Борбор шаарда дагы бир наа­разычылык акциясы болуп өт­тү. Бул жолу анын уюш­туруучулары жана анын катышуучулары Президент Алмаз-бек Атамбаев менен Премьер-министр Өмүрбек Бабановго нааразы болушкан оппозиционерлер эмес, Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун өзүм билемдигине каршы чыгышкан жеке үй куруучулар. Эгерде мэр И.Өмүркулов маселеге көңүл буруп, аны мыйзам чектеринде чечүүгө бир аз аракет кылып койсо чынында бул акция болмок да эмес. 


Мэрдин мына ушундай кайдыгерлигинен улам жок жерден пайда болгон проблема боюнча гезитибиздин өткөн санында (17-апрелде) шаар тургуну Жээнбек Олжотоевдин "Менин менчигим качантан бери мэрдин менчиги болуп калган?" деген каты жарыяланган. Бул макалада ал тема улантылмакчы. 


Депутат кезде бирди айткан, мэр болгондо башканы айтууда


Эгерде Бишкектин мэри И.Өмүркулов азыраак убада берип, анан өз ыйгарым укуктары менен кошо милдеттерин да аткара билгенде чынында мындай нааразычылыктын чыгышын алдын алууга толук болмок. 

Азыр шаар башчысына каршы митинг уюштуруу боюнча демилгечи топтун Президент А.Атамбаевге, Өкмөт башчысы Ө.Бабановго жана парламенттин спикери А.Жээнбековго кайрылуусунда айтылгандай, И.Өмүркулов парламенттин депутаты болуп турганда, 2009-жылы 12-сентябрда Алтын Казык жаңы конушундагы документтери жок үй салып алышкан адамдар менен жолугушууда: "Сонун жер турбайбы, үйүңөрдү сала бергиле, документ алып мыйзамдаштырууга мен жардам берем", - деп убада берип кеткен. Андан кийин да эл менен 4-5 жолу жолугушуп, "Биз бийликке келсек, биринчи кезекте силердин маселеңерди чечип беребиз", - деп айткан.


Муну "Жаңы Агым" гезитинин 30-марттагы санында Алтын Казык жаңы конушунун тургуну Асылбек Таштанбеков да тас­тыктайт: "Ошол кезде Иса Өмүркулов оппозициячыл депутат катары Алтын Казык жаңы конушун аралап элге убада берген. Анын "Бул жер сопсонун эле жер турбайбы. Бийлик эмне үчүн элге бербейт. Таштандыны жаап туруп, жерди үй салганга берип койсо, эмне үчүн болбосун?! Эгер биз бийликке келсек, биринчи кезекте таштандыны жаап, ушул жердеги тамдарды мыйзамдаштырып берүүнү өз колума алам" дегени азыр да Алтын Казык жаңы конушунун ар бир жашоочусунун эсинде...", - дейт ал. 


Мэр "эң эпчил депутат" болгонун далилдеп койду. Анткени депутаттар шайлоо алдында, же өздөрүнүн имиджин көтөрүү керек болгондо мындай убадаларды оңду-солду бере берет эмеспи. А иш жүзүнө келгенде... 


Жада калса Арча-Бешик жаңы конушундагы Кривоносов көчөсүндөгү, Муром жана Айни көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер участокторун жеке үй куруучуларга берүү боюнча Ленин райондук мамлекеттик администрациясынын 2005-жылдын 12-сентябрындагы №266 токтомунун мыйзамдуулугун тастыктаган өлкөнүн эң жогорку соттук инстанциясы - Жогорку соттун 2009-жылдын 19-октябрындагы токтому турса да жер участокторун азырга чейин бердирбей келет. Эгерде "обончу катындардын" бири ушинтип соттун чечимин сыйлабай, аны аткарбай жатса, анда да түшүнөт элек. Өзү өлкөнүн жогорку мыйзам чыгаруу органында иштеген, мэр катарында да мыйзамды аткарбоо кылмыш экенин түшүнгөн И.Өмүркулов бул жоругун мыйзамдуу мамлекеттик актылары, курулуш курууга уруксаттары жана долбоорлору бар, өздөрүнүн мыйзамдуу жер участокторуна жете алышпай жаткан карапайым жарандарга кантип түшүндүрөт болду экен? 


Баса, 2010-жылы "Кыргыз Туусу" гезитиндеги "түз байланышта" да ал жер ээлериники туура экендигин айтып, "Бул силердин конституциялык укугуңар, аны эч ким буза албайт" деп жоошутуп кеткен. Же анысын "Кыргыз Туусунун" босогосунан ары аттаганда эле "тарс" унутту бекен?


Мында мэр "өтө акылдуулук кылып" 2010-жылдын 2-декабрындагы №757-б буйругу менен Ленин раймамадминистрациясынын №266 токтому боюнча жумушчу комиссия­сын түзө койгон. Бир айдын ичинде ишин бүтүрө турган ал комиссия арадан бир жарым жыл өтсө да бул маселеде чекит коё элек. 


Мен мурдагы бир макаламда азыркы мэр Иса Өмүркуловду экс-мэр Нариман Түлеев менен салыштырган элем. Анткени Н.Түлеев да ушул маселеге чекит койгондун ордуна комиссия түзө коюп, анысы ишти 2010-жылы Апрель революциясы болуп, өзү мэрликтен айдалып кеткенге чейин созгон. Түлеевдин креслосуна отурган И.Өмүркулов да бул маселени өзү мэрликтен кеткенге чейин созгону жатабы? Орустар айтмакчы, "жаман үлгү жугуштуубу"?

Мэрди кызматтан кетире алышабы?


И.Өмүркуловдун мэрликтен кетирилиши боюнча. Азыр чынында эле айрым кыймылдар тарабынан И.Өмүркуловду мэрликтен кетирүү боюнча сунуштар айтылууда. 


"K-news" маалымат агенттиги билдиргендей, азыр "Менин Бишкегим" демилгелүү тобу И.Өмүркуловдун отставкасын талап кыла башташты. Алар 12-апрелде тараткан кайрылуусунда: "Бишкек паралардын саны боюнча өлкөдөгү эң коррупциялашкан субъект болуп саналат. Коррупция Бишкекте дээрлик бардык чөйрөлөргө кирген...


Бизге белгилүү болгондой, жолдорду курууга жана реабилита-циялоого 419 миллион 654 сом жумшалган. Анын баары 19 жолду реабилитациялоого кеткен. Бирок жыйынтыгында бир жыл өтө элек болсо да ал жолдордун жарымы жаман абалда. 2010- жана 2011-жылдары жолдорду реабилитациялоого негизги тендерлерди бир эле компания - "Грант Старт" ЖЧКсы утуп алгандыгы кызык...


Бүгүнкү күндө шаарда дээрлик тоскоолдуксуз бак-дарактарды, ири парктардагы бак-дарактарды кыюуга жана жерин курулуш үчүн берүүгө болот. Иса Өмүркулов Тоголок Молдо атындагы сквердин аймагында жер участогун кафе куруу үчүн "Грант Старт" ЖЧКсына берүү жөнүндө токтомго кол койгон... Түштүк магистрал менен Ала-Арча дарыясынын кесилишинде парк аймагына кирген 0,5 гектар жер участогу "Датес" ЖЧКсына мыйзамсыз берилген..." - дешет.


Шаар башчысынын отставкасын талап кылышкандардын катары улам көбөйүүдө. Ошол эле "K-news" маалымат агенттигинин сурамжылоосу боюнча сурамжылангандардын 62%ы - "Анын айынан проблемалар дагы көп болуп калды" деп жооп беришкен. 14%ы гана анын ишин оң баалашкан. Бул да И.Өмүркуловдун мэр катарындагы "баркынын" баасы.


- И.Өмүркулов баласы күнөөлүү болгон жол-транспорт кырсыгынан кийин кызматынан өзү кетиши керек болчу, - деп эсептейт саясат таануучу Айнура Арзыматова. - Андан тышкары, ал азырга чейин Ош базарындагы абалды жакшыртуу боюнча өкмөттүк тапшырманы орундата элек. Жолдор боюнча айтып да кереги жок. Мен же И.Өмүркулов эч нерсе жасагысы келбей жатат, же жасай албай жатат деп ойлойм.


Баса, айрым сайттар жазып чыгышкандай, 13-апрелде Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов өкмөттүн жыйынында энергетика жана өнөр жай министри Ярмухаммет Оразгулыевдин баласы жол-транспорт кырсыгына тиешелүү экендиги аныкталгандан кийин дароо иштен бошоткон. Негизи цивилизациялуу өлкөлөрдө мындай инциденттер менен байланышкан мамлекеттик чиновниктер өз арыздары менен кызматтан кетишкени салттуу көрүнүш. 


- Элдик нааразычылык максималдуу чекитине жеткенде, Бишкек шаардык кеңеши И.Өмүркуловдун отставкасы жөнүндө маселени ка­роо­го милдеттүү болот, - дейт көз карандысыз эксперт Аида Алымбаева. 


- Бишкек мэринин отставкасы жөнүндө активисттер көтөргөн демилгени толук колдойм, - деп билдирет "ВИГЕНС" укуктук борборунун жетекчиси Владимир Плужник. - Мэрия ведомстволук баш ийүүдөгү көптөгөн кызматтардын ишмердүүлүгүн жетиштүү контролдобойт. Натыйжада калк тарабынан арыздануулар болууда. Өздөрүнүн мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо үчүн шаардык кызматтарга кайрылышкан жөнөкөй жарандардын арыздарын кароо процедуралары дайыма создуктурулат. Өткөн жылы ремонттолгон жолдордун сапаты жакшы эмес. Трассалардын көпчүлүгү жараксыз болуп калды. ...жеке өзү да, жардамчыларынын "гвардиясы" менен да, эл менен сүйлөшө албаган мындай шаар башчысынын эмне кереги бар? Мен мындай "жетекчиге" каршымын.

Мэр өзү ушундай болсо, анын кадрлары кандай болмок эле...


Макалабыздын кириш бөлүгүндө жазылгандай, азыр Бишкектин айланасындагы жаңы конуштардын жашоочулары мамлекет башчысына, өкмөт башчысына жана парламент башчысына кайрылуу жасап жатышат. 

Анда 2005-жылы бакиевчил бийликтин убагында мэриянын буйругу менен түзүлгөн Бишкек мэриясынын Жеке турак-жай курулуш департаменти азыр жеке үй куруучулар менен бийликтин ортосундагы чыр-чатактын келип чыгышына себепкер болуп калганы айтылат. "Бул департаменттин негизги иши шаардын тегерегиндеги жер басып алууларга бөгөт коюу, салына баштаган курулуштарды тартипке келтирүү, салынып калган үйлөрдү мыйзам чектеринде тариздөө жана пайдаланууга берүү болгон.


Тилекке каршы, департамент коюлган милдеттерди так аткара алган жок. Ал карапайым элдин кызыкчылыгын коргоп жардам бергендин ордуна, шаардын мэрлеринин үй куруучуларга каршы аракеттериндеги текшерүүчү жасоол конторасына айланып калган. 


И.Өмүркулов мэр болуп келгени ал шаардагы эң коррупциялашкан мекемеге айланды. Ал шаардык бюджеттен финансыланып, ошол эле учурда райондук мамадминистрациялар тарабынан берилген токтомдордун көчүрмөлөрүн күбөлөндүрүп, архитектурага тиешелүү болгон жер аянттарынын чектерин аныктоо актысын (акт об отводе) чийип, кара-пайым элдин акчасын жөн жерден эле алууда... 


Департаменттин башчысы С.Болотбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынан: "Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштардагы 1000ден ашуун үйдү сүздүрүш керек, калган 5 миңдей документи жок үйлөрүн салып алышкан же Мамкаттоодон жеке менчик укуктары катталган адамдарды жерди мэриядан 4-5 миң доллардын тегерегинде кайрадан сатып алышсын", - деп айтып элди дүрбөтүп жатат", - деп жазылат.


Бул көңүл бурчу билдирүү. Ошол жерлерди 4-5 миң долларга сатып алууга мүмкүн болсо, демек, ал жерлерде жеке үй курууга болот экен да? Анда эмне мэр жана аталган департамент башчысы ал жерлерге социалдык объектилер курулат деп элдин да, өкмөттүн да башын айландырышууда?! 


И.Өмүркуловдун жана анын бул чиновнигинин эсине сала кетсек, жеке менчикке мамлекеттик актыны сот органдары гана жокко чыгара алат. Анда да эгерде ал мыйзамсыз берилсе. И.Өмүркуловго же С.Болотбековго жакпай калгандыгы үчүн эле адамдарды мыйзамдуу менчиктеринен ажырата берүүгө мүмкүн болсо, анда ал экөөнөн жана алардын туугандарынан башкаларда менчик калмак эмес. 


С.Болотбеков мэрдин ишенимине ушунчалык кирген бейм, Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун төрайымы Г.Есеналиевага 2011-жылдын 21-июнундагы №10/3741 катында жогоруда аталган Ленин райондук мамадминистрациясынын №266 токтому боюнча жарандар аны анык деп табуу боюнча сот органдарына кайрылып жатышканын айтат. Аны менен бирге: "Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, Бишкек мэриясы түзгөн комиссиянын толук жана натыйжалуу иштеши максатында Ленин раймамадминистрациясынын 12.09.2005-ж. №266 токтому боюнча сот иштери жөнүндө толук маалыматты берүүнү, ошондой эле түзүлгөн кырдаалга кийлигишүүнү жана бул токтом боюнча иштин Бишкек шаарынын райондор аралык сотунда каралышын жеке контролуңузга алууну өтө суранам" (алдын сызган - М.Т.) деп сот органдарынын ишине кийлигише баштаган. Муну менен С.Болотбеков өзүн Жогорку соттун төрагасы сезип кеткендей... 


Катта көрсөтүлгөндөй, бардыгы болуп токтомдон 655 көчүрмө берилген экен. Мэриянын комиссиясы 2010-жылдын 2-декабрынан бери анын 29уна гана экспертиза жасата алган. Бир жарым жылдан ашык убакыттан бери 655тин баарына бирден эмес, эки жолудан экспертиза жасатып чыкса болмок! Же анын башка себептери барбы? Балким жогоруда айтылгандай, "5 миңдей документи жок үйлөрүн салып алышкан же Мамкаттоодон жеке менчик укуктары катталган адамдарды жерди мэриядан 4-5 миң доллардын тегерегинде кайрадан сатып алышсын" деген "аргумент" бул жерде башкы ролду ойноп жүрбөсүн?! 


Мына ошондон улам бул департаменттен тажаган үй куруучулар анын мэриядан алынып, КРнын Курулуш жана аймактык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигине берүү сунушун да көтөрүп жатышат. Мындай сунуш аталган агенттикте 2-апрелде өткөн аппараттык кеңешмеде да киргизилген. Анткени Бишкек шаарынан башка региондордун бардыгында мына ушундай түзүм иштеп жатат. 


А азырынча мэр И.Өмүркулов орустардын макалында айтылгандай, "Васька угуп коюп, жегенин улантууда" болуп жатат... 


P.S. Мамлекеттик актылары колдорунда туруп, мыйзамдуу жер участогуна үй сала албаган дагы бир топ шаардыктар редакцияга кайрылып жатышат. Биз дагы аргасыздан бул теманы улантат окшойбуз. 

 

"Кыргыз Туусу"

Көп жылдык тыныгуудан кийин (айрымдарын эсеби боюнча жарым кылымга ооп калыптыр) Бишкекте Кыргызстан интеллигенциясынын курултайы болуп өттү. Анын жүрүшүндө журт каймактары өлкөдөгү оор кырдаалга карата өз пикирин айтымыш болгону менен, чындап, бийликтин бүгүнкү жүзүн ашкерелей алышпады. “Элге кебин айтпаса, эрендерден не пайда”,- дегендей, азыркы интеллигенциянын да чындыкка тике карай албагандыгы ушундан улам даана сезилүүдө.
 
Айрым интелигенция өкүлдөрү чындыкты айтууга аракет жасады. Маселен,Бишкек финансы-экономикалык академиясынын ректору, профессор Абдырахман Мавлянов элдин бийликке ишенбей калганын, а бийликтеги төбөлдөр элдин көйгөйүн чечүүгө күч үрөбөй жатканын айтып өттү. Бирок, курултайдын негизги докладчысы бийликке сын айтымыш болуп, кайрале оппозициянын дарегине таш ыргытты: “Акыркы убакта биздин саясатчылар өз айылдарына барып, туугандарын чыгарып, жол тосуп жүрүшөт”.
 
Академик Алмаз Алдашев болсомурдагы президенттердин тушунда интеллигенция өкүлдөрү бийликтин куралы болгонуна кейиди: “Бийлик интеллигенцияны пайдаланды. Кантип? Ачык эле айтыш керек, интеллигенция бийликтин малайы болду. Классикалык үлгүсү - "дүжүр чалдар" пайда болду. Алардын көбү ким? Интеллигенциянын өкүлдөрү”.

Бирок, академиктин оозун  драматург-жазуучу Мар Байжиев жап кылды. Ал калыс пикирин айткан айткан адамдар бар экенин кошумчалап, айрым маселелер боюнча өз көз караштарын айтышса,  "бул чал эмне дөөрүп жатат", - деп, уккан киши болбогондугуна кейиди.

Чынын айтканда, интеллигенциянын өз миссиясын аткара албай жатканына, алар сүйлөсө “аа, дүжүр чал”,- деп эл сөөмөй кезегенине биринчи иретте өздөрү күнөөлүү. Себеп дегенде, интеллигенцияда кошоматчылык менен коркоктук оорусу пайда болуп, ал айыккыс илдетке айланган. Эң өкүнүчтүүсү, болуп өткөн курултайда бул илдетен арылуунун жолун издешкен деле жок. Адатынча, ашканада олтуруп кобурашкандай чогулушту да, ойго келгенди бөжүрөп, кете беришти. А курултайдын максаты анда эмнеде болгон? Балким, интеллигенция Атамбаев бийлигине таарынычын айткысы келгендир, “бизге көңүл бурулбай жатат”,- таризинде? Эгерде булардын ойлонгону дал ушунда болсо, курултай максатына жетти. Кайсы эле бийлик инттелигенцияны өз кожоюндугуна алгысы келбесин?
 
Өкүнткөнү, журт каймактарынын бирөөсү да акыркы жылдарда сезилип жаткан кыйынчылыктар тууралуу ооз ачпады. Өз элине күйбөгөн бир эле бийликпи десек, инттелигенция чалымыштарың деле кыргыздын тагдырына кайдыгер окшойт.

Ушу таптагы кыргыз интеллигенциясынын чыныгы жүзүнө коомдук ишмер Жыпар Жекшеев “Азаттыкка” берген маегинде даана баа бериптир:
 
“- Азыркы интеллигенция элдин, коомдун жүзү, акылы, каймагы боло албайт. Биз интеллигенция деп кимди айтып жатабыз? Мына эгемендик алганыбызга 21 жыл болуп калды. Кыргызстанда коомдук-саясий жашоо өтө активдүү болуп, чоң өзгөрүүлөргө дуушар болуп жатты. Кыргыздын башынан ушунчалык курч кырдаалдар өттү.
90-жылдары Масалиевдерди кетиребиз деп 148 киши ачкачылыкка чыгып, биринчи жолу каршылык көрсөтүп чоң күрөш болгон. Ош окуясы болду. Андан кийин эки революция болуп кетти. Ушундай кыйын кырдаалдарда бирөө да чыгып, баш көтөрүп калыс сөзүн айтканга жараган жок. Мен мисалы интеллигент деп Түгөлбай Сыдыкбековду айтат элем, Чыңгыз Айтматовду айтат элем, Салижан Жигитовду айтат элем. Азыр деле бар, бирок саналуу гана кишилер.

Интеллигент деп Ростроповичти айтса болот. Ельциндин убагында Ак үйдү атып атканда, кандай кырдаал болсо да чет мамлекеттен жетип келип, улуу музыкант болгонуна карабастан биринчи катарда туруп, окко төшүн тосуп бергендерди интеллигенция деп айтам.

Интеллигенттердин көпчүлүгү бийликке жан тарткандар. Аябай акылман, өзүнүн кесибин жакшы билген аксакалдар, орто муундар көп. Анан эң орчундуу маселеге келгенде эмнегедир бирөө да көрүнбөйт.

Мисалы мен 7-апрелде баштан-аягына чейин жүрүп, интеллигенциянын бир өкүлүн таппай койдум. Ак үйгө кирип сүйлөшөөрдө, “айланайындар, аттуу-баштуу киши барбы?”, - деп издесем, бирөөнү да жолуктурган жокмун. Анан дайым тынчып калгандан кийин биздин сөзүбүздү угуш керек, биз акылыбызды айтышыбыз керек деп чыга келишет”.
 
Баары айтпаса да түшүнүктүү. Эми интеллигенциянын жаңы муунун күткөндөн башка аргабыз жок.
 
"Майдан.kg" гезити, 25-апрель
Президенттин алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия муфтий Чубак ажы Жалиловду алмаштырууга аракет кылып жатканы айтылууда.
 
Мындай маалыматты муфтияттан да тастыктап, айрым мамлекеттик аткаминерлер жаңы муфтий дайындоого кызыкдар болуп жаткандыгын белгилешти. Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия андай аракеттер болбогондугун айтууда. 
 
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын алдындагы реформалык жана эксперттик топ “Кыргыз туусу” гезитинин 20-апрелде чыккан санында билдирүү жарыялады.
 
Президенттин алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, анын төрагасы Абдулатиф Жумабаев муфтий Чубак ажы Жалиловдун ордуна Ислам университетинин ректору, муфтийдин биринчи орун басары Абдышүкүр Нарматовду коюуга аракет кылып жаткандыгы айтылган.
 
Муфтияттын алдындагы “Вакф” фондунун деректири, эксперт Базарбай Тентимишов мындай маалыматтар бар экендигин ырастап, айрым чиновниктер Уламалар кеңешинин кезексиз жыйынын чакырып, анда муфтийди алмаштыруу боюнча аракеттер болуп жаткандыгын белгиледи:
 
- Тактап көргөндө Уламалар кеңешинин 18 мүчөсүнө жыйын болот деп айтылган экен. Калгандары билбейбиз дептир. Негизинен Баш мыйзамда дин мамлекеттен ажыратылган. Бирок акча бар жерге мыйзамсыз жолдор менен таасир этүү жыйырма жылдан бери болуп келатат.
 
Ал эми айрым маалыматтарда мусулмандардын башчысын алмаштыруу демилгеси президенттик администрациядан чыгып, Абдышүкүр Нарматовду муфтий кылууга Президенттик аппараттын төрага орун басары Икромжан Илмиянов кызыкдар болуп жаткандыгы белгиленүүдө.
 
Абдышүкүр Нарматов, Икромжан Илмиянов жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын деректири Абдулатиф Жумабаев да Баткен облусунан. Жумабаевдин деректир болушуна жогорудагы экөөнүн таасири болгондугу айтылып жүрөт.
 
Ал эми муфтий Чубак ажы Жалиловдун айтышынча, жыл сайын ажылык сапарды уюштуруу иштери башталганда, андан пайда көргүсү келген мамлекеттик чиновниктер өз адамдарын муфтийликке коюу аракеттери байкалат.
 
- Жыл сайын ажылык учуру келгенде ушундай иштер адат болуп калбадыбы. Ажылык бүткөндө тынчып, башталганда кайра чыгат. Президенттин өзүнүн мындан кабары жок болсо керек деп ойлойм. Себеби ыймандуу жана коррупция менен күрөшкөн адам катары бул маселе андан чыккан жок деп ойлойм.
 
Муфтий диний башкармалыкта реформалык иштер жүрүп жаткандыгын, ажылыкты уюштуруудагы коррупция жоюлгандыгын кошумчалады. Ал эми айрым нааразы болуп жаткандар ажылыктагы мыйзамсыз акчадан кур калгандар экенин айтууда. 
 
Расмий бийлик эмне дейт?
 
Бирок президенттин алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Абдулатиф Жумабаев муфтийди алмаштыруу боюнча маалыматтарды төгүнгө чыгарууда. Анын айтымында, президенттик администрация да, Дин иштери боюнча комиссия да муфтийди алмаштырууга кызыкдар эмес. Ал мамлекет мыйзам боюнча диний иштерге кийлигишпесин билдирди.
 
Акча бар жерге мыйзамсыз жолдор менен таасир этүү жыйырма жылдан бери болуп келатат.
 
- Бул сөздөрдүн баары төгүн. Булар муфтияттын өзүнүн чыгарган сөздөрү.Чындыгында эле анын айланасында ар кандай сөздөр болуп жатат. Анын оппоненттеринин эки жылдан бери бизге жазган толтура арыздары бар экен. Мен болсо бул жерге дайындалганыма аз эле болду. Алардын коюп жаткан эң чоң дооматы - муфтийдин курултай аркылуу шайлана электиги болууда. Мен муфтийге “курултайды өткөрбөйсүңөрбү” деп айтсам, ал “азыр өткөрө албайм, туруксуздук болуп кетет” деп айтты. Буларга саясий боёк берип, ММК аркылуу чагылдырып жаткан муфтият өзү болуп жатат. 
 
Анткен менен муфтий Уламалар кеңеши аркылуу шайланганын, өзүн легитимдүү экендигин билдирип келатат. Ошентсе да ага карата сын-пикирлер жакындан бери арбыды. Бул айрыкча ушул тапта быйылкы ажылык иштерин уюштуруу башталганда күч алды. Муфтийге доомат артып келаткандардын бири Асан ажы Саипов:
 
- Тез арада Уламалар кеңешинин жыйыны кезексиз чакырылып, ал ачык-айкын, ММКлардын катышуусунда өтсүн деп жатабыз. Экинчиси, курултай тез арада чакырылып, муфтияттын жүргүзүп жаткан терс саясатын оңдоону талап кылып жатабыз.

“Мен муфтий болбойм”
 
Ушул эле дооматтар өткөн жылы да байма-бай айтылган болчу. Ал эми муфтийдин биринчи орун басары, Ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов менен телефон аркылуу байланышканыбызда, ал муфтий болуу ниети жоктугун айтты.
 
 ​​- Баш мыйзамда дин мамлекеттен ажыраган. Диний мекемеге президенттик администрация болобу, өкмөт болобу кийлигише албайт. Мени болсо билесиңер, 7-апрелден кийин убактылуу болуп, бирок өзүм муфтийликти тапшырып кетип калгам. Мен эч качан муфтийликти эңсеген эмесмин. 
 
Кыргызстанда муфтийди Уламалар кеңеши алмаштырат. Бирок буга чейин аны алмаштырып, жаңысын дайындоого дайыма бийлик түз да, кыйыр да аралашып келген.
 
Ал эми 2010-жылы, апрель окуясынан соң, бир эле жылдын ичинде беш муфтий алмашканы белгилүү. Анын ичинен Сүйүн ажы Кулуев менен маркум Мураталы ажы Жумановду белгисиз адамдар сабап кетишкени да айтылган.
 
Булак: "Азаттык" үналгысы
 
Социологиялык изилдөөнүн жыйынтыгы Кыргызстанда коррупциянын деңгээли жогору бойдон калып жатканын көрсөттү.
 
Изилдөө жүргүзгөн Baltic Surveys/The Gallup Organization уюму бирок мурдагы жылдарга салыштырмалуу жарандардын пара берүүгө мамилеси өзгөрүлгөнүн байкаган. Бийлик органдары болсо коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгы билиниш үчүн убакыт талап кылынаарын айтышууда. 
 
Социологиялык изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, суралгандардын 96 пайызы коррупция өлкөнүн негизги көйгөйү деп эсептеген. Сурамжылоого катышкандардын 90 пайыздан ашууну эң эле коррупциялашкан түзүмдөр катары МАИ, милиция, бажы жана жогорку окуу жайларын аташкан. Сот, прокуратура, салык жана каржы полициясы тармактары 80 пайыздан жогору көрсөткүч менен экинчи катарга чыккан.
 
Убакыт керек дешет
 
Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун өкүлү Рахматулла Ахмедов учурдагы коррупцияга менен күрөштүн натыйжасын байкаш үчүн убакыт талап кылынат деп эсептейт:
 
- Бир канча жылдан бери топтолуп калган ооруну бир канча айда дарылап, тазалоого мүмкүнбү? Албетте жок. Бул убакытты талап кыла турган маселе. Бирок бизде коррупцияга каршы мурда болуп көрбөгөндөй иштер жүргүзүлүп жатат. Бул боюнча биз маалымат даярдап, жакында жарыялайбыз.
 
​​2005-2010-жылдардагы бийликке каршы элдик толкундоолорго өлкөдөгү коррупциянын чырмалышып кеткендиги себеп болгон деп айтылып жүрөт. Бирок жаңы бийлик орногон эки жылдан бери деле жогорку деңгээлдеги бир дагы коррупционер кармалып камакка алынбаганы мисалга алынган. Мындан улам мамлекет башчысы Атамбаев жыл башында коррупция менен аёосуз күрөш жүргүзүү талабын койгон.
 
Президенттин маалымат катчысы Кадыр Токтогулов жакында тиешелүү органдардын жасаган ишинин жыйынтыгы бааланарын белгиледи:
 
- Президент менен өкмөт коррупцияга каршы күрөшкө артыкчылык берүүгө маани берип жатат. Бул боюнча коррупцияга каршы күрөш боюнча кызмат өз ишин баштаганы белгилүү. Буга эми сот тармагы кошулуш керек эле. Бирок сот тармагындагы реформалоо иштери аягына чыкпай турат. Бул боюнча иштин жыйынтыгы боюнча жакында баа берилет.
 
Системага каршы антисистема жок
 
Жогорку окуу жайларынын ректорлору алмашып, колу таза жана демилгелүү адамдардын жетекчиликке келиши деле билим берүү тармагындагы коррупцияга таасир этпей жаткандыгы баяндалган.
 
Бирок ОшМУнун ректору Каныбек Исаков коррупцияга каршы күрөштөгү тоскоолдуктарга карабастан жылыштар бар экендигин айтты:
 
- Биз коррупцияга каршы күрөшүү үчүн багыт алдык. Бирок ал жөн эле көйгөй эмес, бүтүндөй бир системага айланып калганына күбө болуп отурабыз. Бир катар тоскоолдуктарга карабастан ага каршы күрөшүү үчүн бир катар чараларды колдонуп жататбыз. Бул студенттерден сынак алуучу аудиторияларга жана кабинеттерге видео көзөмөлдөөчү жабдууларды орнотуу жана коомдук көзөмөлдү камсыздоо чаралары. Студенттердин билимин аныктоо үчүн компьютердик IBN системасын киргиздик. Негизинен муз ордунан козголуп, алгачкы жыйынтыктар байкала баштады.
 
 Коомчулукта коррупцияга каршы бийликтин күрөшү үстүрттөн жүрүп, анын жыйынтыктары көпчүлүк учурларда майда “чабактардан” алыс кете албай жаткандыгы белгиленүүдө. Саясат таануучу Бакыт Бакетаев маселенин өзөгүн системалуу иш алып барылбай жаткандыгы менен байланыштырды:
 
- Жалпысынан күрөш баштадык дегени менен жыйынтыктуу иш алып баруу үчүн атайын стратегия болбой жатпайбы. Биринчи кезете коррупцияга шарт түзгөн мыйзамдарды өзгөртүү керек болчу. Андан кийин анан башка чараларды көрө берсе болот. Эгерде коррупцияга каршы күрөштүн башкы багыты аныкталбаса, анда башаламан боло берет. Иштин жыйынтыгы көрүнбөйт. Бийлик мына ушул жагдайды эске албай жатат.
 
2011-жылы коррупциянын деңгээлин изилдеген эл аралык Transparency International уюмунун баяндамасы боюнча Кыргызстан дүйнөдөгү 182 мамлекеттин ичинен 166 орунга түшкөн. Бул деңгээл дүйнөдө эң эле коррупциялашкан Камбожа жана Гвинея өлкөлөрү менен бир катарда дегенди билдирет. 
 
Булак: "Азаттык" үналгысы
 

Уюшкан кылмыштуу топтун буга чейин камалган мүчөлөрү четинен боштондукка чыга баштады.

 

  •  

 

Айрым саясатчылар бийлик кылмыш дүйнөсү менен күрөш жасалма экендигин тастыктады деп сынга алышууда. 

Күч органдары болсо кылмыш дүйнөсү менен күрөш токтобостугун айтып, алардын боштондукка чыгып жатышын сот тармагындагы чалкештиктер менен байланыштырышууда.

“Большойдун” бошонушу

Жакында Токмок шаарынын смотрящийи, кылмыш чөйрөсүндө “Большой” деген лакап ат менен белгилүү Азамат Касымбеков түрмөдөн чыкты. Ал 2011-жылы ноябрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан бирөөнүн мүлкүн опузалап тартып алгандыгы үчүн 7 жылга эркинен ажыратылган болчу.

 

​​Бул боюнча жабырлануучу Жумадил Усубалиев парламенттин коррупция менен күрөшүү комитетине арызданган.


Аталган комитеттин мүчөсү, депутат Дастан Жумабеков бул ишти иликтөө Башкы прокуратурага тапшырылганын белгиледи:

Мына ошол жабырлануучу "кандайча жети жылга кесилген кылмышкер үч айда бошонуп чыга келди" деп таң калып, бизге арызданып келген экен. Анын айтымында, кылмышкер анын эки унаасын мурда кандайдыр бир себептер менен тартып алган экен. Биз бул маселени алгач Башкы прокуратура текшерип чыксын деп тапшырма бердик. Анан ал жактан бизге жазуу түрүндө жооп беришет.

Жоопкерчилик жок

Азамат Касымбековдун мөөнөтүнөн мурда бошошуна негиз бергенжагдайлар туурасында жазаны аткаруу кызматынан жооп ала алган жокпуз. Бул боюнча Свердлов райондук сотунан комментарий алуу аракетибизден да майнап чыккан жок.

Коомчулукта болсо уюшкан кылмыштуу топтордун камакка алынган өкүлдөрүнүн ичинен кыркка чукулу кайра эле эркиндикке чыккандыгы тууралуу маалымат тарады.
​​

​​Жогорку Кеңештин сот-укук маселелери боюнча комитетинин төрагасы Токтогул Туманов аталган маалымат текшерилип жатканына токтолду:

Биз да соттор аркылуу айрымдары бошонуп жатышат деген сөздөрдү угуп жатабыз. Бирок мына ошондой жагдайлар боюнча кызыкдар тараптар бизге кабарлашса жакшы болот элек. Биз алар кандайча бошотулганын жана ага катышы бар жетекчилерге чара көрүү боюнча маселени алып чыгат элек. 

Ички иштер органдары камакка алынгандардын ичинен айрымдарынын бошоп кетип жаткандыгын иштин жыйынтыгын бүлдүргөн түшүнүксүз жагдай менен байланыштырат. Ошол эле кезде ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш токтобойт деп ишендирди:

Аларды чыгарып жиберишсе, биз кайрадан кармап отургуза беребиз. Иш жүрө берет. Албетте биз алардын жаза мөөнөтү эмнеге кыскартылганына да көзөмөл жүргүзүп турабыз. Анан алар кандайдыр бир жолдор менен чыгып кете турган болсо, биз дагы аларды кайрадан кармоого же эркиндиктеги абалына көзөмөл кылабыз. Негизинен азыр сыртка чыккан жана уюшкан топтордун башчылары ал жакка кайрадан баргыс болуп “жүзү курусун” дегидей абалда келип жатышат. Себеби ал жактагы тартип катуулаган.

Бийлик криминалдан кол үзгүсү жокпу?

Коомчулукта уюшкан кылмыштуу топтун айрым лидерлеринин бошотула башташы бийликтин унчукпаган макулдугу менен жүрүп жатабы деген шектенүүлөр күч.

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан депутат Бакыт Калмаматов криминалдык лидерлердин бошотула башташын алардын бири-бири менен келишип кеткендигинен кабар берет деп эсептейт:

 

​​- Азыр күч түзүмдөрү сотторго, алар болсо тигилерге шылтап коюп жатышат. Бул бири-бирине төңкөй турган иш болбош керек эле. Эгерде күрөшө турган болсок элдин башын калп эле айлантпай, алар менен түп-тамырынан бери күрөшүшүбүз керек.

Мына жакында М.Абакировдун маалымат жыйынын көрдүк. Ал өзү ырастаганга караганда, Абакиров президент Атамбаевден баштап Бабанов, Текебаев жана Отунбаева сыяктуу бардык саясатчылар менен жакшы мамиледе экен. Бул деген  уюшкан кылмыштуу топ чиновниктер менен ымала кылып, чогуу жүрөт турбайбы дегенди түшүндүрөт. ММК болсо аларды пиар кылып жатышса, бизде уюшкан кылмыш топторуна каршы согуш жарыяланды деген жөн эле кургак сөз турбайбы деген ишенимге келесиң.


Өткөн жылы бийлик кылмыш дүйнөсүнө аёосуз күрөш башталганын жарыялаган болчу. Анын алкагында эки жүзгө жакын уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү темир торго киргизилген. Анын ичинен жыйырмадан ашууну кылмыш дүйнөсүндө “положенец” жана “смотрящий” сыяктуу титулдагы уюшкан топтордун башчылары болчу.

Мурдагы оппозиция Бакиев режими криминал менен чырмалышып алды деп сынга алып келген. Мына ошондон улам 2010-жылдан кийин келген бийлик криминалдан тазалануу демилгесин көтөрүп чыккан.

 

"Азаттык"

Нарын жергесиндеги алыскы Ак-Талаа районунун ар кайсыл айылдарынан чогулган 30дан ашык айдоочу жүк ташып тирилик кылат. 2009-жылдан бери элеттик эр жигиттер да бийликте олтургандардын алдамчылыктарынын курмандыгына кабылып, кайда барып, кимдин эшигин каккылап, адилеттик издээрин билбей турушат. Төмөндө алардын нааразылыктарынын чоо-жайына көңүл бурсак. 
 
Ак-Талаа “Турук” таш көмүр кени райондун айылдарынан 50-100 чакырым алыстыкта жайгашкан. Автоунаа жүрө турган жолу жок, өтө татаал жерден жаныбызды оозубузга тиштеп, бюджеттик мекеме-ишканаларга, жеке адамдарга көмүр ташып жан багабыз. Бир жылда бир сезондо - сентябрь, октябрь айларында гана көмүр ташылат. Ал эми башка учурларда жол жабык болот.  Акыркы эки жылдан бери “КИМЖАС” транспорттук фирмасы аркылуу иштеп келгенбиз. 2009-жылдын күзүндө фирманын жетекчиси Баетов айылынын тургуну Ильич Акматбеков Ак-Талаа районунун ошол кездеги акими Э.Алымкулов менен биргеликте кабинетине жалпы айдоочуларды чакырып, 2009-2010-жылдын күз-кыш мезгилине карата “Турук” кенинен көмүр тарткыла” деп өтүнгөн. Машина жүрө турган жолдун жоктугун, сай кечип бара турганыбызды эске алып,1 тоннасына 950 сомдон 1300 сомго чейин төлөнө тургандыгын убада кылган. Бул маселени Нарын областык губернаторунун деңгээлинде чечилгендигин, ошондой эле көмүр кенин иштеткен “Сардар” фирмасы менен макулдашылгандыгын, көмүрдү эч камтама болбой эле тартып апкеле беришибизди айткан. Каржы маселесин өзү көзөмөлдүккө алып, аягына чыгаарына, көмүр тартылып бүтөөрү менен толук эсептешип берилери да ушул жерде айтылган. Биз – айдочоулар да өз  убадабызга туруп, өзүбүзгө коюлган милдеттенмени толук аткардык. Бирок, райондук акими Э.Алымкулов баш болгон чиновниктер айткан сөздөрүнө турушкан жок. Бизге тендерде көрсөтүлгөн 950-1300 сомдун ордуна 600 сомдон эсептеп, билген намазыңарды окугула дегенсип кол шилтеп коюшту.
 
 2010-жылдагы апрелдеги окуялардан кийин 2009-жылдын күз айларында көмүр тартууда бизге төлөнбөй калган тоннасына төлөнүүчү 950 сомдун айырмасы 350 сомдон төлөп берүүсүн көтөргөнбүз. Болбосо, биз быйылкы жылы район үчүн көмүр тартпайбыз деген маселе койгонбуз. Мындан кийин райондун акиминин биринчи орун басары, көмүр тартуу боюнча штабдын жетекчиси С.Черикбаев баш болгон элдик комиссия, ”Турук” кенине барып, кендин ээси А.Жолдошбаев менен жолугушкан. Жолугушууда ”Сардар”фирмасынын башчысы А.Жолдошбаев мурунку жылдагы эмгек акыбыздын туура эмес төлөнүп калгандыгын моюнуна алып, өткөн жылдагы төлөнбөй калган айырма үчүн 1 тоннасына 350 сом көмүр менен 325 тонна көмүр берээрин убада кылган. Мындан сырткары, айдоочуларга 100 миң сом кошумча үстөк көмүр менен эсептегенде 83 тонна көмүр бермек болгон. Жалпысы биздин эмгек акыбыз үчүн  325+83=408 тонна көмүр берүүгө тийиш эле. Бул көлөмдөгү көмүрдү 2010-жылдын сентябрь-октябрь айларында “Сардар” фирмасы “КИМЖАС” фирмасына толук бериптир. Бирок, көмүр тарттырып жаткан “КИМЖАС” фирмасы муну бизге ачык айтпай, биздин машинелерге быйылкы 2010-2011-жылдардын сезонундагы көмүр катары жүктөтүп, бизге билгизбей элге сатып жиберген экен. Ошентип, биз эмгегибизден бул жолу да куру калдык. Жалпысынан алганда, ”КИМЖАС” фирмасынын жетекчиси И.Акматбеков 408 тонна көмүрдүн ар бир тоннасын 2500 сомдон сатып, 1 миллион 2 миң сомду өз пайдасына кириштеп, бизди сызга олтургузган. Айдоочулардын жолдун алыстыгына, кыйынчылыгына карабай күндүр-түндүр жүргөн мээнети менен убалынан коркпогон ”КИМЖАС” фирмасынын башчысы Ильяс Акматбеков райондук ооруканага 2009-2010-жылдагы сезондо тартылган көмүрдүн эмгек акысы үчүн айдоочуларга тоннасына 600 сомдон көмүр менен төлөп берип, ооруканадан тоннасына айдоочулардын акысы үчүн деп 950 сомдон алып, 125 тонна көмүрдүн акысына деп 118,7 миң сомду өзүнүн фирмасынын эсепбине котортуп алган. Бул акчаны да И.Акматбеков айдоочуларга билгизбей дайынсыз жок кылган. Ушундай алдамчылык жол менен биз көмүр жеткирген бюджеттик мекемелерден да бизге тийешелүү эмгек акыларыбызды алып, өзүнө кириштеген. Бул Акматбековтун акмакчылыгы, жүзү каралыгы, наадандыгы дебеске, арга канча? Айдоочулардын райондук прокуратурага кайрылуусу каралбай, иш алиге создугуп келе жатат. 
 
Редакциядан: Ак-Талаа районунун жүк ташуучу машиналарын айдаган айдоочуларынын кайрылуусуна жыйырма адам кол койгон. Алар бул ишти көзүн май баскан аткаминерлердин коррупциялык иштеринин башкысы деп эсептейт. Бул иш жалгыз И.Акматбековтун колунан келген жок. Анын артында кызматтык абалы жогору адамдар турат шекилдүү. Андыктан, бул маселеге чекит койбой, журналисттик иликтөө жүргүзүүнү чечтик. Гезиттин кийинки сандарында бул тууралуу кеңири жарыялайбыз.
 
"Майдан.kg" гезити
Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы Амангелди Мурзалиевдин мыйзам жолунан адашканы, көзүн май басып, таянар тоосу - Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун колтугунан чыкпай, каалашынча чартаңбай тээп жүргөн жоругу кимдин гана болбосун жанын кашайтпай койбойт.
 
 Бул эргул бажасы Иса Шейшенкуловичтин жардамы менен аталган департамент башчылыгына келип, №7 жана №8 Үй-бүлөлүк дарылоо борборлорунун директорлору Аида Рысбаева менен Елена Чернышеваны жок жерден жыга чаап, кызматынан айдаган. Алгач, экөөнө өз каалоосу менен кызматынан бошотуу талабы коюлган. Бирок, канча жылдан бери элге кызмат кылып келе жаткан ак ниет жетекчилер мындай сунуштан баш тартышканда, далилденбеген куру жалаалардын негизинде кылмыш ишин ачтырып, “жеди-ичти” деп ай-ааламга жар салып, шылдың кылып, кекелеп жатып, акыры кетирип тынган болчу. Адамда ар-ниет, намыс болот. Кайсы бир жетекчи келип, элге кылып келген ак мээнетин тебелеп-тепсеп жатса, кабыргасы кайышат, чындыкты көксөйт. Дал ошондуктан, Аида Рысбаева менен Елена Чернышева сотко кайрылган. Ленин райондук соту, андан кийин Бишкек шаардык соту экөөнүн ишмердүүлүгүнөн бир да кынтык таппай, актап, директор А.Мурзалиевге буларды кызматына калыбына келтирүүнү тапшырган. Шаардык сот чечимин чыгаргандан бери жарым ай убакыт билинбей өтүп кетиптир. Бажасы турганда Амангелди үчүн мыйзам буйлаланган төө экен: сот чечимин аткарбай келе жатат. Анысы аз келгенсип, экөөнү чакырып, ар кандай адам баласынын акылына сыйбаган сунуштар менен алдаганга өткөн. Аида Рысбаева кош бойлуу кезинде кызматынан куулган. Жакында, сот болоор алдында төрөгөн. Амангелди ушуга чейин кийлигишип, төрөт үйүнө чейин ызы-чуу салып, “эмнеге төрөтөсүңөр”, “чын эле төрөдүбү?” таризинде баарын тили менен кырган. Чынын айтуу керек, бул адам баласына жараша турган жорукпу? Шайтандап калганы көрүнүп турбайбы.
 
Мунусу аз келгенсип, кечээ Амангелди Мурзалиев №7 жана №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлерин зордоп “Кабарга” алып келип, аларды “биз Чернышева жана Рысбаева менен иштешпейбиз”,- дедиртти. Жасалма сүйлөгөндөрү билинип турса да, оозу-мурдулары кыйшайбастан, “департамент тарабынан дайындалган жаңы директор мыкты иштеп жатат”,- дешип, Мурзалиев алып келген адамды жактап чыгышты. Маалыматтарга караганда пресс-конференцияга келген эмчи айым Ибрагимова буга чейин Чым-Коргондо иштеген, учурда №8-бейтапканада участкалык медсестра гана болуп иштесе, врач Жолдошалиеванын бейтапканадагы иш стажысы болгону бир жарым жыл экен. Андыктан, бул адамдар жамааттын жалпы пикирин чагылдыра албай тургандыгы шексиз. Административдик кысымга кабылган бейтапакананын кызматкерлеринин ичинен мурда-кийин бул иштин чоо-жайын билбегендерди өкүл кылып жөнөтүп, аларды өз кызыкчылыгына колдонуп, адамгерчиликке жатпаган аракеттерди кылып жаткандыгы ачыктан ачык эле көрүнүп калды. Анын үстүнө соттордун чыгарган чечимдеринин ак-карасын ылгап, туура же туура эмес деп баа берүүдөн мурда адвокат, юрист болбосо да, жок эле дегенде укуктаануунун негиздерин билүү зарыл. Врачтын кесиби –дарылоо, мугалимдики – окутуу болгон сыўары эле юристтердин, соттордун өздөрүнүн иши бар. Ар ким өзүнүн ишин билсе, өзгөнүн ишин баалаганга акылы жетпесе да, элдин алдына чыгып, ойду-тоону оттой берүү түркөйлүк эмеспи.
 
Акмакчылыктын да чеги болот да. Эмнеге Иса Өмүркулов бажасы Мурзалиевти тыйбайт? Аны жалпы элдин алдында уят эле эмес, шерменде кылып жатканы менен иши жокпу? Бажасынын айтканы туура болсо, ошончо кийлигишсе да, анда эмне үчүн сот дарыгерлердин тарабында болду? Жада калса Эсеп палатасы да баарын терең иликтеп чыгып, финансылык мыйзам бузуу тапкан жок го. Же мындан ары колунан эч нерсе келбестигин билген Мурзалиев жер тепкилеп, атамзамандан келе жаткан ыкманы – эмгек жамаатты бөлүп-жаруу менен жеке кызыкчылыгын канааттандырууга камынып калдыбы? Басма сөз жыйынында дагы бирөөсү минтип жатат: “Эгерде булар кызматка келсе, бүт шаардагы медиктер пикетке чыгабыз”. Бабанов митингдерге мораторий жарыялап жатса, мамкызматкер А.Мурзалиевдин медиктерди козутуп, коомдук туруктуулукту бузуу аракетин кандай түшүнүүгө болот?
 
Айтмакчы, эки жыл мурун болуп өткөн апрель окуясында ал кайда жүрдү эле? Борбордук аянтта жигиттердин каны суудай агылып, жарадарлар дарыгерлердин жардамына муктаж болуп, жансоогалап жаткан маалда дал ушул Мурзалиев жеке мүдөөсүн канааттандыруу үчүн өзү уролог болуп иштеген Чүй облустук ооруканасына басмачылык кылып, анын сөзүн сүйлөп, кошамат кылган бир ууч адамдар менен биргеликте Чүй облустук ооруканасынын башчысынан кызмат ордун бошотуп берүүнү талап кылган. Милициянын кийлигишүүсү менен териштирүүлөр башталганда директор боло албай калган Мурзалиев рейдерлерге тийешеси жоктугун айтып, сүттөн ак болуп чыга келген. А бирок, чындыгында, анын баш калаадагы баш аламандыктан пайдаланып жетекчилик креслону ээлеп кылууга далалаты болгонуна аны менен бирге иштеген оорукана кызматкерлери күбө. Ошол саамда ок тийип, жаракат алган эр-азаматтардын жаны көзүнө көрүнүп, башка ак халатчан дарыгерлер өлүм менен күрөшүп жатканда агып жаткан канга колунун учун тийгизип, тез жардам көрсөтүү тууралуу түшүнө да кирбеген Мурзалиев кандай жол менен болсо да бийликке келүүнү көксөп турган экен. Директорлук кызматка келбегени менен акыры ал бийлик кумарын кандырып, Өмүркуловтун жардамы менен  Бишкектин саламаттыкты сактоо департаментинин директорунун креслосуна олтуруп калган. Шаар башчысы саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы Гүлжигит Аалиевди жылан чакпай, жылкы теппей кызматтан алууга жанталашып, ордун Мурзаливке өткөрүп берүүгө мажбурлаган. Бажасынын жылуу-жумшак кызматта олтуруп, кол алдындагыларды иштен кубалоо схемасын көрүп, кошо аралашып калган Мурзалиев саламаттыкты сактоо департаментин атасынын төрүндөй кабылдап, каалагандай калчай баштаган. Ошол эле кезекте №7 жана №8 ҮБДБнын директорлору Елена Чернышева менен Аида Рысбаеваны кызматтан жүйөсүз кетирип, ак халатчан дарыгерлик абройлорун гана эмес, аялзаттык абийирлерин да тепселеп, эркектик намысын жоготуп эрөөлгө чыккан. Ошол кан төгүлгөн 7-апрель күнү бул айымдардын иши тууралуу да адилеттик үчүн сөз кылып кетпесек болбойт.   
 
 №8 Үй-Бүлөлүк дарылоо мекемесине кечки саат 10дон тарта жабыркагандар түшө баштаган. Алардын айрымдарынын акыбалы өтө оор эле. Чернышева жетекчилик кылган оорукананын кызматкерлери тикесинен тик туруп, кезектешип күзөткө туруп, сыркоолорго медициналык жардамдарды көрсөтүп турушкан. Кызматкерлер үч күн бою күндүр-түндүр карандай чай, кара бөлкөдөн башка наар алышкан эмес. Апрель окуясынан жабыркагадарга медициналык кароо ар убакта көрсөтүлүп турган. Алардын айрымдары ал тургай ушул мекеме аркылуу майыптыкка чыккан. Жабыркагандарды дээрлик үч айга чейин Чернышева өзү баш болуп медициналык жактан көзөмөлгө алган. А чынында, бул эле эмес “Восток-5” кичи районунун аймагындагы 45 миўге чамалуу адамды каттаган  №8 бейтапканасынын элди медициналык тейлөө жагына эч ким нааразы болгон эмес. Ошондой эле каргашалуу 7-апрелдин түнүндө №7 Үй-бүлөлүк дарылоо борборуна бир нече кансыраган жарадарлар түшкөн. Булардын ичинен 1985-жылы туулган Рыспек Дыйканбаев, 1992-жылы туулган Бакыт Сариевтер ок жеп, башкаларга салыштырмалуу көбүрөөк кыйналышкан. Бейтапкананын биринчи кабатына кошумча керебеттер орнотулуп, айрым жабыркагандар алгачкы хирургиялык жардамдан кийин Улуттук госпиталга жеткирилген. “7-апрель” кыймылынын активдүү мүчөсү катары Аида Рысбаевага шаар башчысы И.Өмүркулов ыраазылык баракчасын жөнөткөн. Рысбаева бул күнү өз колу менен ысык тамак жасап, тез жардам станциясында күзөттө турган врачтарга жиберген. Ал эми кийин анын үстүнөн доомат коюп, каралап чыгышкан Г.Садабаева, К.Молдомусаева, А.Молдотаевалар 7-апрель күнү да, 8-апрель күнү да ар кайсы шылтоолорду айтып, дежур болууга келишкен эмес. Ошентип, кимдин ким экени бул күнү элдин башына кыйынчылык түшүп турганда даана көрүндү. Ак халатчандардын аракетине бир гана эл тараза. Бир жагынан алып караганда, Саламаттыкты сактоо министрлигине Елена Чернышеванын акыйкат позициясы да жакпайт. Мурдараак, Елена Алексеевна “Манас жаңырыгы” телеканалына түз эфирге чыгып, саламаттыкты сактоо системасындагы башаламандык тууралуу ачык айткан. Бизде өз ишин мыкты билген атуулдар ар дайым куугунтукталат. А аны ачык айткандан оолак болгулары келишет. Непадам, бул адамдардын билимин, тажрыйбасын колдонууну ойлошпойт. Эң кызыгы – Е.Чернышева азчылыкты түзгөн орус улутунун өкүлү. Башка улуттарга ушундай мамиле кылынгандыктан, кандай гана мыкты адистерден арылбадык. Же Орусия менен түзүлгөн салкын мамилеге Мурзалиев дагы чок таштагысы келип жатабы?
 
Гүлзада Турдалиева,
“Майдан.kg” гезити
Өткөн жума этегинде премьер-министр Өмүрбек Бабанов Twitter барагы аркылуу оппозициячыл күчтөрдү 18-апрелде жолугушууга чакырганын жарыялаган.
 
Оппозиция лидерлери өкмөт башчыдан расмий сунуш келип түшпөгөнүн айтып, аны сөзү менен иши дал келбейт деп айыпташууда. 

Өкмөт аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Султан Каназаровдун “Азаттыкка” билдиришинче, сүйлөшүү сунушуоппозиция лидерлеринин штабына өткөн жуманын этегинде эле берилген:

- Өкмөт башчы сүйлөшүүгө ар бир тараптан бештен киши катышсын деп сунуштаган. Ишемби күндөн бери мен Камчыбек Ташиевдин, Адахан Мадумаровдун да штабы менен байланышып жатам. Алдын ала жолугушууга макулдугун беришкен. Камчыбек Ташиевдин өкүлдөрүнөн жолугушууну 1+1 форматында өткөрүү сунушу түштү. Бирок бул туура келбеген формат. Себеби өкмөттүн мүмкүн болушунча кененирээк чөйрөдөгү оппоизция өкүлдөрү чогулса деген максаты бар. 

Каназаров жолугушуунун шарттары бар экенин белгилеп, бирок оппозиция жооп бере электигин кошумчалады:

- Биринчи шарт - жолугушуунун күн тартибин аныктоо: кайсы маселелерди алып чыгарыбызды белгилешибиз керек. Экинчиси - жолугушууга катыша турган кишилердин курамы. Өкмөт тараптан катыша турган адамдардын тизмесин жана күн тартибин оппозицияга берүүгө даярбыз. Бирок тилекке каршы оппозиция тараптан ич ара кеңешүүлөр жүргөнү тууралуу менде маалымат жок. Ич ара консультациялардын негизинде беш өкүлүн алып чыгышы керек болчу. Бирок ал боюнча бизге эч кандай сунуш түшкөн жок. Жолугушуунун демилгечиси катары биз алардын жообун күтүп жатабыз. Оппозициядан курамы жана күн тартиби тууралуу так маалымат келип түшө элек. 

Ал эми Жогорку Кеңештеги оппозициячыл “Ата-Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев жолугушуу тууралуу сунушту албаганын билдирди:

- Мен башка жакта иш сапарда жүрөм. Эч кандай сунуш түшкөн жок, эч нерсе айта элек.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын жетекчиси Адахан Мадумаров да өкмөттүн жолугушуу чакырыгын албаганын айтты. Мадумаров “Азаттыктагы” маегинде премьердин сөздөн ишке өтө албай жатат деп сындады: 

- Бабанов тарабынан да, өкмөт тарабынан да жолугушуу, сүйлөшүү жөнүндө сунуш келип түшкөнүн көргөн жокмун. Кетмен көтөрүп атып да сүйлөшүүгө даярмын деп, бак тигип атып да сүйлөшүүгө даярмын деп кыйкыра бериштин эмне кереги бар? Мындай нерсе жарыяланбайт. Дүйнөгө жар салынбайт. Ошол сүйлөшөм деген азаматтар менен кайсы маселенин тегерегинде сөз кылабыз, коюп аткан маселеңиздер эмне деп сураш керек болчу. Бул кыпкызыл эле пиар. Жолукпайм деген киши барбы? Биз канчадан бери эле жолугушалы деп келатабыз. Бул талапты Бабанов ойлоп тапкан жок. Биз “келгиле жолугушалы, мобул жасап аткан ишиңер туура эмес, мобул күнөөлүү кишилерди жазага тартасыңарбы, мобул адис эмес кишиңерди кызматтан аласыңарбы, кесипкөй инсандарды партиянын мүчөлөрү эместигине карабастан Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн коё аласыңарбы? Келгиле, сүйлөшөлү”, деп атабыз.

Бийлик да, оппозиция да ийри отуруп түз кеңешүү тууралуу бир канча жолу сунуш менен чыгып, бирок сүйлөшүү өткөрүлбөй жатканы үчүн бири-бирине доомат артып келишет. Буга чейин премьер Бабанов оппозиция лидерлери менен сүйлөшүп, орток пикирге келишкенин жарыялап жиберген. Көп өтпөй берки тарап сүйлөшүү болгонун төгүнгө чыгарган.

Оппозиция буга чейин март-апрель айларында Ош, Баткен жана Жалал-Абадда миңдеген тарапкерлерин көчөгө жыйнап, өкмөттүн кетишин талап кылып митинг өткөргөн болчу. Жалал-Абаддагы акыркы митингде талаптардын аткарылышына 21-апрелге чейин убакыт чектеп, болбосо өлкөнүн ар аймагында нааразылык акциялар башталарын эскерткен.

Ал арада орусиячыл талдоочу Александр Князев Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев түштүк элитасы менен ымалага келбесе күзгө таяп бийлигинен ажырайт деген божомолун айтып жиберди.

Кыргызстандык саясат талдоочу Марс Сариев муну Орусияда Кыргызстандагы олку-солкулукту самаган күчтөрдүн аракети менен түшүндүрдү.

- Кыргызстанды күч менен басып, империялык реваншизм ыкмасын колдонууну каалаган күчтөр бар. Ошондуктан Князевдин позициясы конструктивдүү эмес. Кыргызстанды олку-солку кылгысы келген күчтөр бар. Ошондой оюн болуп жатат. 

Ошентип, Кыргызстанда оппозиция менен бийлик ийри отуруп, түз кеңешип, мунасага келеби, же өлкө кайрадан толкундоолор кучагына батабы? – деген суроо азырынча жоопсуз калууда.
 
"Азаттык"
Башкы прокуратура июнь калабасын уюштурган деп шектелип, чет өлкөдө бозгунда жүргөн Кадыржан Батыровго таандык мүлктөрдү териштирип, соттун чечими менен мамлекетке өткөрүү иш-чаралары башталганын жарыялады.
  •  
Ошол кезде жергиликтүү басылмалар Батыров Орусияда да ири мекеме-ишканаларга ээ экендиги жана анын орус жарандыгы тууралуу маалыматтарды жарыялады. 


Кадыржан Батыров өзү чет өлкөлөрдө жеке менчик бизнеси бар экендигин тастыктап, бирок анын орус жарандыгы тууралуу маалыматты четке какты.

Батыровдун мүлкү

Бишкекте чыгуучу “Жаңы Агым” гезити "Кадыржан Батыров Москвадагы  “Аллстрой-Текс”, “Холор”, “Арк-Транс” жана “Савин” сыяктуу ири ишканалардын кожоюну" деген маалыматты жарыялады. Ошондой эле ал Москвадагы “ДГЛ-Групп” компаниясына жана Курск шаарындагы “Новость” деген аталыштагы тамеки фабрикасына ээлик кылат. Москвадагы “Экрос” акционердик коомунун, Ферганадагы мунай заводдун жана Өзбекстандагы темир жол тетиктерин сатуучу мекеменин теңшерик кожоюндарынын бири экендиги аныкталган.

​​Мындан сырткары “Жаңы Агым” Батыровго Орусия жарандыгы берилип, башынан эле атайын “долбоор” катары даярдалган деген маалыматты да ачыкка чыгарды.


Учурда Швецияда бозгунда жүргөн Кадыржан Батыров “Азаттыкка” чет жерде бизнеси бар экендигин тастыктап, бирок анын орус жарандыгы боюнча маселеге мындайча жооп берди:

Жок, менде эч кандай Орусиянын жарандыгы болгон эмес. Бакиев бийлигинин тушунда мына ошонун бардыгы атайын ойдон чыгарылган болчу. Ошонун негизинде мени депутат болбой калсын деген ниетте жасалган иш. Мен башка бир мамлекеттин жарандыгын алган эмесмин.

Бирок бир эле Орусияда эмес, менин башка өлкөлөрдө бизнесим бар экендиги чын. Мен башкаларга окшоп кылмыштуу жол менен же кызматта отуруп, коррупциялык схемалар аркылуу акча тапкан эмесмин. Мен сырттан маңдай терим менен бизнес кылганымды бардыгы эле билет. Бирок ага карабастан мени ушинтип каралай беришет
.

Орус жарандыгы ойдон чыгарылганбы?

Кадыржан Батыровдун Орусия жараны экендиги боюнча маалымат биринчи жолу чыгып жаткан жок. Батыров жаңыдан саясатка аралашып, парламент депутаттыгына талапкер катары аттанганда анын Орусиянын жараны экендиги боюнча маалымат гезиттерге чыккан. Далил катары анын паспортунун көчүрмөсү жана паспорт номуру кошо чыккан. Бирок Батыров депутат болуп шайланып, бул шектүү жагдайды иликтөө иштери белгисиз себептер менен кийин токтоп калган.

Орусиядагы Борбор Азия коопсуздугун изилдөө академиясынын президенти Рустан Рахманалиев Батыровдун орус жарандыгы боюнча мындай маалыматы менен бөлүштү:

Бул эми БШКнын иши болчу. Ал жактан текшеришти да. Бирок ал кезде Акаевдин үй-бүлөсү маселени чечип, анын шайлоого барышына жол ачып берген. Менин эсимде ал Орусиядагы “Зил” заводуна караштуу квартирадагы каттоосу да берилген болчу. Негизинен ал ошол учурда анда орус жарандыгы бар экендиги боюнча маалыматты расмий четке каккан эмес.  

 

​​Кадыржан Батыров 2010-жылы июнь окуясын уюштургандардын бири катары айыпталып, Сузак райондук жана Жалал-Абад облустук соттору аны өмүр бою эркинен ажыратууга сыртынан өкүм чыгарган. Учурда анын мүлктөрүн мамлекетке өткөрүү боюнча териштирүү жүргүзүлүүдө.


Башкы прокурордун биринчи орун басары Нурлан Жээналиев  Батыровдун Кыргызстандагы мүлктөрүн мамлекетке алуу боюнча өзүнчө сот болоорун белгиледи:

Сот аткаруучулар бардыгын текшерип чыгышып, мына ошол Батыровдун мүлкү боюнча материалдар сотко берилди. Соттун чечими чыкса, анын мына ошол жыйырмага чукул мүлкү мамлекеттин карамагына өтөт. Анын эмнеси бар, кимге жазылгандыгына чейин тактап, иликтеп бүтүштү.

Бирок Кадыржан Батыров мүлктөрүн башка бирөөлөрдүн атына каттаткандыктан укуктук жактан чыныгы кожоюнду аныктоо маселесин сот гана чече алат.

Батыров менен Шариповду байланыштырган эмне?

Кадыржан Батыров мүлкүн талатып жибербеш үчүн анын жарымын космонавт Салижан Шариповго өткөргөнүн өзү ачыкка чыгарган болчу. Бирок Шарипов Батыровдун аялына жазылган мүлктөрдү биржа аркылуу сатып алганын айтып жүрөт. Документтерге караганда алды-сатты 2010-жылы 15-июнунда Ош менен Жалал-Абаддагы каргашалуу окуядан кийин Батыровго иш козголоордон бир күн мурун ишке ашкан.

 

Ал кезде Акаевдин үй-бүлөсү маселени чечип, анын шайлоого барышына жол ачып берген. 


Кыргызстандык чекист Талант Раззаков Шарипов менен Батыровду байланыштырган башка да жагдайлар бар экендигине токтолду:

Булардын мурдатан эле сүйлөшүп алышканы көрүнүп турат. Мына ошол окуядан кийин чет өлкөдөн чагымчыл мүнөздөгү “Чөөлөрдүн мөртү” деген аталыштагы эки бөлүктөн турган китепти чыгаруу иштерине Салижан Шариповдун көмөктөшкөндүгү боюнча да маалыматтар бар.  

Ошол эле кезде талдоочулар июнь калабасын уюштурууга катышы бар деп шектелген Кадыржан Батыров баштаган топ кайсы бир чет өлкөлүк атайын кызматка иштеген деген жүйөнү келтиришти.

Ошто улут аралык жаңжал чыгарып, чагым уюштурууда сырткы күчтөрдүн таасири болгондугун Өзбекстандын президенти Ислам Каримов да белгилеген болчу.

 

"Азаттык"

Кыргыз өкмөт башчысы Өмүрбек Бабановдун Бишкекте казак олигархы Булат Утемуратов менен жабык жолукканы сынга алынып жатат. Жогорку Кеңештин 12-апрелдеги жыйынында бул окуяны териштирип-сүрүштүрүү керектиги айтылды. Өкмөт өкүлдөрү жолугушуу расмий болгонун, жаап-жашырылбаганын билдиришүүдө. 


Мунун алдында коалициялык көпчүлүктө Бабановго ишеним көрсөтпөө тууралуу демилге көтөрүлүп жатканы боюнча маалымат да тарап кеткен болчу.

Жогорку Кеңештеги оппозициячыл “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевпремьер-министр Өмүрбек Бабановдун Казакстандын президентинин атайын өкүлү, олигарх Булат Утемуратов менен жолугушуусунатайын депутаттык комиссия иликтеши керек деп чыкты:

- Жакында эле Орусиядан кайсы бир учак келип, ага өкмөт башчы өзү барып, учакта отуруп сүйлөшүп, анан аларды кайра учуруп жиберди деп айтышты эле. Андан кийин, кечээ эле казак президентинин кеңешчиси Булат Утемуратов деген келип, аны премьер-министрдин эки машинасы тосуп алып, премьер-министр менен сүйлөштүрүп, кайра узатып жиберди деп ММК дагы жазып атат. Кыргызстан, орусча айтканда, “проходной двор” болуп калдыбы? Эмнеге биз Кыргызстанды мамлекеттик бир чоң чиновниктин жеке менчигине айландырышыбыз керек? Кыргызстанга кирип-чыккандардын баары сөзсүз каттоого алынышы керек. Ал адамдар өкмөт башчы менен жолугуп жаткандан кийин бул маалымат коомчулукка толугу менен жеткирилиши керек.

 
​​Маалыматка караганда, Бабанов Утемуратов менен 4-мартта эле жолуккан экен. Казакстандан келген мартабалуу конокторду сый менен тосуу тууралуу өкмөттүн аппарат башчысы Төрөгул Беков “Манас” аэропортунун жетекчисине кат жолдогон.


Өкмөт аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Султан Каназаров Утемуратов казак президентинин атайын өкүлү деген макамда келгенин айтып, премьердин расмий жолугушууларынын баары эле коомчулукка жарыялана бербесин билдирди: 

- Экөө жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу жана премьер-министрдин акыркы Казакстандагы иш сапарынын алкагында сөз болгон долбоорлор жөнүндө талкуу болду. Бул эми нормалдуу эле көрүнүш. Мисалы премьер-министр көп эле адамдар менен жолугат. Бирок анын баарын эле прессага чагылдыра бербейбиз да. Бул нормалдуу эле тажрыйба. Бул маселени оппозициялык бир топ депутаттар көтөрүп жатат. Бул деле нормалдуу саясий жараян. Бирок анда эч кандай трагедия деле жок. Өкмөттүн аппарат жетекчиси “Манас” аэропортунун жетекчисине “паланча деген учак келет, анын ичинде момундай-момундай деген кишилер болот, ошолорду расмий делегация үчүн деген зал аркылуу кабыл алып коюңуздар”, деп кат жолдоп жатпайбы. Эгер жолугушуу жашыруун болсо, аппарат жетекчиси аэропортко расмий кат жолдоп эмне кылмак эле?

Табышмактуу жолугушуулардын эпкини

Антсе да Бабановдун коомчулукка ачык жарыяланбаган жолугушууларын иликтеп, сүрүштүрүү керек деген депутаттардын демилгесин колдогондор да бар.

“Акча жана бийлик” журналынын редактору Турат Акимовдун пикиринде, мамлекеттик чоң кызматкердин чет өлкөлүк өкүлдөр менен жолугушуусу атайын кызматтын, коомчулуктун көзөмөлүндө турушу керек:

 

​​- Премьер-министр – мамлекеттик сырды алып жүргөн адам. Бул кишинин ар бир жолугушуусу мамлекеттик күзөт кызматы менен текшерилип, атайын кызмат менен көзөмөлдөнүп жана ачык-айкын болушу керек. Бул ар ким менен ар кайсы жерде учуп кетип, учактын ичинде кабыл алып, бирөөнү тышта кабыл алганга эч качан мүмкүнчүлүк берилбеши керек. Анткени Кыргызстандын кайсы купуя сырлары, кандай документтери бул кишинин колунан чыгып кетет деген маселе бар. Бул кылмышка айланып кетиши мүмкүн. 

Серепчи Эмил Жураевдин баамында, мындай жолугушуулар саясий олку-солкулукту жаратышы да ыктымал:

- Эгер жолугушуу жашыруун эмес болсо, эмнеге бир айдан ашканга чейин бул жаңылык чыккан эмес? Эми гана кокусунан билип отурабыз. Экинчиден, албетте ар кандай сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн, жекече жолугушуулар болот. Бирок өздөрү айтып жаткандай, мамлекеттик мааниси бар чоң маселелер каралганын журналисттер казып чыкпаса, билбей деле калмак экенбиз. Бизде мындай учурлар болуп эле жүрөт. Бакиевдин убагында Белоконь келиптир, Березовский келиптир деп эле айтып жүрбөдүкпү. Ушундай окуялардан кийин да дагы ушундай келип-кетүүлөр ансыз деле саясий кырдаал курчуп, оппозиция өкмөттү күнөөлөгөнгө жүйө таппай турган кезде керексиз жерде кооптонууларды дагы арттырып жатпайбы.

Кыргызстанда буга чейин мамлекеттик мартабалуу аткаминерлердин табышмактуу жашыруун жолугушуулары, сапарлары тууралуу журналисттер таап, жазып калышчу.

Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибековдун Араб Эмиратына, Түркияга барганы, Орусиядан миллионерлер минген учак алдырып белгисиз жакка учканы, кылмыш дүйнөсүнүн ана башы аттыккан Камчы Көлбаев менен бир мейманканада болуп калганы катуу сынга кабылган болчу.

 

"Азаттык"

Кыргыз өкмөтүнүн чечими менен уюлдук байланыш компанияларынын байланыш баасы көтөрүлмөй болду. Бул кадамды жарандык уюмдар Курманбек Бакиевдин бийлиги учурундагы 60 тыйындык кымбаттоону кайрадан киргизгени жатат деп сындап жатышат. Өкмөт болсо салыктын көбөйүшү байланыш баасынын көтөрүлүшүнө таасирин тийгизбейт деп ишендирүүдө. 


Уюлдук байланыштын баасынын көтөрүлүшүн байланыш компаниялары бул тармактагы өкмөттүн салык саясатына байлап жатышат. Курамында 21 байланыш оператору кирген Байланыш операторлор ассоциациясынын аткаруучу директору Айбек Бакановдун айтымында, өкмөт акыркы айларда эле бир нече салыкты байланыш операторлорунун мойнуна илген:
 
- Өкмөт март айында уюлдук компаниялардан сатуудан түшкөн салыкты 2-5 пайызга көтөрүүбоюнча токтом кабыл алдыМындан тышкары чет өлкөдөгү кардарлардын байланышын камсыз кылган роуминг жана интерконнектинг кызматтарына кошумча нарк салыгын киргизүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште экинчи окууда жактырылды. Буга кошумча болуп, номер берүүдө жана радиожыштыкты колдонуу акысын көтөрүү боюнча пландары бар экени тууралуу маалымат угуп жатабыз.
 

​​Өкмөттүн мына ушул кошумча каржы талап кылышы уюлдук операторлорду байланыштын баасын көтөрүүгө мажбур кылат дейт Баканов. Алдын ала эсептөөлөр боюнча телефон чалуулардын акысы 20 пайызга чейин кымбатташы мүмкүн.
 
Буга чейин өкмөт уюлдук компаниялардын сатуудан түшкөн салыгы боюнча токтомду 23-мартта кабыл алган. Ага ылайык, ушул жылдын 1-июлунан тартып ар бир сатуудан түшкөн салык 5 пайызга көтөрүлөт. Бул салыкты көбөйтөөр алдында өкмөттүн алдындагы Байланыш агенттиги муну уюлдук компаниялар менен акылдашып, алар буга макул болгонун айтып чыккан. Атүгүл, салыктын көбөйүшүнө карабай, тарифтерди көтөрбөөгө өлкөдөгү ири байланыш компаниялары убада бергени жөнүндө да сөз болгон.

Эми уюлдук операторлордун өкүлдөрү бул жөнүндө жолугушуу болгону менен, тарифтерди кымбаттатпоо убадасы берилгенин төгүнгө чыгарышууда. Бул тууралуу уюлдук операторлордун кызыкчылыгын коргоп чыккан "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Таттуу Мамбеталиева мындай дейт:
 
- Өкмөт уюлдук операторлор тарифти көтөрбөөгө убада берди деп жарыя кылышпады беле. Ал калп. Айла жок тарифти көтөрүүгө мажбур болобуз. Себеби салыкты төлөшүбүз керек да. Негизи салыкты көтөрүүдөн мурун Салык кодекси боюнча бизге 1 жыл бериши керек эле. Бирок ага карабай 3 ай гана берип койду. Буга жараша уюлдук компаниялар пландарын өзгөртүп, өз бюджетин карап чыгууга жетишпей калышты. Анан бул акчаны табуу үчүн тарифти көтөрүүгө мажбур болобуз. Бул 2010-жылдагы 60 тыйындык кымбаттоонун башкача эле формасы болуп калды.
 
Ошентип уюлдук операторлор 2010-жылы ар бир телефондук чалуудан 60 тыйын алуу менен пайда табуу ыкмасы бул ирет өкмөттүн мажбурлоосу менен аткарылаарын айтышууда. Ошондой эле алар салыктардын көтөрүлүшү жаңыдан бутуна туруп келаткан компаниялардын банкротуна алып келээрин эскертип жатышат.
 
Калың капчыкка күч келбейт дешет
 
Анткен менен өкмөт уюлдук операторлордун мындай жүйөсүн негизсиз деп баалап жатат. Уюлдук компанияларга салык көтөрүүнү демилгелеген Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин салык саясаты бөлүмүнүн башчысы Кубан Айдаралиев:
 
- 2 пайыздан 5 пайызга чейин салыктын көтөрүлүшү тарифтердин көтөрүлүшүнө негиз боло албайт. Мисалы, уюлдук компаниялар былтыркы жылы 357 миллион сом салык төлөсө, 5 пайызга чейин көтөрүлгөндөн кийин  342 миллион сомдон 546 миллион сомго чейин төлөп калаары эсептелди. Ал эми роуминг боюнча кошумча нарк салыгынын киргизилиши менен бул тармактагы бардык компаниялар биригип, 25 миллион сом кошумча төлөшү мүмкүн. Бул алар үчүн анча деле көп каражат эмес. Анын үстүнө алардын алып жаткан жогорку кирешесине мамлекет тарабынан көзөмөл анча деле көп эмес.
 
​​Көз карандысыз эксперттер уюлдук компаниялар менен өкмөттүн ортосунда түзүлгөн кырдаалды ар түрдүүчө баалап жатышат. Айрымдар муну өкмөттүн казынадагы тартыштыкты толтуруу үчүн айласыз кадамы катары бааласа, бир даары жеке секторго мамлекеттин кийгилишүүсү деп аташууда.

Экономикалык эксперт Азиз Абакировдун пикиринде, жаңы технологиялардын тармагына өкмөт жөнү жок кийлигишип, колундагы каражатын талашпай, атаандаштыктын өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк түзүшү абзел:
 
- Бул өкмөттүн базар шартына жараша жасаган мамилеси болбой, кийлигишүүсү болуп калды. Мисалы, базардын шартына ылайык, жаңы компаниялардын иштешине шарт түзүп, атаандаштыкты жарата алса, бул тармактын өнүгүшү үчүн да, мамлекеттин казынасына да оң жыйынтыгын бермек. Болбосо, өкмөттүн азыркы кадамы ишкер чөйрөгө адилетсиз мамиле кылаарын гана тастыктап жатат.
 
Кыргызстанда 20дан ашык байланыш оператору бар. Алардын арасынан 6 ири компания уюлдук байланыш багытында иш алып барат. 2010-жылдын башында булардын баары эч себепсиз, ар бир телефон чалууну60 тыйынга көбөйткөн эле. Бул элдин жапырт нааразылыгын жаратып, Апрел ыңкылабында олуттуу себептердин бири болгон.
 
"Азаттык"
Коомчулукта “АзияУниверсалБанктын” чуусу басаңдай элек. Эсиңизде болсо, Убактылуу өкмөт бул банктын кутучаларынан миллиондогон долларларды мыйзамсыз алышып, анын кайда житип кеткени белгисиз болуп, азыркы бийликтин да бетине чиркөө болуп турат. Анткени, Атамбаев да Убактылуу өкмөт мүчөсү болгон. Бекназаров менен Сариевдин миллиондорду кантип бөлүшкөнү ачыкка чыкканда да, дем алыш күнү шашылыш маалымат жыйынын куруп, буга абдан ачуусун чыгарганын билебиз.
 
А бирок, убакыт өткөн соң, кечээ эле экөөн уятсыз атап, “өзүмдүн андайга барууга дитим барбайт”,- деп жаткан Атамбайчиктин Сариевди министр кылып алганы, ал эми Азикеңди көмүскөдөгү колдоочусу катары кармап жүргөнүн кандайча түшүндүрөбүз? Өзү коррупцияга каршы үлкөн күрөш ачса, көчөдө миңдеген адамдар митингге чыгып, “АзияУниверсалБанкттан” акча уурдагандардын тезинен жазаланышын талап кылып жатканда эмнеге Атамбаев ага катышы бар экендиги айтылып келген адамдарды жанында корголоп алып жүрөт? Же Мадумаровдун “бийлик – кош стандарт менен жашоодо”,- деп айтканы куп гана жарашып жатабы? Билбейбиз, окурман өзү талдап алаар...
 
Биздин бүгүн айтайын дегенибиз – ошол “АзияУниверсалБанкттын” туундусу болуп, Феникс кушундай болуп кайра жаралган “Залкар банк” тууралуу. Бу банктын пайда болуу тарыхы жөпжөнөкөй – УӨ учурунда (албетте экономиканы тейлеген Атамбаевдин да катышуусу бар) “АУБду” экиге бөлүшкөн: жакшы жана жаман активдери кылышып. Жакшы активинин негизинде ушул банк түзүлгөн. Анын жетекчилигине канча банктын “башын жеген” айтылуу Максат Ишенбаев келген. Адилеттүүлүк үчүн айта кетүү дурус: 7-апрелден кийин Улуттук банк АУБда канча акча болгонун, канчасы калганын, ортодогу миллиондор кайда кеткенин түшүндүрө алган эмес. Бул жагын казып чыгышса да, тирукмуш жагдайлардын ачыкка чыгары бышык.
 
Темабызга келсек – “Залкар банктын” түзүлүп, иштей баштаганына көп деле убакыт боло элек. Арийне, башка банктар ачык иш жүргүзсө, бул банктын тегерегинде эмне гана сөз болгон жок, бирок, булар бардык ички маалыматты жабык кармашат. Маселен, “Залкарды” сатууга байланыштуу ар бир маалыматты жашырышты. Коомчулукка айтканы – аукцион болбой калды. Не дегенде, сатып алуучу жок имиш. Ошону бетке тутуп, баасын 3 жолу арзандатышты, 29 миллион доллар кемип олтуруп, 10дун тегерегине келип олтурат. Эксперттердин баамында, баа атайын түшүрүлүп, көмүскөдөгү сатып алуучунун пайдасын көздөп жатышканы айдан ачык. Потенциалдык сатып алуучулар катары Евразиялык топ – Машкевич менен Кулибаевтерди айтышууда. Бирок, “Залкар банк” да мурдагы “Кыргызөнөржайкурулушбанктын” АУБка оп тартылып кеткениндей, “Кыргызстандын” курамына кирип кетишин божомолдогондор да жок эмес. “Кыргызстан” АКБ кимге таандык экендиги айтпаса да түшүнүктүү.
 
Ошентип, ызы-чуусу көп “АУБдун” активдеринин негизинде пайда болгон “Залкар банк” тегерегиндеги божомолдорго чекит коюла электе, дагы бир шумдуктуу кабар пайда болду. Кеп “Залкардын” жетекчилеринин кантип сайрандап басып жүрүшкөнү тууралуу, алган айлыктары жөнүндө. Биз да кечээ эле түзүлүп, араңдан там-туң баса баштаган “Залкар банктын” жетекчи сөрөйлөрүнүн 2011-жыл ичинде тапкан кирешесин угуп, чынеле жаныбыз кашайды. “Залкар банкынын” башкармалыгынын беш мүчөсү 5 миллион 400 миң сом, директорлор кеңешинин да ушунча сандагы мүчөлөрү 1,2 миллион сом табышыптыр. Ошол замат суроо туулат: бул 10 адам ушунчалык эле гений менеджерлерденби? Алар өзү кимдер? Биз алардын аты-жөнүн тактоо максатында банктын расмий сайтына кирсек, башкармалык, директорлор кеңешинин мүчөлөрү тургай, жетекчиси тууралуу да кашыкча маалымат жок. Мынча жашырынгандарына караганда, анда айтылуу “АзияУниверсалБанктты” куураткан адамдар олтурушкан го. А “АУБду” айтылуу Максим Бакиевдин еврей достору кууратканы белгилүү иш, миллиондорду апрель ыңкылабынын алдында оффшорлорго чыгарып кетип....
 
Негизи эле, банк тармагындагы иш-аракеттер тууралуу коомчулуктун бүйүрүн кызыткан фактылар көп. Алардын бири бюджет кызматкерлеринин маянасынын банктар аркылуу, персоналдык карточкаларына которуу жолу менен берүү идеясы. Ушу тапта маянаны ушинтип алган бюджет мекеме кызматкерлеринин көбүнесеси АКБ “Кыргызстан” аркылуу алышат. Ушунун өзүнөн эле, кызмат көрсөтүүнүн акысы катары Бабановдун банкы канчалаган киреше таап жатат, бир Кудай билет.
 
Же биз бюджет каражаттарын сарптоо жагын алалы. “Майданга” жарыяланган макаладан үзүндү келтирели:
“Былтыр Каржы министрлиги бюджет таңкыстыгын жоюу максатында 8 млрд. сомдук баалуу кагаздарды (вексель түрүндө) чыгарып, коммерциялык банктарга 21 пайыздык үстөк пайызга жайгаштырган. Мунун натыйжасында 2 млрд. сомдон ашуун каражат коммерциялык банктарда “калып”, 2011-жылдын жыйынтыгында коммерциялык банктар ушунун өзүнөн эле 800 млн. сомдун тегерегинде таза киреше алышкан. Чындыгында, коммерциялык банктарга баалуу кагаз түрүндө жайгаштырылган каражаттар бюджеттин керектөөсүнө жумшалуусу тийиш болчу. Канчалаган балдар үйлөрүнүн чатырлары оңдолбой, мектептер, интернаттар жылуулук сезонуна тийиштүү даярдык көрө албай калышты. 2011-жылы өкмөт бул максатта бир сом да каражат бөлгөн эмес да, бюджеттеги акчага баалуу кагаздарды чыгарышып, коммерциялык банктар менен тымызын келишимдин негизинде жайгаштырышып, аларды байытышкан. Жогорудагы фактынын өзүнөн эле өкмөттүн бюджет статьяларын атайылап каржылоону чектегени далилденип олтурат. Эң өкүнүчтүүсү, социалдык багыттагы каржылоо солгундай түшкөн. А жалпысынан, жылдын жыйынтыгы боюнча, бюджет статьялары 3,2 млрд. сомго (казына корундагы калдык) каржыланбай калган.
 
Өмүрбек Бабановду карабайсызбы. Бул фактыны билбегендей түр жасап, ушундан да саясий упай топтоого аракет жасап жатпайбы. Премьер-министр 2011-жылдын аягында өкмөт каржы жылын профицит менен аяктай тургандыгын, тарыхта биринчи ирет келерки жылдын бюджетине 2 млрд. сомдон ашуун каражат өтө турганын билдирген. А бирок, иш башкада тура: булар баалуу кагаздарды чыгарып, андан пайда түшүрүп, анын жыйынтыгында бюджеттин канча чыыгашасы каржыланбай кала берген. Бир да өлкөдө мындай жок. Өзүн сыйлаган мамлекетте бул мамлекеттик кылмыш катары бааланат да, ага катышы бар адамдар мыйзам алдында катуу жазага кириптер болушат. Эми эң кызыгы – баалуу кагаздар “Кыргызстан” АКБ банкы аркылуу да жайгаштырылган. А бул банктын кожоюну болуп, кадимки эле, биз сөз кылып жаткан Ө.Т.Бабанов саналат”.
 
Айтор, кыргыз бийлигинин анабашында тургандардын өлүмжан экономиканы кантип кууратып жатканы илим кудугун казган окумуштуу экономисттер тургай, карапайым адамга да сезилип турат. Анан мына ушундай өкмөт бизди кайда алып барат?!
 
Нурдин Сейитов,
Булак: “Майдан.кg” гезити
Кезегинде ааламдын жарымын багынтып, карт тарыхка таасын из калтырган Чыңгызхан өз элин, мекенин жана колбашчысын саткан жоокерлерди эч качан туткунга алчу эмес тура. Ал өз ханын сатып, ага өтө качкан душмандардын башын суроо-соопкутсуз дароо алчу экен. Мындай катуу тартипти ал өз армиясына да киргизген. Маселен, кимде-ким согушта өз башын корголоп колбашчысын таштай качса же жарадар шеригине жардам бербей койсо, аны өлүм күтчү. Ал эми Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев атактуу Чынгызхандан эмнеси менен айырмаланат? Эгерде Чыңгызхан саткынчы душманын жанына жуутпай жазаласа, А.Атамбаев кечеги саткынчы душмандары менен коюн колтук алышып, бүгүн алардын мактоосуна магдырап жүрөт.
 
Айталы, учурда биринчи вице-премьер болуп иштеп жүргөн Аалы Карашев Өкмөткө А.Атамбаевдин КСДП партиясынын квотасы менен келген. Аалы Карашев кезегинде президент Аскар Акаевдин администрациясында камырдай жуурулуп кызмат кылганы белгилүү. Эч качан өзүнүн принципиалдуу позициясын билдиргенин көргөн же билген жан жок. Сүйлөсө добушу, басса шыбырты угулчу эмес. Аскар Акаев иш сапар менен Жалал-Абадга келерде президент тамактанчу кашык, вилка, табак, чынылардан өйдө өзү текшерип, шефинин көзү менен тең айланып, тост көтөрсө сөзсүз түрдө "улуу урматтуу Аскар Акайычтын ден соолугу үчүн ичели, мен ал үчүн тикемен-тик туруп кызмат кылууга даяр аткошчумун" деп далай ирет айтканын областтын экс-губернатору азыр айтып жүрөт.

Ал эми 2005-жылы Курманбек Бакиев президенттикке келгенде Конституциялык соттун төрайымы, эң жакын кайын эжеси Чолпон Баекованын аркасы менен ал эптеп президенттик администрацияга кайрадан илинди. Алгач уюштуруу бөлүмүнүн катардагы кызматкери болгон Аалы Карашевдин ити тез эле чөп жей баштаганы маалым. Мындай ийгиликтин сыры А.Карашевдин миң кубулма кошоматчылык жана саткынчылык табитинде экенин өзгөндүк "достору" айтып жүрөт. 

Бакиев бийликке келген соң ал: "Бизди Ак үйдө түндүктүктөр эзип жүрчү эле, эми түштүктүк акабыз президент болуп, эркин дем алып, коридордо кең-кесири басып калдык" деп элди түндүк-түштүккө бөлүп, жаш баладай мактанып жүргөнүн азыр да кесиптештери эскерет.

Ал бат эле президенттик администрацияда бөлүм башчынын орунбасары, Ош облусунун губернатору болуп үлкөн кызматка көтөрүлдү. Ошентип Акаевдин бир кездеги ишенимдүү "аткошчусу" Бакиевдин көзгө басар "ляшкарине" айланды. Теледен сүйлөсө добушу өктөм чыгып, чогулушта сөөмөй кезесе колу узарып, бирөөгө ачуусу келсе Шодокондун бүркүтүндөй ормойо карап калды. Анткени ал миң кубулма мүнөзүнө салып жатып, Бакиевдин көкүрөк күчүгү Максимге жакындап калган эле. Губернатор болуп турганда ал генерал Исмаил Исаковду жактап пикетке чыккан алайлыктардын бышып жаткан казанын көмкөрө төктүртүп, элдин бир каргышына калган. Бакиевге каршы чыккан оппозиционерлер Ошко келгенде алардын артынан аңдытып, ОБОНчу аялдарды аларга каршы агыта берчү дешет. 

Бир курдай Максим Бакиев баш болгон ынак чөйрөдө ал өлкө башчысы үчүн тост көтөрүп: "Курманбек Бакиев акам үчүн жанымды берүүгө даярмын, аны биз, түштүктүктөр, эч качан сатпайбыз, саткандарга - өлүм!" - деп айтканын президенттин ошол кездеги жардамчысы Равшан Жамгырчиев азыр да тастыктап берүүгө даяр. "Бакиевди саткандарга - өлүм" деген тост Максимге жакканбы, айтор, ошондон көп өтпөй эле Аалы Карашев Кыргыз Өкмөтүнө вице-премьер министр, үсөновдук аппараттын жетекчиси болуп дайындалды. 

Дегинкиси, Аалы Карашев Ошто губернатор, Өкмөттө вице-премьер болуп иштеп турганда колго аларлык жарытылуу иши менен элдин эсинде калбады. Жеке демилге көтөрүп, элдин турмушун оңдоо боюнча бир да сунуш киргизбептир. Тескерисинче, ЦАРИнин кожоюну Максим Бакиев менен Өкмөт башчы Данияр Үсөнов элдин жонунан кайыш тилип, электр энергияга, жылуулукка жана уюлдук байланышка бааны кескин көтөргөндө, аны дал ушул Аалы Карашев кантип турмушка ашыруунун планын иштеп чыккан. Борбордон министрлерди областтарга ат тезегин кургатпай жөнөтүп, элге туура түшүндүрүү иштерин жүргүзгүлө деп тапшырма берип турган. Андай тапшырмалар А.Карашевдин колу менен ал кездеги облус губернаторлоруна, шаар мэрлерине, тийешелүү министрликтерге байма-бай жөнөтүлгөнү маалым. Окурмандар кааласа, Өкмөттүн электр энергияга, жылуулукка жана уюлдук байланышка бааны көтөрүү боюнча түшүндүрүү иштери тууралуу Аалы Карашев кол койгон иш-чаралардын көчүрмөсүн берүүгө да даярбыз! 

Бирок, карапайым калк вице-премьер А.Карашев жүргүзгөн түшүндүрүү иштерин "туура" түшүн­бөй, 2010-жылы 7-апрелде Ак үй алдында тынч митингге чыккандар бейкүнө атылып, адам каны суудай агып жатканда Аалы Карашев 7-кабаттагы иш бөлмөсүнөн улам сорок этип карап, кайра жашынып турган. Ал кезде Америкада иш сапарда жүргөн ЦАРИИ башчысы Максим Бакиев бир нече ирет Карашевге чалып, жалпы кырдаал тууралуу андан маалымат алып турганы белгилүү. Аны Президенттик секретариаттын жетекчиси Оксана Малеванная өз кезегинде айтып чыккан. 

Ошентип, 2010-жылы 7-апрелде өлкөдө бийлик алмашты. 90 адам бейкүнөө шейит кетти. Курманбек Бакиев өлкөнү канга бөлөп, Минскиге качып чыкты. Бирок бир кезде Максим Бакиевдин алдында тост айтып жүргөн Аалы Карашев президент "акаси" үчүн жанын курмандыкка чалбай койду. Жан таттуу болсо керек! Тескерисинче, куйругун шарт кесип, өңүн өзгөртүп алган кескелдириктей, тага журту болгон Кочкорго барып, башын коңулга катып жатып алды. Психологиялык шок өткөн соң акырын жылып Ошко келди. 

Ошо жылы 10-июнда Ошто улуттар аралык от тутанып кеткенде Акаевдин "аткошчусу", Бакиевдин "ляшкари" кайрадан куйругун түйүп Бишкекке качты. Бир кезде өзү башкарган облустун көп улуттуу элине кайрылып, аларды ынтымак-ырашкерликке үндөгөнгө да жарабады. Жада калса эл алдына чыгып, өзү менен облуста чогуу иштешкен жамаатты сурап коюуга дарамети жеткен жок. Антүүгө анын табиятынан кошо жаралган кошоматчылык касиети жана коркоктук сапаты жол берген жок.

Өлкөдө жаңы Конституция кабыл алынып, парламенттик шайлоо өткүчө Аалы Карашев өзүнүн саясый көз карашын ачык билдирген жок. Коңулдан баш чыгарбай, өз саатын күтүп жатты. Анткени анын мүнөзү ушундай. Идея үчүн эч качан күрөшпөйт. Күрөшүп да көргөн эмес. Андан көрө кожоюнга лепилдеп, кошоматтанып кызмат кылып, бийликтин бийик сересинде шапар курганды артык көрөт. 

Кара басып, 2010-жылдын аягына чейин ким өлкөдөгү эки тизгин, бир чылбырды колго алары ачык билинбей койду. Саясий тиреш катуу жүрдү. Парламенттик шайлоодо кайсы партиянын ташы айкүр турат, азырынча белгисиз эле. Ал эми А.Карашев "жаңы кожоюндун" бийликке келишин чыдамсыздык менен күттү. Себеби ал "жаңы кожоюнду" тандоодо эч бир адашпашы керек болчу. Ошол үчүн тиги же бул партияга барам деп баш оорутпады. Болгону, таразанын ташы кай тарапка оойт, ошол мерчемди күттү. О, илгери, кытай акылманы Конфуций айткан тура: "Сабыр тутуп, өз саатыңды күтө билсең, коңшу дайрадан душманыңдын сөөгү агып өткөнүн көрөсүң". Бу жагынан Аалы Карашев байыркы акылмандын насаатын так аткарды. 

Жытчыл мурду олжону алыстан сезген чөөдөй болуп, Атамбаевдин президент болорун түшүнгөндөн кийин "жаңы кожоюндун" көз кырына илинүү милдети турду. Дегинкиси, Аалы Карашев мындайда кайын журт тарабынан жолдуу экен. Акаев менен Бакиев заманында ал бийлик сересине кайын эжеси Чолпон Баекованын көмөгү менен жетсе, "жаңы кожоюндун" көзүнө ал көздөй балдызы Индира Жолдубаеванын жардамы менен илинди дешет билгендер. 

Бир кезде "Бакиевди саткандарга - өлүм!" деп тост көтөргөн үлкөн чиновниктин эми бүткүл элдин көзүнчө жүзүн шарт өзгөртүп, ыңкылапчыл Атамбаевдин "аткошчусу" болуп чыга келгенине таң калгандар арбын. 

Учурда ал Өкмөттө Темир Сариев менен Алманбет Шыкмаматов сыяктуу ыңкылапчыл министрлерди башкарып жүрөт. Карапайым калк мындай адилетсиз чечим үчүн азыр да президент А.Атамбаевге нааразы. Ошол үчүн ыңкылапка катышкан калк менен 7-апрелде шейит кеткендердин ага-туугандары президент Атамбаевди "бакиевчил чөөлөр тегеректеп алды" деп сындашууда. 
 
Нурсултан Ибрагимов, Ош шаары
Булак: "Де факто" 
“Kyrgyztoday” сайтынын почтасына Алина Алимбекова аттуу кыздан кызык кат түшкөн экен. Алина КТРКнын мурунку кызматкери. Учурда Москвада жашап, Бейөкмөт уюмдарынын биринде эркин журналист болуп эмгектенет. Алыста болгонуна карабастан, өзү иштеп кеткен каналда болуп жаткан акыркы жаңылыктарга кызыктар болуп турат. Ошол Алина айымдын Кыргызстандагы кесиптеши менен сүйлөшкөн сөзү жазылган катты “ишенсеңер да, ишенбесеңер да өз тандооңор” таризинде “Kyrgyztoday” сайты эч өзгөртүүсүз жарыялаган экен. Биз да окурмандарга сунуштоону эп көрүп, кыргыз тилине котордук. 

Алинанын баш сөзү

Абдил Сегизбаев президент Атамбаевдин пресс-кызматын жетектегенден тартып КТРКга кысым көрсөтө баштаптыр. Ал убагында Акаевдин пресс-катчысы болуп иштеген. Эми ошондогу колдонгон ыкмаларын азыр да “түртө” баштаптыр. КТРКнын кызматкерлеринин айтымында, Абдил мырза Атамбаевдин аты аталган кандай материал болбосун, кийлигишип жатып калат экен. Кыскасы, эски нерсе кайра жаңырып баштаптыр.

Мен бир жарым жылдан бери INTELSAT 904 спутниги аркылуу кыргыз ТВсын тынбай көрөм. Өзгөчө 1-канал менен 5-каналды. Акыркы күндөрү чын эле жаңылыктардын эрежесин бузуп, Атамбаев жөнүндө кенен 10 мүнөттөн сюжеттерди кетирип жатышканын байкадым. Мисалы, Атамбаевдин сүйлөгөн сөзүнө эксперттердин комментарийи жок. Жакында Бишкектеги кесиптешиме телефон чалып, өзүбүзчө аркы-беркини сүйлөшкөн соң, КТРКдагы абалдын кандай экенин сурадым.

Алина: Күндүн актуалдуу темасы болбосо деле, өлкөнүн президентин эфирден тынбай берчү болдуңар?

УТРКнын кызматкери: Туура айтасың, а андан башка кандай кылмак элек? Мактагыбыз келбесе да, ошенткенге туура келет. Роза Отунбаеванын убагында ММКлар эркинди сезип калганбыз. Ал кыргыз тилдүү прессаларга нааразычылыгын айтканы менен, аларга каршы эч нерсе жасаган эмес.

Алина: Отунбаева менен иштешүү жеңил болгон экен да?..

УТРКнын кызматкери: Албетте. Мисалы, биз анын музейдеги визитин тарткан болсок, бокс анан синхрон (маалыматтык кыска текст жана кыска интервью) берип койчубуз. Мындайча айтканда, журналист бокс беришти же сюжет беришти өзү билчү. Ал катышкан жаңылык актуалдуулугуна жараша, кээде башында, кээде ортосунда, керек болсо аягына деле кете берчү. Ал буга таарынчу эмес. А азыр андай жок. Атамбаев катышкан ар бир иш-чарага камераны көтөрүп жөнөмөй, андан сөзсүз түрдө көз карандысыз пикир же сын айтылбаган сюжет же атайын репортаж даярдамай.

Алина: “Таарынчу эмес” деген сөздү айттың. Жакшылап токтоло кетсең?

УТРКнын кызматкери:
Түз эле маанисинде айттым. Азыр президенттин гана эмес, премьердин, парламенттин пресс-кызматы жаныбызды коюшпайт. Эгерде премьердин кайрылуусун спикерден көбүрөөк берип койсок, сөзсүз редакцияга телефон чалып, түшүндүрүүбүздү талап кылышат. Ушундай. Канал коомдук болгону менен үстүдөн “диктовка” кылып турушат.

Алина: Ошентсе да өзгөчө кимиси буга көп көңүл бурат?

УТРКнын кызматкери: Менимче, буга көзөмөлдү чоңдор өздөрү кылышат окшойт. Алар пресс-кызматынын экрандан өздөрүн кандай көргүсү келсе, ошондой талап коюшат өңдүү. Мисалы, журналист Султан Каназаров Роза Отунбаеванын убагында пресс-катчы болуп иштеп жүргөн. Бирок, анда ал өзүн таптакыр башкача алып жүрчү, тагыраак айтканда, бизге кийлигишчү эмес. А азыр ал Султан жок. “Бабановду жакшы айткыла, жакшы жагын көрсөткүлө” деп жанталашып турат. (Өзүнүн эле НТС каналынан каалашынча чыга бербейби десең.) Демек, мындай пиарды Бабанов каалайт, Султан эмес.

Алина: Абдил Сегизбаев да “диктовкасын” улантып жатат деп атасыз?..

УТРКнын кызматкери: Күчөтүлгөн түрдө кысым кылууда. Ал пресс-катчы болуп жаңыдан дайындалганда, журналисттер аны менен жолукканбыз. Ошондо “Ну, ТВшники, силерде лафа турбайбы, президентти каалагандай маанайда берет экенсиңер!” деген эле да. “Алар азыр коомдук канал, бизди угушпайт” деген дагы бир пресс-кызматчынын сөзүнө, “Андай болбойт, угуш керек!” деп айтканын уккандар айтышкан.

Алина: Анан?

УТРКнын кызматкери: Ошо, ал сөзүнө турду. Дайындалган күндүн эртеси эле телевидениеде пайда болгон. Ошондон бери көзөмөлдөп турат.

Алина: Кантип көзөмөлдөйт? Тагыраак айтсаңыз?..

УТРКнын кызматкери: Редакцияга телефон чалат, “минткиле, тигинткиле” деп. Эми президент жөнүндө кеп болору түшүнүктүү эле да. Мисалы, Атамбаевдин катышуусундагы бир иш-чараны журналист жазып бүткөн соң, ал текст Абдилдин электрондук почтасына салынат. Бирок, бул ал кабинетинде болгондо гана салынат. Болбосо, ал өзү дайыма эле ушу жерде жүрөт. Журналисттер “Сегизбаев биякка деле бир кабинет ачып алса болмок” деп тамашалашкандай эле бар. Кыскасы, тексттин кайсы жерине алымча-кошумча керектигин айтат, кимден интервью алышты сунуштайт. Керек болсо алардын телефон номурларынан өйдө өзү таап берет.

Алина: Анда ал автор өзү болуп алат турбайбы?..

УТРКнын кызматкери: Дээрлик ошондой эле. Көрүүчүлөр Атамбаевди мактаган гана көрсөтүүлөрдү угуп, көрүп атышат. Мындай көрүнүш, албетте, өкүнүчтүү. Биз Отунбаеванын убагындагы 2 жылда элдин ишенимине кирип калдык эле. Азыр эл деле канал өзгөргөнүн байкап жатса керек. Алар келесоо эмес да. Акаевдин, Бакиевдин учурунда да ушундай болгон. Эмне болгон күндө да, канал эркин болушу керек. Албетте, биз деле өлкө башчыларынын негативдүү гана жактарын издеп турушубуз керек (!) дегенден алысмын, бирок, чынында ошондой көрүнүштөр болсо, аны эмне үчүн элден жашырышыбыз керек?

Алина: Бул ыкманы журналисттер кандай кабыл алдыңар?

УТРКнын кызматкери: Албетте, нааразы болдук, маанайыбыз чөктү. Көрүүчүлөр алдында уялдык. “Кайра артка кетип, таз кейпибизге келебизби?” деп кейидик. Мурда президент, премьерлер жөнүндө жазып жүрүшкөн журналисттер, азыр тапшырма алгандан качып, баш тартып калышты. Анткени, алар эркин жазып көнүп калышкан. Анан эле “минтип жаз, тигинтип жаз” деп атса, ким эле жазгысы келсин?! Жазганыңды редакторуң эмес, Сегизбаев текшерип атса... Керек болсо, материалын айтып бүткөн журналист акырында айтылчу фамилиясын айткандан да уялып калды. Келип алышып, ТВнын эрежелерин бузуп, эркин эфир сурашат. Жаңылыктардын сюжети 2-3 мүнөт убакыттан ашпашы керек, бирок, өзүңөр көрүп жатасыңар да, 15 мүнөткө чейин созулуп кетип жатканын. Эфир бүткөн соң, кээ бир көрүүчүлөр телефон чалып, нааразы болуп атышат. Айрымдар дароо эле урушуп киришет. Аларга ачык эле “биз эмес, пресс-кызматы” деп айтканга туура келүүдө.

Алина: Сегизбаев ТВда көпкө отуруп кетеби?

УТРКнын кызматкери: Материал даяр болмоюн каналдын жетекчисинин кабинетинде, даяр болгондон кийин редакциянын өзүндө отурат. Андан соң журналист менен бирдикте монтаж кабинетине өтөт да, ар бир кадрдан бери көзөмөлдөп баштайт. Бери жакта көрүп тургандар “Акаевге ушундай кызмат кылды эле, эми Атамбаевге. Эгерде дагы бир революция болсо, мурда аяган немелер (2005-жылкы революцияда Абдилди аз-маз сабап кетишкен ) азыр эч аябай сабап, сазайын беришмек” дешип баш чайкашат.

Алина: А жетекчилик мындай кысымга кандай карап атат?

УТРКнын кызматкери: Алар деле нааразы. Бирок, алар эмне кылышмак эле? Биз сыяктуу эле аларга деле жумуш керек да.
 
Которгон
Эльмира Мадиева,
“Учур”

 

Республиканын автоунаа жолдору стратегиялык маанилүү объект болуп саналат, ошондуктан, жолчулардын көйгөйлөрүнө ар убакта тике кароо абзел, болбосо, өлкөнүн бүтүндүгү менен коопсуздугу жолго карата жасаган мамлекеттин мамилесинен да толугу менен көз каранды. Бирок, өлкөнүн эгемендүүлүгүнөн бери автоунаа жолдору аталган тармактын жетекчилеринин жана алардын колдоочуларынын жеке мүдөөсүн канааттандыруучу тажрыйбалардын полигону болуп келүүдө.
 
Автоунаа жолдору өлкөнүн транспорт системасынын олуттуу бир бөлүгү болуп саналат. Автожолдордун ички тармагынын өнүгүшү өлкө ичиндеги байланыштарды жөнгө салып, транспортчуларды коңшулаш мамлекеттердин жол түйүнүнө чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Бирок, биздин жолдорубуз аман эле болсун. Жол тармагына көп миллиондогон каражаттар жумшалып келингендигине карабастан, сапаты начар бойдон калып, тескерисинче, өлкөнүн биринчи адамдарынын жакындарынын жана бийликтеги бир ууч шылуундардын байышына гана өбөлгө түзүп келет. Жол кызматын колдонуучулардын жана экономиканын муктаждыктарына ылайык жол түйүнүн ыкчам өнүктүрүүнү камсыздоо максатында жолдордун сапатын жакшыртуу боюнча шашылыш чараларды көрүү зарылдыгы ачык айкын көрүнүп турат.
 
 Эске салсак, совет мезгилинде эле жол чарбасын реформалоо боюнча аракеттер жүргөн. Мисалы, 1987-жылы мамкурулуш системасына Жол-курулуш тресттери жана алардын өндүрүш базалары берилген. «Кыргызжолтрансдолбоору» мамлекеттик институту да ушуга кошулган. Бирок, мамлекет өндүрүштүк жана граждандык курулуштун жумушчуларынын максаттары жол курулушунун стратегиялык максаттарынан түп-тамыры менен айырмалана тургандыгын түшүнүп, 1989-жылы өз жаңылыштыгын оңдогон. Ошондон тарта курулушка жол курулушчуларынын профилдик эмес обьектилери тартылбай калган. Бул жышаналуу көрүнүш көпкө узабады. «Арадан жарым жыл өтпөй» деген ырдагыдай Кыргыз ССРинин министрлер совети «Кыргызавтожолдору» (ГПО) мамишканасын түзөт. Мамлекет ашмалтайын чыгарып, ага «Чүйжолкурулуш» базасынын негизинде уюшулган автомобиль жолдорун өндүрүштүк-линиялык жетектөө мекемесин (ПЛУАД) кошот. Муну менен жетекчилик жолдорду куруу жана эксплуатациялоо стратегиясын бир колго топтоп, жол тармагын бирдиктүү өндүрүштүк-техникалык саясаттын негизинде илимий-техникалык прогрессти ыкчамдатууну көздөгөн. Албетте, кулакка жакшы угулганы менен эбегейсиз көп тармактуу «ажыдаар» өзүнүн натыйжасыздыгын көрсөттү. 1990-жылдын март айында мамлекет жол чарбасын башкаруунун мурдагы системасына кайтып келди: министрлик- тресттер - ПЛУАД – төмөнкү звенолор (СМУ, ДСУ, ДЭУ жана РДСУ). Баары эле жөнгө салына баштагансыган, бирок, кайрадан кетменге чекебизди урдук. Мамлекет курамына 82 чарбалык субъект жана 35 акционердик коом кирген «Кыргызжол» мамлекеттик акционердик-холдинг компаниясын уюштурду. Ошентип, менчик формаларынын ортосунда карама-каршылыктар башталды. Мамлекеттик жана жеке бизнести бириктирүүгө мүмкүнчүлүк болбоду. Азыркы тапта деле акционердик коомдор (ДЭУ жана РДСУ) тийешелүү иш алып бара алган жок. алар эбак жараксыз деп табылган. Бул нюанстардын баарын эсепке алып, КРнын транспорт министрлиги «Кыргызжол» ишканасынан бир нече акционердик коомдорду бөлүп алып, Кыргызжолдору» компаниясына бириктирди, ал эми мамишканалар автомобиль жолдору 1995-жылдын 1-мартында департаментинин башкармалыгына өттү. Бул жол тармагынын тарыхындагы дагы бир орой ката болуп калды. Ал жаңылыштыгын оңдоого далалат жасаган Транспорт министрлиги автожолдору департаменинин курамына эки бөлүм ачып, кезектеги маселеге тушукту. Кийин департамент КРнын транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы автомобиль жолдорун эксплуатациялоо боюнча бөлүм болуп кайра түзүлдү.
 
1997-жылы жол чарбачылыгын башкаруу системасы толугу менен кайрадан уюшулуп, РДСУ жоюлду. Жол-эксплуатациялык участкалардын (ДЭУ) аталышы жол –эксплуатациалык пункттар деп өзгөрүп, кызматкерлердин кескин кыскаруусуна алып келди. Жол чарбачылыгынын техникалык абалы начарлады. Квалификациялуу жолчулар менен жол-курулуш техникасынын айдоочулары кыскартылды. Бул катачылыктардын баары Транспорт жана коммуникация министрлигине Сулайманов Нурланбек Чолпонбаевич дайындалгандан кийин шоона эшпей калгансыды. Башкача айтканда, катачылыктар эмей эле, зыянкечтик башталды десек жарашат. Аныкталган адамдардын астында жол чарбачылыгын башкаруу структурасынында ашык бөлүмдөр ачылды. Мисалы, «Бишкек-Нарын-Торугарт» жолдорун башкаруу жетекчилиги ачылып, президент Бакиевдин “эркеси” Н.С.Субанбеков дайындалды. Анын шаңдуу жана бай жашашы үчүн №1 ПЛУАДдан «Бишкек-Нарын-Торугарт» башкармалыгына №32, 34, 39-ДЭПтер бөлүнүп берилди, ал эми № 3- ПЛУАДдын курамынан Субанбековго № 41, 955, 957-ДЭПтер кошулду. Буга чейин ал көптөгөн ДЭПтерди банкрот кылууга үлгүрүп, бир нечесинин мүлкүн сатып жиберген. Субанбековдун төбөсү кайда гана көрүнбөсүн, мейли, начальник, мейли, техник болсун, жол тармагындагы жабдуулардын баарын кытайлык бизнесмендерге металлоломго сатып келгенин айтышат. Жолду тейлөөгө келсек, анын сапаты Сулаймановтун тушунда деле жакшырган жок. Бирок, аны башкаруу акчаларды жеке кызыкчылыгына жумшоого жолтоо болгон жок. Нурлан Сулайманов өзүнүн «реформасын» улантты. № 2 ПЛУАДды жок кылып, анын базасында «Ош-Сарыташ-Иркештам» жолдорун башкаруу мекемесин түздү. Ал эми №7 ПЛУАДдын базасында «ОШ-Баткен-Исфана» жолдорун башкаруу башкармалыгы түзүлдү. Бул стратегиялык трассанын абалы учурда белгилүү. Мунун баары аталган жолдорду эксплуатациялоону көзөмөлдөөнү күчөтүү үчүн керек болгон. Бирок, эл аралык долбоорлор боюнча жолдорду жөнгө салууну транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы төрт бөлүм жүзөгө ашырат. Бул бөлүмдөрдүн кызматкерлери 1000 долларга чейин айлык маяна алышат. 2008-жылы транспорт жана коммуникация министрлиги «Кыргыз-ТРЭК» жеке ишканасы менен долбоорго кол койгон. Бул жеке ишкана министрдин өзүнө таандык болуп, жалпы республика боюнча жол курулуштарын жана жолдорду оңдоп түзөө иштерин кабыл алып, көзөмөл кылууга тийиш болгон. Транспорт министрлиги бул максатта аталган жеке ишканага ар бир жол башкармалыгынан 3 млн. сомдон бөлүп турган. Адистердин айтымында, бул каражатка жыл сайын 11-12 километр аралыктагы асфальт жолун куруу мүмкүн болчу. Айтмакчы, жолдорду “өткөрүп алуучулар” жол куруу тармагында эле эмес, керек болсо, курулуш тармагы боюнча деле адис болбой эле койсо болмок. Бирок, анын катардагы кызматкери 20 миң сомго жакын каражат айлык маяна алат. Жеке фирма мамлекеттик ишкананы көзөмөлдөгөн биздин өлкөдө гана болушу мүмкүн. Бул фирма жолдорду куруу ишине гана кийлигишпестен, жолчулардын алдында өздөрүнүн талаптарын коюп, КРнын архитектура жана курулуш боюнча агенттигинин функциясын мойнуна алып, өздөрүнүн баасын чыгарат. «Бишкек-Ош» жолу курулуп, эксплуатацияга берилди. Бирок, башкармалык дагы эле бюджеттен олчойгон каражаттарды Өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин чиновниктери үчүн деп шыпырып алып жатат. Кыргыз Республикасынын жолдоруна байланыштуу “тажрыйбалар” улантылып келе жатат. 2010-жылдын 12-февралында “Кыргызавтожолдору” мамлекеттик ишканасы түзүлдү. Аппараттын саны 40 адам. Ошол эле убакта министрликтин аппаратында Автомобиль жолдрунун башкармалыгы бар. Бул эки башкаруучу структуранын кызматкерлеринин айлык маяналары айына 20 миң сомду түзөт. Ошол эле убакта жолдорду куруу жана оңдоп-түзөө боюнча жумуштардын баарын аткарып жаткан кызматкерлердин маяналары 4 миң 500 сомдон ашпайт. 2010-жылдагы кандуу апрель окуяларынан кийин Өкмөттүн 2010-жылдын 3-сентябрындагы №188 токтому менен “Кыргызавтожолдору” мамишканасы транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы жол чарба департаменти болуп кайра уюшулду. Мунун баары бардык ПЛУАДдарды жана мамишкананын кызматкерлерин жоюу аркылуу ишке ашты. Департаментте техникалык жетекчилик жок, кызматкерлер маалымат чогултуу менен гана алектенишет. Өлкөнүн жолдору боюнчра эч кандай иш жүрбөйт, жөн гана кагаздарды толтуруу менен убакыт өткөрүшөт. Профессионал адистерди сабатсыз жана тажрыйбасыз кызматкерлер алмаштырган, алар жада калса техникалык сабаттуулук дегенден да түшүнүгү жок.
Жолчу адистердин айтымында, башкаруу системасы төмөнкүдөй жүргүзүлүүсү зарыл: Транспорт жана коммуникация министрлиги. Министрликтин аппаратында - Автомобиль жолдору башкармалыгы – Жолдук-эксплуатациялык ишкана (ДЭП).
 
Болгону ушул үч деңгээл, мындан ашыктын кереги жок. Каражат да үнөмдөлөт, иштин сапаты да жакшырат. Адистердин пикиринде, Жол чарба департаментин, “Бишкек-Ош”, “Ош-Баткен-Исфана” башкы дирекцияларын жоюу керек жана ПЛУАДдарды калыбына келтирүү керек жана республиканын облустарында аймак боюнча жайгаштыруу. Өлкөнүн бюджети дал-далынан сүзүлгөндө транспорт министрлигинин жетекчилиги баягы эле кетмендерди чекеси менен сүзүп жатышат. Бул бир эмес, онунчу жолу кайталанып отуру. Эмне үчүн ар бир министр министрликтин алдындагы кошумча башкаруу структурасын жоюп, кайра түзүп, өзүнүн адамдарын алып жатканы белгисиз. Бирок, жолчулар мамлекет жөнүндө ойлонууга убакыт жетти деп эсептешет. Кезектеги министрдин кулкуну тойгончо күтүп олтурганга мүмкүн эмес. Адамдын көзү топуракка гана тоёт. Акыры министрликтин алдында жеке менчик ишкана ачууга болбойт ко. Жеке ишканаларды тендер боюнча жолдорду курууга алса болот. Министрликтин алдындагы көзөмөлдөөчү структураларды кыскартуунун эсебинен жол курулушчуларынын маянасын жогорулатып, мезгил-мезгили менен жол-курулуш техникасын жаңылап баштоо зарыл. Бирок, эң башкы ишканалары болуп жолдорду куруп жатышкан ПЛУАДдар менен ДЭПтер болууга тийиш. Алардын техникалык жабдуусунун тамтыгы чыккан. Короодо 21-кылым болсо да, кыш мезгилинде жолчулар күрөктөр менен туз, кум ташып жүрүшөт. Мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн каалоо болсо, бардыгын уюштуруп коюу мүмкүн эле, Департаменттин алдындагы пайдасыз башкармалыктардын бирөөсүн болсо да, жоюп, эң заманбап техника сатып алууга эмнеге болбосун? Азыркы тапта ПЛУАДдар менен ДЭПтерди менчиктештирип алып, министриликтеги жана анын бөлүмдөрүндөгү бирин бири кайталагант бөлүмдөрдү жоюп, заманбап техниканы сатып алып, ошол эле кезде мамлекеттин эсебинен эксплуатациялап жана көп өлчөмдөгү кирешелерди алууну каалагандар четтен табылат. Бирок, буга адистердин айтымында, эл жол бербейт. Жол-курулуш тармагынын кадр саясатындагы бардык мүчүлүштүктөрдү жөнгө салуу зарыл. Совет убагында билим алган инженердик-техникалык кызматкерлердин жогорку жана орто техникалык билимдерге ээ, ал эми азыркы жаштардын адистик билимдери жокко эсе. Алар автожолдорун куруу боюнча университеттерди бүтүп жатса да, билимдери жок. Министерлик кесипкөй жумушчу кадрларды даярдап чыгышы зарыл. Өз базасында жок дегенде бир профессионалдык-техникалык окуу жайын ачышы же башка ПТУлардын алдында “жол курулушчусу” адистиги боюнча окуу бөлүмдөрүн ачуусу мезгилдин кечиктирилгис талабы. Ошондо гана Кыргызстандын жолдорунун келечеги болот. Азыркы колдонулуп жаткан техникалар жыйырма жылдан бери капиталдык оңдоп-түзөтүүлөрдөн өтө элек. Жолчулар өз адистигине берилгендиктен гана өз каражаттарынын эсебинен запастык бөлүктөрүн таап, ал гана эмес ата мекендик ширетүүчүлөрдөн суранып, кандай болбосун, биздин жолдордун каны жүгүрүп туруусуна күч үрөп жатышат. 
 
«Биздин муну айтып жаткандыгыбыздын себеби, бизде жакшы иштеген автослесарлар да жок. 4 миң сом маянага эч кимдин иштегиси келбейт. Анын үстүнө алар биринин үстүнөн бири текшерип келген начальниктердин жол курулушу боюнча түшүнүгү да жок экенин, бирок, ошол эле кезде алар он эсе айлык алып жатышканын көрүп турушат да, өз үйлөрүндө же автотейлөө жайларында иштөөнү артык көрүшөт”, - деп кейип-кепчишет автожолчулар.
 
2012-жылдын башы менен транспорт жана коммуникация министри болуп депутат Текебаевтин жакын досу, «Авангардстиль» ЖЧК курулуш ишканасынын кожоюну Султанов Калыкбек Иманалиевич шайланды. Жолчулар муну менен жол-курулуш индустриясынын күнү бүттү деп эсептешүүдө. Кызматка киргенине үч ай боло элек жатып, министрдин фирмасы аталган тармакка өз өкүмүн жүргзүп жатат. Анысы аз келгенсип, курулуш менен “кызыкчылыктардын конфликти” бар министр-ишкер Жол-эксплуатациялык пункттарын (ДЭП) жеке менчиктин колуна берүүнү чечти, башкача айтканда, алардан өзүнүн курулуш фирмасынын структуралык бөлүгү кылууну чечти. Алдыдагы аракеттерин аңдоо кыйын эмес. Бүтүндөй курулуш техникасы эми ДЭПтердин ортосунда бөлүштүрүлөт. Аларды банкроттукка алып келип, «Авангардстиль» металлоломдун баасы менен ДЭПтердин барюдык техникасын сатып алат. Ал эми бул үчүн үч ай эле жетиштүү. Трансминге жолдорду жасоо боюнча каражат бөлбөй кой, ДЭПтерди өзүн өзү актоого коё бер да, муну реформанын кылмыштуу аракети деп эсептей бер, болгону ушу…
 
«Жолдор ар убакта бардык жерде дотациялык болуп келген жана боло бермекчи. Болгону трассальардын айрым бөлүктөрү гана жеке ээликте болушу мүмкүн. Андан өтүүгө көп каражаатар алынат. Бирок, аларга альтернативдүү жолдор – мамлекеттик жолдор. Жол курулуш тармагын приватташтыруу мүмкүн, бирок, алардын курулуп жаткан, төмөнкү жана оңдоого берилген структуралык бөлүмдөрүн, б.а. ДЭПтерди жеке менчикке берүү мамлекетке каршы кылмыш иши” деп эсептешет жолчулар. Бизнесмен-курулушчу Султанов Калыкбек Иманалиевич «Авангардстилдин» кызыкчылыгы үчүн ДЭПтерди менчиктештиргиси келип жатат. Антсе да, ал мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Албетте, ал уурдабаса да, бардык келишимдерди өзүнүн ишканасына бере турганы шексиз. Болбосо, анын бизнесмен экени кайсы? Ал эми анын  фирмалары аркылуу менчиктештирилген ДЭПтер кайрадан бюджеттен дотация ала баштайт. Мамлекеттин колдоосу жок эле өлкө өзүнүн башкы стратегиялык артериясын – автомобиль жолдору жок болот. Ага чейин Султанов Калыкбек финансы министри Акылбек Жапаровдун эки ата өтүшкөн тууганы Макеев Туратбек Кадыкеевичти «Бишкек-Нарын-Торугарт» жолдорун башкаруу мекемесинин начальниги кылып дайындады. Султанов эмне үчүн башкармалыктын жетекчилерин алмаштырды? Макеев, биринчиден, анын тууганы, ал иштеген жерде арматура да калбайт. Ал бардыгын темирге өткөрүп жиеберет. Мисалы, Макеев Туратбек, «Асфальтобетон» Акнын начальниги болуп турганда 13 асфальт-бетон заводун бириктирип, бардык жабдууларды кытайлык бизнесмендерге металлоломго өткөрүп, акчасын өз чөнтөгүнө салып койгон. Ал эми «Асфальт-бетон» Ак Коммуникация жана транспорт министрлигинин тарыхында мамлекеттик менчикти кантип жең ичинен жесе боло тургандыгын көрсөткөн көрсөтмө курал катары гана калды. Кесиптештери жана кол алдында иштегендер Макеевди бекер жеринен «металлист» деп аташпаса керек. Экинчиден, ал каржы министри Акылбек Жапаровтун бир тууган жээни. Ошон үчүн К.И.Султанов жол-курулуш тармагынын негизги техникалык каржаттарын менчиктештирүү боюнча жаңы коррупциялык схеманы түзө баштады. Ал эми «металлист» Т.К.Макеев ага Каржы министрлиги менен «Авангардстиль» ЖЧКсынын ортосундагы көпүрө болуп бериши үчүн керек, башкача айтканда, «Бишкек-Нарын-Торугарт» автожолун реконструкциялоо үчүн бөлүнгөн насыяларды жана гранттарды “жеп”, өз убагында каржылоону алып туруу үчүн башкы фигурант, анын кесиптештери айткандай, “Туратбек Кадыкеевич кудай берген “кыйратуучу”.
Ырысбек Өмүрзаков
“Майдан.kg”
 

 

 Кечээ жакында Баткенде болгон оппозициянын митингинде баткендиктер Алмазбек Атамбаев тууралуу да сөз козгоп кетти. Шайлоо өнөктүгүндө ал Лейлектен Кызыл-Кыяга чейин кыдырып, өзүнүн ата-бабалары Баткенден экенин айтып, мактанып, саймедиреп келген. Бирок, президенттик тактыга келгени ал бир да жолу кайрылып, ыраазылыгын билдирген эмес. Эгерде Атамбав чын эле Баткенден болсо, анда эмне үчүн жалпы элди чогулткан оппозициянын алдына келип, бир ооз пикирин айтууга жарабады. Же “баткенчимин” дегени жөн гана эшегин ылайдан өткөрүү үчүн айтылган кеп беле? 
 
“Майдан.kg

 

Кыргызстанда жаштар уюмдары жарандык паспорт даярдаган жеке фирма маалыматтардын баарын өздөрү каалагандай пайдаланып, өлкөнүн жана жарандардын коопсуздугуна коркунуч келтирет деп чуу көтөрүүдө.
  •  
“Эркин Эл”, “Ынтымак” жаштар кыймылдарынын өкүлдөрү, жаш активисттер паспорт даярдоону мамлекет өз колуна алсын деген талаптарын айтып чыгышты. Мындай кайрылуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, өкмөт башчы Өмүрбек Бабановго жөнөтүлдү. Алар жарандык паспорт даярдаган жеке фирма маалыматтардын баарын өздөрү каалагандай пайдаланып, өлкөнүн жана жарандардын коопсуздугуна коркунуч келтирүүдө деп билдирүүдө. 

“Эркин Эл” жаштардын саясий кыймылынын мүчөсү Айбек Мырза буга чейин Кыргызстандын паспорту менен сойку кыздар, экстремисттик уюмдун өкүлдөрү делген адамдар кармалганын мисалга алды.

- Көптөгөн өнүккөн, өзүн сыйлаган өлкөлөрдө паспорт маселесин мамлекет өзүнө алган. Тилекке каршы Кыргызстанда муну жеке ишканага берип коюп, көптөгөн азаптарды тартып атабыз. Мисалы Кавказ улутундагы жарандар Кыргызстандын жарандыгын алып, кайра Орусиянын жарандыгын алган. Ошол эле сойку кыздарды Кыргызстан аркылуу Араб мамлекеттерине чыгарышкан мамлекеттин кадыр-баркын түшүрүп. АКШда биздин паспорттор менен террористтер, экстремисттер кармалган. Ошондуктан паспорт маселесин жеке компанияга толук ишенип берип койгон туура эмес.

Кыргызстанда паспортторду даярдап басуу менен жети жылдан бери “Интел Линкс” жеке ишканасы алектенет. Паспорт маселеси, анын ичинде “Интел Линкстин” ишмердүүлүгүн текшерүү зарылдыгы буга чейин да бир нече ирет көтөрүлгөн.

Парламенттеги “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев акыркы кезде кыргыз паспорттору чет элдик жарандарга берилип жатканын парламент жыйынында айтканы бар. ДепутатЖылдызкан Жолдошева паспорт кимге, кандай берилип жатканы көзөмөлгө алынбай жатканын белгиледи.

- Бир жылы Октябрь райондук паспорт столдон ири суммадагы паспорт жоголгон. Азыр ошолор Ооганстандан, башка жактардан чыгып атат. Ар кандай күчтөргө ким берип жатканын биз билбейбиз, жеке ишкана эмне кылып атат, кимдерге берип атат аны да билбейбиз. Көзөмөл жок. Жеке адамдардын дагы коопсуздугун сакташыбыз керек да. Мамлекеттин коопсуздугун, элдин тагдырын жеке менчик компаниянын карамагына өткөрүп бердик. Экинчиден, Мамлекеттик каттоо кызматы жеке ишкананын имаратында отурат. Ошондуктан муну өкмөт тез арада токтотуп, келишимди бузуш керек.

Анктен менен “Интел Линкс” ишканасынын жетекчиси Таалайбек Жумадылов жогоруда айтылган дооматтарды четке кагууда. Ал Мамлекеттик каттоо кызматы берген буйрутманын эсебинде гана паспорт даярдаларын билдирүүдө.

- Бул маалымат туура эмес. Анткени биз толтурулуп келген арыздардын негизинде ошого жараша паспорт чыгарабыз. Беш миң болобу, төрт миң болобу күнүңкүсүн күндө отчет берип турабыз. Ал эми негизги паспорт алуу, мисалы ким алат, ким албайт деген маселелерди башка органдар чечет. Бизде арыз жаза турган кагаз дагы, паспорттун кагазы дагы жок. Ал эми жарандар тууралуу маалыматка Мамлекеттик каттоо кызматынын уруксаты менен гана кире алабыз. Бул маселе дагы ИИМ тарабынан текшерилип турат.

Паспорт системасындагы башаламандык мамлекет тарабынан ирээтке келтирилбегендиги менен бул тармактагы жемсөөлүк маселеси көптөн бери көтөрүлүп келет. Эми жаштар уюмдары кеңири комиссия түзүлүп, маселе иликтенүүсүн талап кылышууда.
 
"Азаттык"
Коргоо министрлигине караштуу аскер бөлүгүнүн жоокерлеринин катышуусунда мончодо жапырт мушташ катталды. Анын кесепетинен катардагы он жоокер денесинен жаракат алып, аскер ооруканасына жаткырылды. 


Серепчилер аскер бөлүктөрүндө жоокерлердин акча талап кылып, бирин-бирин басмырлоосу, өз өмүрүнө кол салуу жана жапырт мушташ учурлары көп катталып жаткандыгын аскерий жетекчиликтин ишинин шалаакылыгы менен байланыштырышууда.

24-мартта түштөн кийинки саат төрттөр чамасында Коргоо министрлигине караштуу аскер бөлүгүнүн мончодо жуунуп жаткан жоокерлери өз ара араздашып, ал жапырт мушташка айланган. Мушташ Бишкектеги бир аскер бөлүгүнө караштуу эки отряддын жоокерлеринин ортосунда чыккан.

Бул боюнча материалдар Аскер прокуратурасына берилип, окуянын себептерин иликтөө иштери башталды.

 

​​Аскер бөлүктөрүндөгү мындай тартипсиздиктер биринчи жолу эмес. Өткөн жылы 9-сентябрда баш калаадагы ички аскер бөлүгү менен Улуттук гвардиянын жоокерлеринин ортосунда орун алган мушташтын айынан 18 жаштагы бир жоокер мерт кеткен эле.


Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков аскер бөлүктөрүндөгү мындай абалды күжүрмөн даярдыктын начардыгы менен байланыштырды:

Бул жерде маселе жанагы күжүрмөн аскердик даярдыктардын абалы кандай? Мына ошого бөлүнгөн каражат максаттуу берилип, өз дарегине жетип жатабы же жокпу? Мына ушуга окшогон уруш-мушташ аскерлердин бекерчилигинен келип чыгат. Менин байкашыма караганда тиешелүү күжүрмөн даярдыктын туура жүргүзүлбөгөндүгүнөн ушундай маселелер чыгып жатат. 

Кептин баары тартипте

Ошол эле учурда Коргоо министрлиги айрым парламент депутаттарынын мындай баа берүүсүнө макул эмес. Аскер бөлүктөрүндөгү тартипсиздиктердин себептерин коргоо министринин орун басарыЗамир Сүйөркулов бейбаш жоокерлерге карата жазалоо чараларынын жумшактыгы менен байланыштырды:

Сот системасы жана укуктук база мына ошол тартип бузган жоокерлерге карата ашкере боорукердик кылып келди. Мына ошол гумандуулуктун айынан мурда тартип бузган ошол эле бейбаш жоокерлер кайрадан мушташ уюштуруп отурушат. Мыйзамдын жумшактыгынан тартип бузган жоокерлерге иш козгоп, жазалоонун ордуна алар менен кайра иштешүүгө туура келип жатат.

Ошол эле кезде дагы бир парламент депутаты Ирина Карамушкина жоокерлерге тарбия берчү офицерлердин өздөрүнүн жүрүм-турумунда маселе бар экендигин белгиледи.

​​Ал аскер бөлүктөрүндө мурда кандайдыр бир иштер боюнча жоопко тартылып, бирок кийинсоттон акталган отуздан ашуун офицер дагы деле иштеп жаткандыгын мисал келтирди. Ошондуктан аскер бөлүктөрүндөгү командирлердин жана башка аскерий аткаминерлердин иштөө усулдарын текшерип чыгуу демилгеси көтөрүлдү.


Аскер иштери боюнча эксперт Кубанычбек Сарыбаев офицерлерди даярдоонун сапаты талапка жооп бербей жатканына токтолду:

Коргоо министрлигине караштуу жогорку аскердик окуу жайы жылына 200дөн ашуун офицерди бүтүрүп чыгарат. Бирок анын окуу-материалдык базасын жана каржылоо деңгээлин карасаң көйгөйдүн каяктан келип чыгып жатканын түшүнөсүң. Биздин чакан армияга көп акча жумшап, ошончо сандагы офицер даярдоонун зарылдыгы бар беле? Андан көрө аз санда болсо да сапаттуу билим алган командирлерди даярдаганда ушуга окшогон маселелер азыраак болот эле. Мына, азыр катардагы жоокерден аларды башкарган офицерлер көп.

Аскер прокурору Марат Эшперов аскер бөлүктөрүндөгү кадр тандоонун начардыгы аскердик даярдык жана тарбия иштерин уюштурууга терс таасирин тийгизип жатканын белгиледи. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин коргонуу жана коопсуздук комитети аскер бөлүктөрүндөгү абалды текшерип чыгып, тиешелүү чара көрүү чечимине келди.

 

"Азаттык"

  • Өкмөт болсо алыскы аймактарды жем-чөп менен камсыз кылуу аракети жүрүп жатканын билдирүүдө. Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырган негизги кан жол – Бишкек - Ош жолунда учурда карды аткылап түшүрүү иштери жүрүп жатканына байланыштуу жол кыймылы токтотулган. 


Тоюттун жетишсиздиги өзгөчө түштүктөгү тоолуу райондор: Чоң-Алай, Чаткал райондорунда, Баткен облусунда байкалууда. Алыскы Чоң-Алай районунда кардын бийиктиги ушул тапта 1,5 метрге чукул, малдын көккө чыгышына дагы бир-эки ай убакыт бар.
 

​​Аталган райондун Кара-Тейит айылынын тургуну Кыпчакбай Темирбаев жем-чөптүн тартыштыгынан малга колго илинген тоютту берүүгөаргасыз болуп жатышканын “Азаттыкка” билдирди:


- Картошка кайнатып берип жатабыз, өзүбүздө өтпөй турган картошкаларыбыз бар, ошону берип жатабыз, бирок ал чөптөй болбойт. Ошондуктан колго кирген тал-теректин бутактарын да кыркып берип атабыз, антпесе малга кепшөөр керек.

Чоң-Алай району эртерээк чара көрүп, тоют жагынан жардам берүүсүн талап кылып, 22-марттан бери райондун борборуна митингге чыгып жатышканы белгилүү.

Тоолуу бул аймактан айырмаланып, Баткен өрөөнүнө жаз эртерээк келет. Ошентсе да узакка созулган кыштан, Ноорузду утурлай эки күн тынбай жааган кардан, ага кошул-ташыл болуп эрте түгөнгөн жем-чөптүн жоктугунан аймакта малдын өлүмү арбын болду.

Облустагы Лейлек районунда 300гө жакын бодо мал, миңден ашуун майда жандык өлгөнүн Жогорку Кеңештин депутаты Назарали Арипов да маалымдаган.

 
 

​​Баткендин Рават айылынын тургуну Алимбай Отбасаровдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, малдын бөөдө кырылып калуусуна жол бербөө үчүн адамдар күрүчтүн саманын да тоют катары колдонууга аргасыз болушууда:

- Эки күндөн бери күн ачылып, мал жайытка чыга баштады. Бирок ошентсе да жем-чөп жок, мал көтөрүң болуп, талаадагысы талаада, үйдөгүсү үйдө өлүп атат, айла жок.

Шалынын саманын мурда малга берчү эмес элек, быйыл анын таңгагы да 350 сомго чыкты. Өзбекстандан алып келип атышат, айла жок, алып, сууга жибитип берип атабыз. Картошка берели десек, анын жемдей касиети жок, ансыз деле көтөрөм болгон малды такыр шылып салат.


Алимбай Отбасаров адатта күрүчтүн саманы курулуш иштерине гана колдонулбаса, малга тоют катары берилбесин белгилейт.

Колго кирген тал-теректин бутактарын да кыркып берип атабыз, антпесе малга кепшөөр керек.


Ошентсе да учурда түзүлгөн кырдаалдан чыгуу аракеттери жок деген сын пикирлер кыргыз өкмөтүнүн дарегине айтылып жатат. Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, “Ата Журт” партиясынын мүчөсү Акматбек Келдибеков өкмөт башчы кырдаалга кайдыгер мамиле жасап жатат деп айыптады:

- Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде атайын ушундай кырдаалдар үчүн топтолгон фонд бар. Ошонун эсебинен азыр тик учак мененби, учак мененби малга тоют, элге тамак-аш жеткирүү зарыл. Ошону өкмөт бир да көңүл бурган жери жок. Эки-үч күндүн ичинде муну ишке ашырбаса, мал кырылып калгандан кийин жасаган аракеттери бир тыйынга татыбайт.

Депутат тоюттун жетишсиздигинен улам элдин бийликке нааразылыгы күч алып жатат деп кошумчалады.

Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов 23-мартта кырдаалга байланыштуу чукул кеңешме өткөрүп, миң тонна жем сатып алуу аракетин көрүүнү мамлекеттик материалдык резерв фондуна, ал эми аны зарыгып аткандарга жеткирүү ишин Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырды.

 

"Азаттык"


Бишкек шаардык соту июнь коогалаңын иликтеген баяндамалардын бирине байланыштуу Жогорку Кеңештин жоопкерчилигин карайт деп болжолдонууда. Мындай жагдайдын түзүлүшүнө депутат Өмүрбек Текебаевдин июнь окуясына тиешеси бар-жогун аныктап берүүнү өтүнүп, сотко кайрылганы себеп болгон. Сотко кайрылууда депутат өзүнүн кесиптеши Жылдызкан Жолдошеванын баяндамасын негиз кылган. 


15-марттагы отурумунда Бишкек шаардык соту арызда келтирилген негиздерге баяндама даярдаган депутат эмес, Жогорку Кеңеш жооп бериши керек деген тыянагын берген.
2010-жылдын башында июнь жана апрель окуяларынын келип чыгышын иликтөө үчүн 25 депутаттан турган комиссия түзүлгөн. Бирок тыянагында комиссиядан бөлүнүп, анын мүчөлөрү Исмаил Исаков менен Жылдызкан Жолдошева өздөрүнүн жеке отчету менен чыгышкан болчу.

 

​​Ошол кезде Жолдошева Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүн жикчил күчтөр менен “саясий оюндарды ойногон” деп айыптаган. Отчетто:Өмүрбек Текебаев менен Кадыржан Батыровдун (Жалал-Абад облусундагы өзбек улуттук-маданий борбордун мурдагы жетекчиси) ортосундагы шектүү мамилелер укуктук жана этикалык жактан иликтениши зарыл”, – деп жазылган.

Ошондой эле отчетто: “Бакиевдин үйүндөгү Кыргыз Республикасынын желеги өрттөлүп жатканда Кадыржан Батыров менен Асылбек Текебаев (Өмүрбек Текебаевдин иниси) күлүп, карап турушкан”, - деп жазылган. Мындан сырткары "Коогалаң" деген аталыштагы тасмада июнь коогасынын хронологиясы көрсөтүлгөн.

“Ата Мекен” партиясынын лидери, депутат Өмүрбек ТекебаевЖолдошева жарыялаган отчеттогу айрым маалыматтарды жокко чыгаруу боюнча сотко кайрылган себебин “Азаттыкка” мындайча ачыктады:

- Бул айтылган жалаалардын бардыгы жалган, "тастыктап бериңиз" деп сотко кайрылгам. Жылдызкан Жолдошева аны “мен айткан эмесмин” деп жоопкерчиликтен качып жүрөт. Эл алдында “баарын мен далилдейм, колумда далилим бар” дегени менен сотко тайсалдап, жарым жылдан бери барбай, Келдибеков төрага болуп турганда ошондон, ЖК Регламент комитетинин төрагасы Курмантай Абдиевден справка алып барып, өзү соттон качып жүрөт. Тилекке каршы сот да ошол каттарга таянып, "Жолдошева жооп бербейт" деп айтып жатат. Бирөө жооп бериш керек да, жооп бербей турган кырдаал болбойт. Эми сот анын ордуна Жогорку Кеңеш жооп берет деп Биринчи май райондук сотко жөнөттү.

 

​​15-марттагы отурумунда Бишкек шаардык соту баяндама даярдаган депутат эмес, Жогорку Кеңеш жооп бериши керек деген тыянагын берген. Буга чейин Октябрь райондук соту да Конституциянын 72-беренесине, Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттын макамы тууралуу мыйзамдарга таянып, Текебаевдин доо арызын канааттандырган эмес. Ал эми Жылдызкан Жолдошева сотко катышкан жок деген пикирлерди четке какты.

- Ошондогу видео отчеттогу фактылар чындык экенин мойнума алам дегем. Анткени муну атайын расмий органдар берген. Экинчиден, Текебаев мени сотко барбай жатат дегени туура эмес. Октябрь райондук сотко анын да, менин да өкүлүм барды. Бишкек шаардык сотуна мен да, Текебаев да бардык. Эмне үчүн жалган айтат? Сот акыйкат, адилет чечимин чыгарып атат. ЖК Регламенти жөнүндө, депутаттын макамы жөнүндө мыйзам бар. Ошого ылайык депутат чындыкты айтып жатып запкы жебеш керек. Текебаев менин алдымда өзүн өзү актап эмне кылат? Элдин алдында акталсын, элге барсын. Видео отчетто мен айтып жаткан жокмун, Бакиевдин үйүн өрттөп жатканда анын маңдайындагы кошуналар айтып жатат.

Серепчи Руслан Ташанов бул боюнча өзүнүн пикирин билдирди:

- Кандайдыр бир мыйзамсыз аракеттер болсо сот, тартип коргоо органдары тиешелүү иликтөөлөрдү жасап, тиешелүү чечимди чыгарыш керек. Ал эми июнь окуясы боюнча айтсак, азыркы бийлик турганда июнь коогалаңы боюнча эч качан адилеттүү саясий чечим чыгат деп ишенбейбиз. Анткени ушул бийлик тушунда июнь коогасы орун алды.

Текебаевдин айтымында, Бишкек шаардык соту коогалаңды иликтеген баяндамалардын бирине байланыштуу Жогорку Кеңештин жоопкерчилигин кароону Биринчи май райондук сотко өткөрүп берген. Эми аталган сот Жогорку Кеңештин жоопкерчилигин карайт деп болжолдонууда. Ал эми Текебаев ал сотко бардык күбөлөрдү чакырууда.

Эгер сот кайра уланып, Жолдошева чакырылса, фактылар менен далилдөөгө даяр экенин билдирүүдө.

 

"Азаттык"