Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 506

Элдин канын соруп келе жаткан Мадумаров сыяктуу эски саясатчыларгы “жок” дей турган учур келди...

Эсиңиздерде болсо керек, он күндөй убакыт мурда, тагыраагы, 18-ноябрда Москвада коомдук тартипти бузгандыгы үчүн “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тарапташтары кармалган.

Мадумаровдун фанаттары орус жергесинде баарынан да тартип менен мыйзам өйдө тураарын, Кыргызстандагыдай эки күндө бир ызы-чуу салып митингге чыксаң да көз жумуп койгон бийлиги жоктугун эске алышпай калган өңдүү. Ошон үчүн да алар, Москвада партиялардын атрибуттары менен жөө жүрүш уюштуруп, саясий ураандарды кыйкырып, коомдук тартипти бузушкан. Жол жээгиндеги транспорт каражаттарынын жүрүшүнө тоскоолдук жаратышкан. Жыйынтыгында, акцияга катышкан 7 адам 10 күнгө камакка алынган, дагы жетөөсүнө 20 миң рубль айыппулдар салынган. Үч адам миграциялык мыйзамдарды бузганы аныкталып, депортация болуу алдында. Акциянын уюштуруучусу Э.Бекиев коомдук тартипти жана жол кыймылынын эрежесин бузгандыгы үчүн 15 күнгө камакка алынган.

Бул окуядан кийин Россия Федерациясынын бийлигинин да, жергиликтүү тургундардын да жалпы Кыргызстандын жарандарына карата мамилеси кескин түрдө өзгөргөнүн байкоого болот. Өз учурунда жыйырма чакты тарапташтарын Орусияга жөнөтүп, ал жактагы “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын позициясын бекемдегиси келген Адахан Мадумаров мындай аракети менен орус жергесинде жашап-иштеп жаткан миллиондогон мекендештердин каргышына калаарын ойлогон жок беле? Укук коргоо органдары жана иш берүүчүлөр тарабынан кыргыз жарандары бүгүн болуп көрбөгөндөй кысымга тушугуп жатышат. Ал эми Москва шаарынын мэри болсо кыргыздарды “башка сорттогу адамдар” катары баалаганын уктуңуз да?

Сүйлөсө тилинен чаң чыккан, ооз көптүрмө, популист, канча жолу жогорку кызматта турса да ныпым кыргыз үчүн келечекте сыймыктанып айтып жүрчү бир да иш жасай албаган Адахан Мадумаровдун айынан Россиядагы мигранттар шайлоого баруудан дагы коркуп калышты. “Эптеп нан таап жеп жатканда, саясатты урдум...”- деп көчөгө чыга албай калышты.

Кечээ казактарга Каркыраны, тажиктерге чек арадагы стратегиялык жактан маанилүү 275 метр жерди бекер карматып койгон “жер сатар” Адахандын максаты эмнеде? Ушундай чыккынчылык иштерди улантуубу? Ошондуктан, ойгоно турган учур келди! Элдин канын соруп келе жаткан Мадумаров сыяктуу эски саясатчыларгы “жок” дей турган учур келди!

Аида Казакбаева

Булак: “Фейсбук” баракчасынан

Тема: