Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 2510

Укуругу узун УКМКнын Төрагасы Камчыбек Ташиев жердешинин табышмактуу өлүмүн териштирээр...

Оштун Раим Матраимовдон кийинки Жалил Атамбаев деген миллионери бар. Бул киши бир кезде милицияда иштеген. Ноокат РИИБнин начальниги болсо керек. Кийин органдан отставкага чыккан соң жеке ишкерлик менен алектенип, өллө байыган. Биз билгенден Оштун жарымын болбосо да, үчтөн же төрттөн бир бөлүгүн ээлеп, кафе, май куюучу жай иштетип, ал тургай көп кабаттуу үйлөрдү салуу менен да алектенип жүрчү.

Мейли, байысын, иштесин, жеке ишкерлик менен алектене берсин деңизчи. Анысы элге да, мамлекетке да пайдадан башка зыяны жок. Бирок анын жүргөн жери ызы-чуу, криминал болчу. Демек, байлыкты мыйзамсыз, арам жол менен топтогон. Былтыр УКМКда иштеген баласын үйлөп, Оштогу эң чоң ресторанга Бишкектен, бүтүндөй Кыргызстандан башы көрүнгөн 600гө жакын үлкөн чиновник, депутаттарды чакырып, “Көкөтөйдүн ашындай” дүңгүрөтө той берип, кедей-кембагалдардын ичин күйгүзүп, тамшанткан.

Тилекке каршы ошол сансыз кафе, ресторан, АЗС, курулуш компаниялары жана башка бизнесинен күн сайын миллиондогон сом киреше таап, мүшөк-мүшөк пул топтогон менен, өзүнүн мурда-кийин чогуу иштешкен “мент” компаниясын казы-карта, чучук, аш, самса берип сыйлаганды жакшы көргөн Жалил аке жарды-жалчы, жардамга муктаждарды жек көрүп, бир сом акча же бир сындырым нан берген эмес. Өмүрүндө жетимдин башын сылап, кайрчыга кайрымдуулук кылгандыгын уккан, көргөн эмеспиз.

Байлыгы батпай, сасып кеткен менен карапайым калкка өтө сараң экендигин оштук акалар айтып жүрүшөт. Ал тургай салган үйлөрүнө кардарлардан акчасын алдын ала алып коюп, чала бүтүргөн бойдон берип салып, далай үй-бүлөнүн каргышына калгандыгын, ошол эле иштеткен курулушчулардын да маянасын толук бербей койгондугун да эшиткен жайыбыз бар. Бир жолу тактайды көтөргөн крандан бир тактай жерге түшүп кеткендигин көрө калып, ошол крановщикти “мен бул тактайды канча мээнет кылып, кызылдай акчага сатып алганмын…”, — ​деп ата-жотосун калтырбай ашата сөккөндүгүн уккан-көргөндөр бар экен.

Ким билет, фамилиясы (Атамбаев) “улук” болгон үчүнбү же башка жолдор менен сыйкырлап коёбу, айтор Оштун “барону” Жалил байга Кыргызстандын мыйзамдары иштебей, бийлик менен укук коргоо, сот, прокуратура органдары эч бир чара көрө алчу эмес. Жада калса “бульдозер” блогер Ыдырыс Исаковдон башка бир да журналист бул адамдын былыктарын териштирип жаза алган жок.

Бирок ушул чуулгандуу адам акыркы күндөрү Ошто да, Бишкекте да көрүнбөй, жер жуткандай ың-жыңсыз эле болуп кетти. Жеке булактардан сураштырып, издөө салып көрсөк, Оштогу бизнеси менен кыймылдуу, кыймылсыз мүлктөрүнүн баарын сатып (бир эле аябай баалуу жерин 40 млн долларга саткан дешет), эсепсиз жашыл валюта менен үй-бүлөсүн алып Өзбекстанга өтүп кетиптир.

Азыр Ташкентте курулуш тармагында бизнес кылып жүргөндүгүн кулагыбыз чалды. Эми Кыргызстанда каалагандай талтаңдап, чалчаңдап, мыйзамды уруп ойнобой, карапайым элди адам ордуна көрбөй, миллиардерге айланган шылуун неме темирдей тартип орногон, диктатуралык өлкөгө эмнеге кетти экен? Ал жакта Оштогудай оюна келгенди жасап, элди кемсинте жана алдай албаса керек. Айрым маалыматтар боюнча, Өзбекстандын кылмыш дүйнөсүнүн “аталыгы” Салимбай байбачага “шапка” берип, ошол кишинин кепилдигин алыптыр.

Баса, 2009-жылы Ж.Атамбаев Ноокат РИИБнин начальниги болуп турганда Алмаз Ташиев деген кесиптешибиз ушул эле райондун милиция кызматкерлери тарабынан катуу сабалып, көп өтпөй ооруканада каза болуп калган эле. Андан мурда маркум журналист Ноокат РИИБнин начальниги Ж.Атамбаевдин былык иштерин иликтеп жазгандыгы да белгилүү. А.Ташиев ооруканда өлүм менен өмүрдүн ортосунда жатканда аны сабаган "менттер" келишип, дары-дармегин төлөп берүүнү убада кылышкан. Демек, алар өздөрү эле изин жашыргысы келиштиби же бирөө жөнөттүбү...? Тилекке каршы бул резонанстуу кылмыш иши негедир жабылып калган. Ошол колу шал болгур милиция кызматкерлери дагы эле иштеп, бир бечаралардын канын соруп жүргөндүр.

Балким, журналисттерге жакын, укуругу узун УКМКнын Төрагасы Камчыбек Ташиев жердешинин табышмактуу өлүмүнүн жагдайларды териштирип, өлкөбүздөн мыйзамдуу-мыйзамсыз чыгарылып кеткен миллиондор менен кесиптешибиздин өлүмүнүн себебин кеч болсо да аныктап, Ташкенттеги чекисттер аркылуу бул кишинин сары изине түшөр. Канткен менен кан куткарбай эмеспи...

Булак:  "Жаңы ордо"