Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 370

Н.Анаркулов: Камчыбек Кыдыршаевичти баары “биздин Генерал!”- деп сыймыктанып айтып жатканын байкадым.

Медиа-эксперт Нургазы Анаркулов "Азия ньюс" гезитине берген маегинде чек арага байланышкан маселелер тууралуу жооп берди.

- Бийлик короосундагы башка чиновниктерге салыштырмалуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге карата маалыматтык чабуулдар күчөп баштагандай. Бул көрүнүштүн түпкү мааниси эмнеде? Коомчулук билбеген саясый күчтөрдүн кагылышы бара-бара курчуп, кандайдыр бир кризистик абалга такалбайбы?

- Мен жакында эле өрүкзарлуу Баткен облусундагы чек ара заставаларын кыдырып келдим. Былтыр орун алган кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу кармаш жөнүндө китеп жазууга кириштим эле, өз көзүм менен көрүп келейин дедим. Кыргызстандын чек арасын кайтарып жаткан жоокерлердин кийген кийимдери, жашоо-шарты, курал-жарактары жомоктогудай өзгөргөн. Орто жашаган үй-бүлөлөрдө дагы андай рацион жок. Баарынан да катардагы жоокерлер, офицерлер армиянын кадимкидей чыңдалып калганына сыймыктанат.

Ошол эле учурда, Баткенде кандуу окуялар болгон учурда Камчыбек Ташиевдин жеринде болуп, кадимкидей кайрат берип жатканын айтышты. Бул киши дагы кабинетинде олтуруп, Бишкектен чыкпай жата берсе ким урушат эле? Бирок баатырдын ага намысы жол бербейт. Мына ошондуктан, Камчыбек Кыдыршаевичти баары “биздин Генерал!”- деп сыймыктанып айтып жатканын байкадым. Бул билинбеген менен өтө чоң иш! Анан кантип, Кыргыз армиясын заманбап техникалар, курал-жарактар менен камсыздап, мыкты армиялардын катарына кошуп койгон Камчыбек Ташиевдин душманы болбосун?

Экинчиден, кечээ жакында видео-кайрылуусун көрдүм. Ага чейин деле коомчулук жакшы билчү: К.Ташиев УКМКга төрага болуп келгенден бери коррупцияга каршы күрөш кадимкидей жанданды. Президент, Башпрокурор, кимдин болбосун, тууган-уругу экендигине карабай, чечкиндүү күрөшүп келе жатат. Ошентсе жыйынтык болот турбайбы! Арийне, бул ийгиликти жаратыш үчүн К.Ташиев алгач коопсуздук органдарынын жашоо-шартын оңдоп алды. Алар үчүн мурда болуп көрбөгөндөй шарттар түзүлдү, эгер бир учурларда акимчиликтин подвалында иштеп келишсе, азыр заманбап имараттарга ээ болушту. Генерал Ташиевдин эрки күчтүү экен, бир дагы уурунун алдында тайманбады. Мамлекетти отуз жылдан бери талап-тоноп келе жаткан уурулар анан тынч жатабы? Мына ошолор бүгүн тынч уктабай, генералды кетирүүнү көздөп, каршы ар кандай маалыматтык чабуулдарды уюштуруп жатышат.

Үчүнчүдөн, бийликке жетпей калгандардын тобу бар. Алардын да планы ачык белгилүү – президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин ортосунан кара мышык аралатуу. Эгерде эки достун ортосунда ырк кетсе, бийликти кулатуу жеңил болорун алар абдан жакшы билишет. 

Бүгүнкү күндө достордун ортосундагы мамиле бекем. Алар ар кандай көчө ушактын деңгээлине түшө турган адамдардан эмес. Садыр Жапаров менен Ташиевдин ынтымакта болушу мамлекет үчүн дагы аба-суудай керек. Экөө чогуу, ынтымакта “Кумтөрдү” Кыргызстанга кайтарды, уурулардын уйкусун качырышты, алдыда дагы көп жакшы долбоорлор бар. Ошондуктан, мамлекетчил, мекенчил инсандар катары, алар да ушул ынтымакты бекемдөөнүн үстүндө иш алып барышарынан үмүт кылып туралы.

"Азия ньюс" гезитине берилген маектен алынды