К.Шер: Эрегише берсек, аягы кейиштүү болот.
- Кайып Шер ага, сөзүбүздү бүгүнкү бийликтин аткарган ишинен баштасак, жылыш барбы? Анан ажобуз Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин ынтымагын бузуу аракеттери дагы деле жасалып жатат, мындай опурталдуу иштерге кимдер кызыкдар?
- Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев элдин, мамлекеттин эртеңки келечеги үчүн кара жандарын карч уруп иштеп жатканына жалпы эл күбө, аны эч кимибиз жокко чыгара албайбыз. Өлкөдө кадимкидей жылыш бар, аны көөдөнү сокур киши гана көрбөй калбаса, акыл-эси жайындагы адамдардын баары билип, көрүп жатат. Мугалим, врачтардан тартып, мамлекеттик кызматкерлердин маяналары болуп көрбөгөндөй көтөрүлдү. Күч түзүмдө иштегендерге, өзгөчө чек ара кайтаргандардын айлыгы жогорулап, турак-жайлар менен камсыздала баштады. Мамлекетке өтө көп сандаган жаңы техникалар алынып жатканын аянтка тизилгенде көрүп жатабыз. Чек ара кызматына, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине душмандын таш-талканын чыгарчу “Байрактардан” баштап, тик учактарга чейин алынды. Бул чоң жетишкендик, экономиканын көтөрүлүп жаткандыгынын белгиси. Геосаясий мамилелер да жолго коюлду. Орус-украин согушу тутанып, дүйнөлүк державалар төш тирештирген учурдагы өтө оор, бычактын мизине коюлган кырдаалды так жана туура баалап, мыкты саясатты жүргүзүп жатышат. Коррупцияга каршы күрөш да өзгөчө жүрүүдө. Кайсы бир чоңдун баласы, жакыны дегенге карабай жазалоодо. Мамлекеттик казынага кол салгандар чекеден кармалып, миллиондогон каражатты төгүп жатат. Канчадан бери “куспай” какайып Теңгиз Бөлтүрүк да кечээ жакында 844 миллион сом төлөп берди. Айтор, кайсы тарабын албайлы, чоң жылыштар бар. Айрым маселелер боюнча бу өңүттөн баштап чечели, тиги маселеде наркы жагын эске алалы деп алдемедей эле иштеп, маңдай терин төгүп жатышат. Анан эми “көнгөн адат калабы” дегендей, айрым ээнооздор дагы деле тынчыбай, өлкөгө бүлүк түшүрүү үчүн ар түрдүү ушактарды жайганга аракеттенгенин байкай калып жатабыз. Албетте, эл азыр бышып, маалыматты тандап, ылгап калды. Чагымчылдарга, тилеги бузуктарга көңүл буруунун кереги жок. Алардын максаты белгилүү болуп калды, элди иренжитип, эптеп бийликке жетүү. Ниети бузуктардын дараметин буга чейин көрбөдүкпү, мамлекетти кемиргенден башканы билбейт. Бир тобу трайбалист.
- Трайбалист дегениңизди кантип түшүнөбүз?
- Бул илдет арабыздагы айрым дили бузуктарда бар, ал көптөн бери айыкпай келе жатат. Ошол трайбалисттер мамлекетибиздин өнүгүшүнө чоң тоскоолдук жаратып, атургай бүтүндүгүнө доо кетирип жүрүшөт. Бирок, биздин чыгаан инсандар алардын чагымчылдыгына алдырбай, элдин биримдигин сактап, кыргыз мамлекеттүүлүгүн коргоп келишүүдө.
- Мисалы?
- Мисалы, Кыргызстанды болуп көрбөгөндөй өнүктүргөн Исхак Раззаковду бийликти самаган трайбалисттер Москвага кеткенге мажбур кылышкан. Эмне деген таза инсан эле. Ал кишини аздектеп, кастарлап, чейрек кылым иштеткенибизде, Кыргызстан азыр таптакыр бөлөк деңгээлде болмок. Таза кадрлар калыптанып, алар өлкөнүн кийинки өнүгүшүнө өбөлгө түзмөк. Т.Усубалиевди Москвага алып кетебиз дегенде А.Масалиев кыраакылык кылып, өзү алып калган дешет. Андан кийинки Абсамат Масалиевди дагы ошондой жол менен трайбалисттер кетирип тынышты. Ал киши да кристаллдай таза эле. Кийинки шайлоодо А.Масалиев чоң айырма менен А.Акаевди утканын элдин баары билет. Ошондо колдоочулары “сиздин бир ооз сөзүңүздү күтүп жатабыз, бүтүндөй эл көтөрүлүп такка алып барып отургузабыз” дегенде, а киши: “жок, мен кан төгүү менен бийликке келбейм” деп, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлоп, болбой койгон экен. Андан кийинки Бакиевди карайлычы, ошол эле Атамбаев, Отунбаева сындуу трайбалисттер кетиришти. Экономика эки жылдын ичинде болуп көрбөгөндөй өсүп, кошуна мамлекеттин президенттеринин ичтери күйүп, “мындай кетсеңер силер эки жылда Орто Азиянын лидерине айланасыңар” деп И.Каримов менен Н.Назарбаев айткан экен. А кийин эмне болду? Кыргызстан экономикалык жактан артка кетти, элди азгырып бийликке келген трайбалисттер байыды. Андан бери карасак, Сооронбай Жээнбековду да кыйын абалга ошолор алып келишти. Бирок, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кызыкчылыгын биринчи орунга коюп, кетип калды. 2020-жылы 4-октябрдагы окуядан кийин орустар “биз колдойбуз, арызыңды жазбай тур” деп Сооронбай Жээнбековду бийлигин бекемдегенге кол сунганда, ал киши “мага президенттик креслодон да өз элимдин тынчтыгы керек” деп арызын жазып кызматынан кетти.
- Президентибиз Садыр Жапаров мамлекеттеги бөлүнүп-жарылууну токтотуу максатында мурдагы президенттердин башын бириктирип, Дубайда чай бергени маалым. Бул демилге өз жемишин берчүдөйбү?
- Мамлекет башчыбыз Садыр Жапаров ата салтынын жолу менен изги ишти баштап, Конституциялык укугу менен кыргыз элинин ынтымагы, өлкөнүн биримдиги үчүн абдан мыкты демилгени жасады. Дубай шаарында экс-президенттерге дасторкон жайып, бозгунда жүргөнүн да, түрмөдө жатканын да чогултуп, сый урмат үстүндө жолугуштурду. “Эли-журтубуздун ынтымагы үчүн бириңди айдан, экинчиңди сайдан чогултуп, бириктирдим, айланайын аксакалдар, эми талашып-тартышканды коелу, ыркыраша бербей элди бириктирип, тынч жашайлы да, мамлекетти өнүктүрөлү”,- деп ынтымакка чакырган эле жыл башында. Демилге ата салтына, наркына төп келгени үчүн Садыр Жапаровду баарыбыз кубаттаганбыз, колдогонбуз. Тилекке каршы, ошол жерде деле трайбалисттер, бузукулар кыйкырып, түрдүү сөздөрдү айтты. Аларга айла жок экен да. Маселен, Атамбаевдин бир топ тарапташтары, алардын катарында Мээрбек Мискенбаев “Атамбаев ошол жерге барып элдеше турган болсо, мен аны эки дүйнө кечирбейм” деди. Элдин-журттун башын бириктирип жатканда мындай сөздүн кереги барбы?
- Экс-президенттер ынтымакка келсе, чындап эле биригүүгө өбөлгө түзүлөбү?
- Ачыгын эле айтышыбыз керек, Кыргызстандын калкы президенттердин айынан жиктелип калган. Муну баарыбыз, анын ичинде Садыр Жапаров деле көрүп турат. Ошол жараканы жамаш үчүн эрктүү кадамга барып, Кыргызстандын келечеги үчүн абдан туура демилгени жаратты. Эрегише берсек, аягы кейиштүү болот. Кыргыз бекеринен “Эрегиштен эр өлөт” деген эмес. Мына азыр орустардын арасынан айрым чаарбаштары чыга калып, “облуска айлантабыз” деп жатат. Буга чейин ошол орустардын эксперттери: “экиге бөлүп, Өзбекстан менен Казакстанга кошуп салыш керек” деп жүрүшкөн. Ичара бөлүнүп, тытыша берсек сырткы күчтөргө жем болобуз. Намыс дегенди ойлойлу. Дүйнөдө канча улут мамлекет түптөй албай, зар какшап жүрөт. Алардын катарына кирип калбашыбыз керек. Демек, азыр бизге ынтымак аба менен суудай зарыл. Ошону кыраакылык менен сезген Садыр Жапаров экс-президенттердин башын бириктирип, ынтымакка чакырып, чай берип, элдин башын бириктиргени жатат. Муну колдоп, баарын өлкөгө алып келишибиз керек.
- Кантип? Ооба, Акаевге жол ачылды, Атамбаев түрмөдөн чыкты, бирок 2010-жылдагы окуя боюнча соттук чечимдер бар го, Бакиев кантип келет?
- Ооба, Акаев акталды, Атамбаев канкор, морадер, жегич экенине карабай абактан чыкты, ал эми башка экс-президенттер азыр өз статусун сактап турат. Бул көрүнүш Садыр Жапаровдун айкөлдүгү менен келди. Элдин башын бириктирейин, барын ак барактан баштайын, журттун мүдөөсүн аткарайын деген тилектин аркасында болду. Ишеним абдан чоң. Башталган иш арасатта калбашы шарт. Дегеним, Акаевди актап, Атамбаевди түрмөдөн чыгарган соң, Бакиевге да назар бурсун. А кишинин адвокатын катыштырбай соттогон. Жаңы ачылган жагдай менен ишин кайра караганга мүмкүнчүлүк берсин. Болбосо Дубайдагы жолугушуу Атамбаев үчүн эле түзүлгөндөй болуп калды. Башкага болгон калыстык Бакиевге жокпу?
Мен башынан аягына чейин болгом, 2010-жылы бийликти кубалайын деген ой элде болгон эмес. “Социалдык көйгөйлөрдү айтып, үнүбүздү бийликке жеткирип тарайбыз”- деп келгенбиз. Эл чогулган маалда “Форумдун” алдында чагымчылдык жасалып, курал таратылган. Анан эле Акүйгө чубай жөнөп, жеткенде чабуул жасалып, аскер техникасы талкаланды. Күч түзүмдөрү коргонуу үчүн ордунан чара көрүштү. Устав боюнча кайтаруудагы обьектиге чабуул жасалса, аскер кызматкери жогор жактын командасын күтпөй ок чыгарууга милдеттүү. Өз милдетин аткарышып, желим октор менен аткан, алар табарсыкка, көчүккө, шыйракка тийген. Жаракат гана алган. Эгер чындап атса, биринчи катардагы мени атат эле го. Андай болгон эмес. Ошол маалдагы прокурор Кубатбек Байболов: “16-17 киши окко учту” деген. Эртеси эле көбөйүп кетпедиби. Көрсө, моргдогу өлүктөрдү, морадерлук кылып башына арматура согулуп же чачманын огу тийип өлгөндөрдөн бери жыйнаптыр. Аны Ырысбек Өмүрзаков экспертизанын далили менен китеп кылып жазган. Кийин өлдү деген балдар тирүү чыкты. Ошолор такталып, тергелиши керек. Ошол мезгилде Бакиев чоң державанын жетекчилеринин суранычы менен чыгып кеткен. Убактылуу өкмөт милдеттенмесин аткарбай, 30 жылга кесип жиберген. Эми Садыр Жапаров ошол кемчиликти түздөп, элдин ишеним аткарышы зарыл.
Кылычбек Кудайбергенов, Булак: "Майдан.kg" гезити