартына б.а. анын чен-өлчөмүнө шылтоо кылып, бул жолдун курулушуна жолтоо болуп келгени эч кимибизге сыр деле эмес. Эгер, бул ирээт да Жогорку Нарын каскадын “РусГидрого” бергендей кылып, темир жолду РЖДга бере турган болсок - ара жолдо калабыз. Темир жол, энергетика чыгаруучу булактар стратегиялык багыттар. Океңдер ошол рычагтарды колдон чыгаргысы келбей жатат. Алар азыр эч бир ТЭОсу жок эле биздин өкмөт менен түз келишим түзгөнгө аракет кылып жатканы байкалып атат. Буга жол бербешибиз керек. Алар менен келишим түзсөк, анда бул долбоор да аягына чыкпай, ара жолдо калаары турган иш.

- Темир жол стратегиялык объектке кирсе Кытай тараптын курулуш ишине аралашуусу кандай болот?

- Бул жерде Россия менен Кытайдын айырмасы асман менен жердей. Россия бул темир жолдун курулушуна каршы, ал эми Кытай тарап кызыктар. Мен жөн жерден жогоруда “Рус Гидрону” Жогорку Нарын каскады боюнча мисал келтиргеним жок. Экинчи маселе. Ким келип темир жол салам дебесин, анын ишке кирүү, эксплуатация мөөнөтүн так аныктап, көргөзүшүбүз керек. Болбосо Бишкек - Кара-Балта алтымыш километр авто жолу алты жылда курулгандай болуп, аягын таппай калышыбыз мүмкүн. Кыргыз өкмөтү инвесторлор менен келишимди так жана даана түзсө эле ишке ашчу долбоор бул.