М.Маматалиев: Президент өлкө башчысы катары Камчыбек Кыдыршаевичке достуктан да артык мамиле жасайт.
Саясаттан өйдө турган достук: Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди кимдер, кандай максатта уруштургулары келүүдө?
- Албетте, “президент менен УКМКнын башчысынын пикири келишпей калса”, “Кыргызстанда ар дайым эле дүрбөлөң болуп турсун”- деген күчтөр бар. Саясатта оппозициялык көз караш болсо да, душмандык позиция болбошу керек. Анткени, мамлекет бирөө.
Бирок, мен көп эле жерде, жыйындарда, байкап, көрүп калам. Президент өлкө башчысы катары Камчыбек Кыдыршаевичке достуктан да артык мамиле жасайт. Бири-бирине болгон урмат-сыйды кыймыл аракеттерин байкап, көрүп жүрөм.