Бишкек, "Саясат. kg". Азык-түлүк коопсуздугун Кыргызстан кантип турукташтырды?

Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы азык-түлүк коопсуздугу бир топ турукташып калды, мында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин эмгеги чоң. Ал марттын аягында тамак-аш коопсуздугун камсыздоододогу персоналдык жоопкерчиликти үч министрге - экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, каржы министри Алмаз Бакетаев жана өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге жүктөгөн. 

"Азык-түлүк коопсуздугуна түз карайлы. Силер персоналдык жоопкерчиликти аласыңар. Канча буудай, ун, шекер, өсүмдүк майынын запасы бардыгын, кайсы жактан сатып алуу керектигин, сатып алуу боюнча божомолдорду, келишимдерди так билишиңер керек. Бардык өнөктөштөр менен алдын ала иштегиле. Эгер азык-түлүк коопсуздугу боюнча кандайдыр бир маселелер жаралса, ушул үчүн министр баштары менен жооп беришет", - деген Ташиев. 

 Жыйынтыгында, мамлекеттик кызматтардын өз убагында көргөн чаралары натыйжасын берди жана эң зарыл товарларды алып сатаарлыкка жол берилбеди. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бүгүнкү күндө негизги азык-түлүктөрдүн наркын кармап турууга бардык чаралар көрүлүп жатканын билдирүүдө. 

Мисалга алсак, Министрлер Кабинети тарабынан өсүмдүк майына, шекерге жана буудайга нөлдүк НДС салык ставкасы коюлду. Андан тышкары Мамлекеттик резерв фонду интервенция өткөрдү. 

Өкмөт дагы биринчи зарылчылдыктагы товарлардын запасын толтуруунун камын көрдү. Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, запастагы шекердин көлөмү 20 миң тоннаны түзөт, бул элге 2,5 айга жетет. Андан тышкары Мамлекеттик резервдер фондунун кампасында 2,5 айга жете турчу шекер бар. Өсүмдүк майы 2,5 -3 айга жетет. Ага кошумча Россиядан 135 тонна витаминдештирилген буудай уну жана 60 тоннадан ашуун витаминдештирилген күн карама майы келди. 

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматы дагы тийиштүү чараларды көрүп, бааны көтөргөн сатуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Мунун баары алып - сатаарлык күчөп кетпеши үчүн жасалууда. 

Коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстанда азык-түлүк боюнча кырдаал бир топ оптималдуу десек жаңылышпайбыз. Бизде шекердин килограммына болгон баа орточо эсеп менен 80 сом болсо, Казакстанда - 98, Россияда -85, Белорусияда -65, Арменияда -90, Тажикстанда -120, ал эми Өзбекстанда- 80 сомго туура келет. 

Өсүмдүк майынын бир литринин орточо баасы Кыргызстанда 166 сом болсо, Казакстанда - 170, Россияда - 140, Белорусияда - 130, Арменияда - 230, Тажикстанда - 240, Өзбекстанда - 230 сомго ылайык. 

Тажикстанда да сатып алуучулар баанын өсүшүнө нааразы болушууда. Эң арзан мөмө - жемиштердин килограммы бир доллардан ашуун турат. Сатып алуучулар сатылып жаткан жемиштердин басымдуу бөлүгү импорттук товар экенин, ошондуктан баа да көтөрүлгөнүн түшүндүрүшкөн. Мисалы, бир килограмм алма бир доллардан ашуун, ал эми редиска жарым цент болуп жатат. 

Баанын өсүшү Өзбекстандын базарына да жетти. Ал жакта дагы жашылча-жемиштерге болгон баа өстү. Мисалга, мандариндин килограммы 48 миң сумга жетет. 

Булардан тышкары, өлкөдөгү күйүүчү май дагы жетиштүү өлчөмдө бар. Бул өз кезегинде базардагы баанын туруктуу болушуна оң таасирин берет. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы күйүүчү майдын баасынын негизсиз өсүп кетпеши үчүн зарыл чараларды көрүп келет. 

АИ - 92 бензининин литри Кыргызстанда 65 сом болсо, Казакстанда - 37, Россияда - 55, Белорусияда - 70, Арменияда - 96, Тажикстанда - 76, Өзбекстанда - 75 сомго туура келет. 

Дизелдик күйүүчү майдын Кыргызстандагы баасы литрине 65 сом, Казакстанда - 57, Россияда - 57, Белорусияда - 73, Арменияда - 94, Тажикстанда - 76, Өзбекстанда - 81 сомго ылайык.

vb.kg сайтынан алынып которулду

 

 

Добавить комментарий

ПРАВИЛА РАЗМЕЩЕНИЯ КОММЕНТАРИЕВ:
1) Не допускайте в комментариях лексику, считающуюся ненормативной.
2) Не обсуждайте и не оскорбляйте личность автора статьи или авторов комментариев.
3) Не размещайте в поле комментария статьи других авторов или ссылки на них.
4) Комментируя статью, не отклоняйтесь от ее тематики и не размещайте в комментариях рекламную информацию.
5) Не допускайте в комментариях разжигания религиозной или межнациональной вражды, а так же сведений, заведомо не соответствующих действительности.
ПРИМЕЧАНИЯ: - Авторы публикаций не вступают в переписку с комментаторами и не обсуждают собственные с материалы. - Редакция не несет ответственности за содержание комментариев. АДМИНИСТРАЦИЯ САЙТА ПРЕДУПРЕЖДАЕТ - КОММЕНТАРИИ ПОЛЬЗОВАТЕЛЕЙ, СИСТЕМАТИЧЕСКИ ГРУБО НАРУШАЮЩИХ РЕКОМЕНДАЦИИ КОММЕНТИРОВАНИЯ СТАТЕЙ, БУДУТ УДАЛЯТЬСЯ НЕМЕДЛЕННО!


Защитный код
Обновить