22-июнда Баткен шаарында калаа тургундары тарабынан барымтага алынган Тажикстан жарандарын бошотуу операциясы жүзөгө ашырылды. Натыйжада милиция менен жергиликтүү калк кадимкидей кагылышып, атүгүл куралдар дагы бири-бирин карай кезелип, акыры атылды. Тирешүүнүн кесепетинен бир ички иштер кызматкери жараланып доктурга жеткирилди. 

Адегенде

20- июнда Тажикстандын аймагында Баткен шаарынын үч тургуну - Икрамжан Айтматов, Манас Надиров жана Чыңгыз Абдрахманов кармалышкан. Үчөө тең Чоң-Кыштак айылына караштуу Шухраб аймагында 100 кило кызыл сымап менен колго түшүрүлгөн. Учурда булардын үстүнөн кылмыш иши козголуп, Тажикстандын Исфара шаарынын түрмөсүндө аткезчилик боюнча айыпталып жаткан чагы.


Эртеси 21-июнда тажик жергесинде туткундалган үч кыргызстандыктын тууган-уруктары жана айылдаштары Баткен шаарындагы базарда соода кылган тажикстандык 19 адамды барымтага алышкан. Бул теңирден тескери жорукка Икрамжан Айтматовдун тууган-уруктары активдүү аралашып, туткундарды Баткен шаарынын Базар-Башы кварталындагы гаражга бекитишип, Тажикстандагы балдарын биротоло бошотмоюнча алардын жаранын мекенине таптакыр кайтарышпастыгын катуу эскертишкен. Бирок ара-чолодо күч органдары муну билип калып Тажикстандын 19 жаранын түшкө чейин эле бошотуп, ата журтуна аман-эсен кайтарышты. 

Көнгөн адат калмак беле…


22-июнда Баткен шаарынын борборуна 200гө жакын киши топтолду. Алар тажикстандык укук коргоо органдары жүйөсүз кармаган үч жердешин токтоосуз бошотушун бийликтен катуу талап кылышты. 


- Биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканыбызда тополоңчулар оор жүк тартып бараткан он машинени токтотуп, алардын арасынан сегиз Тажикстан жаранын дароо эле барымтага кармап жиберишти, - деп эскерди Баткен облус губернаторунун орунбасары Сайитжан Эратов. - Биз нааразы тарап менен саат 16.00гө дейре сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Ортого аксакалдарды, аялдарды да аралаштырдык. Айлабыз такыр куруганда өзүм кийлигишип, бетме-бет сүйлөшүүлөргө прокуратуранын, улуттук коопсуздук комитетинин, Ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрүн дагы байма-бай катыштырдык. Дегеле мындай аракетибизден дагы майнап чыккан жок. 


Сайитжан Эратовдун ырасташынча, тараптар тил табыша алган жок. Акыры митингичилер "Сегиз тажикти тең өлтүрөбүз!" деп кырдаал таптакыр көзөмөлдөн чыгып баратканда гана кечке маал тоз-тополоңчуларга карата атайын операция жүргүзүлдү. Митингичилердин куралданганына карабастан сегиз тажикстандыкты эсен-аман бошотуп, ата журтуна тирүү кайтарышты. 


Өз ара каршылашуу маалында Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын кызматкери, милициянын лейтенанты Сапар Алибековго ок жаңылып, дароо ооруканага жеткирилди. Учурда анын абалы орточо.


Айтмакчы, Баткен облустук прокуратурасынан маалымдашкандай, атайын операция убагында тополоң уюштуруп, элди козуткан деп күнөөлөнгөн 9 адам кармалып, учурда сурак берип жаткан кези. 

Тажиктер кыргыздарды куткарчудай түрү жок


Баса, учурда Тажикстандын Исфара шаарындагы түрмөсүндө кармалып турушкан кыргызстандык Икрамжан Айтматовго, Манас Надировго жана Чыңгыз Абдрахмановго коңшулар эч кимди жолуктуруша элек. 


- Биз атайын маңдай-тескей сүйлөшүүлөрдү күттүк эле. Тилекке каршы ал дагы болгон жок, - деп ызаланды Исфарадан эми эле кайткан Баткен облус губернаторунун орунбасары Сайитжан Эратов. - Тажикстан тарап эмнегедир биз менен бетме-бет сүйлөшүүдөн баш тартты. Болгону өкүлдөрү расмий маалымат берүү менен гана чектелишти. Алардын айтымында, Кыргызстан жарандары 90 кило мыйзамсыз сымап менен кармалыптыр. Болгону ушул. 

Натыйжа чыкпады


Ушундан кийин Тажикстандын Согдий облусуна караштуу Исфара шаарында Кыргызстандын ички иштер министринин орунбасары, милициянын генерал-майору Курсан Асанов жетектеген топ коңшу мамлекеттин укук коргоо органдарынын жетекчилери менен жолугушту. Беттешүүгө Согдий облусунун Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, милициянын генерал-майору Ш.Назаров, Согдий облусунун прокурору Ш.Курбанов, Исфара шаарынын прокурору И.Мухамадиев, Исфара шаарынын улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Д.Саттаров, Исфара шаардык милициясынын жетекчиси Ш.Махмудов катышты. 


Кыргыз тарап Баткен шаарында барымтага алынган тажик жарандары бошотулуп мекенине кайтарылгандыгын, бул мыйзамсыз жоруктарга тиешеси барлар кармалып учурда сурак берип жатышкандыгын, алардын бардыгы токтоосуз жоопкерчиликке тартыларын ачыктады.


Ал эми тажик тарап 20-июнь күнү Тажикстандын аймагында 100 кило кызыл сымап менен колго түшүрүлүп, үстүнөн аткезчилик боюнча кылмыш иши козголуп, учурда Исфара шаарынын түрмөсүндө жаткан Баткен шаарынын үч тургуну Икрамжан Айтматовдун, Манас Надировдун жана Чыңгыз Абдрахмановдун ишин иликтөө калыс жүргүзүлөөрүн, алардын тагдырына сот гана калыс чекит коеруна ишендирди. 


P.S. Акыркы сааттарда 2012-жылдын 21-22-июнь күндөрү Баткен шаарында Тажикстан жарандарын барымтага алуу фактысын иликтөө учурунда издөө салынган кыргызстандык жарандын бирөөнүн жансыз денеси табылды. 


Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмчөсүнүн күзөтчүсү, милициянын капитаны К.Жунусалиев Баткен районунун Дара айыл округуна караштуу Жаңы-Жер кыштагындагы вино заводунун тушундагы каналдын айлампасынан белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгын кабарлаган. 


Дыкат текшерүүнүн жүрүшүндө табылган өлүк 1983-жылдын 17-январында туулган, улуту кыргыз, үй-бүлөлүү, Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын тургуну Чыңгызкан Айтматов экендиги тастыкталды. 


Учурда маркум не себептен каза тапкандыгын так аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө. 


Сөөгү каналдан табылган Айтматов Чыңгызкан Икрамович - Тажикстанда кармалып турган Икрамжан Айтматовдун тун уулу, мурда соттолгон. Ушул жылдын 22-июнунда Баткен шаарында өткөрүлгөн массалык нааразычылык митингин уюштуруучулардын бири. Анда нааразычылык акциясынын катышуучулары тажикстандык укук коргоо органдары кармаган үч жердешин токтоосуз бошотушун кыргыз бийлигинен катуу талап кылышкан эле.

 

"Жаңы Агым"

Бир кездеги “Темир”, “Кыргыз темир жолу” ишканаларынын башкы директору, кечээги Бишкек мэри, бүгүнкү “Ата журт” фракциясынын депутаты Нариман Түлеевдин башына кара булут айланганына тогуз күн болду.

Азыр ал Ак үй, Көк үйдө, Нарында, ММКларда, кыскасы бүткүл Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки эле экинчи тема, каарман болуп туру. Өкүнүчтүүсү, негизги каармандын азыр ак кызматына караганда алдым-жуттумдугу көбүрөөк ачылып, терс каарман болуп турган кези. Азырынча ага мамлекетке 1 млн. 400 миң доллар зыян келтирген деген айып тагылды. Бул анын жегенинин бери жагы эле дейт Башкы прокуратура. Кудай сакта, бул бери эле жагы болсо ары жагы канча болот деп турсак ММКлар ага тиешелүү соода түйүндөрүн, асман тиреген үйлөрдү, миллиондогон “жашылбайлык” мүлктөрдү чубап чыга башташты. Кыргызстанда максималдык маяна 15-20 миң сом болуп турганда мунун баары ак эмгек менен келбегени сокурга деле маалым.

Эске салсак, өткөн жылы негизги жумушунан 488 миң сом, мындан сырткары 7 млн. 737 миң сом жалпы киреше тапканын жар салган депутат 20-июнда азыркы мэр Иса Өмүркуловду жарга такаган. Парламент жыйынында Нариман Түлеев азыркы мэрдин 76 троллейбус үчүн Европалык банктан 10 миллион доллар кредит алганы жатканын сындап, Бишкек шаары үчүн мындай карызды төлөө өтө оор болорун эскерткен эле. Андан көп өтпөй минтип Нариман Түлеевдин өзүнө 2008-жылы Кытайдан 200 автобусту сатып алууда 1 млн. 400 миң долларды “ап” этип койгон деген айып тагылып, УКМКнын тергөө абагына камалып отурат. Албетте бул эки окуяны байланыштыруудан алыспыз. Бирок мунун баарын билип туруп Башпрокуратура кылмыш ишин илгери эле неге козгобойт? Ошол эле Нариман Түлеев мэр кезинде 121 троллейбус алгач 91 миң доллардан алынат болуп, кийин ал 124, аягында 148 миң долларга чыкканын да жазып чыкканбыз. Башкы прокуратура андай кыйын экен неге муну ошондо териштирбейт?! Ким мэр болбосун коштоп кийик аттырып, бирде Бишкек шаардык транспорт башкармалыгында, бирде троллейбус башкармалыгында жетекчи, бирде шаардык кеңеште депутат боло калып жүргөн Геннадий Милицкий сыяктууларды Башпрокуратура неге жоопкерчиликке тартпайт? Учурда мэрия шаарга автобустарды 100 миң доллардан, а троллейбустарды 180 миң доллардан алабыз деп турат. Көсөөнүн акылы түштөн кийин болбос үчүн муну да тийиштүү органдар азыр текшерип койсо ашыкча болбос эле.

Ооба, учурда байлыгы 400-500 млн. долларды чапчып турган депутатты бир кездеги коррупциялык иштери үчүн жоопкерчиликке тартуу элдин бийликке, өкмөткө болгон ишенимин арттырат. Бирок Н.Түлеев жеген сумманы бийлик кустура алабы, кеп ошондо. Анткени буга чейин Түлеевден он эселеп ашык жегендер бейкапар эле чет өлкөлөргө чыгып кетишкен. Алардын көбү азыркыга чейин кылы кыйшайбай эле майлуу кызматтарда отурушат. Ошол эле премьер-министр Өмүрбек Бабанов, депутат Исхак Пирматовдун коррупциялык иштери тууралуу чуу болуп (Исхак Пирматовдун өз капчыгына сологону 258 млн. сом деп көрсөтүлгөн), кийин ал тымтырс эле болуп калды. Башкы прокуратура өкүлү Жаныбек Салиевге ишенсек, Исхак Пирматовдун кылмыш иши анын депутаттык мөөнөтү бүткөндө кайра жандандырылат имиш. Бирок ошол эле Башкы прокуратура коррупция боюнча иш козголгондо депутаттын кол тийбестиги күчүн жоготорун билдирип келет. Көрсө, И.Пирматовдуку коррупция, бирок ага коюлган статьялар гана башка экен. 

Учурда Бишкектеги “Караван” соода түйүнү, “Таш-Рабат” оюн-зоок соода борбору, Бөкөнбаев-Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги тогуз кабат үй, Эркиндик бульварынын, шаардын башка жерлериндеги көп кабаттуу элиталык үйлөр Нариман Түлеевге таандык экенин “Дело №…” гезити жазып чыкты. Мындан сырткары, анын туугандарынын да ондогон миллион доллар байлыктары бар экени айтылат басылмада. Таза иштеген адам башы менен жер казса да мындай оокатка жетпеси турган иш.

Тергөө абагында отурган депутат 23-июндан бери ачкачылык жарыялап наар албай отурат. Анын адвокаты Султан Баратовдун айтымында, Н.Түлеевдин саламаттыгы жакшы эмес. Адвокаттын айтымында, анын жактоочусу өзүнүн камалышын саясый буйрутма катары баалайт. Депутатты колдоп аткандар болсо бул күзүндө боло турган шаардык кеңеш депутаттарын шайлоонун алдындагы “тазалоо” дешет. 

Түлеевчилер канчалык депутатты баатыр, аппак кылышпасын, Жогорку Кеңеш депутатынын коррупция боюнча камалышын коом, эл туура көрүп атат. Анткени жыйырма жыл ичинде коррупция боюнча бир да депутат же министр жоопкерчиликке тартылган эмес. Бул арты таза эмес, өз кызыкчылыгын коргош үчүн мандатка жеткен депутаттарга сабак болоору да турган иш. Андыктан мындан саясат издеп, бөйрөктөн шыйрак чыгаруунун деле кажети жок. “Керегем сага айтам, келиним сен ук” болуп азыркы мамлекеттик кызматтагылар деле көзүн ачышар. Чыңгызхандын “коркосуңбу баштаба, баштадыңбы коркпо” деген сөзү бар. Бийлик эми баштаган ишинин аягына чыгарар. Эгер бул иш ара жолдо калса анда элдин бийликке болгон ишеними таптакыр түгөнөт.
 
Мелис СОВЕТ уулу 
“Жаңы Агым” гезити
 
 Кыргыз саясатчылары “понт” көргөзүп, он чакты жансакчы менен жүргөндү укмуш жактырышат. Бирок ошолордун жанын сактап жүргөн бука моюн, буура сандарга кам көрө билгенди анчейин жакшы биле беришпейт окшойт.
 
Мисалга акыркы күндөрү, премьер-министр Бабановдун өзүнүн жан сакчыларына болгон ыксыз мамилеси тууралуу маалымат желдей тарады. Маалыматка таянсак, Өмүкебиз кайсы бир эс алуучу жайга кирип чер жазган имиш. Бул убакытта жан сакчылары эшик сыртынан кайтарып турушат. Арасынан бир жигит грипп болуп жаткандыктан, ошол жайдан 1 стакан калемпир аралаштырып иче коюптур. Баш оорум басылат дегендир да. Кийин Өмүке чыгып баратып счет сураганда баягы калемпир кошулган арактын баасын да кошо коюшуптур, кашайтып. Муну байкап калган башбаканыбыз аракты эсепке алып, “ким ичти муну “энеңди” дегенге чейин барып, акырында “ичкендер өзү төлөсүн” деп кызаңдап чыгып кетти дейт.
 
Дегеле Өмүкенин бул сыяктуу эсептемей адаты акыркы күндөрү жан сакчыларын беймаза кылып жүрөт дешүүдө. Номур биринчи бай болуп туруп, кээде айлыктарын кармап калмайы да бар экени тар чөйрөдө айтылып калат. Минтип отурса муну эч ким кайтарууга албай калат деп божомолдогондор да четтен чыгат.
 
Ал эми жан сакчыларына кам көрүү боюнча Ахмат Келдибеков менен Камчыбек Ташиев алдына киши салбайт. Көргөн-билгендердин айтымында, бул экөө алдыңкыларына бирден унаа, бирден үй алып бергенге жетишишиптир.
 

Булак: “Аренаkg” 

"Эркин эл" жаштар саясый кыймылы шаардыктардын, студенттердин укугун коргоп, жол киренин көтөрүлгөнү боюнча каршылыгын билдиришти. Эми болсо көптөгөн жаштар уюмдары, студенттер биригип, "Мен каршымын" деген кыймыл түзүп, жалпы шаардык деңгээлде көтөрүп чыгалы деп турушат. Бул боюнча "Эркин эл" жаштары өз ойлорун ортого салуусун өтүндүк. 

Айбек Бузурманкулов:

 

- "Мен каршымын" деген - жол киренин көтөрүлгөнүнө каршымын дегенди түшүндүрөт. Бул акция ушуну менен эле чектелип калбайт. Себеби, шаарда көптөгөн нерселер шаар тургундарын канааттандырбайт. Ушул маселелерди улам-улам чечкенге аракеттенебиз. Анткени, шаардын келечегин, өнүгүшүн шаар тургундары өз колдоруна алып, өздөрү активдүү катышпаса, маселе чечилбейт. Биз Бишкек шаарынын мэриясынын кылган иштерине нааразыбыз, алардын иштөө ыкма­сына ишенбейбиз, алар бизди канат­тандырбайт. Мисалы, көптөгөн коррупциялар жүрүп жатат. Алар элдин шартын, кызыкчылыгын ойлобойт, коргобой келишет. Ошого биз, "Эркин эл" жаштар саясый кыймылы, студенттердин өкүлдөрү "Мен каршымын" акциясын үзгүлтүксүз өткөрөбүз. Бийлик менен элдин ортосундагы ажырымды жоюу керек. Эл өзүнүн талаптарын коё билип, биз коюлган талаптарын аткартканга жардам берүүбүз керек. Эгер биз шаарда болуп жаткан көптөгөн көйгөйлүү иштерге кайдыгер карасак, мындай начар жашоодо кала беришибиз айдан ачык нерсе. Жакында шаарда эле эмес, шаардын айланасындагы конуштарга да үзгүлтүксүз акция жүргүзөлү деп жатабыз. 13-июнда, саат 6да Бишкек шаарынын мэриясынын алдында чоң акция өткөрөбүз. Ага чейин бул акцияларды Ош, Дордой базарларында, ошондой эле конуштарда өткөрө беребиз, бул, биздин маселе чечилмейинче уланат. Биздин талаптар: кечки саат 9дан кийин 12 сомду алып салуу, студенттерге студенттик белеттери менен жеңилдетүү киргизүү, ошондой эле маршруттук таксилердин санитардык, техникалык абалын жакшыртуу. Маршурткада жүргөнүбүздө кысылбай, бири-бирибизди түртпөй, жайдын ысыгында ысып-тердеп, бири-бирибизге ооруу жугузбай, чоң автобустарда жүргөн дурус эмеспи. Бул маселени чечүү үчүн ынтымак керек. Шаар тургундарынын үнү керек. Буюуруса, чоң күчкө айланабыз деген ойлор бар. 


Жакшылык Ынтымак уулу:

 

- Кыргызда жакшы сөз бар: "Ток бала ач бала менен ойнобойт" деген. Жол киренин көтөрүлүшү карапайым элге, студенттердин чөнтөгүнө зыянын тийгизип жатат. Мисалы, биз эртең менен 500 сом менен чыксак, ошонун жарымынан көбүн жолго кетирип жатабыз , ошонун айынан карыз да болуп жатабыз. Биз орточо эсеп менен эсептеп көргөнүбүздө, ар бир маршуртка болобу, автобус болобу, баарын тапшырганда күнүнө капчыгына 2000-2500 түшөт экен. Мурда солярканын баасы 40 сом болгон учурда ошондой болчу да. Анан бул жерде бир чоңдун хан сарайы бүтпөй калгандыгы үчүнбү, же бир бизнесмен чоң бизнесин баштаганы үчүн коротобу биздин акчаны, билбейм. 


Жакшылык Бердибек уулу:

 

- Жол киренин кымбатташына биз, студенттер, 90 эмес, 100 пайыз каршыбыз. Себеби, студенттер акчаны өздөрү таппайт да, алар окушат. Учурда студенттердин көпчүлүгү окуусун таштап, жумуш издеп кетип жатышат. "Келечек жаштардын колунда болгондуктан, толук кандуу билим алуубузга мамлекет тарабынан шарт түзүлүп берилиши керек" деп көптөгөн студенттер бизге кайрылып жатышат. Ошолордун жыйынтыгында биз да көптөгөн акцияларга катышып жатабыз. Биздин акцияны шаардын тургундары да колдоп жатышат. Алар да жол киренин көтөрүлгөнүнө, коомдук транспорттун абалына толугу менен канааттанышпайт. 


Максат Казакбаев:

 

- Буга чейин да көп маселелерди козгоп келе жатканбыз. Азыркы таптагы жол кире маселесине 100% каршыбыз. Башкы талап, мэриядагы коррупцияны жоюу. Негизи бизде 47 ОсОО бар экен, ошолордун дээрлик баары мэриянын жашыруун келишимине кол коюп, колдоп беришиптир. Жол киренин азыркы көтөрүлүшү биринчи жолкусу эмес, үчүнчүсү болуп жатат. Андан сырткары парктар боюнча да маселелерди көтөрүп жатабыз. Мисалы, шаардын ичиндеги "Карагачево" паркынын жерлери мыйзамсыз сатылып кеткен. Биз азыр ал жердин жергиликтүү тургундары, мектептин директору, бала бакчаларынын администраторлору менен сүйлөшүп жатабыз. Буюрса, ал көйгөйлөрдү да чечебиз. Негизи шаар тургундарын, студенттерди, дегеле кыргыз элин кайдыгерликтен арылып, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, бирдиктүү иш алып баралы деп чакырабыз. 


Мавлян Аскарбеков:

 

- Бишкек шаарынын депутаттарынын 5 жылдык мөөнөтүндө тариф экинчи жолу көтөрүлүүдө. Биринчи жолу 2008-жылы 5 сомдон 8 сомго көтөргөндө, депутаттар да, жеке ишканалар да айтышты эле "шаарыбыздын транспорттук абалы оңолот" деп. Тилекке каршы, андан бери эч нерсе оңолгон жок, баа көтөрүлдү, жеке компаниялар пайдасын көрүп жатышат, бизди ташыган маршурттук таксилердин абалы оңолгон жок. 2012-жылы дагы баа көтөрүлдү, бирок, маршруттук таксилердин абалы оңолот, санитардык нормалар сакталат деген иш боюнча эч кандай сөз болгон жок. Биз көтөрүп жаткан маселе: жол киренин саат 9дан кийин көтөрүлүшүнө каршыбыз. Башка мамлекеттерде мындай диференциялдуу тарифтер кирген эмес, 24 саат бою бир баа турат. Дүйнө жүзүндө баардык жерлерде студенттерге жеңилдик бар, ошондой жеңилдиктерди киргизгиле деген талаптарды коюп жатабыз. Бишкек шаарынын төрагасынын милдетин аткаруучу айтып жатат, бизде андай жеңилдиктер бар деп. Ооба, жеңилдиктер бар, бирок, муниципалдык автобустар менен траллейбустарда. Бирок, ал транспорттор Бишкек шаарынын өтө кичине жерин камтыйт. Мисалы, жаңы конуштарга барбайт, көптөгөн жерлерге каттабайт. Шаарыбызда 450 автобус болсо, анын жарымынан азы каттайт. Эгер ошолор толук каттаса, анда Лисниченко айтып жаткан жеңилдиктер иштемек. Ал жеңилдиктер азыр такыр эле иштебей жатат. Бул - чыныгы көз боёмочулук. Биз азыр ушул үч талапты коюп, студенттердин да, элдин да көңүлүн буруп чечкенге далалат кылып жатабыз. Бийлик башындагылар эски, сасык саясатын жүргүзүп, конференцияларды өткөрүп, университеттердин ректорлорун чогултуп, каршы чыккандарга бут тостуруп, жолтоо болуу аракетин кылып жатышат. Ал аз келгенсип, биз 24-майда өткөрүп жаткан "Тынч" акциясында бизди кармап кетишип, милицияга мыйзамсыз алып барып, мыйзамсыз соттоп, Бакиев жүргүзгөн туура эмес саясатты улантышууда. Биз бул маселелердин туура чечилишин каалайбыз, ошол үчүн биз козгоп жаткан иш-аракеттердин аягына чыгуу үчүн болгон ишти жасайбыз. Азыркы шаарыбыздын депутаттарынын өздөрү - жеке ишканалардын (ОсООлордун) жетекчилери экен. Анан алар өздөрү мэрияны үгүттөп, бири-бирине акча беришип, коррупцияга белчесинен батып жатышат. Биз ошолорго каршы чыгып жатабыз. Бишкек жөнөкөй эле шаар эмес, бул борбор, Кыргызстандын жүзү. Мисалы, мен мындай борбордо жашагым келбейт. Мен жакшынакай, таза, коопсуздугу тейленген, жолдору кенен, милициясы жакшынакай иштеген, бала бакчалардын, мектептердин баардык шарттары түзүлгөн, жаркыраган борбордо жашагым келет. Шаарды кайра оңдоо демилгесин да көтөрүп жатабыз. 


Өлкө башчыларыбыз дагы башка көп жумуштарга шалаакылык мамиле жасап жатышат. Бизде акыркы эки айда 5-7 жаштардагы секелек кыздардан он бири зордукталды. Бул, трагедиялык көрүнүш. Башка өлкөлөрдө бир секелек кыз зордукталса, ал кылмышкер мамлекеттик деңгээлде жазаланат. А бизде мындай окуяларга өлкө башчылары көңүл да бурган жок. Ушул маселелерди да көтөрүп жатабыз. 


Азыр эшикке чыгып бульварларга эс алганы барсаң, талдары куурап, жок болуп баратат. Бул көрүнүш экологияга түздөн-түз терс таасирин тийгизип жатат. Экологиянын бузулушу сизге да, мага да, жаш балдарга да терс таасирин тийгизет. Мына ушундай чечилбеген социалдык маселелер өтө көп. Тилекке каршы, Бишкек шаарынын депутаттары өзүлөрүнүн саясатын жүргүзүү үчүн эле бийликке келип жатышат. 


Шаардын ичиндеги бир миңден ашуун бала-бакча сатылып кеткен. Аларды депутаттар, мэрияда иштеген чиновниктер, министрлер сатып алышкан. Аларды эмнелерге айлантышкан? Мисалы, алыс барбай эле Восток-5 кичи районун алалы, эл кою жашаган жердеги чоң бала-бакчаны (балдар өскөн ыйык жерди) притонго айлантышып, сойку кыздарды алып барып, түнү-күнү дебей элдердин тынчын алып, жаман иштерди жасап жатышат. Бизге ал жердин жашоочулары кайрылкан. Мына ушундай чечилбей келген иштер көп. Бул маселелерди депутаттар чечпей, элдин камын ойлобой, шалаакылык мамиле жасап жүрүшөт. Биз ошол маселелерди чечүүгө далаалат жасайбыз.


Кымбат ЖОЛДОШЕВА,

"Көк асаба"

- Баяс Турал мырза, сиз кыргыздын нарктуулугуна, салтына, коомдук өнүгүшүнө  өзгөчө маани берип келесиз. Кыргыз эли – “көз карандысыз мамлекет” деп жарыяланган күндөн бери 21 жыл өтүптүр. Деги эмнеге жетиштик? 
 
- 21 жылдын ичинде саясий-экономикалык тармакта: Айыл чарбасы таланып-тонолду, мал, жер чак-чалакей бөлүштүрүлдү; оор жана жеңил өнөр жайлары толук талкаланды, темир-тезектен тартып, кымбат баалуу станокторго чейин сыртка ташылып кетти; саясатчылар ар кайсы элдин өнүгүү моделин пропагандалап, аларды туураган белимчилик мүнөз күттү; “кадр саясаты” ыдырады, “командалык принцип” деген ат менен кызматкерлердин жакшы-жаманына карабай тегиз иштен алуу же ким экенин териштирбей акча менен кызматка коюу өнөкөт болду; Эл менен Бийликтин ортосу ажырады, Элди башаламан башкаруу салтка айланды, Бийликтин кадыр-баркы кетти. Элдин келечеги менен эч кимдин иши болбой калды.
 
Бир кезде кулпусу жок боз үйдө жашаган кыргыз, бүгүн үйүнүн эшигин “үч кабат” кылып темирден жасатууда. Ал турсун, кыргыздын короолорунун эшиктери да кнопкалар менен ачылып, жабылат. Жол арыткан жолоочу кыргыз, илгеркидей туш келген эле үйгө түшүп, түнөп кала албайт. Бүгүн өзүнүн айылынан келген адамды да кыргыз үйүнө зорго киргизет. Ушуну кантип жетишкендик деп айтабыз? Ушул жогорку маданиятпы?.. Эгер ушул багыт боюнча дагы алга жыла берсек, анда “кыргыз” деген аттан айланып, дүйнөгө тентип кеткен жакшы. Анткени, Кыргыз мындай эл болгон эмес. Кыргыз айкөл, ак сөөк, акылман жана баатыр эл болгон.
 
- Анда эми эмне кылыш керек?
 
- Тезинен Элдик Курултай институтун кабыл алган Конституциялык реформага барышыбыз керек! Анткени, ал ата-бабалардан калган асыл мурас, ыйык жол! Бир гана ушул Институт чыныгы революцияны ишке ашырат. Ансыз системаны өзгөртө албайбыз. Ал эми системаны өзгөртпөгөн революция – ал революция эмес, ал – төңкөрүш! Системаны өзгөрткөндө гана коом алдыга жылат, ошондо гана баарын болбосо да, көп нерсени кайра ордуна келтирип, сактап калабыз.
 
- Биздин саясый элитабыз партиялык система менен өнүгүүнү жактап жатпайбы. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?
 
- Партия – жеке адамдын же кандайдыр бир топтун кызыкчылыгын көздөгөн саясий уюм. Анын эң башкы максаты – бийликке ээ болуу. Туура, бүгүн биздин коомдун саясий жүзүн жана өлкөнүн өнүгүү багытын ошол партиялар аныктоодо. Алардын саны бүгүн 160тан ашты. Бирок, кечээги Коммунисттик партиядан айырмаланып, бүгүнкү партиялар эч нерсеге жооп бербейт. Элдин тагдыры, Өлкөнүн келечеги менен да иши жок. Менин байкоомдо, «Асаба» менен “Ата журттан” башка партиялардын баары демократиянын “батыштык үлгүсүн“ жар салгандар. Ушул “эки партиядан” башкалары бири-биринен эмнеси менен айырмаланат – чынын айтсам, мен билбейм? Демократиянын түрү ушунча көппү же бир эле «демократияны» көтөрүш үчүн ушунча партия керекпи – аны да түшүнбөйм?..
 
- Жогорку Кеңеш – жогорку үч бийликтин бири, мыйзам чыгаруу органы. Ал эң оболу элге керектүү мыйзамдарды тезинен жазып, анан анын аткарылышын көзөмөлдөп турушу керек. Парламент ушул функцияны так аткарып жатат деп ойлойсузбу?
 
- Жогорку Кеңеш мыйзам чыгарат да, бирок ал аткарылып жатабы же жокпу – аны менен иши жоктой. Көп мыйзамдын аты бар да, заты жок, иштебей, “чаң” басып жатат. Эл күтүп жаткан “Элдик Курултай жөнүндөгү” мыйзам тууралу кеп кылсак, ал эки жылдан бери кабыл алынбай турат. Ошол эле убакта кээ бир мыйзамдар комитетте талкууланбай туруп, палатанын бир окуусунда эле колго салынып, өтүп кетип жатканын угуп жүрөбүз. Бул эмне деген сөз? Бул – Жогорку Кеңеш Элге эмес, жеке акчасы бар адамдарга же өзүнүн кызыкчылыгы бар “топторго” иштеп атат деген сөз. Биз – Кыргыз эли, эмне, азыркы депутаттарды “өзүңөрдүн жеке ишиңерди же тобуңардын ишин бүтүрүп алгыла” деп шайладык беле?    “Партиялык система” менен куралган бул Бийлик эки жылдан бери ич ара “ит тытыш”, интрига менен күн өткөрүп келатат. Аларды ким шайлаганын, эмне үчүн шайлаганын унутуп да калышты. Эл аларга шайлоо учурунда гана керек экенин бүгүнкү депутаттар өздөрү эң сонун далилдешүүдө. Чынын айтканда, Эл өзүнө өзү чыккынчылык кылууда. Өзүн колдой турган “улутчул” уул-кыздарын көтөргөндүн ордуна, “улутсуз” уул-кыздарын көтөрүүдө. Бүгүн Кыргыз “ак сөөк” элдин эмес, “кулдун” ишин жасап жатат. Анткени, кыргызда “Жеке таз жана жети таз” деген жомок бар. Ушул жомокту окугандар болсо, Батыш бизге: “таздар, бирикпегиле, жеке жашагыла...” деген идеологияны жүргүзүп атканын түшүнөт.
 
Биз өзүбүздүн ата-бабалардын эмес, башка элдердин ата-бабаларынын айткандарын үлгү кылып жашап жатабыз. Биздин трагедиябыз дал мына ушунда!
 
Ачык айтканда: Кайдыгерлик – кулга тиешелүү касиет. Батыш бизди “ак сөөк элге эмес, “кул” элге айлантууну көздөп жатат. “Батыш бизге жардам берип атат, биз Батыштын жардамы менен оңолобуз”  деген сөз – келесоо адамдын сөзү! Мага ишенбеген адамдар болсо, “Түркмөнстанды көргүлө” деп айтар элем.
 
- Менин билишимче, силер көп партиялуулук системага каршы чыгып, ата-бабаларыбыздын салган жолу бар экенин, илгертен эле партиянын ролун Кыргыз коомунда Үч Канат аткарып келгенин баса белгилеп жүрөсүздөр. Бул артка чегинүү – феодализмге кетүү эмеспи?
 
- Бирок, ошол өздөрүн “алдыда жүрөбүз” деп эсептеген адамдар ушул күнгө чейин бизден озуп кете алган жок, тескерисинче, кайра бизди ээрчип келатышпайбы. “Миң жыл көң дөбөдө жатса да таза алтынды дат баспайт” деген сөз бекеринен айтылбаптыр. Көрсө, “эски деп айтпай турган эски нерселер бар экен” Көрсө, “жакшы нерсе түбөлүктүү” экен. Өмүрбек Текебаев баш болгон чоң саясатчылар “Жогорку Кеңешти партиялык система менен курабыз, Парламенттик өлкөгө айланабыз” дешти. Элдин көбү бизди эмес, Ө. Текебаев баш болгон “мыктыларды” колдоду. Ошентип, Кыргыз - Үч Канатка бириккендин ордуна, 160 партияга бөлүндү. Бүгүнкү күнү 160 партия Кыргыздын 6-10 пайызын гана кошуп турат. Шайлоо учурунда гана “акча үчүн” кошо чуркашканы болбосо, Элдин калган бөлүгү партия менен иши жок. Эгер Үч Канатты “үч партияга” же  “үч фракциядан” турган бир партияга айлантканда, ага Кыргыздын баары кирмек. Анда бүт Кыргыз биригет эле. Бирок, андай болбоду. Биз – кыргыздар, ушул убакка чейин партиялардын ролун аткарып келген өзүбүздүн саясий түзүлүштү чанып, чет элди ээрчип, туура эмес жолго түштүк. Эми эки жылдан кийин: “Эмне үчүн Батышта иштеген партия бизде иштебей жатат” деп таң калып отурабыз?..
 
Эл, Батыштын идеологиясына кызмат кылып жаткан саятчылардын эмес, улуттун тагдыры үчүн күйүп-жанган улутчул уул-кыздарынын сөзүн укмайынча коомдо ушундай чаң-тополоң боло берерин мезгил бүгүн, дагы бир жолу айныгыс кылып ырастоодо. Биз тандаган жолубузга жана ээрчиген адамдарыбызга жараша - “ак сөөк” же “кул” элге айланабыз. Бул жөн сөз эмес. 
 
Эгерде, биз чет элде жашасак бир жөн, анда бийликке жетүү үчүн партия түзсөк болор эле. Бирок, өз жерибизде, өзүбүздүн элде эмне максат менен партия түзөбүз? Бул биздин өлкө, биздин мамлекет эмеспи? Кимдир-бирөөбүзгө кызмат керек болсо, партия түзбөй эле барсак болбойбу?
 
- Кыргызды үч канатка бөлүү– уруу-урууга, кокту-колотко бөлүнүүчүлүккө алып келбейби?
 
Чынында, Үч Канат – Кыргыздын “этнофизикалык” дене түзүлүшү. Аны бузуу менен биз ушундай жаралган Улуттун “жүрөгүнө” бычак урабыз. Ал эми партияларды жойсок, андан Кыргыздын кылы да кыйшайбайт. Анда биз бийлик үчүн баарына даяр, жеке адамдын же топтун кызыкчылыгын жок кылабыз.
 
Биз эмне үчүн өзүбүздү, улут үчүн күйгөн уул-кыздарга эмес, жеке же сырткы күчтөрдүн идеологиясына кызмат кылган кайсы бир “топторго” башкартып жашап жатабыз? Эмне үчүн биз, улут менен иши жок ошондой адамдардын бийликке келишине шарт түзүп беришибиз керек? Алар 20 жылдан бери бизди талкалап келатышат. Биз дагы канча убакытка чейин чыдайбыз, аларга дагы канча алданабыз?... “Үч Канатты ордуна келтирсек, эл бөлүнүп калат” дешет кээ бирөөлөр. Бул туура эмес чоочулоо. Эгер уруулук түзүлүш менен Үч канат Кыргызды бөлсө, анда биз эле эмес, көчмөн элдердин баары алда качан тарыхтан жок болуп кетишмек.
Үч Канат элди бөлбөйт, Үч Канат тескерисинче Элди бириктирет. Санжырада: Ак уул, Көк уул жана Кызыл уул деп жазылган Үч Канат Долон бийдин же Кыргыз атанын үч уулу. Кандай болгон күндө да үчөөнүн тең түбү бир– Кыргыз.
 
Биз Эшматтын балдарын – “Ак уул” же “Оң канат”, Ташматтын балдарын – “Көк уул” же “Сол Канат” деп койсок эле Эл бөлүнүп калабы? Кантип бөлүнүп калат? Эмне үчүн бөлүнүп калат? Алардын ысымдары санжыранын баарында эле жазылып турбайбы?! Эмне үчүн санжыраны айтканда Эл бөлүнбөйт да, анан биз айтсак эле бөлүнүп калат? Бөлүнүп кайда барат?
 
Бөлүнүү – ал жалпы Кыргыздын бүтүндүгүнө каршы жасалган кылмыш иш болуп эсептелет. Эгер Үч Канатты ордуна келтирсек, анда  дайым Үч уулдун урпактары, биз – бир Атанын балдары экенибизди эстеп турабыз. Биз аларды эстеп турганда эч качан бөлүнбөйбүз! Биз бир атанын үч уулунан тараган эл экенибизди эстен чыгарганда гана бөлүнөбүз.
 
- Биздин журт башчыбыздын жалпы коомчулуктун алдында “курама элбиз” деген билдирүүсүнө сиздин пикириңиз кандай?
 
- Эгер санжыраны жакшы билишсе, анда биздин өлкө башчыларыбыз: “биз курама элбиз” деп туура эмес сөздү айтышпайт эле. А чынында, “Кыргыз – “курама эл” деген сөз – ал кыргыз эместердин сөзү, ал адашкан жана тарыхты билбеген же атайын бурмалаган адамдардын сөзү. "Манастагы" “курама жыйып журт кылдым, кулаалы таптап куш кылдым” деген сөз, ал нукура Кара Кыргызга эмес, ал Кыргыз империясына кирген элдерге жалпы айтылган сөз.
 
Көчмөн эл – аккан суу сыяктуу дайым кыймылда турган таза коом. Ал эми отурукташкан эл болсо – деңизге окшоп, бир ордунан жылбайт, анан дагы суусу – шор. Ошондуктан адамзатты сакташ үчүн аккан сууну таза сактоо кандай дүйнөлүк мааниге ээ болсо, көчмөн элдин коомун таза сактоо да дал ошондой эле чоң мааниге ээ. Менин айтайын дегеним – уруулук түзүлүш кемчилик эмес. Тескерисинче, анын артыкчылыктары абдан көп. Ал тууралу 15-кылымда жашаган арабдын улуу социолог философу Ибн Халдун көчмөн арабдар менен отурукташкан арабдарды салыштырып, эң сонун далилдеген. “Уруу – үй-бүлөнүн эле чоңу” деп жазган эле маркум Муаммар Каддафи. Демек, Улутту сакташ үчүн “кичине үй-бүлөнү” кандай камкордукка алсак, “чоң үй-бүлөнү” да дал ошондой эле коргоого алышыбыз керек.
 
- Адам улутчул болуш керекпи? Анын коомдогу ролу кандай болуш керек деп ойлойсуз?
 
- «Улутчул киши Улут укугун, улутсуз киши Адам укугун коргойт» деп айтар элем. Биз бүгүн «Улуттук Мамлекет» куруп жатабыз. Ал эми улуттук мамлекетти куруу үчүн анын жарандары улутчул болушу керек. Улутчулдук – ал мурун орустар бурмалап түшүндүрүп келгендей: Өз элин эби-сыны жок көтөрүп, башка элдерди басынтуу эмес, ал – шовинизм. Биз айтып жаткан улутчулдук – ал башка элдерди басынтпай, өз Элин алдыңкы, улуу  элдерге теңөөгө умтулуу дегенди билдирет. Олжасты “оңдоп” айтканда, биз – кыргыздар: “Талааны басынтпай, Тоолорду көтөрүшүбүз керек!”
 
- Кандай адамды “улутчул” адам дейбиз? Ал кандай сапат?
 
- Мисалы,  үчүн мен аны мындай түшүнөм: Улутсуз адам эч качан патриот болбойт. Анткени, ага анын кереги деле жок. Демек, патриот адам гана улутчул болот.
 
Улутсуз адам эч качан эрдик жасабайт. Анткени, жеке өзүнүн керт башын коргогон адамга эрдик жасоонун зарылдыгы да жок. Эрдикти улуттун кызыкчылыгын коргогон эр адам жасайт. Демек, эр адам – улутчул адам.
Улутсуз адам Мамлекеттик тилде кааласа сүйлөйт, каалабаса сүйлөбөйт. Анткени, ага улуттун бар болгону же жок болгону - баары бир. Демек Мамлекеттик тилде сүйлөгөн адам -  улутчул адам.
 
Улутсуз адам улуттук тарыхты окубайт. Анткени, ал Элдин өткөнүн билүүгө кызыкпайт. Демек, улуттук тарыхка кызыккан адам – улутчул адам.
 
Улутсуз адам улуттук динди тутунбайт. Анткени, кайсы динди тутунат анын өз эрки. Ал үчүн Улут укугунан Адам укугу өйдө. Демек, улуттук динди тутунган адам – улутчул адам.
 
Улутсуз адам улуттук каада-салтты карманбайт. Ага анын кереги да жок. Ал кааласа, орусту, кааласа кытайды туурап жашай берет. Демек, улуттук каада-салтты карманган адам – улутчул адам.
 
Өткөн кылымдын 30-жылдары Кыргыз мамлекетин улутсуз адамдар эмес, А. Сыдыков, Ж. Абдыракманов, А. Орозбеков сыяктуу кыраан уулдар башында турган улутчул адамдар курганын унутпайлы, кыргыздар. Ошол улутчул адамдарыбыз болбогондо азыр биздин өлкөбүз болот беле – ким билет?
 
Ошентип, биз жогоруда санаган сапаттар, өзүңүздөр көрүп тургандай, мыкты адамдарга тиешелүү сапаттар. Демек, бул: улутчул адам – мыкты адам дегенди билдирет.
 
- Өлкөнүн өнүгүшү үчүн Улуттук идеология керекпи? Эгерде керек болсо, эмненин негизинде түзүлүшү зарыл?
 
- Биз дайым “Улуттук идеология жок” дейбиз. Мына ушул жерден мындай бир суроо туулат: А эмне үчүн Улуттук идеология жок? Анткени, биздин Президентибиз баш болуп, бардык  жетекчилерибиз «улутчулдар» эмес. Эгер, Президентибиз Ататүрктөй же бүгүнкү Россиянын президенти Путиндей улутчул адам болгондо, Улуттук идеология өзүнөн өзү жаралат эле. Улуттук идеология иштесе – Улуттук аң-сезим калыптанат; Улуттук аң-сезим калыптанса – Улуттук ар-намыс ойгонот; Улуттук ар-намыс ойгонсо – Улутубуз улуу Улутка айланат эле. Орустун көрүнүктүү акыны маркум А. Вознесенскийдин: “Адамды бузган прогресс – ал реакциячыл прогресс” деп айткан сөзү бар. Анысы сыңары адамды бузган цивилизация – ал “реакциячыл” цивилизация. Анткени, адам бузулгандан кийин – Эл бузулат, Эл бузулгандан кийин – Мамлекет бузулат. Бул жок болуу деген сөз. Андай цивилизациянын бизге эмне кереги бар? 
 
Ансыз да, 21 жылдан бери биздин өлкө бүткүл дүйнөлүк Идеологиялык согуштун чордону болуп келүүдө. Бизди “калкалап жатабыз” деген чет элдик программалардын дээрлик баары 21 жылдан бери, тескерисинче бизди “талкалап” келатат. Жылаандын уусу – жылаандын өзүн өлтүрбөйт. “Оруска – дары, немиске - уу” деген сөздүн мааниси да ушул. Ошондуктан “өнүккөн элдер айтып жатышат” деп эле алардын айтканын кыла берүү туура эмес.
 
Маектешкен
Шекербек Калыков,
"Жаңы Ордо"
Макаламдын темасы айтып тургандай Өкмөт коомдук пикирди уруп ойнобой кезектеги чоң катасын кетирди, болбосо ушул жылдын 29-майында "Фабула" газетасынын № 41-санында жарыяланган макалада жана интернет баракчаларындагы Өкмөт тарабынан шайланган кабыл алуу комиссиясы, экономикалык кылмыштарга каршы полициясына одоно мыйзам бузуу жолу менен кабыл алууну жүргүзүп жаткандыктары жөнүндө, коомчулука кеңири маалымат бергендей болгон. Мындан комиссия жүйөлүү сын пикирлерден жыйынтык чыгаргандын ордуна, билгениңерди кылып алгыла кыязында кылышты.
 
Себеби Өкмөт мына ачыктык, айкындык болуш үчүн биз минтип жарандык коомдордон комиссия мүчөлөрүнө кошуп бербедикпи деп суудан кургак чыккысы келет.
 
Андай болсо ушул жерден акыйкат суроо туулат, комиссиянын 11 мүчөсүнүн ичинен, кабыл алууга акыркы жумаларында, төрт гана мүчөсү болуп кабыл алгандыгы, алар Мусаев, Аширов, Пономарев жана Тарбинский болушканы, кызык жери булар кворум болбосо дагы кантип кабыл алууну жүргүзүшкөнү, ал аз келгенсип берген суроолору “Сен кайсыл түстү жакшы көрөсүң, акыркы жолу кайсыл киного бардың, кайсы мектепти бүтүрдүң” жана башка ушуга окшогон дөдөй суроолор, таң калыштуусу биз башка суроолорго караганда акыркы пикир алмашууга эң чоң коэффицент 0,6 ны койдук дешет, ушундай суроолор менен коэффицентти кантип чыгарышты болду экен? Ачыктык үчүн айта кетүүчү жагдай – мамлекеттик кызматтарда бир күн дагы иштебеген, тажырыйбасы жок катышуучулардын келгени, муну коомчулук дагы айтып отуруп тили тешилди.
 
Өкмөттүк эмес уюмдардын мүчөлөрүнүн бир жумадан ашык кабыл алуу экзаменине көңүл кош мамиле жасап катышууга келбей койушу жана далили бар арыз, даттануу кагаздарын комиссиянын отурумуна койбогондугу ага мисал: Б. Абылгазиевтин кабагым- кашым дебей кайрадан иштегени жатканы бул комиссия канчалык деңгээлде иштешкени көрүнүп турат, ушундан улам бейөкмөт уюмдарына дагы элдин ишеничи кете баштады дегенди түшүндүрөт.
 
Жогорку кеңеште экономикалык кылмыштарга каршы полициясынын маселесин караганы жатканда Асия Сасыкбаева кимдир бирөөлөрдүн балдары өтпөй калса эле ушинтип кыйкырып чыгышабы деп коллегаларына тийишип өттү. Сасыкбаева өзү оппозицияда жүргөндө кантип маек берип акыйкат издеп кыйкырып жүргөнүн билебиз, эми деле ошентип акыйкат сүйлөп турсаңыз болбойт беле? Төрөбековтун кызыкчылыгы болсо белгилүү, иниси орун басар болуп иштегени жатса. Канат Исаевтин кызыкчылыгы мүнкүн жердеши Ашыровту жанын үрөп колдоп жатканы болбосун. Мынчалык шашып кабыл алып коёлу иштей беришсин дегендерине караганда, өкүнүчтүүсү эл ишенип биз шайлаган депутаттардын ар кимисинин кызыкчылыктары жалпы коомчулуктун кызыкчылыктарына дал келбей жатканында.
 
Урматтуу депутаттар, экономикалык кылмыштарга каршы полициясынын ишин кароодо ураа-ураа менен кабыл алып койбой, дыкаттык менен иликтеп, карап-чыгып, кимдер ушундай нааразычылыкка себепчи болгондорду коомчулука алып чыгып мыйзам алдында жазага тартыш керек.
 
Өмүрбек Бабанов жетектеген Өкмөт мындай жүрүштөрүн ушинтип уланта бере турган болсо күзүндөгү отчетунда элден колдоо таппай калышы толук ыктымал. Азыркы Өкмөт мамлекетти реформа кылабыз дегени – түшүнгөн кишиге бул жөн эле жомок экени улам ай өткөн сайын даана байкалууда.
 
Болбосо биз акыйкат иштейбиз, тааныш-билиш менен кызматка мындан ары албайбыз, коррупцияга бөгөт койобуз, элдин жыргалчылыгы үчүн иштейбиз дегендерине коомчулук ишенип-ишенбей турган мезгилде, ага кошул-ташыл Өкмөттүн экономикалык кылмыштарга каршы полициясына талапкерлерди тандап кабыл алуусу чыр-чатакты туудуруп жатат. Ал эми өтпөй калган талапкерлерди алган балына жараша тизмесин тактап туруп резервке коюу менен бирге коомчулука билгизиш керек эле, булар муну дагы кылбай туюк маселе катары көрүп келет.
 
Бул жерден Жогорку Кеңештин депутаты К.Ташиев жетектеген оппозиция өкүлдөрүнүн айткан жүйөлүү сын пикирлерине кошулам, алардын айтып жаткан сын пикирлерин, тап душмандары катары кабыл албай, тез арада кетирген кемчиликтерин моюнга алып, оңдоп турушса, ошондо Өкмөттүн иши алдыга жылып турган болоор эле.
 
Болуш Султанов,
"Жаңы Ордо"
 
 
“Экономиканын өсүүсүнүн төмөндөшү бир гана биздин өлкөдө эмес, бардык мамлекеттерде байкалууда. Дүйнөлүк банктын акыркы иликтөөсү боюнча дүйнөлүк ИДПнын өсүүсү 0,7%га төмөндөгөн. Россия менен Казакстанда да ИДПнын өсүүсү солгун. Бажы биримдигине кирген республикабыздын соода-сатык боюнча өнөктөш өлкөлөрдө да экономикалык төмөндөө жүрүп, биздин экономикага таасирин тийгизүүдө”, – деген Премьер-министр Өмүрбек Бабанов өтө турган чогулуш 13-июнда жергиликтүү бийликтердин жетекчилери катышкан экономикалык кырдаалды иликтеген Өкмөттүн кеңейтилген кеңешмесинин уландысы экендигин билдирди.
 
“Кумтөрдөн” 40 пайыз салык түшпөдү
 
Өкмөттүн “Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнү­гүшүнүн 2012-жылга жана 2013-2014-жылдарга божомолу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу маселе каралып, экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев баяндама жасады. Ал жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукциясы пландагы 7,5%дын ордуна 1,8% менен жыйынтыкталарын маалымдады.
 
Жыйында сүйлөгөн Өкмөт башчы Кыргызстандагы өсүү ыргагынын төмөндөшүнө себеп болгон “Кумтөрдөгү” кенди иштетүүнүн 40%га кыскарышына басым жасады. “Кумтөрдү” кошпогондо экономиканын бардык секторлорунда өсүү байкалган. Алсак, беш айда ИДПнын өсүүсү 3,6% болгон. Салык жана бажы төлөмдөрү айтарлык ашык жыйналган.
 
“Ири долбоорлорду ишке ашырышыбыз зарыл”, – деген Өмүрбек Бабанов жогорку чыңалуудагы “Датка-Кемин” электр өткөргүчүн жана Кемин подстанциясын, Нарындын жогорку куймаларына ГЭС­терди куруу, ипотекалык долбоордо ири комплекстеги үйлөрдү салуу, Кара-Балтада мунайды кайра иштетүүчү заводду ишке киргизүү, “Талды-Булак сол жээк”, “Жерүй” алтын кендерин иштетүү, “Кыргызалтындын” өзүнүн кендерди байытуучу фабрикасын салуу мисалдарын келтирди.
 
Долбоорлорду ишке ашырууга жана аймактарды өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууну экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине тапшырган Өкмөт башчы кеңешменин катышуучуларына ар кайсы өлкөлөрдүн эксперттеринин баалоосу боюнча дүйнөлүк экономикалык кризистин экинчи толкуну болорлугун эскертти. “Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги улуттук экономикалык өсүү ыргагын сактоонун кризиске каршы планын иштеп чыгуусу зарыл. Өкмөт жыл башында өзүнүн алдына максаттуу тапшырмаларды коюп, жетиштүү жогорку ыргактагы иштерди колго алган. Биз аны ишке ашырууга ишенебиз”, – деди Премьер-министр.
 
ИДП 5,7 пайызга азаят
 
“Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджет жана 2013-2014-жылдарга божомолу жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча финансы министри Акылбек Жапаров билдирүү жасады.
 
Анын айтуусунда импорт 9,4%дын ордуна 30%га чукул көтөрүлгөн. “Кумтөрдөгү” иштин төмөн-дөөсүнөн экспорт төмөндөгөн. 2012-жылы ИДП 7,5%га пландалса, 1,8% болоору күтүлүүдө.
 
Мамлекеттик инвестиция программасынын грантын кошкондо бюджеттин жалпы кирешесинин жыйналышы 90 млрд. 621 млн. сомго болжолдонууда, бул пландалгандан 365,2 млн. сомго көп. 2012-жылдын 1-январында мамлекеттик мекемелердин атайын эсебинде калган 804,5 млн. сомду мамлекеттик бюджеттин ресурс­тук бөлүгүнө киргизүү сунушталды. Кошумча керектөө 1 млрд. 461 млн. сомду түзүүдө. Бюджеттин таңкыстыгы 18497 млн. сом, бекитилген көрсөткүчтөн 2 млрд. сомго көп. “Мамлекеттик менчикти толук инвентаризациялоо керек”, – деген Акылбек Жапаров “Кумтөр” ишканасынан, “Манас” аэропортундагы америкалык самолётторго күйүүчү май даярдаган ишканадан салык жакшы түшпөй жаткандыгын сындады.
Премьер-министр Өкмөт мүчө­лөрүнүн көңүлүн алар жетектеген мамлекеттик органдарда жана ведомстволордо бюджетти үнөмдөөгө чоң таасир тийгизген тендерди ачык өткөрүүгө бурду. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башчысы Г.Ша­кированын ишкердигиндеги дарыларды камсыздоо маселесин сындап, саламаттыкты сактоо министрлигиндеги тендерди ачык, таза өткөрүүгө вице-премьер-министр Гүлнара Асымбекова менен саламаттыкты сактоо министри Динара Сагымбаеванын жооптуулугун белгиледи. Ошону менен катар биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашевге жана вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевге жетектеген мамлекеттик органдардагы тендердин өтүшүнө мониторинг жүргүзүүнү тапшырды.
 
Бюджет аз бөлүнүп калганын, кошумчалоону сунуштагандар көп эле болду. Алсак, маданият жана туризм министри И.Жунусов иш сапар чыгымдарына акча жетпей, аны издеп, санаган “кассир” эле болуп калгандыгын айтып, каражат бөлдүрүүгө жетишти. Көп талкуудан кийин өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бир добуштан токтом кабыл алынды.
 
Табигат кыйнаган айыл чарбасы
 
Жазгы талаа иштеринин жыйынтыктары жана республиканын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндөгү маселеде айыл  жана суу чарба министри Аскарбек Жаныбеков: “Кыргызстанда 2012-жылы буудай өндүрүүнүн таңкыстыгы түзүлөрү күтүлүүдө”, – деди.
 
Министрдин айтымында кыш күтүүсүз келгендиктен көп жерлерде күздүк буудай 270 миң гектардын ордуна 179 миң гектарга айдалып калгандыгын, жалпы 325 миң гектар жерге гана буудай айдалгандыгын билдирди. Адистердин божомолу боюнча гектарына 21,1 центнерден түшүм алынса, 650 миң тонна кызыл дан алынары күтүлөт. Өлкөнүн керектөөсү 1 млн. 271 миң тонна буудай болсо, калганын толуктоо керек. Айыл чарба техникаларынын 80%ы жыйырма жылдан бери пайдаланылган эскилер. Жыл башында кредиттик лизинг программасынын негизинде “Айыл банк” аркылуу 89 трактор сатылып алынган. Айылдык фермерлерге жеңилдетилген баада күйүүчү май, үрөн, 7%дык жеңилдетилген насыя, 2858 фермерге 404 млн. сом, мал чарбасына 3423 мал багуучуга 394 млн. сом бөлүнгөн.
 
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов министрди тез-тез, беш айда эле алмаштыруудан жоопкерчиликти суроо кыйындыгын, ал жерде иш уюшулбай калышын белгилеп, өстүрүлгөндөрдү уюшкандыкта жыйнап алуу маселесин койду. Өкмөт колунан келишинче, мүмкүнчүлүктүн барынча айыл чарбасына жардам берип жаткандыгын белгиледи.
 
Толук каржыланбайт
 
Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюунун жүрүшү жөнүндөгү маселеде министр Кубатбек Бороновдун жакшы иштеп жаткандыгы белгиленип, кийинки маселеге өтүү каралганда, ордунан эле учурда ӨКМ бюджетте каралгандан 48,8% гана каржыланып жаткандыгын, 107 объект курууга 596,2 млн. сом каралса, 291,2 млн. сом гана бөлүнгөнүн айтты.
 
Санарипке шашалык
 
Күн тартиптеги 174-230 МГЦ жана 470-862 МЦ радио жыштыктардын тилкелеринде жер бетиндеги сандык эфирдик берүү үчүн радиожыштык ресурстарын пайдалануу укугуна сынак өткөрүү маселеси атайын бет ачар өткөрүлүп, кийин­ки кеңешмеде каралууга калтырылды.
 
Радиобайланыш Аймактык уюмунун 2006-жылкы Женевадагы чечимин аткарыш үчүн Кыргызстан санариптик телеберүүгө 2015-жылга чейин өтүшү керек. Андан кийин башка жыштыктагы берүүлөр эл аралык коргоого алынбайт.
 
Сапатсыз май экспортко чыгабы?
 
Экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев Кара-Балтадагы кант заводу 26 млн. доллар жумшап, мунайзатын кайра иштетүүчү завод куруп жатканын, өндүргөн күйүүчү майынын сапаты Кыргызстандагы сатылып жаткан күйүүчү майлардын сапатынан төмөн болгондуктан, рынокко чыга албастыгын, Тажикстанга, Афганистанга сатууга уруксат берүү маселеси күн тартибине коюлуп, бир нече талкуулоолордон кийин өндүрүштүн өнүгүшүн колдоо иретинде атайын белгилер коюлган колоннада ташылсын деп колдоого алынды.
 
Марип ТАЙЧАБАРОВ,
“Кыргыз Туусу”

Бишкек-Ош жолунун Өзгөн-Ош аралыгында карамай ташуучу 80дей машине 2 күндөн бери токтоп турат. Унаа ээлери оор машинелерге тыюу салган токтомдун мөөнөтүн жылдырууну талап кылып, өкмөт алардын талабын аткарбаса жолду тосууга чейин бараарын айтууда. 


Тамак-ашын камдап алып, али-бери ордуларынан жылчудай болбогон айдоочулар Ош шаарынын кире беришинде жатышат. Алар оор жүк ташуучу унаалар үчүн Ош-Бишкек жолуна киргизилген ченемди көбөйтмөйүн, же өкмөт токтомунун мөөнөтүн жылдырмайын нааразылык акциясын токтотпой турганын айтышат:

​​- Биздин талап аткарылбаса канча болсо да олтура беребиз. Анткени эми биздин кыла турган ишибиз жок. Биз эми барып Өзбекстанда араба түртөлүбү, же Баткенге барып өрүк терелиби? Өкмөт оор жүк ташуучу унааларга тыюу салганды билет экен, а мурда эле ал унааларды Кыргызстанга киргизбей койбойбу? Булардын салмагы канча, биздин жолдорго туура келеби же келбейби деп карап анан бажыдан уруксат беришсе болмок да. Эми биз 50-60 миң доллардан кредитке, карызга сатып алганыбыздан кийин иштин баарын өлтүрбөй. Биз иштебей жатсак мунун баарын кантип төлөйбүз? - дейт күйүүчү май ташыган унаа ээси Бахтыяр Касымов.

Бул жердегилер кечээ күнү Ош-Өзгөн жолун бир саатка чейин жаап, милициянын кийлигишүүсү менен кайрадан ачкан. Талаптары аткарылбаса алар жол тосуу чараларын дагы улантаарын айтууда.

Айдоочулардын дагы бири Илияз Кадыров буларга токтолду:

- Биз мунун баарын бийликтегилер атайы элди кыйноо үчүн уюштуруп жатат деп түшүнөбүз. Болбосо чоңдордун машинелери бүт баары өтүп жатат. А бизге окшогон карапайымдардын унаасына келгенде эле мыйзам иштейт имиш экен. Бирок эми алардын ташып атканы деле аз да. Минтип олтурса аз күндөн кийин түштүк аймагында бензин, солярканын баасы асманга чыгып кетет.

Жол боюнда токтоп турган 100гө чукул карамай ташуучу унаалар XOA, Freed Liner жана Mann сыяктуу үлгүдөгү Кытайдан чыккан оор автоунаалар. Булардын май куйгандан кийинки салмагы 30 тоннадан 40-50 тоннага чейин жетет. Ээлери белгилегендей, унааларды кесип, кичирейтип жасап чыгууга да мүмкүн эмес.

Жеке ишкер Абдилашим Мамытов жүк ташуучу машинелердин жолго эч кандай зыяны жок экенин айтат:

- Оор машинелер жолдо жүрсө эле талкаланып калат деген нерсе бул  -миф. Күнү келгенде жалаң жеңил машинелер жүргөн шаардын жолдору деле жарактан чыгып калып жатпайбы. Жол көтөрө албайт дегендин ордуна ошону сапаттуу кылып салышпайбы. Өзүнүн технологиясы менен жасап, анан утур-утур карап турса эле баары жайында болмок. Тескерисинче оор унаалар каттаса жол бышык болот.

Кыргызстан айдоочулар коомунун аймактагы өкүлү Надыр Токторов да өкмөттү маселени кайра карап чыгууга чакырууда:

- Мурда норматив кире турганын билип туруп, ушул машинелерди өкмөт сырттан киргизген. Сатып алууга уруксат берип, анан кайра айдоого тыюу салып койгонун эми кантип түшүнөбүз? Элди жонунан кайыш тилип, акчасын оңой жол менен алууну максат кылган деп түшүнөбүзбү? Ырас өкмөт өзү киргиздиби, өзү күнөөлүү. Эми буларга жок дегенде бир жыл убакыт бериш керек. Алды унааларын актатып алсын, аркасы сатып тынсын. Кантсе дагы бийликтин бул кылганы элди кыйноо же, алдоо деп кабыл алабыз. 

Жолдорду сактоо максатында чыккан өкмөттүн 2011-жылдын августундагы токтомуна ушул жылдын май айында өзгөрүү киргизилип, 32 тоннадан ашыкча салмактагы унааларга Кыргызстандын ичиндеги жолдордо каттоого тыюу салынган. Буга Кытай өндүрүшүнөн чыккан күйүүчү май ташыган унаалардын дээрлик баардыгы туура келет. А бул унаалар республикадагы күйүүчү май ташыган унаалардын 80 пайызын түзөт. Ушуга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында күйүүчү майлардын кымбатташы ыктымал болуп калды.

Канткен менен өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов 19-июнда атайын билдирүү жасап, токтом кайтарылбай турганын жар салды.

 

"Азаттык"

 

19-июндун түнүндө Бишкектеги "Монте Карло" эс алуу жайында ИИМ Академиясын аяктап жаткан курсанттар аралашкан мушташ болду.
  •  

Күбөлөрдүн айтымында, мас абалындагы курсанттар өз ара мушташып, арачага түшкөн эс алуу жайынын күзөт кызматкерлерине да кол көтөрүшкөн. Бирок ИИМ Академиясы да, ички иштер министрлиги да аталган окуяга курсанттардын тиешеси жоктугун билидирүүдө. Бул окуя журт ичинде өздөрү ушинтип жатса, милиция карапайым калктын коопсуздугун кантип коргойт деген суроого жем таштады. 

Окуя кантип "от алды?"

Окуяга күбө болгондордун бири, Кыргызстандагы медиа эксперт Илим Карыпбеков. Ал «Монте Карлого» бир топ белгилүү адамдар менен кызматтык жолугушууга барып, аталган окуяга туш болгон.

 

​​- Бир аздан кийин эле эки баланын ортосунда мушташ чыгып, ал жалпы мушташка, ур-тепкиге айланып кетти. Алар жайкы аянтчанын тегерегинде мушташып, эмеректерди, идиш-аяктарды талкалап, бири-бирин сабап, тепкилеп жатышты. Ошол кезде «Монте Карлонун» тартип сактаган  күзөт кызматкерлери арачага түшөлү дегенде, алар да ур-токмокко кабылышты.  

Бул окуя 19-июндун кечинде саат 11лер чамасында чыккан. Илим Карыпбеков буларды кошумчалады.

- Биз ал жердин кызматкерлеринен булар кимдер экенин сураганда, «милиция академиясынын бүтүрүүчүлөрү» деп жооп беришти. Чынында эле арасында «жолдош полковник» деп кайрылгандары да болуп, аларды кээ бир «полковниктери» куттуктап кетип жатышты. Алардын арасында «полковник», «подполковник» наамындагы адамдар да отурушту. 

Курсанттар мушташкан жокпу?

“Монте карлодо” курсанттар катышкан чыр-чатак орун алганын эс алуу жайынын кызматкерлери да ырастап, бирок микрофонго сүйлөп, кенен маалымат берүүдөн баш тартышты. Алар мындай чырлуу окуя биринчи жолу болуп жатканын айтып, бирок ал болочок милиция кызматкерлери тарабынан жасалганы өкүндүрөт дешүүдө.

ИИМ Академиясын аяктаган 40тай курсант бул эс алуу жайына бүтүрүү кечесин майрамдоого келишкен экен. “Монте карло” мекемеси укук коргоо органдарына кайрылганын, келтирилген чыгымдарды да эсептешкенин айтышты.

Ал эми ИИМдин академиясынын тарбия иштери жана социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы Абдразак Турдубаев бул окуяда курсанттардын күнөөсү жок, ал атайын уюштурулган чагым деп билдирди.

- Өз ара эмес, сырттан жарандык кийимчен балдар келиптир. Менин орун басарым барып, ошол замат токтотуп калышыптыр. Ошол мас балдарга сырттан келип, милиция кызматкерлери да тийишиптир. Биз балдарыбыздын ар биринен “жарандык кийимчен болгула, эч ким менен мушташпагыла” деп, тил кат алганбыз. Биздин балдар андай мушташ чыгарышы мүмкүн эмес. Тескерисинче, алар чатак болбосун, тийишпейли деп качып кетишкенин айтышты. Кимдир бирөөлөр атайын чагым уюштурушуп, бизди шылдыңдашты деп айтып жатышат. Бирок биз баары бир бул иш боюнча териштирүү жүргүзүп, жыйынтыгын чыгарабыз. 

“Монте Карло” эс алуу жайында мушташ орун алгандыгын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы да ырастап, бирок ага курсанттардын тиешеси жок деп билдирди.

Министрликтин маалымат кызматынын өкүлү Бакыт Сейитовду угалы:

- Ал жерде болгон мушташка ИИМ Академиясынын кызматкерлеринин тиешеси жок. Ал жерде белгисиз адамдар тарабынан мушташ болгондугу аныкталган. Бул боюнча ыкчам иликтөө-издөө иштери жүрүп жатат. Ал эми интернет айдыңында “курсанттар эмеректерди талкалашкан, күзөт кызматкерлерин сабашкан” деген маалыматтар чыгып жатат. Бул фактылардын эч кандай чындыкка дал келбегени учурда такталды.

“Ишенген кожом сен болсоң...”

Анткен менен ИИМ, анын академиясы да курсанттардын тиешеси жок делген мушташ кайсы бөтөн адамдар тарабынан чыкканын так ырасташкан жок. Өткөн жылы да бүтүрүү кечесин майрамдаган аталган окуу жайдын курсанттары машиналар менен жолдорду тороп, бир топ бейбаштык жана мыйзамсыз иштерге барышкан болчу. Чүй жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол агымын бууп коюшуп, көчө ортосунда туруп алып бийлешкени, анын айынан шаарда бир нече ирет авариялык абал түзүлгөнү кабарланган.

Кечээки окуяга күбө болгон Илим Карыпбеков болочок тартип кызматкерлеринин жоруктары өкүндүрөт дейт:

- Булар милициянын, же академиянын аброюна гана шек келтирген жок, ошол жерде отурган башка адамдардын маанайын да чөктүрүштү. Биздин милиция кызматкерлерибиз, келечек муунубуз ушундай иштерди кылып, “тартипти” ушундай кылып коргоп жатса, алардан эмнени күтмөк элек. Ушундай ой-пикир менен биз да, башка отургандар да ур-токмокко кабылбайлыбы деген таризде кетип калдык.

Ал эми айрым маалымат каражаттары күбөлөрдүн айтканына таянып, мушташ бүтүрүүчүлөр менен уулдуу болгонун белгилеп жаткан ИИМдин полковник чининдеги бир кызматкеринин ортосунда чыкканын жазып чыкты.

ИИМдин Эргеш Алиев атындагы академиясы өлкөдө жогорку билимдүү милиция кызматкерлерин даярдаган бирден бир окуу жай. Бирок министрлик гана эмес, анын академиясы да реформага муктаж экени көптөн бери айтылып келатат.

Быйыл болсо бул окуу жайды 250 лейтенант аяктап, кыргыз милициясынын катарын толуктоодо.

 

"Азаттык"

Өлкөнүн түштүгүндөгү кандуу кагылышууга эки жылдын жүзү болду. Жүздөгөн адамдардын өмүрү кыйылып, бир нече жарандарыбыз дайынсыз жоголуп, шаар -айылдарды өрт каптады. Арийне, ушу күнгө чейин күнөлүүлөр так аныкталбай, адилеттүүлүк издеген жарандарыбыздын азыркы бийликке болгон ишеничи өчүп баратат. Ош, Жалал-Абаддагы кандуу окуяларды иликтеген Эл аралык Кильюнен баш болгон эксперттер, Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы, көз карандысыз иликтөөчүлөр кагылышуунун келип чыгышына ошол учурдагы Убактылуу Өкмөт күнөлүү экенин баса белгилешти. Тилекке каршы, эч ким тиешелүү жазасын алган жок. Тескерисинче, эки элдин кагылышына себепкер болгон Кадыржан Батыров баш болгон сепаратисттерди чек арадан бийликте турган адамдар эле сыртка чыгарып жиберген деген маалыматтар айтылып жүрөт. Муну азыркы бийлик четке какпайт, унчукпай  улуу балээден кутулуп келатат. Ал эми башкы Прокурор Аида Салянова жакында түштүктөгү кандуу окуялар тууралуу Жогорку Кеңешке берген отчетунда Убактылуу Өкмөттү “сүттөн ак” кылып, мөөрүн басып койду. Канткен менен ошол учурдагы курман болгон, дайынсыз жоголгон жарандарыбыз кыргыз мамлекетинин бүтүндүгү, бийликти коргоп калуу үчүн жолго аттанып чыгышкан болчу да. Анда эмнеге, жабыр тарткан үй бүлөлөргө мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлбөйт? Жакындарынан ажыраган бир нече жараныбыз кечээ баш калаабызга адилеттүүлүк издеп келишип, Ак үйдөгү чиновниктерге арыз-арманын айтып жеткире албай, аргасы түгөнгөндө биздин редакциябызга кайрылып отурушат. Анткени, бир дагы чиновник алардын мүдөөсүн, көйгөйүн угуп койгонго жарабаптыр. Мына бийликтин жүзү. Учурдан пайдаланып, жарандарыбыздын көйгөйлөрүн гезит бетине жарыялоону туура көрүүдөбүз. Коомчулук кабардар болуп, өз баасын берер деген үмүттөбүз.

 

  
Бурма Ашимова, Кара-Кулжа району, Кашка-Жол айыл Өкмөтү, Жийде айылынын тургуну:
 
«А Бабанов болсо өзбектердин сүмөлөгүнө барат дагы, кыргыздарга басып келип куран окутуп койгонго жарабады»
 
- Менин уулум Назарбек Ашимов Кыргыз-өзбек университетинде 3-курста окуйт болчу. 11-июнь күнү тели-теңтуштары “Уулуңуз жок” деп кабар айтышты. Бир жылдан өткөнчө дайынсыз болуп жүрдү. Ак-Буура дайрасына бирөөнү өлтүрүп, ыргытып жиберишкен экен. Ошентип Москвадан ДНКсын текшерип көрүшүп, менин балам экенин айтышкан. Сүрөтү боюнча 35-55 жашка чейинки адам деп жазышкан. Менин балам таптакыр жаш болчу да. Анан таанылгыс да. Кайра Кытайдан ДНКсын текшерип көрүштү. Сүрөттөгү тишин салыштырып менин уулум экенин далилдеп беришти. Былтыр 26-июнда уулумду жерге бердим. Эми ошондон бери адам өлтүргөн бир дагы адам кармала элек. Ушинтип адилеттүүлүк издеп жүрөбүз. Күздө келгенде, “Сен жаш экенсиң. Тилиңди эч ким укпайт. Сени эч ким тоготпойт. Кызматыңды чоңураак адамдарга бер.” деп Башкы Прокурор Аида Саляновага айтканмын. Эшек иштеп, ат жеп атат. Кылмышты иликтеген балдар күнөлүүлөрдү таап, колун байлап алып келип жатат, биз түнкү саат 12ге чейин кошо кайтарып отурабыз, саар менен барсак бошонуп чыгып калган болот. Түнү менен эле биякка телефон чалышат экен, анан алчусун алып, коё берип жатат. Бизди ушулар күйгүзүп атат. Кайра кылмышты иликтеген балдарды кодулап, күнөөлөп, “Сен ушунун ичинде барсың” деп иштен айдап атышат. Өткөндө Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековго кирип сүйлөштүк. Ошондо, “Салянова, сага былтыр күздө кет” деп айтканмын. Көрсө, сенин жөлөнчү-таянчың күчтүү турбайбы. Ошон үчүн отурат турбайсыңбы. Иштеген ишиңдин дайыны жок эле тыпыйып отурасың” десем, Салянова, “Эми балдарыңар табылдыбы, мындан ары өлтүргөндөр табылбайт дагы, кармалбайт. Керек болсо, июнь окуясына кресть коюлду” деди. Ушу дагы сөзбү? Прокурорлор ушундай сүйлөп калганбы? Салянова менен Бабанов биздин жинибизге тийип жүрөт. Бабанов Өкмөт башчысы болгондон бери бир дагы жолу биз менен жолугушуп, акыбалыбызды сурап койгон жок. Миң чакырым жолду басып, акыйкаттык издеп келебиз. Акыйкаттык эч жерде жок. Былтыр Отунбаева барып, түрмөдөгүлөрдү чыгарып тазалап келип атчы эле, эми Атамбаев ошентип атат окшойт. А Бабанов болсо өзбектердин сүмөлөгүнө барат дагы, кыргыздарга басып келип куран окутуп койгонго жарабады. Биз Бабановго өтө нааразыбыз.
 
Сапаркан Жунусбаева, Жалал-Абад шаары, Тайгараев айыл Өкмөтүнүн тургуну:
 
“Болгону чындык издеп келдик”
 
- Менин иним Кумарбек Ахунов 2010-жылы 13-июнь күнү эл менен кошо кеткен эле. Ошол бойдон үйгө келген жок. Угушубузга караганда, мечиттин үстүндө турган снайпер атып таштаптыр. Артында төрт баласы калды. “Болор иш болду го” деп каниет кылып отура берели десек, сепаратисттердин ою жаман экенин байкап атабыз. Алар жазасын алмайынча коркунуч боло берет. Бизден кийинкилерди дагы ыйлатышы мүмкүн. Ошондуктан, айласыздан бийликке кайрылып үнүбүз жетпей келатабыз. Биз канча жолу “Кадыржан Батыровду кармагыла!” деп талап кылдык. Өкмөт жооп берген жок. “Үй бердик, миллион акча бердик” деп атышат. Алардын курган үйлөрү четинен урап түшүүдө. Лампочка салсаң атылат. Суусу жок. Эптеп эле биздин оозубузду жабыш үчүн курулган үйлөр окшойт. Мамлекет жетим калган балдардын абалын сураганга жарабады. Ошондуктан, “кыргызым!” деп иштеген эр азаматтар качан чыгарынан үмүт артып келебиз. Күнөлүүлөр табылган жок. Менин инимди аткандарды бир көрсөм болот эле. Алардын деле мендей эжеси, балдары болсо керек. Биздин сураганыбыз эле күнөлүүлөр жоопко тартылса дейбиз. Бийликтен башка нерсе сурабайбыз. Болгону чындык издеп келдик.
 
 
Касиет Арипова, Лейлек району, Кара Булак айылынын тургуну:
 
«Республика» партиясынын атынан келген  депутат Назарали Арипов күйөөмдүн бир тууган иниси болот»
 
- Менин уулум Жаныбек Арипов 2005-жылы Акаевдин бийлигин кулатуудагы кагылышууда “ак кепкачандардын” колунан жаракат алып, ооруканада каза болгон. Көчөдө иш издегендердин биржасында турчу эле.
 
Балдарга кошулуп келген экен. 36 жашта болчу. 4 жашар, 6 жашар балдары жетим калган. Мына ушул эки неберемди мен багып жүрөм. Адилеттик издеп Бакиевдин бийлигине көп кат жаздым. Эч катым жетпей койду. Акыры Революцияны коргоо комитетинин башчысы Болот Айдаровдун жардамы менен катым бийликке жетип, мени Турсунбек Акун кабыл алды. Баламдын жылдыгын өткөргөнгө 20 миң сом берген. Келиндин үй-жайы жоктугунан Россияга иштегени кетип калды. Балдарды мен карайм. Азыр Сокулуктагы Давка деген араптардын мектебинде окутуп жатам. Суук тийип чоңунун кулагы укпай калды. Анан эми Давканын башчылары “балдарды окуудан чыгарабыз” дешип жаман кыйнады. Барбаган жерим калбады. Жыл сайын окуудан чыгарып коюшат, жыл сайын кайра киргизем. Балдарым экөө тең жакшы окушат. Билим берүү министрлигинен Муктар Орозбеков, Нурбек Казиев деген балдар  жакшы жардам беришти. Мен азыр кийим тигип балдарды багып жүрөм. Эки балама Өкмөттөн 2000 сомдой жардам алам. Өзүбүздүн дагы депутаттарга кайрылдым. Эч кандай жооп жок. Азыркы Жогорку Кеңешке “Республика” партиясынын атынан келген  депутат Назарали Арипов күйөөмдүн бир тууган иниси болот. “Эч болбосо, Жаныбектин балдарынын абалын сурап койбойсуңбу?” десем, “Эсен болгула, эсен болгула” дегенден башкага жарабайт. Түнү бою кийим тигип чыгам. Чалым болсо оорукчан. Азыркы бийлик болсо таптакыр жардам бербейт. Кимге кайрылышты билбей калдым? Чындык жок экен.
 
 Марсияна Мамаева, Жалал-Абад шаарынын тургуну:
 
«Бектур Асанов жанында кол чаап турган»
 
- Эки жылдан бери акыйкаттыкка жете албай, айлабыз куруганда, коогалаңдан жабыр тарткан адамдардын башын бириктирип, “Ата Журтту коргоонун баатырлары” коомун ачканбыз. Мен ушул коомду жетектеп келатамын. Жакында эле Жалал-Абад шаарындагы ыйык жер болгон Шор Булакта июнь окуясында курман болгондорду эскерип, куран окуттук. Ал эми менин балам Акыл Мурзаев июнь айынан бери дайынсыз жок. Беш убак намаз окуган, кичипейил бала эле. Жалал-Абадда жаңжалдын чыгышына  Убактылуу бийликтин күнөөсү бар деп ойлоймун. Убактылуу бийлик Жалал-Абадда уруш боло электе эле Кадыржан Батыровдун жардамы менен губернаторду, мэрди, ички иштер башкармалыгынын башчыларын шайлашты. Сталбек деген Жалал-Абаддын ички иштер башкармалыгынын башчысы болчу. Нары жакта куралчандар кыргыздарды атып жатканда, жардам сурап келгенде, ошол Сталбек деген, “Жогору жактан буйрук келбей жатат” деп органдын балдарын тыйып, кармап отурган. Кылгылыкты кылгандын бардыгы ушулар болду да. Биз чындыкты издеп келебиз. Азыркы органдарга деле ишенбейбиз. Эгерде күнөлүү адамдар кармала турган болсо, бул жактан чоңдор кийлигишип, чыгарып жиберип жатышат. Ушул урушка азыркы бийликтин түздөн түз күнөөсү бар экенин бардыгы эле айтып жүрбөйбү. Убактылуу бийлик болсо такыр жардам берген жок. Балам жоголгондо Кубатбек Байболовдун алдына барып, “Таш Булакты тазалап бергиле. Органдын балдарын жибериңиз” деп сурансам, ал, “Мен жөнөтө албайм. Бул ишке кимдер күнөлүү?” деп, кабыргам кайышып турса,  кайра мыйыгынан карап күлөт. Кимдер күнөлүү экенин өзү дагы жакшы билет болуш керек. Булар ойлойт, карапайым калк эч нерсени билбейт деп. Жок, бардыгын билет. Ошондо Бектур Асановду губернатор кылып шайлашты. Кадыржан Батыров болсо, “Биз бул күндү 20 жылдан бери күткөнбүз.
 
Биз дагы адамча жашашыбыз керек” дегенде Бектур Асанов жанында кол чаап турган. Жазага тартыла тургандар азыр, бул жакта чоң кызматтарда иштеп жатышат. Сталбек дегени дагы министрликте иштеп атыптыр. Сталбек  бир жолку жолугушууда, “Сенин балаң өлгөн деп айтып жатышат” деди. Мен, “Өлсө, мага сөөгүн таап бер” десем, “Күйүп аткан үйдүн үстүнө ыргытып жибериптир” деп атпайбы. Бул эмне деген кордук? Биз ишенген бийликтин өкүлдөрүнөн ушундай жооп уксак, эми кимге таянабыз? Мына ушуга окшогон адамдардын айынан канчалаган мыкты жигиттерибизден ажырап отурабыз. Роза Отунбаева Текебаевдин иниси каза болгондо тээ алыстан жер тепкилеп ыйлап кирди. Анан Асылбекти акыркы сапарга узатарда, “Асылбек, желекти көтөргөн сен элең.  Асылбек өлдү эми табаңар кандыбы?” деп атат. Аны эмне эл өлтүрүптүрбү? Кичине ойлонуп сүйлөсө болот эле да. Президент болгон адам ушинтип сүйлөйбү? Мына Кадыржан Батыровдун мүлкү эмне үчүн мамлекетке кайтарылбай, башкаларга сатылып кетти? Буга азыркы бийликтегилер кызыкдар болгон да.
 
 Ырыскан Касымбекова, Түп району, Сан-Таш айылынын тургуну:
 
«Эми адилеттүүлүк издеп келгендер кайда барышат?»
 
- 2010-жылы июнь окуясында балдарынан ажыраган Ош, Жалал-Абаддан келген жарандарыбызды Ак үйдөн бир чиновник чыгып кабыл алып, абалын сурап койбогону жаман зээнимди кейитти. Атамбаев, же Бабанов өзү чыкпаса деле, башка депутаттар чыгып койсо болот эле да. Бул деген адамгерчиликке жатпайт. Өздөрү сүйлөсө Кудайды оозунан түшүрүшпөйт. Эгерде чын эле Кудайга ишенсе бей күнөө өлгөндөрдү сыйлап коюш керек болчу. Кудай башка салбасын, бирок, жок жерден эле балдары кимдир бирөө тарабына каза болуп калса, ага күнөлүүлөр ушу күнгө чейин табылбай келсе, ага бийлик жардам бериш керек да. Эми адилеттүүлүк издеп келгендер кайда барышат? Азыркы бийлик мына ушундай сапаты менен элди иренжитип жатпайбы.
 
Абдыразак Сатиев, Жалал-Абад областы, Сузак району, Жаңы-Арык айылынын тургуну:
 
«Кыргызстандын жарандыгын алып жүргөн улуту өзбек Кадыржан Батыровду алып келип мыйзамдын чегинде жоопко тартыш керек»
 
- 2010-жылдын 13-июнунда улуттар аралык кагылышуулар болгондо, уулум Эргешов Тагайбек дагы элге кошулуп кеткен эле. Ошол бойдон дайынсыз жок. Райондук, областтык ИИМге кайрылдым, ал жактан жыйынтык чыкпаган соң шаардык прокуратурага кайрылгам. Бүгүнкү күнгө чейин жыйынтык чыкпай келет Менин талабым, коогалаңды кимдер уюштурган, ошолор эл алдында жоопко тартылып, өз жазасын алышын каалайм. Ошол каргашалуу окуядан кийин канча жолу келип, кайрылбаган жерибиз калган жок. Гезит, телевидениеге кайрылып, үнүбүздү жеткизели дедик. Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек баламдан ажыраганымды же жөн гана дайынсыз бир жерде тирүү жүргөнүн билбей бушайман болуп жүрөм. Өзүм болсо жөнөкөй карапайым адаммын. Жаздын алды менен элдердин малын багып жайлоого чыгып, кышкысын Тагайбек уулум көмүр казып иштеп бизди бакчу. Каргашалуу окуя болоордо мен жок болуп калганыма байланыштуу, айылдаш балдар намысына тийчү сөздөрдү айтып алып кетишкен экен. Балким, өзүм үйдө болгонумда жибербей койсом аман калат беле?-деген суроо кыйнап келет. Улуту Өзбек, Кыргызстандын жарандыгын алып жүргөн Кадыржан Батыровду алып келип мыйзамдын чегинде жоопко тартыш керек. Мага окшоп сыздаган ар бир ата-эненин көз жашына жооп беришин талап кыламын.
 
Бүбүайша Арстанбекова, "Акыйкатчы" коомунун төрайымы, укук коргоочу:
 
«Канкорлордун жүзүн бүгүн ашкерелеп, ачыкка чыгарбасак болбойт»
 
- 2011-жылдын март айынан баштап июнь окуясында жабыр тартып, жакындарын жоготкон адамдар укугун коргоп берүү үчүн мага кайрылышкан. Ошондо ак үйдүн алдында митинг уюштуруп, бир ай убакытка чейин жүрдүк. Ал күндөрү бийлик тарабынан көрбөгөн кордугубуз, азабыбыз калган жок. Түштүк окуясында курман болгондорго материалдык компенсация жана моралдык колдоо көрсөтүүсүн биз талап кылганбыз. 2010-жылкы каргашалуу окуяда курман болгондордун баары ата-энесинин огородун кайтарып жүрүп өлгөн жок. Алар да элим-жерим деп жанын беришти. Материалдык жактан бийлик өкүлдөрү өз убадаларын толук канааттандырарлык эмес аткарышты. Бийликтин камчысын чапкандарга, кошоматчыларга жакшы карашты дагы, чындыкты бетке айтып, өздөрүнүн укугун талап кылгандарга жаман көрүп, жектеп, жарым-жартылай жардам беримиш этишти. Ал эми июнь окуясынын болуп өткөнүнө 2 жылдын жүзү болду. Бүгүн эскерүү күнү болгондуктан уюштуруу топ бизди атайын чакырышкан. Түндүк-түштүк бөлүнүп-жарылууну токтотуп, биригүү максатында жолугуштук. Жабырлануучулардын укугун коргогон укук коргоочу катары кайсы талабы аткарылды, кайсынысы жок, ушуга токтоло кетейин. Биринчиден материалдык жардам берүү боюнча жогоруда айтып кеткендей жарым-жартылай аткарылды. Ал эми укуктук жактан бир дагы нерсе аткарылган жок. Себеби, кылмышкер кармалып, адам өлтүргөндүгү далилденген күндө да өз жазасын албай жеңил-желпи шылтоолор менен кутулуп кетип жатышат. Биздин бийликтегилер улут аралык кагылышууну өз ара бизнеске айландырып алышты. Анткени, булардын олжосу бирдеме десе эле этникалык азчылыктын укугу кордолуп атат, аларга жардам бериш керек, дүйнөлүк, эл аралык инвестицияларды, гранттардын баарын аларга бериш керек деп укуктук жактан этникалык азчылыкты окутуп үйрөтүү өтө жогорку деңгээлде өтүп 2 жылдын арасында өзбектер өз укугун күнөөлүү болгон күндө да мойнуна албай эл аралык деңгээлде чыр салып, укугун коргоп бийликке таянып сүттөн ак болуп чыгып жатышат. Биз аларды коргошубуз керекпи же, жергиликтүү калктын укугу да бирдей болуусу зарылбы?-деген суроо туулат. Кыргызстан демократиялык өлкө деп шылтоолоп, демократияны, демогогияга айландырып олжо катары колдоруна кармап алышты. Жакындарынан ажыраган ата-энелер менен бирге, төмөндөгүдөй талаптарды койдук. Этникалык азчылык болобу, асмандан түшкөн ыйык адам болобу, далилдердин негизинде ал кылмыш кылды. Бирөөнүн жакынын кордоп өлтүрдү. Керек болсо көздөрүн чукуп, денесине темирди сайгылап өлтүргөн канкорлорго эмне үчүн этникалык азчылык деп жеңилдик беришибиз керек? Кылмышкердин эч нерсесин карабастан, ким болсо дагы мыйзамдын негизинде жооп бериши абзел. Кандай болгон күндө да кылмышкер, мыкаачы бойдон жооп бериши шарт. Мыкаачыларды сактап калуу аракетин жасап жаткан бийликтегилер сепаратисттик топ менен да байланышы бардай көрүнөт. Ушундан улам күмөн саноо пайда болот. Балким, дагы алдыда мындан да оор максаттары барбы деген. Сепаратисттик топторго, ошол июнь окуясын уюштургандарга эч качан кечирим жок. Азыркы бийлик биринчи бийликке келген күнүнөн баштап, түштүктөгү жабыркагандарга өгөй баласындай карап жаткан мамилесин тез аранын ичинде өзгөртүп, кылмышкерлерди жоопко тартып бербесе, арбак уруп кетет. “Кыргызда арбак урган жоголот, Кудай урган оңолот”-деген сөз бар. Эмнеге? Себеби, кудай кечиримдүү, боорукер, ал эми арбак эч качан кечирбейт, ал өтө катаал, эскертет, ага да болбосо алып кетет. Бүгүнкү уюштуруу топтун резалюциясына кошкон сунушубуз бир нече НПО биригип Убактылуу Өкмөт июнь окуясына тиешеси барбы, жокпу аныктап, эгерде күнөөсү болсо жоопко тартылсын деп жогорку сотко арыз жазып, кол коюп бергенбиз. Алардан “биз Убактылуу Өкмөттү жоопко тарта албайбыз, биздин компетенциябызга кирбейт” деген жооп алдык. Баш прокуратура да ушундай жооп берген. Биз эми Убактылуу Өкмөттү жана анын мүчөлөрүн  эл аралык сотко беребиз деген чечим кабыл алдык. Кыргызстандагы июнь окуясына кайдыгер карабаган НПОлордун жетекчилери жана жалпы кыргыз эли өз ыктыяры менен сунушубузду колдоп, кол коюп беришет деп ишенебиз. Документтерибиздин баары даяр, аны эми эл аралык сотко жөнөткөнү турабыз. Сиздердин гезит аркылуу кыргыз элиме кайрылат элем. Кылмышкерлерди, кан ичерлерди, эл душмандарын эл аралык сот аркылуу жүзүн ачканга көмөктөшүңүздөр. Бүгүн бул ишти жөн койсок эртең кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Себеби, 90-жылда дагы ушундай окуя болду эле, 20 жылдан кийин минтип кайталанды. Мындан кийин азыркы каргашадан да кыйын кырдаал кайталанып калышы толук мүмкүн. Ошондуктан, канкорлордун жүзүн бүгүн ашкерелеп, ачыкка чыгарбасак болбойт.
 
Даярдаган Айзада Жакенова,
"Жаңы Ордо"

Өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп келген адамдар мамлекеттин айдан айга жетпеген жарыбаган айлык акысына наркы миллиондогон сомдорду чапчыган кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү сатып алышы мүмкүнбү? Албетте, мүмкүн эмес! Бирок, Мамлекеттик кадр кызматы ачыктаган мамлекеттик кызмат адамдарынын дек-ларацияларын - мүлкү жана кирешелери тууралуу маалыматтарды карап отуруп, мына ушундай аргасыз суроолор пайда болот. Алыс барбай, ошол эле "Атамекенчи", коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитеттин төрагасы Туратбек Мадылбековдун мүлкү жана кирешелери тууралуу маалыматты алалы. Мамлекеттик кадр кызматынын маалыматына таянсак, Туратбек мырза былтыр негизги иш ордунан 761 миң сом иштеп тапкан экен. Анда биздин эч кандай чатагыбыз жок. Бул анын депутат, ары комитет төрагасы катары маңдай тери менен тапкан мыйзамдуу айлык акысы. Арийне, бизде суроо пайда кылганы бул анын мүлкү тууралуу маалымат. Өмүр бою мамлекеттик кызматта, болгондо да милициянын жарыбаган айлык акысына иштеп келген "Атамекенчи" депутат өз декларациясында тастыктаган наркы 9 миллион 400 миң сомдук үйдү (2008-жыл), 3 миллион 290 миң сомдук квартираны (1993-жыл), ошондой эле наркы 7 миллион 50 миң сомдук кыймылсыз жана 16 миллион 078 миң сомдук кыймылдуу мүлктөрдү кантип сатып алды болду экен? Мейли, 1993-жылы алган 3 миллион 290 миң сомдук квартираны ички иштер органында иштеп турганда алган кызматтык квартирасы чыгар деп коелу, ал эми береги 9 миллион сом 400 миң сом турган үйүн кантип, кайсы акчасына сатып алды болду экен? Эгер, ар бир эле милиция кызматкери Туратбек Мадылбековдой миллиондогон мүлккө ээ болсо, анда милицияда эле иштеш керек го. Андай болгондо, өмүр бою жалаң мамлекеттик кызматта иштеп келген ЖКнын коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагасы милициянын жарыбаган айлык маянасына наркы миллиондогон сомго барабар мүлктү кантип сатып алууга болорунун формуласы менен эл менен бөлүшүп койсо жаман болбос эле.


Дегенибиз, ага салыштырмалуу, дагы бир "Ата Мекенчи", комсомолдон кийин эле бизнеске аралашып, бизнестин битин сыккан ЖКнын мыйзамдуулук, мамлекеттик курулуш жана адам укуктары боюнча комитет төрагасы Эркинбек Алымбеков Мамлекеттик кадр кызматына берген мүлкү тууралуу декларациясына караганда таптакыр эле итке минген кедей болуп жатпайбы. Болгону анын 1997-жылы сатып алган наркы 900 миң сомдук үйү бар экен. Жыйырма жылга жакын бизнесте жүргөн адамдын өмүр бою милицияда кызмат кылган адамчалык байлык топтой албаганы таңгалычтуубу? Албетте таңгалычтуу. 


Эми салыштырып көрөлү, дагы бир өмүр бою Улуттук коопсуздук кызматында иштеп, Коргоо министринин, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орунбасарлыгына, Чек ара кызматынын төрагалыгына чейин жеткен депутат "Ар намысчы" Токон Мамытов деле Туратбек Мадылбековчолук байлык топтой албаптыр. Анын деле болгону 1993-жылы алган наркы 900 миң сомдук квартирасы бар экен. 


Декларация болбосоң кое кал. Кимге, эмнеге ишенериң билбейсиң. Мындан көрө декларация толтуруп, элди кыжалатка салып, 5 миллион элди декларация менен алдап, убара болбой эле коюшпайбы, дейсиң аргасыз. Же Туратбек Мадылбеков болгон мүлкүн көрсөтүп чын айтып жатат, же болбосо берки экөө мүлкүн жашырып калп айтып жатат. Кимиси чын да, кимиси жалган...


Болотбек Таштаналиев,

"Алиби"

"Өлкө каатчылык босогосунда турат"-деп үрөй учурган "көзү ачыктардын" саны арбып барат. Кыштын кеч чыгышы, жазгы талаа жумуштарынын үзгүлтүккө учураганы акыл калчаган адамга бул ойго жем таштайт. Анан да сырткы донор өлкөлөрүнөн учурунда келчү финансылык транштар да буулуп калды. Аны биз эмес жакында эле каржы министри Акылбек Жапаров айтып чыгып, жыл аягына чейинки чогулчу салыктардын төрт миллиард, сегиз жүз миллион сому чогулбай калышын кыйытты. Бирок, бүгүнкү биздин каарман буларды башкача өңүттө айтууда.

- Айылчы Сарыбаевич, жакында эле каржы министри Акылбек Жапаров быйылкы жылдын бюджетин "Кудай буюрса"-деген план менен түзүлгөнүн айтып бир топ каражат жыл аягына чейин казынага түшпөй калышы мүмкүн түкшүмөлүн айтып чыкты. Анын айтканы канчалык негиздүү? 


- Акылбек Жапаров биринчи жолу каржы министри болуп жатпагандан кийин ал кырдаалды жакшы түшүнөт. Ошондуктан ал мамлекеттик чиновник болгондон кийин кандайдыр бир деңгээлде анын сөзүнө ишенишибиз керек. Ал тургай төрт миллиард сомдон ашык акча бюджетке түшпөй калышы мүмкүн дегенге да негиз бар. Анткени, финансы полициясын реформа кылабыз шылтоосу менен ал органды жарым жылдан бери иштетпей кошту. Абай салсак анын ордуна жаңы түзүлгөн экономикалык кылмышка каршы күрөшүү кызматы мындан ары да жарым жылга чейин иштебей турган түрү бар. Муну мен мамлекеттик деңгээлдеги экономикалык диверсия деп айтат элем. Себеби, иштеп жаткан органды жоюп, аны кайра коррупциялык схема менен ошол эле функцияда түзүүнүн өзү туура эмес болду. Демек ушул аралыкта текшериле турган мекемелер текшерилбей, казынага түшө турган акчалар түшпөй калды жана түшпөй калышы да ыктымал. Андыктан Жапаровдун сөзүндө чындыктын үлүшү арбын. Ал эми ошол бюджеттин дефицити катары айтылып жаткан он алты миллиард сом менен жанагы төрт миллиарддын түшпөй калышы да өлкөдө коррупция гүлдөп, учурунда Максим Бакиев менен Алексей Ширшовдор түзүп кеткен система аликүнчө күчүндө экендигинен кабар берет.


- Кайсы тармактарда бул эски система иштеп жатканын айтсаңыз болот эле? 


- Мен ал тармактарды айтыш үчүн Прокуратуранын, Эсеп палатасынын, же Сот тармагынын өкүлү болушум керек. Ал менин компетенцияма кирбейт. Бирок, ал система бар. Анткени, ошол системада иштеп, Максимге, Ширшовдорго акча ташып, ыплас иштерге аралашып калгандар бүгүнкү күнү өкмөттө, Жогорку Кеңеште отурганы эч кимге жашыруун эмес жана ошол иштерди улантууда. Ал тургай коррупция менен күрөшүү кампаниясы да толук иш жүзүнө ашпасы толук ыктымал. Эгер ал жараян ишке ашпаса, анда, жанагы каржылык каатчылык жоюлушу күмөн. Бул да болсо өкмөттүн иш-аракетине байланыштуу болот. Алар "Биз мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеп, элге жарыгыбызды чачабыз"-дешсе иш оңуна кетет, жок, баягы эле таз кейпибиз менен биринчи бизге, бизден артканы элге дей турушкан болсо биз бул кризистен эч убакта чыкпайбыз. Андан тышкары "Ушул жайда казынанын каражаты толук түгөнөт"-деген экономисттерге мен эч качан ишенбейм. Же, алар экономикадан түшүнүгү жок, же такыр эле билимсиз. Жыл башында эле каражаттар даректүү бөлүштүрүлүп, баардыгы эске алынган. Салык жыйымдары токсон пайызбы, токсон тогуз пайызбы, баары бир түшөт. 


- Орто жолдо президент май айында пенсия, жөлөк пулдарды көтөрүп жиберди. Октябрь айында дагы көтөрүлгөнү турат. Булар казынага оорчулук келтирет да? 


- Жок, келтирбейт. Булардын баары планда көрсөтүлгөн. Ал кошулчу суммалар деле жарытып жибербейт. Болгону пенсия, жөлөк пулдарга ашып кетсе он беш-жыйырма пайыз гана кошулду. Бул казынага чоң сокку дегендин өзү акылсыздык. Мындайча айтканда анчалык таасири деле тийбейт.


- Биз дагы эле эски жол менен кайырчылык кылганды өнөкөт кылып алдык. Мына жакында эле өкмөт башчы Түркия мамлекетинен 106 миллион доллар кредит сурап келди. Бул бюджетти колдоо үчүнбү, же дагы эле сол чөнтөккө солонуп кетеби?

 
- Бул каражат кандай максатта алынып жатканынан кабарым жок, бирок мындай аласа-бересе эки мамлекет ортосуна боло бериши кадыр эсе көрүнүш. Мындайча айтканда экономикалык мамиле жана табигый көрүнүш. Бул жерден саясат жасап кереги жок. Тескерисинче, биз качан карыз албай жашаганды үйрөнөбүз деген маселеге көбүрөөк баш оорутсак болмок. Ар кайсы мамлекетке эле жардам сурап колубузду суна берсек алар бизди кемсинтет, басынтат да. Маселен биздин мамлекет башындагы бай адамдар ички инвестицияны ишке тартып, өзүбүздүн ресурстарды эффективдүү пайдаланганды үйрөнүшсө жыйынтык натыйжалуураак болмок.

 

- Мисалы, "АльфаТелекомду" таза түрдө аукционго чыгарыппы? 


- Азырынча аны сатууга болбойт жана аны азыр сатуунун да кажети жок. Антип айтуу туура эмес. Бул көчөдөгү эң жөнөкөй арифметиканы чыгара албаган баланын сөзү. Жанагы коррупция деген балээнин баары дал ушул "аукцион" дегенде жатат. Эң жөнөкөйү "Сени тендерге катыштырам"-деп пара алышат, жең ичинен жасалма жол менен көз будамайлап жиберишет. Андан көрө тескерисинче, ошол "АльфаТелекомдун" акцияларын Кыргызстан фондулук биржасына чыгарып, аны өзүбүздүн эле элге, ишкерлерибизге сатса болот.


- Азыр Шанхай кызматташтык уюмуна Кытай мамлекети бир топ каражат бөлүп жатат. Бул уюмга мүчө мамлекет катары бизге мунун жарыгы тийиши мүмкүнбү? 


- Аталган уюмдун өзүнчө программасы бар. Киреше-чыгаша боюнча атайын сметалары болот. Эгер ШКУга мүчө өлкөлөр туура көрүп, каражат бөлүп берели дешсе, ошого жараша аракет болушу мүмкүн. Бул бизге көз каранды эмес. 


- Ажо Атамбаев, "Бизге бир топ каражат келгени жатат"-деп сүйүнчүлөдү го? 


- Балким каралгандыр. Акыркы учурда президент сыртка иш сапары менен чыкса, же кайсы бир уюмга мүчө болсок эле, "Сөзсүз түрдө бизге акча келет"-дегенге көнүп, аны өнөкөт кылып алдык. Бул эми кадимкидей эле мамлекеттик деңгээлдеги кайырчылык. Биз элдин психологиясын ушуга буруп койдук. Ал эмес журналисттер силер да муну адатка айлантып, "Мынча акча берет, келет, же баланча карызыбызды кечкени жатат"-дегенге үйрөндүңөр. Бул түшүнгөн адамга өтө кейиштүү көрүнүш. Тескерисинче, биз өз күчүбүз менен карызыбызды төлөгөнү калдык дегенге качан үйрөнөбүз?


- Ошол эле учурда ажо Атамбаев Кыргыз-Кытай-Өзбекстан темир жолун курууга кол коюлганын айтты. Бул бизге керекпи, же кереги жокпу? 


- Экономиканын эң эле өзөгүн "инфраструктура"-деп коет. Жол - бул экономикалык карым-катнаштын, алака-катыштын атрибуту. Андыктан жолу жок өлкөгө инвестиция эле эмес, акыл-эси жайындагы адам да келбейт. Ошондуктан жол биз үчүн өтө маанилүү. Биз азыр Кытай тараптын жалаң тоолор арасында, кыйын шартта жол куруп беребиз дегенине сүйүнүшүбүз гана керек. Бул жол эки тарапка тең пайда алып келет. Маселен, Кытай тарап өз продукциясын биздин өлкө аркылуу бүтүндөй Борбор Азияга жана андан аркы мамлекеттерге алып чыкса, биз үчүн бир канча миңдеген жумуш орундары пайда болот. Тескерисинче, биз бул жолду "Кереги барбы, же, жокпу?"-дегендин ордуна качан ишке кирет маселесин көтөрүшүбүз зарыл. Ал эми бул жол боюнча Атамбаев бир топ ийгиликке жетишти. Анын негизгиси "Темир жолду кайсы жерден, кайсы өрөөндөн кандай кылып алып өтүштү биздин мамлекет өзү чечет"-дегендин өзү дипломатияда чоң жетишкендик болуп эсептелет. Кытай тарап бул жерде экономикалык чыгымдарына карабай бизге мындай шарт бериши биз үчүн өтө пайда. Албетте, бул жерде экинчи да маселе бар. Эгер жол ачылса Кытайдын товарлары, ишкерлери келе баштайт. Бул процессти токтотуу Кыргызстандын колунан келбейт. Анткени, бул глобалдык маселе болуп саналат. Эгерде биз андай эле бул ааламдашуу жаатында мындай маселеге каршы турабыз десек, анда биздин эл билимдүү, намыскөй, бирөөнүн колунда жалданып иштебей, башкаларды жалдап иштете турган болсо бул маселге каршы турса болот.


- Темир жолду курууга кеткен чыгымдардын эсебин кен байлыктарыбыз менен жапканы турбайбызбы? Бул канчалык маанилүү? 


- Маселени коюп жатканыңардын өзү туура эмес. Кытайга бербегенде айдан келгендерге бермек белек. Эгер аны өзүбүз иштете албасак кантебиз. Же, "Силер темир жол куруп бергиле, биз эч нерсебизди бергибиз келбейт"-деп, айтабызбы? Логика деген болуш керек да.


- Маселе анда эмес. Биз ошол кен байлыктарыбыздын кунун түшүрүп берип жатканыбыз натуура болуп жатпайбы? 


- Мен дагы кайталайм. Алар кен байлыктарды алып кетишпейт, иштетишет. Кеп ошол иштетилген кен байлыктардан түшкөн каражатты кандай бөлүштүрөт, маселе ушунда болуп жатат. Эгерде мамлекет башындагылар чындап эл үчүн иштегиси келсе мурдагыдай кадамга барышпайт. Балким өткөндү унутуп, эл безер болгулары келишсе өздөрү билишсин. 


- Маегибизди кыскарта айтканда өлкө каражаты быйылкы жылга жетет экен? 
- Жетет.


- Коркунуч жок? 


- Анчалык деңгээлде жок.


- Өкмөт эффективдүү иштеп жатабы? 


- Берип жаткан сурооңдун баары эле ушул азыркы өкмөттүн эффективдүү иштей албай жатканынын далили. Эгер өкмөт туура иштесе өкмөт түзгөн бюджет да туура болот. Түшө турган кирешелер да алда канча көп болмок жана кете турган чыгымдар экономиканын өнүгүүсүнө жумшалмак. Биз тескерисинче бир канча каражатты жалаң коррупционерлерди багууга жумшап жатабыз. Маселен, бир депутатты багууга сегиз миллион сом кетсе, ал сегиз сомдук пайдасы бар иш кылбай жатат. Алардын арасында атууга кете тургандары бар. Ошолорго кайра мамлекеттин эсебинен жакшы жашаганга шарт түзүүдөбүз. Ошондой эле өкмөттүн аппаратындагы кээ бир министрлерди суроо-сопкуту жок камап койчу мисалдар кездешет. Аларга биз кайра айлык берип, машине берип жатабыз. Демек, биз азыркы өкмөттү жакшы иштеп, коррупция менен күрөшүп жатат дегенден алыспыз.

 

"Кереге"

Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов 13-июнда өкмөт жыйынан капилет чыгып кетиши түрдүү түкшүмөлдөрдү жаратты. Борбордук бийлик менен Ош шаарынын мэри эки жылдан бери тил табыша албай келет. Бишкектин мэрди кызматтан алуу боюнча бир канча аракети натыйжа бербегени да белгилүү. Кандуу окуялар орун алган шаардын мэринин айланасындагы кичинекей окуялар да түрдүү түкшүмөлдөрдү жана уу-дуу кептерди жаратып жиберүүдө. Мына ошондой окуялардын бири 13-июнда болуп өттү. 


Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов азыркы бийлик үчүн жомоктогу "отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн” дөөгө айланган сыяктуу. 

Бийлик ага башка кызматтарды убада кылып көрдү, ага болбоду. Шайлоо болду, анда да жеңип чыкты. Жаңы шайланган Ош шаардык кеңеши күзүндө Мелис Мырзакматовду кайрадан шайлап алууга аракеттенет. Бул үчүн шаардык кеңеште Мырзакматовдун депутаттары да жетиштүү.

Бирок борбор мэрди кызматтан алуунун жана дайындоонун мыйзамдык жолун тактап жатат. 12-июнда Жогорку Кеңештин мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук комитетинде “Ош шаарынын мэри жөнүндөгү” мыйзам долбоору каралды. Бул долбоордо мэрди дайындоо жана кызматтан алууда артыкчылык өкмөт башчыга берилет.

Комитеттин мүчөсү Абдыжапар Бегматов мыйзамда мэрликке талапкерди көрсөтүүнүн эки жолу каралып жатканын билдирди:

​​- Биринчи вариант боюнча, премьер-министр талапкерди сунуш кылат. Депутаттар шайлап алат. Экинчи вариантта - коалициялык көпчүлүк бир бүтүмгө келип туруп, премьер-министрге сунуш кылат. Анан өкмөт башчы бекитет. Эки вариантын тең биз палатага сунуш кылып жатабыз. Анан эми шайлоого эле барат го...

Мэрди кызматтан алууда да өкмөт башчынын ролу чечүүчү болот. Буга чейин андай роль президентте болуп келген эле.

Мелис Мырзакматовдун бийликтеги саясий күчтөргө баш ийбеген өз алдынчалыгы борборго кескин жакпай, эки ортодо тирешүүлөр болуп келатканы маалым. Мына ошондуктан Мырзакматовдун ар бир кадамы ар кандай ой жорууларды пайда кылып жиберүүдө.

Мына ошондой түкшүмөлдөргө жем берген окуялардын бири 13-июнда болду. Бул күнү өкмөттүн жыйынында өлкөнүн экономикалык абалы талкууга алынган. Жыйын учурунда Мелис мырза өзүн начар сезип, сыртка чыгып кеткен. Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов эмоцияга берилип, мэрди жыйынга кайра чакырып келүүнү буйруган.

Чындыгында бул өзгөчө бир маани бере турган деле окуя эмес. Бирок белгилүү себептер ага аргасыз кылууда.

Мелис Мырзакматов өзү “Азаттыктын” кабарчысы менен 13-июнда сүйлөшүүсүндө  "ооруканага жатып калды" деген сөздөрдү төгүндөп, “ден-соолугу жайында” экенин билдирген.

Мэрдин биринчи орун басары Алимжан Байгазаков болсо Мелис Мырзакматовдун чындыгында эле кан басымы жогору болуп жатканын айтат:

Ал өзү ооруп аткан. Кичине кан басымы көтөрүлүп кетиптир. Өткөндө дагы президенттин Оштогу сапарынын акыркы күнү ооруп, дарыланган. Өзү дарылансам деп пландаштырып жаткан.

Мелис Мырзакматов өкмөт алдында отчет берер алдында ушундай окуяга туш болду. Ошондуктан Ош шаарынын көрсөткүчтөрү начар болгондуктан мэр отчет берүүдөн качты деген кептер да чыгып кетти. Бирок Алимжан Байгазаковдун айтымында, шаардын көрсөткүчтөрү дурус:

Шаардын экономикасы биз пландаштыргандай эле жакшы баратат. Беш айдын жыйынтыгы боюнча, 133% өсүш болду. Ошондуктан бул жагынан бизде баары жайында.

​​Байгазаковдун айтымында, өсүштү жергиликтүү ишкерлер жасап жатат. Ал эми Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция өткөн жылы дурус көрсөткүчтөрдү берип, бирок быйылкы жылы 45% төмөндөп кетти.

Ошто айлык акы, бюджеттик төлөмдөр азырынча берилип жатат. Бирок жыл соңуна барганда татаалчылык пайда болот. Анткени болжолдонгон салык жыйналбай калчудай, дейт Байгазаков.

 

"Азаттык"

Кыргызстандын мамлекеттик мекеме-уюмдарына кат менен кайрылдың дегиче, өзүңө керектүү жооп аларыңан түңүлө берсең болот. Кайсы бир чиновниктин үстүнөн министрликке арыздандың дейли. Министрликтеги башкармалар кайрылууңду окуп баш оорутпайт. “Бизге Баланчаев ушул мекемедеги мыйзам бузуулар боюнча кайрылгандыктан, аны иликтеп, бизге жооп жөнөтүңүз”,- деп, катардагы адам ишиндеги кемчилигин айтып кайрылган чиновникке багыштап тим болот. Анан албетте, тигил чиновник “баары беш”,- деп, өзүн кошо мактап, кайрылган адамды боктоп, кайра жообун берет. Аягында кайрылуу жазган адамга “биз иликтеп чыктык, бирок, эч кандай мыйзам бузууларды тапкан жокпуз”,- деген жооп келет. Бизде ушундай система жашап келет. Дал ошондуктан, мамлекеттик органдарга элдин ишеними нөл бойдон ордунан жылбайт. Ошонун айынан адилеттүүлүккө эч ким ишенбейт.
 
Биздин бул системаны эстегенибизге Кыргызстандын люстрация кыймылынын кайрылуусунун тегерегиндеги министрлик, прокуратура органдарынын кат жазышмайы себеп болду. Мурда кабарлаганыбыздай, аталган кыймыл Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору Ашыралы Зурдиновдун айрым мыйзам бузуу фактылары боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Башкы прокуратурага кайрылган. Ал жактан баары иликтенип, Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаевага мыйзам бузуу фактылары боюнча Башпрокуратуранын көрсөтмөсү жөнөтүлгөн. Кыскача айтканда, Башпрокуратура окуу жайдагы студенттерден сабакка себепсиз келбегендиги үчүн айыппул алып жатканын, Медакадемия имаратын ремонттоо багытында тендерди мыйзамга каршы өткөзгөндүгүн баса белгилеген. Андан кийинкиси биз өйдөдө айтып өткөн схема боюнча кеткен. Министрлик бул жагдайды кунт коюп изилдөөнүн ордуна, Башкы прокуратуранын тапкан мыйзам бузуулары боюнча жооп сурап, ректордун өзүнө кайрылат. Албетте, апакай экенин көрсөткөн жооп келет. Эң кызыгы, ректор өз жообунда маселен, студенттерден кошумча сабакка келбегени үчүн акча чогултканын мыйзамдын кайсы жерине туура келерин айтуунун ордуна, чыгармачылыкка берилип кеткен. Министрликке жооп эмес, трафарет тим эле. “Штраф”, “плата” деген сөздөрдүн кайсы тилден келгени, мааниси кандай экендигин ректор бадырайта жообуна кошуптур. Балким, “мадырабаштар ушуну да окубаптыр, биле жүрсүн”,- деген максатта кошкондур? Акыл үйрөтүп эмне кылат, болгонун болгондой эле жазып койбойбу. Айтор, маскарад. Саламаттыкты сактоо министрлиги трафарет менен таанышып чыккандан кийин, Башкы прокуратурага адатынча, “тендерди мыйзамсыз өткөзгөндө жазасын алган, а студенттерден чогултуп жаткан акча боюнча маселе такталып жатат”,- таризинде жооп берген. Башкача айтканда, баары беш! Тендерди мыйзамды бузуу менен өткөзгөнүн моюнга алышыптыр, анда эмнеге ошого жол берген жетекчи буга жооп бербейт? Тендердик комиссиянын иштен айдалган мүчөлөрүн деле анткен менен, башка жакка орноштуруп алышканын студенттер бизге төкпөй-чачпай айтып келишпедиби. А сабакка келбегени үчүн алынып жаткан айып пулду булар эми мыйзамдаштырышат экен. Барып турган бети жоктук эмей эмне бул? Мыйзамдаштыра беришсин, бирок, буга чейин мыйзамсыз болуп жатпайбы. Анда эмнеге бечара студенттердин акчасын кайтарып беришпейт?
 
Бизге Медакадемиянын студенттери кайрылышып, “сиздер туура маселе көтөргөнсүңөр, бирок, эмнегедир токтоп калдыңар, же силер да сатылдыңарбы?” – дегенде, эмне дешибизди билбей калдык. Биздин редакцияга акыйкат издеп келгендер көп. Биз биринин да өтүнүчүн четке каккан эмеспиз, айрыкча адилетсиздиктен жапа чеккендерге. Сынган да, сатылган да жокпуз. А бирок, ошончо мыйзам бузуулары, окуу жайдын аброюна көлөкө түшүргөн аракеттери турса да (аны биз көп ирет жаздык, бирине да расмий жооп ала алган жокпуз) – А.Зурдиновдун кылы кыйшайбай турганына капабыз. Демек, байлыгың менен бийлигиң турганда, адилетсиздикке чек жок экен.
 
Биздин билишибизче, Медакадемияда абитуриенттерди кабыл алуу кампаниясынын алдында абал курч. Себеби, мурунку жылдары студенттерди кабыл алуу кампаниясы үзгүлтүккө учураган. Контракт жагына абитуриенттер агылып келсе да, план толбой, окуу жайдын бюджети аксаган. Быйыл да ректор эски адатынча кабыл алууну уюштурууну каалаптыр (былтыр бюджетке бир-экөөн сүдүрөйм деп үстүнөн иш козголуп, араң кутулбады беле). Мурун кабыл алуу комиссиясын жетектеген адис ошол замат баш тартыптыр. Анткени, кандай күнгө туш болорун түшүнүп турат. А жетекчиси кутулуп кете берет.
 
Ректор Зурдиновдун башы соттон чыкпай жүргөн да учуру. Өзү менен иштегендерди четтен сотко берип, бийлигинен колдонуп утат да, анысын мактанып, чоң кылып жарыя доскесине илип коёт экен. Бирок, бул убактылуу гана сүйүнүч экенин унутпаш керек. Себеби, адамга канча жамандык кылбагын, баары бир анын жообу болот. Шайлообек Дүйшеев агайыбыз эң туура жана таамай жазган: “Жетсең да башың булутка, жерге түшөөрүңдү унупа!”. Ошол сыңары, дайыма адам бойдон калуу керек. Ошондо бир күнү бийликтен түшүп калгандан коркпойсуң, аныңды сактап калууга ушунча күч коротуп тырышпайсың деле. Же сиз ушундан чочулап, кете албай жүрөсүзбү, ректор мырза? Ошондуктан башкага кайгы түшсө, аны майрамдайсызбы (бул сөздү жазууга олуттуу себеп бар)?
 
Олтура бериңиз. Эч каршылык жок. Бирок, ансыз деле олтурган орундугуңуздан жакындан жылмышып түшөрүңүздү биздин Ак үйдөгү чабармандар айтып келишти. Балким, ошондон кийин Медакадемия чыныгы өнүгүүгө бет алар. Эң негизгиси, “хуже не будет”...
 
Абдылда Жапаров,
"Майдан.kg"
Акыркы кезде премьер-министр Ө.Бабанов кереги болсо да, болбосо да обу жок командировкаларга көп чыга баштады. Өткөндө Атамбаев Коргоо кеңешин өткөзсө, ага катышкандын ордуна Түштүк Кореяга чапкылап барып келди. Кандайдыр бир көргөзмөгө катышканы эле болбосо, бул визиттин кыргыз элине эч кандай пайдасы тийген жок. А Коргоо кеңешине катышканда, премьердин далай былыктары чыкмак.
 
Андан соң Бабановду Орусияга барып, президент В.Путин, премьер-министр Д.Медведевге жолугушуп келгенин кабарлашты. Бирок, бул маалыматты Кремль тастыктаган жок. «Ата-Журт» фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевдин айтымында, Бабанов Кремлдеги үлкөн адамдардын бирине да жолуккан эмес, ал аз келгенсип, расмий визит менен абалкы дос өлкөгө таптакыр барган жок: «Аны кабыл албай коюшту. Себеби алар деле Бабановдун кандай багытта бизнес жасап жатканын билишет. Бабановдун Катарга барганы да биздин Орусия менен мамилебизди бузууда. Катар аркылуу америкалык атайын кызматтар араб төңкөрүштөрүн жасап жатат. Орусия күч менен бийлик алмашуу сценарийин эч качан колдогон эмес. Демек, Катарга кайра-кайра баруусу менен Бабанов Орусиянын кыжырын гана келтирип жатат».
 
Оппозициялык фракциянын дагы бир депутаты Ахматбек Келдибековдун билдиргенине караганда, Бабановду Түштүк Кореяга эч ким чакырган эмес. “Алар Бабановго азырынча келбей туруусун айтса да, көк беттенип бара калганы эмне деген шумдук! Корейлер өздөрү шайлоодон колу бошобой жатканда пайда болуп, чалынды болду. Деги эле ал жакка өтө шашылыш баруусунун канчалык кажети бар эле? Биздин жетекчилер саякатчы болуп алышты. Бири кеттиби, экинчиси бул жакта турсун. Атамбаев ал учурда Коргоо кеңешин өткөзүп, Кытайга кетип калды. Минтип элди таштап коюп, саякаттап жүрө берсек, экономика кантип көтөрүлөт? Бул темп менен кете берсек ишибиз чатак”,- деди Келдибеков. 
 
Саясат таанучу Марат Казакпаевдин "Вести.kg" сайтына билдиргенине караганда, ушу тапта бийликтин кадыр-баркы абдан төмөндөп кетти: «Эл менен чиновниктердин ортосунда жарака пайда болду. Бабанов чындыгында эле керексиз командировкаларга көп барууда. Конституцияга ылайык, тышкы саясатты президент аныктап, аны Тышкы иштер министрлиги жүзөгө ашырат. Ошондуктан, премьердин ордуна аталган министрликтин өкүлдөрү деле барса болот, премьердин барышынын кажети деле жок. Азыр Кыргызстанда чечилбеген көйгөйлөр өтө көп. Бабанов ушулардын үстүнөн иштесе болмок. Атамбаев менен тышкы саясий мамилелерди бекемдөө багытында атаандашыштын таптакыр зарылчылыгы жок».
 
Бабанов Түштүк Кореяга барганын Келдибеков сынга алгандан кийин, журналисттерди чогултуп, минтип актанды: “Менин Кореяга жасаган сапарым жемиштүү болду. Келдибеков ушул жагым жакпай жатса керек, анткени, мен көптөгөн маселелерди чечип жатпаймынбы. Мен президент барган мамлекеттерге кайра бара бербейм, ал чечип жаткан маселени кайра талкуулап олтурбайм, атайын барып. Бул логикалык жактан туура. Себеби, биз мамлекеттик каражатты үнөмдөшүбүз керек. Анын үстүнө, мен жеке учактарда учпайм. Мен эл катары, көп эмес кишинин коштоосунда гана учам. Эгерде мени менен бизнесмендер бара турган болсо, чыгымдардын бир бөлүгүн ошолор көтөрөт”.
 
Башка мамлекеттерде жооптуу кызмат адамдары мындай билдирүү жасаса, дароо кызматтан кетүүгө мажбурлайт. Аларда жетекчилер башка бирөөдөн сурап, чылым чекккени да пара катары эсептелет. А биздин премьер-министр бизнесмендердин эсебинен башка өлкөлөргө учуп жүрүптүр. Ошонун өзүнөн эле премьердин визиттери кандай максаттары көздөөрү көрүнүп турбайбы. Бизнесмен журту жөн гана премьердин жанында кыдырып келүү үчүн учактарды төлөбөйт да. Сөзсүз бир мандеми болот. Бизнестеги кызыкчылыктары дал келгени үчүн башбакандын өзүн ээрчитип барып жатышат. Кореяга Бабанов эмнеге барды дейсиз, “келбей тур” десе да болбой? Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Кыргызстанда паспорт маселеси өтө курч болуп турат. Бул жаатта Бабанов паспорт жасоо-сатуу ишин мамлекет толук өз колуна аларын билдирген. Дал ошол билдирүүсүн жүзөгө ашыруу максатында, Кыргызстандын мамлекеттик каттоо кызматы паспортторду персонофикациялоо борборун түзүүгө керектүү жабдууларды жана программалык каражаттарды алуу жаатында түштүк кореялык “Park&OPC” компаниясы менен келишим түзгөн. Премьер-министр Ө.Бабанов дал ошол “Park&OPC” компаниясына ээлик кылган “Девон” корпорациясынын жетекчилиги менен корей жергесинде жолугушкан. Биздин Бабанчиктин айтымында, аталган корпорация керектүү жабдууларды бепбекер берүүгө макул болуптур. Жада калса, анын ордуна Кыргызстандан эч нерсе керек эместигин айтып, кайра тескерисинче, атайын келишкен кыргыз делегациясына ыраазычылык билдириптир. Коомчулук Бабановго муну укканда кол чабышы керек болчу. Бирок, кеңкелестер деле паспортторду персонофикациялоо менен аны даярдоо таптакыр башка нерсе экенин түшүнүшөт. “Интел Линкс” паспорт даярдоо ишинен ошондуктан, четтеген деле жок. Ошентсе да, Бабанов баш айлантып, паспорт көйгөйүн чечип салгандай түр көрсөтүүдө. Ал эми “Девон” корпорациясынын ченемсиз боорукердигинин артында эмне жатарын “Park&OPC” компаниясынын техникалык директорунун бул билдирүүсүнөн улам таамай билдик: “Паспортторду персонофикациялоо “Девондун” биринчи инвестициясы. Биздин корпорациянын курулуш, кен иштетүү тармагында да тажрыйбасы мол. Бул жатта да инвестиция жасоого ниетибиз бар”. Мына, иттин өлүгү кайда көмүлүп жатат! Өтө кымбат жабдуу бепбекер кармата салгыдай алардын деле акыл-эси ордунда болсо керек. “Бекер сыр капканда гана болот”,- деген кеп бекеринен айтылган эмес. Бабанов буларга да кыргыздын бир кенин берүүгө убадасын берсе керек. Мына сага Бабановчо визит!
 
Премьердин мына ушундай баш айланткан “ийгиликтүү” визиттеринин айынан чын көңүлдүк шартта жүрүп келген кыргыз-орус кызматташтыгы урап жатканын баса белгилеп коюушубуз керек. Азыр кыргыз экономикасында орус инвестициясы такыр жок. Кремль мындай жетекчилер менен иштешкиси келбей жатканы деле далай жолу айтылды. Путиндин Өзбекстан менен Казахстанга расмий визит жасап, Кыргызстанга кирбей кетип калгандыгы да көп нерседен кабар берет.
 
Ошентип, Кыргызстандын тышкы саясаты да Бабановдун жүзүндөй болуп өзгөрүүдө. Атамбаев канчалык ийкем саясат жүргүзгүсү келбесин, Бабановсуз, башмыйзамга ылайык, бир да келишимге кол коё албайт. Ушундай премьерди Кыргызстанга шайлап берген парламентке да ырахмат. Кыргыз эли аргасыз Бабановдун туткунуна түштү, Кудай сакта...
 
Адилет Байжигитов,
"Майдан.kg"
Жакында Президент Алмазбек Атамбаев Ак-Суудагы балдардын ден соолугун калыбына келтирүүчү комплекске өтө жупуну барды. Ага чейинки президенттерге салыштырмалуу балдардын социалдык мекемесине куру кол барды десек болот. Ар качан Кудайды оозанып сүйлөгөн, гумандуу көрүнгөн Ажобуз эмнегедир кийинки учурларда карапайым элден оолактап баратат.
 
Баягы Акаев, Бакиевди «аңга түрткөн» айланасындагы шылуундардын кебинен чыга албай калды. Болбосо, Атамбаев балдар үйүн бардар үй кылганга материалдык жактан да, мансап жагынан да жетиштүү өлкө башчысы эмеспи. Ушул жерде Буркино-Фасонун президенти Томас Санкара эске келет. Ал деле Атамбаевдей элдин колдоосу менен бийликке келип, алгачкы жылдары өлкөнү «коомдук башталышта» башкарып келген. Бу биздин тил менен айтканда, Убактылуу Өкмөт дегендей кеп. Бирок, Санкара капитан чини үчүн алган 345 доллар айлыгына гана жашап, президенттик 2000 доллар айлыгын балдар үйүнө которуп турган экен. Алмазбек Шаршеновичти инсан, карапайым элдин арасынан чыккан лидер катары андан кайрымдуу жетекчинин натурасын көрүүгө болор эле. Бир туруп чакчаңдап кеткени болбосо, бой көтөрбөгөн, жөнөкөй эле адам. «Түстүүдөн түңүлбө» деп коёт, ниети деле калыс. Анан эмне үчүн Атамбаев Санкарадай  чечкиндүү кадамдарга бара албай жатат? Чабалбы? Алсызбы?
 
Буркино-Фасонун Президенти Томас Санкара эли «итке минип» калганда өлкөнүн башчылыгына келген. И баса, кыргыздар деле азыр жыргап кеткен жок. Таруудай чачылып, талаалап иш издеп жүрүшөт. Демек, Санкара эмне кылган? Кызматка киришери менен чиновниктердин кирешесин ачыкка чыгарып, кымбат баалуу машиналардын бардыгын саттырган. Керек болсо, иш бөлмөсүнө кондиционер коюуга тыюу салган. Өкмөттүн кабинетинин жарымын кызматынан кетирип, айылга айдаган. Санкара бийликке келгенден үч жылдан кийин Бүткүл Дүйнөлүк банк Буркино-Фасодо коррупциянын тамыры кыркылды деген бүтүмгө келген. Какыраган талаалар токойго айланып, бекер билим берүү, ден соолукту чыңдоо колго алынган. Үч жылдын аралыгында өлкө өзүн өзү толук азык- түлүк продукциясы менен камсыз кылууга жетишкен. Ал Батыш өлкөлөрүнүн жана эл аралык Экономикалык уюмдардын гуманитардык жардамдарын катуу сынга алган. Демек, бирөөгө күнкор болууну каалаган эмес. Санкара коомду технократтар, «финансылык көз боёмочулар», же саясатчылар эмес, жумушчу тобу курат деген. Ал эми курчап турган чөйрөнү талкалоо, коомдун майдаланышы, расага бөлүнүүчүлүк, согуш жана талап тоноочулук капитализмдин качып кутулгус көрүнүшү экенин таасын белгилеген. Карапайым адам гана жакшы жашоого жеткирерине ишенген. Тилекке каршы, ал мамлекеттик төңкөрүштүн учурунда өзүнүн досу, соратниги, юстиция министри Блез Компаоре тарабынан өлтүрүлгөн. Компаоре бийликке келгенден кийин чу дегенде эле жеке өзүнө «Боинг» самолетун сатып алып, айтор, бир-эки жылдын аралыгында Буркино Фасону дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн сабына кошуп койгон. Муну дагы эске алуу абзел.
 
Демек, эмне үчүн Алмаз Атамбаев Санкарадай боло албай жатат? Ажонун андан аша түшкөн мүмкүнчүлүктөрү бар эле. Убадаларын уккан адам уйкусун кечип, үмүт кылып отурду го чиркин. Арийне, үмүт акталары күмөн окшойт. Себеби, Кыргызстанда деле бүгүнкү күндө айлана-чөйрөнү талкалоо, экологиялык кризис болуп көрбөгөндөй күчөп баратат. Тообузду көчүрүп, ташып кетип жатат. Коррупция бийлик менен коюн-колтук алып алышты. Жазага тартылган бир чиновникти көрө элекпиз. Аркы дүйнөдө деле тозок-бейиши деген болот экен. Кыргызстанда жалаң бейиш. Элди сызга отургузуп, нечендеген адамдардын өмүрү кыйылып жатса дагы, күнөөкөр күлпүлдөп жүрөт. Кылмыш кодекси кор болду. Укук коргоо органдары өзүнүн укугун коргой албай алсыз. Өлкөдө башаламандык. Улуттук банктын төрайымы Зина Асанкожоева «банктарда акча массасы азайды» деп атса, Экономика министри Темир Сариев «өнүгүп атабыз» дейт. Байлар капиталын Кыргызстандан чыгарып кетип, бир өндүрүш ишке кирбесе кайдагы өсүш? Ажо Атамбаев болсо аркы өйүздө өзү менен өзү. Чиновниктер тапкан байлыгын көрсөтүмүш болгону менен, калктын эң жарды катмары ошолор болуп калып жатпайбы. Премьер-министр Өмүрбек Бабановдун бир үйү жок экенине ким ишенет? Андан башка чиновниктер деле бечара көрүнүшөт. Санкара айткан, «финансылык көз бомочулар» ушулар эмеспи? Элди алдоонун дагы чеги болот да. Атамбаев дал ушул Бабановду, Шадиевди, Сариевди, Султановду жана башка атка минерлерди  айылга айдаш керек эле. Кичине болсо да жер иштетип, ирденип алышат болчу. Атамбаев өзү пир туткан Туркиянын Мустафа Кемал-Ата Түрктөй элине кызмат кылууга шансы бар. Бирок,  анын дээри, жетекчилик көрөңгөсү аксатып турат. Идея, демилге, келечекти көрө билген стратегиялык багыты – нөл. Өтө өкүнүчтүү.
 
Тоо бүркүтүндөй эркиндикти туу туткан, көк жал элибиз бар туруп, эмне үчүн мажирөө бийликке туш келебиз, ушуга акылым айран. Деги карапайым кыргыздын үмүтүн акташ үчүн дагы канча революция жасаш керек?!
 
Шекербек Калыков,
"Жаңы Ордо"
"Сыноскоп" рубрикабыздын бүгүнкү каарманы - премьер-министр Өмүрбек Бабанов. Иштегенине 3 айдан ашты, мактагандар да көп, сындагандар да көп. Жакында президент Алмазбек Атамбаев да өкмөттүн ишине анча ыраазы эместигин кыйытты. Ошондон кийин Өмүрбек Бабанов өкмөт башчылыктан кетерине аз калды деген божомолдор күчөдү. Не болсо да, күзүндө Бабанов кете турган окшоп калды.


Туратбек МАДЫЛБЕКОВ, ЖКнын "Ата Мекен" фракциясынын депутаты:


"Бабановдун кетишине кызыкдар күчтөр көп" 


- Бабановдун ишинде кемчиликтер, алешемдиктер көп. 3 айдын ичинде сөз кыларлык, мактанарлык иш кылынган жок. Бюджеттин абалы начар. Финполду жоюп, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматын түзүштү. Ага бюджеттен 67 млн. сом жумшалды. Мындай кадамга бюджетке күч келбегидей башкача жол менен барышса болмок. Коррупция менен күрөшүүнүн жыйынтыгы деле жакшы эмес. Башында катуу жүрүп, азыр иштин жүрүшү начарлады. Кылынган иштер боюнча сандар эле сайрайт, бирок сапаты жок. Бабановдун кызматтан кетишинин мүмкүндүгү жөнүндө айтсам, буга кызыкдар саясий күчтөр көп окшойт. Премьерди кетирип, жаңысын алып келгенден деле баары жакшы болуп кетпейт. Бабановдун ишин II кварталдын жыйынтыгы менен карайбыз. Ошондо деле ишинде жылыштар болбосо, анда аны премьерликтен кетирүүдөн башка жол жок. Иши начар болсо да кармап олтурганыбыз туура эмес. 

Кубанычбек ИСАБЕКОВ, ЖКнын мурдагы вице-спикери:


"Атамбаев экөөнүн ортосунда ажырым өсүп баратат" 


- Бабановду алгач чоң ишкер катары билсем, кийинчерээк депутат катары билип калдым. Кыргызстандагы эң бай адамдардын бири. Мамкызматтарда иштеп бир топ тажрыйба топтогондой болгон. Бирок өкмөт башчылыкка жаштык кылып, тажрыйбасы жетишпей жатат. Өкмөт башчы оор басырыктуу, олуттуу болушу шарт да. Бабановдо бул нерсе жок. Көп учурда кызаңдап, эмоцияга бат алдырып, ачууланып кетмейи бар. I квартал боюнча ЖКда берген отчетуна мен канааттанган жокмун. Алгылыктуу эч нерсе кылынбаптыр. Конкреттүү иштерден, натыйжалардан көрө куру сөз, убадалар көптүк кылат. Алигүнчө Өкмөттүн программасы ЖКда бекиле элек. Бардык тармактар боюнча кайда, кантип баратканыбыз белгисиз. Белгисиз маршруттун ичинде бараткан абалдабыз. Өмүрбек Бабановдун премьер-министр катары президент Атамбаев менен биргеликте, тыгыз иштешип атканын байкаган жокмун. Менимче, экөөнүн ортосундагы ажырым күндөн-күнгө өсүп баратат. Эл көзүнө эле бардыгы жакшы дегендей түр көрсөтүп жатышат. 

Токон МАМЫТОВ, ЖКнын "Ар-намыс" фракциясынын депутаты:


"Өкмөт башчы имиш кеп-ушактарды гана көбөйтүп келатат" 


- Премьер-министр такыр эле иштебей атат дегенден алысмын. Тажрыйбасына, деңгээлине жараша жаны тынбай аракет кылып жүрөт. Бирок натыйжа эл күткөндөй болбой атат. Кемчиликтерин айта берсе көп. Чакан финансылык- кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуунун, салык жыйнамынын начарлыгы, күйүүчү-майлоочу майлар контрабандасынын токтотулбаганы, радиоактивдүү көмүрдүн киргизилиши ж.б. Ушулардын баарына Бабанов жооп бериши керек эле. Бирок жооп берген жок. "Кыргызтелеком", "Мегаком" ишканаларына байланыштуу Бабановго суроолорум көп. Эмнеге "Кыргызтелеком" сатылбасын деген Аманкуловду кызматтан алып койду? Мында биз билбеген кандай мандем бар? "Мегакомдогу" ызы-чууга дегеле түшүнбөйм. Компаниянын 51% акциясы кимдин колунда, мындай чечимди ким алган? 10 күндүн ичинде тагдыры чечилген ишкананын тагдырын 2 жылдан бери чече албай атканына эмне себеп? Эмне үчүн 100% акциясын мамлекет өзүнө алалбайт? Булар премьердин компетенциясындагы маселелер да. Бирок Бабанов ар кандай имиш кеп, ушактардын курчоосунда калып, көбөйтүп эле келатат. Бабановдун аларды жоопсуз калтырып келатканы анын бул кызматтагы эң чоң кемчилиги деп эсептейм. 


Табылды АКЕРОВ, саясий серепчи:


"Бабанов өзүн жасалма пиар кылганга маш болду"

 
- Бабанов өкмөт башчы катары аткаруучулук, чарбалык иштер менен гана алектениши керек эле. Ал премьер-министр гана болушу шарт. Тилекке каршы, ал Италиянын премьери Берлусконинин жолуна түшүп алды. Тагыраагы, экономика боюнча иш алып барып, ошол эле мезгилде эл, коомчулук көзүнө бат-бат чыгып турсам дейт. Ошондуктан Бабанов бир катар маалымат каражаттарын пайдаланып келет. Ал Кыргызстандагы өзүн жасалма пиар кылганга маш, баарына каршы маалыматтык согуш жүргүзгөн жалгыз саясатчы. Башка эч бир саясатчы мындай иш менен алектенбейт. Анын мындай аракеттеринин баары Атамбаевдин ордун алууга багытталган. Келечекте өзүн президент элестетет. Бирок анын андай максатынын ишке ашышы кыйын. Анткени, элдин, коомчулуктун басымдуу бөлүгү Бабановду сүйбөйт. Атүгүл бүгүн эл арасында Бабановдун каймана үч ысымы бар. Аны жакындан билгендердин айтымында, ал эч кимди укпайт, дайыма өзүнүкүн туура көрөт. Премьер катары статусуна тиешелүү чектен чыгып кетүүдө. Мисалы, Казакстанда парламенттик шайлоо аяктаганда Бабанов тарабынан алгач Назарбаев, андан кийин премьер-министр куттукталып атат. Бул жерде эл аралык, мамлекеттик этика одоно бузулду. Бабанов премьер катары президент Назарбаевди эч убакта куттуктай албайт. Андай укугу да жок. Бул дүйнөлүк саясаттагы стандарт. Президент Атамбаев болсо, Назарбаевди 2 жумадан кийин куттуктады. Акылга сыйбаган көрүнүш. 

Талант МАМЫТОВ, Жогорку Кеңештин "Ата Журт" фракциясынын депутаты:


"Же арабдарга, же мурдагы ээлерине пулдашат..." 


- Чындап келгенде "Мегакомдун" сатыкка коюлушунун мыйзамдуулугунда шек бар. Анткени, Конституцияда жок Декрет менен улутташтырылып, Башкы прокуратуранын сунушу менен эле сатыкка коюлган. Мыйзамдуу болушу үчүн соттун чечими керек. Мыйзамдарды түшүнгөн инвестор эч качан "Мегакомду" сатып албайт. Ошол үчүн сатып алам деп эч ким чыкпай атат. Ошондуктан "Мегакомду" пулдоонун эки эле жолу бар: мурдагы ээлерине сатып, жашыруун ат менен үчүнчү тараптын колуна өткөрүү же араб инвесторлоруна сатуу. Өкмөт башчынын Катарга жасаган иш сапарында бул маселе сүйлөшүлгөн. Шариат менен жашаган араб ишкерлери сатып ала бериши мүмкүн. Мында миллиондогон долларлар жүгүрүп жаткандыктан, чоң оюндар, кызыкчылыктар болууда. Эки учурда тең Бабанов түшкөн акча менен бюджет таңсыктыгын жоюуну көздөөдө. Бюджеттин абалы өтө эле начар. Кыргыз өкмөтү мындан башка акча булагын таба албай атышат.

Жумакадыр АКЕНЕЕВ, экономикалык серепчи:


"Бабанов ушинтип жүрүп отурса кызматтан кетет го" 


- Өмүрбек Бабанов аракет кылып эле жаткансыйт, бирок натыйжасы такыр эле жок. Айрыкча экономиканын абалы кескин солгундады. Мисалы, тоо-кен тармагы буга чейин бюджетке киреше берип келген болсо, лицензиялардын берилбей калганынан тармактагы иш токтоп калды. Инвестиция келбей атат. Атүгүл изилдөө-чалгындоо иштери жүрбөй калды. Кыскасын айтканда, Кыргызстандын тоо-кен тармагы банкроттук абалга кептелээрине аз калды. Убактылуу өкмөттүн декрети менен улутташтырылган кыймылсыз мүлктөрдү же сатып иштетпей, же биротоло мамлекетке өткөрүп коюшкан жок. Эки жылдан бери тоңгон абалда турганынан өлкөнүн бюджети гана зыян тартты. 2012-жылдын бюджетин бекитип алганы менен, аны аткаруу өтө кыйын болууда. Б.а. бюджеттин абалы өтө начар. Бюджетте каралган акчаларды берүүгө акча таппай атышат. Мугалимдердин айлыктарын берүүдө көйгөйлөр башталды. Бабановдун иши мындай темп менен жүрүп олтурса, жыл аягына жетпей кызматтан кетиши толук мүмкүн.

Өмүрбек АБДРАХМАНОВ, ЖКнын "Ата Мекен" фракциясынын депутаты:


"Коррупциялык иштерде өзүнүн аты аталып атса, кайдан?!" 


- Өкмөт башчы акыркы убактарда "саякатчы бакадан" бетер ат тезегин кургатпай чет жерге иш сапар менен барып атат. Ал иш сапарлардын максаты бирөө эле - инвестиция сурап, инвесторлорду чакырып жүрөт. Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кайырчынын кебетесин кийип аракет кылып атканы жакшы. Бирок биздеги коррупциянын тамырын кыркып, инвестициялык климатты жакшыртмайынча, жалдыраса да, жалбарса да инвесторлор келбейт. Иш сапарларында инвесторлор үчүн жакшы шарттар түзүлгөнүн айтып жүрөт. Бирок андай эмес да. Айрым коррупциялык иштерде өзүнүн аты айтылып жүрсө, кайдан шарт жакшы түзүлсүн?! Ушул жагынан абал оңолмоюн, иш сапарларынан бюджет акчаларын коромжу кылгандан башка эч кандай натыйжа болбойт. Инвестициялык климат чындап жакшырса, инвесторлор сурантпай эле өздөрү келет.

 

"Де-факто"

"Эгемендүүлүккө ээ болдук" деген кыргыздар кубанычы койнуна батпай жүргөн кезде, Акаевдин айласын таап, бир нече заводду ит бекер менчиктештиргенге жетишип, кекиртектен байып, Бакиевдин заманында Алдаркөсөдөй айлакерлиги менен "көпүрө" боло коюп, май-талкан кызматта "Кумтөрдүн" келишимин бир нече жылга узартып, анан эле орден тагынып "көчүккө" жээри менен заматта элдик кишилердин бирине айланып, бийликти богооздук менен катыра сындап жата калган Атамбаев деген атактуу "оппозиционердин"

эки жүздүүлүгүнө, колунан эч нерсе келбегенине эл эми ынана гана баштады. Же Алмаз Шаршенович куру убадаларды кабат-кабаты менен берип, аны аткарбаган алдамчылыгы жагынан Акаев менен Бакиевден ашып түшпөсө, асты кем калбастыгын жарым жылдын ичинде эле далилдеп бергени жалганбы?

 

Негизи бу киши кырчындай болгон кыргыз жигиттерин курмандыкка чалып, бакиевчилерден жулуп алган "эки тизгин, бир чылбырды" эч кимге карматпай, Апрель ыңкылабынан кийин мамлекетти түз жана кыйыр түрдө көшөгөнүн артынан башкарып жатканын барыбыз эле көрүп, билип турдук. Шибеге капка катылбагандай эле аны эч ким жаап-жашыра албайт. Бирок, Атамбаевдин мээ кыртышын, акылы канчалык деңгээлде кыймылдаарын түзүк билбеген айрым мекендештерибиз ага чоң ишеним артып, Апрелден кийинки жүздөгөн адамдардын өмүрү кыйылган коогалаңдарга, миллиондогон долларлардын жоголгонуна, кылмышкерлердин, сепаратистердин кутулуп кетишине ж.б. көптөгөн былык-чылыктарга тиешеси бар экенине көз жумуп, Атамбаевди былтыркы шайлоодо колдоп беришти. Мына эми ошол ойлонбой кылынган иштин азабын тартар мезгил келди окшойт.


Маселен, Атамбаев мамлекеттик жыйындарда, эл алдына чыкканда "үйбүлөлүк системаны сындырдык, элге бийликти бердик" деп таңдайын такылдатып жатат. Эгер айтып жатканы чын болсо, анда эмне үчүн мамлекеттин тагдыры төрт партиянын лидеринин гана жеке кызыкчылыгына байланып калды? Жаралгандан бери чындыкты айтып келатканы чын болсо, анда үйбүлөлүк системадан алда канча кубаттуу, күчтүү болгон кландык система орноп калганын эмне үчүн айтпайт? Бул бир. Экинчиси, Апрель төңкөрүшүнө салым кошкон ар бир адам Алмаз Шаршеновичке чоң үмүт артып, Саакашвилидей жеп-ичкендерди кустурат (!) дешкен. Тилекке каршы, жыйырма жылдан бери өлкөнү талап-тоногондор, кокосуна чейин байып, жеп-ичкендердин бирөөсү да жазаланган жок. Анысын кой, жок дегенде Апрель жана Июнь окуясында элди аткандарды кармап, камаганга дарамети, эрки жетпеди. Тескерисинче, элди жеген алдым-жуттумдарды, кыргыз кырылып жатканда бийликте манчыркап отурган балдардын өлүмүнө, моралдык жоопкерчилиги бар адамдарды кайра уялбастан өзү бийликке алып келгенин кантип танабыз? Же Бабанов, Ташбаев, Сегизбаев, Карашев, Беков дегендерди кызматка тартканы жалганбы? Эгерде мурункулар менен келишкис душман болсо, жыйырма жылдан бери эл (!) деп жүргөнү чын болсо, анда эмне үчүн жигиттердин өлүмүнөн соң Атамбаев мырза бакиевчилердин бийликке келишине шарт түзүп берди? 


Эми жыйырма жылдан бери өлкөнү жиликтеген эрендерди "Акаевчи, Бакиевчи" деп бөлбөгөнгө чакырык жасап жатканы эмне деген шумдук?! Кырчындай өмүрлөрдүн кыйылышы менен бийликке келген эрендин оозунан ушундай сөз чыгып жатканы туурабы? Мындай акыйкатсыз, адамкерчиликсиз ишти - акылы, абийири бар адам эч качан жасабайт. Анан камаарабай, мекен үчүн шейит кеткен жигиттердин алдында тастаңдап сүйлөп турганына таңгаласың! 


Акаев, Бакиев божураган жалган сөздү Атамбаев дагы кудум өзүндөй кайталап, коррупцияга аеосуз күрөш жүргүзөрүн билдирип, шайлоо алдында жеп-ичкендердин колун балта менен кертерин эскертип, президенттик такка отурары менен УКМКнын алдына жаңы бөлүм түзө койгон. Бирок, анысынан майнап чыккан жок. Айрым бизнесмендерге гана каршы түзүлгөн орган экени ачыкка чыкты. Ток этерин айтканда, коррупционерлердин колун балта менен керткенди мындай кой, башынан бир тал чач түшүрө алган жок. Өкүнүчтүүсү, баштаган иши жыйынтыксыз болгондугун мойнуна алгандын ордуна, Коргоо кеңешинин жыйынында Алмаз мырза "өкмөт коррупцияга каршы күрөшкө багытталган мыйзамдарды негизсиз создуктуруп жатат. Анан кантип коррупция менен күрөшөбүз?" деп өкмөткө көңтөрө салып, этегин кагынып чыга берди. Бул баягы эле жетекчилердин көрүнүшү. Президент апакай, күнөөнүн бары өкмөттө деген. Ой, Алмаз Шаршенович, сиз "айкырып, кыйкырып да болсо коррупциянын колун кыркам" деп элге убада берип, аныңыз үчүн шайлоодо жеңип, жеке өзүңүздүн карамагыңыздагы УКМКнын алдына атайын топ түзүп, жыл башында билек түрүнө киришпедиңиз беле? Анан "осурган кыз отурган кыздын бетин апчыйт" болуп, жок жерден өкмөткө төңкөрө салганыңызга жол болсун! 


Андан да кызыгы, кечээ "эл аралык мамилени соодага айландырды" деп Бакиевди сөгүп-сагып, жер муштап сындап жүргөн адам бүгүн көчө сөздөрүн сүйлөгөнүнө таң бересиң. Азербайжанга барганда, "түрк аталышындагы орус фамилиялары жөнүндө китеп чыгарып, Россия федерациясынын жетекчилерине берели" сунушун айтты. Бул ачыктан ачык эле маскаралоо болсо керек. Анын айтымына ишенсек, Карамзин деген жазуучу


Карамурза экен, Балчуг деген ат, кадимки "балчык", а деньги деген "теңге" имиш. Ал эми Кутузов - Кутуздун, Тургенев -Тургандын небереси болуп чыгыптыр. Мейли, ылайым ошондой эле болсун. Бирок, ушул сөздөрдү эл аралык деңгээлде сүйлөөгө болобу? Биз стратегиялык өнөктөшүбүздү достукка чакырбай эле, нары түртүп жатпайбызбы. (Маселен, Монголиянын президенти бизге келгенде кандай жакшы сөздөрдү сүйлөп берди). Мына ушундай шалпылдаган, шалаакы билдирүүлөрдүн кесепетинен Россия жарандыгын жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алуу келишиминен кол жуудук. ГЭСтердин курулушу да бүдөмүк болуп калды. Күйүүчү майдын да баасы асман чапчып баратат. Анан эл аралык мамиледе ачууну ичке катканды билбей, таарынычты үстөкө-босток жаадырып жатканы Алмаз Шаршеновичтин саясаттагы чабалдыгы эмей эмне? "Орусиянын берген карыздары Кыргызстанды жыргатып ийген жок" дегени эле эмне деген сөз? Карызды алып, жеп койгон мамлекет жетекчилерин күнөөлөбөй, берген өлкөнү беттен алгандык туурабы? Бул такыр акылга сыйбай турган нерсе да. Биз алган акчаны жээрин жеп алып, анан жардам бергендерге "акчаңар жыргаткан жок" деп догурунуп отурсак, бизге бирөө кол сунабы да, мамлекет катары көрөбү бизди?

 

Зулпукаар САПАНОВ,

"Учур" гезити

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын Оштогу өкүлү июнь окуясы учурунда шектелип кармалгандар кыйноого кабылганын айтып чыкты.
  •  
Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын Оштогу өкүлү Ренате Фрейх этнос аралык кандуу кагылыш боюнча айыпталган 61 адам тергөөдө зомбулукка кабылганын, бул фактылар боюнча мамлекеттик органдардан эч ким жоопкерчилик тарта электигин билдирди. Ал кыйноо фактылары тууралуу июнь окуясы боюнча жүргөн соттук териштирүүлөрдү мониторингге таянып айтууда.

Эл аралык уюмдун өкүлдөрү түштүктөгү 102 адам күнөөлөнгөн 22 соттук ишке байкоо салган. Бул айыпкерлердин көпчүлүгү тергөө учурунда ар кандай уруп-согуулардын негизинде тагылган айыпты мойнуна алууга мажбур болгонун айтышкан, деди Фрейх “Азаттыкка”:

- Биз көз салган 22 иш боюнча айып тагылган 102 жарандын ичинен 97 өзбек, 4 кыргыз жана бир казак улутундагы жарандар болушту. Бул мониторингдин учурунда жогоруда айтылган 102 адамдын ичинен 61и соттук иштин жүрүшүндө тергөө учурунда ар кандай кыйноолорго тушукканы тууралуу ачык айтышты.

БУУнун өкүлү кыйноо фактылары ачыктан ачык айтылганына карабастан, буга байланыштуу бир да адам жоопко тартылбаганына нараазы:

- БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын өкүлчүлүгүнун эң башкы сунуштарынын бири катары шектүү деп кармалган адамды сөзсүз түрдө каттоого алып, кыйноолорду токтотуу жана кыйноо жолу менен мойнуна алган учурларды сот бийлигине четке кагууну берсек дагы мындай факттарды дагы деле жолуктуруп жатабыз.

Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын Оштогу башкармалыгы кыйноого туш болдук дегендердин иштерин көзөмөлгө алууга убада беришти.

Анткен менен мамлекеттик органдар БУУнун өкүлүнүн билдирүүсүн четке кагууда. Ош шаарынын прокурору Атай Шакир уулунун айтымында, Ренате Фрейхдин билдирүүсүнөн соң прокуратура бул ишти териштирип, бирок кыйноо фактылары аныкталган эмес:

- Биз Фрейх айткан 61 иш боюнча атайын териштирдик. Бирок бул факттар тастыкталган жок. Бир гана Равшан Гапиров деген укук коргоочуну камоо боюнча иш азыр жүрүп жатат. Ошондуктан БУУнун өкүлүнүн айтканы өз ордун тапкан жок.

Ал эми Ош окуясы учурунда милициянын ур-токмогунан жабыркаган жарандарды өз көзү менен көргөн “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова бул маселе боюнча мындай пикирде:

- Прокуратура азыр бир жагынан мамлекеттик айыптоочу катары катышат, экинчи жагынан кыйноо аркылуу ачылган кылмыштардын бетин ачууга катышып жатат. Мындан улам прокуратура кылмыштын бетин ачууга кызыктар болуп, өзүнө-өзү каршы келген кадамдарга бара алган эмес.

Буга чейин кыргыз бийликтеринин чакыруусу менен келген БУУнун кыйноолор боюнча атайын баяндамачы Хуан Мендес июнь окуяларын териштирүүдө кыйноо окуялары болгонун жарыялаган эле. Кыйноону Кыргызстанда кеңири тараган көрүнүш катары баалаган Мендес өлкө бийлигин буга каршы тезинен чара көрүүгө чакырган.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, июнь окуялары боюнча 500гө жакын адамга кылмыш иши козголгон.
 
"Азаттык"

Парламент конституциялык реформаны тереңдетүүнү көздөсө, айрым коомдук уюмдар Баш мыйзамды алмаштыруу демилгеси менен чыгууда. Бүгүн “Кыргыз Республикасынын Референдуму жөнүндө”,  "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу” конституциялык мыйзамдарды 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамга ылайыктоо долбоору парламенттик угууда талкууланууда. 


Парламенттик көпчүлүк конституциялык реформаны тереңдетүү менен алектенип жаткан чакта кээ бир коомдук уюмдар Баш мыйзамды алмаштыруу үчүн референдум өткөрөбүз деген демилге менен чыгууда. 

Жогорку Кеңештеги демилгечи депутаттардын айтуусунда, аталган конституциялык мыйзамдарга жаңы нормаларды киргизүү - мезгилдин талабы. Анткени “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу” мыйзам 2010-11-жылы болуп өткөн парламенттик, президенттик шайлоону уюштуруу үчүн шашылыш кабыл алынган, ошол кенемтени толтурууга убакыт келип жетти дейт азыр иштеп жаткан Баш мыйзамдын негизги автору саналган “Ата Мекен” партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев:

- Биз Шайлоо системасын, тактап айтканда шайлоо комиссияларын, шайлоочулардын тизмелерин түзүү, добуш берүүнү уюштуруу багытында радикалдуу реформаларды жүргүздүк. Бирок айрым эски адаттар калган, бүгүн ошолор жаңылоону, жаңы нормаларды киргизүүнү талап кылып атат. Практикада көрдүк, эгер шайлоо жыйынтыгына шектенген талапкер, же партия добуш берүү кагазын кайра санап чыгууну талап кылса, сөзсүз түрдө ал аткарылышы керек деген норма киргизүү зарылдыгы бар. Экинчиден, партиялык тизме менен шайлоодогу территориалдык, аймактык принцип менен партиялык системаны айкалыштыруу зарылчылыгы бар.

Өмүрбек Текебаевдин пикиринде, аталган конституциялык мыйзамдардын алкагында саясий партиялардын парламенттик шайлоого катышуу укугу тууралуу да өзгөртүүлөр киргизилүүсү керек.

Ошентип “Референдум жөнүндө”, “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу” сыяктуу конституцялык мыйзамдарды 2010-жылы 30-июнда кабыл алынган баш мыйзамга ылайыктоо күн тартибинде турат.

Мыйзамчылар ушинтип апрель окуясынан кийин жүргүзүлгөн конституциялык реформаны алдыга жылдыруу менен алек болуп жаткан чакта “Элдик курултай” деп аталган коомдук кыймыл жаңы конституциялык реформа жасап, ал аркылуу Курултайлар институтун киргизүү дымагын билдирүүдө.

“Кыргызстан чоролору” коомдук уюмунун башчысы Замирбек Көчөрбаевдин айтымына караганда, кыймыл азыр референдум өткөрүү үчүн 300 миң кол топтоо максатын көздөп, 6-июнда БШКга расмий кайрылды:

- Азыркы Башмыйзамда элдин ой-пикири сунуш иретинде гана берилет деп турат. Биз болсо “эл бийлик органдарын көзөмөлдөп турушу керек” деп эсептейбиз. Ушул талап менен Жогорку Кеңешке кайрылсак, алар Башмыйзамдын 52-беренеси боюнча биздин талапты мыйзамдаштыра албайбыз деп атышат. Демек Конституцияны реформалоо зарылчылыгы турат.

Серепчилер 2010-жылы кабыл алынган Башмыйзам өлкөдөгү кырдаалды турукташтырууга шарт түзүп бергенин белгилешет. Алардын айтуусунда, Башмыйзамды кайра-кайра өзгөртө берүү өлкөнүн саясий жана экономикалык абалына тескери таасирин тийгизүүсү толук ыктымал.

Мындай пикирдегилердин бири, жаш саясат таануучу Марат Жаанбаев акыркы кабыл алынган Башмыйзамдын толук кандуу иштөөсүнө шарт түзүп берүү зарылдыгын белгилейт:

- Президент, өкмөт башчы, баары эле бүгүнкү күнү биздин өлкө өсүп-өнүгүшү үчүн саясий туруктуулук зарылдыгын айтып жатышат. Башмыйзамды өзгөртүп, шайлоо тууралуу мыйзамдарды өзгөртүп, кайра-кайра шайлоолорду өткөрүүдөн көрө, ага сарпталган каражатты өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жумшасак жакшы болмок.

Ушинтип эки жыл мурун кабыл алынган Башмыйзамды кайра алмаштырууга аракеттер кайра башталганы турат өңдүү.
 
"Азаттык"