Анклав тургундарынын абалы өтө кыйын. Ал жердин жашоочулары "Бизди биротоло кыргыз бийлиги көчүрүп кетсин!" деп талап коюшууда. Бул маселе боюнча бир канча ирет бийликке кайрылышканы менен биринен да жооп болбогонуна ачууланып, агынан жарылышты. 

Жогорку Кеңеш Ош, Жалал-Абад шаарларын кайра калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча 2013-жылдын июнь айынын акырында ар бир депутаттык фракциядан алып, курамын ондон ашык кылуу менен түзүшкөн. Башында депутат Н.Молдобаев турган депутаттык комиссиянын Ош, Жалал-Абад шаарларын кайра калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясынын ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгын 2013-жылдын ноябрь, декабрь айларында эле угушмак. Депутаттар ушундай чуулгандуу ишти талкуулап, ага өзүнүн баасын берүүнүн ордуна, бул ишти бийликтин акырынан жем жеген депутаттар "бармак басты, көз кысты" кылышып, улам артка жылдырып, колдорунан келсе унуткарып, карабай койгонго чейин барышты.

Же биздики аларда кайталанып жатабы?

Башкы директору президент тарабынан дайындалып, учурда ишмердүүлүгү Коомдук байкоочу кеңештин көзөмөлүнө алынган Коомдук телерадиоберүү  корпорациясы бюджеттен каржылангандыктан, мыйзамга ылайык, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына жараша иш жүргүзүш керек. Бирок Кыргызстанда бир эмес, эки ирет элдик революциянын чыгышына себеп болгон КТРКнын Кубат Оторбаев башында турган азыркы жетекчилиги дале болсо “өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип” мамлекетибиздин башкы идеологиялык куралы болгон маалымат каражатын талаптагыдай деңгээлде жүргүзбөй, дале болсо баягы «кара жащик» атынан арыла албай жаткандыгы тууралуу коомчулукта көп эле нааразычылык пикирлер айтылып келүүдө.

Узап бараткан жумада кыргыз оппозициясы бириккенин жарыялады. Улуттук валюта - сомдун курсу төмөндөөсүн токтоткон жок.

24-февралда Кара-Балта шаарында жаштар жыйын ѳткѳрүп, ага ѳлкѳдѳгү жаш лидерлер чогулуп, бирдиктүү жол тандап, чогуу багыт алуу чечимин кабыл алышты. Кар жаап, жолдун тайгактыгына карабай бул жыйынга ар бир облустун жаштар коомдук уюмдарынын ѳкүлдѳрү келип катышты. Жыйындын жыйынтыгында азыркы бийликтин ишине нааразы болуп, “керектүү учурда гана курал катары пайдаланып калып жатабыз”,- деген жаштар тобу мындан ары жаштар кыймылын түзүп мамлекетке ѳз салымын кошуу жана жаштар ынтымагын чыңдоо демилгесин кѳтѳрүп, чечим кабыл алышты. Мындай кыймылды “Жаштар ѳкмѳтү” деп атап, мурдагы депутат, жаш саясатчы Максат Кунакуновду лидер кылып дайындаганга жетише алышты.

Коомчулук Киевдеги окуялардын эпкини Бишкекти да кыйгап өтпөйбү деген суроого жооп издеп жатканда, айрым саясатчылар Украинада Кыргызстандагы 2010-жылдагыдай абал кайталанганын айтууда.

Эсиңиздерде болсо керек, өткөн жылдын акыркы айында “Кыргызстандын атайын кызматтары Каржы полициясынын жетекчилигин контрабанданы “крышовать” эткени үчүн кармаптыр, Б.Ашировдун иш бөлмөсүндө тергөөчүлөр тинтүү иштерин жүргүзүп жатат,”-деген кабар интернет булактарында пайда болгон. Кийинчирэек бул маалыматка атайын кызматтар тактоо киргизип, “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн Каржы полициясынын өздүк коопсуздук кызматынын жетекчиси жана ыкчам кызматкери колго түшүрүлдү,”- деп, бирок бул ишке Б.Ашировдун эч кандай тиешеси жок экенин айтып, кыска маалымат менен чектелишкен. Бул окуянын “кадр артында” калган учурларын жана тергөө иштеринин чоо-жайын билүү максатында журналисттик иликтөө жүргүздүк.

Парламентте “Кумтөр” алтын кенинин тагдыры талкууланып жатканда, айрым депутаттар: “Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттары канадалык компанияга сатылып кетти. Компанияны жактаган макалалаларды чыгара башташты”,- таризинде билдирүү жасашты. Бул айтылгандардын канчалык чындыгы бар, чын эле басма сөз каражаттарына улуттун келечегинен да чет өлкөлүк компания төлөп берчү каражат бийик болдубу? Же “Кумтөрдү” иштеткен компаниянын ишмердүүлүгү боюнча алардын өз чындыгы барбы? Бул тууралуу кыргыз тилдүү гезиттердин башкы редакторлоруна кайрылып, баарынан эле жооп ала албадык. Жооп берүүдөн баш тартышкандар болду. Ал эми баш тартпай, чындыгын айткандар төмөндөгүлөр...

Өткөн санда ЖКнын депутаты, Коррупцияга каршы аракеттенүү комитинин төрагасы Анарбек Калматовдун өз кызыкчылыгы үчүн коомчулукту чочуткан аракеттерди жасап жаткандыгын жазганбыз. Айтылуу Гитлер: “калпты кайда барбагын улам кайталай берсең, ага ишенип калышат”,- деп айткан. Ошондой тактиканы бүгүн А.Калматов колдонуп жаткан өңдүү.

Кыргыз-тажик чегинде эки өлкө жарандары бири-бирине таш атуусу боюнча милиция тергөө амалдарын баштап, жабыркагандардын чыгымы төлөнүп берилмей болду. 15-февраль күнү Баткендин Ак-Сай айылын аралап өтүп бараткан Тажикстандын Ворух айылынын тургунуна тиешелүү автоунаага кыргыз жарандары таш атышкан. Мунун айынан машинанын арткы айнегин талкаланган. Анын эртеси, 16-февралда Ворух айылы менен чектеш жолдо бараткан аксайлык Ысман Ысмановго тиешелүү машинеге ворухтуктар таш атып, анын да айнектери талкаланган. 

Максим, Марат, Жаныш жана Курманбек Бакиевдер 2006-жылы Жерүйдү иштетүү укугуна ээ британиялык “Оксус” компаниясынын өкүлү Шон Дейлиге кол салуу уюштурган деп шектелүүдө. Бул боюнча соттук териштирүү 27-февралда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда башталганы турат. 

Кечээ жакында Сочидеги кышкы олимпиада комитетинин өкүлдөрү менен жолугушууда БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун сексуалдык азчылык өкүлдөрүнө карата түрдүү дискриминация жана кыстоо болуп жатканын айтып, муну токтотууга үндөдү. Бирок В.Путин бул маселе көтөрүлүп жаткан кезде "гейлер Чеченстандын бир айылында биздегидей өз укуктарын коргоп чыгышсынчы, кандай мамилеге туш болор экен?" маанисинде бурк этти. Орус бийлиги буга чейин эле гомосексуализмге, аны жайылтууга тыюу салган мыйзам кабыл алып койгон. Ал эми биздечи?

Кыргызстанда бир катар оппозициялык партиялардын лидерлери, саясатчылар Бириккен Улуттук оппозициялык кыймылга биригишти. Анын негизги максаттары парламентаризмди бекемдөө, авторитардык жана президенттик абсолюттук бийликке каршы туруу болуп саналат. Эмки аптада өзүн оппозиция деп эсептеген саясатчылар биригүү боюнча келишимге кол коюшмакчы. Анткен менен айрым серепчилер бул биригүүнү 2015-жылдагы шайлоого даярдык катары сыпатташууда. Кээ бирлери амбициясы чоң саясатчылардын ымалага келишинен күмөн санашууда. 

2010-жылы июнь каргашасынын айынан жабыркаган шаарларды калыбына келтирүү боюнча түзүлгөн Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясынын ишин текшерген депутаттык комиссия өз корутундусунда дирекция өз ишинде бир катар финансылык мыйзам бузууларга жол берип, курулуш иштерин сапатсыз жүргүзгөнүн белгилөөдө. 

9-февралда саат 17.00 чамасында Балыкчы ШИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Балыкчы шаарынан болжолдуу түрдө 20 км. алыстыктагы Тоң районунун Көк-Мойнок-1 айылынын тушунда белгисиз бирөөлөр милиция кызматкерлерин атып кетишкендиги тууралуу маалымат түшкөн. 

Башаламандык өкүм сүргөн Кыргызстанда каалаганыңды жасасаң боло берет дешеби, айтор акыркы мезгилде чет элдик жарандар байлыгыбызды талап-тоноп, жарандарыбызды уруп-сабаганы  аз келгенсип, алмончоктой кыздарыбызды зордуктап, кордоп, аларды денесин сатууга мажбурлап бизнес жасоону да “гүлдөтүп” жатыптыр. Эмне үчүн бизде чет элдиктер мынчалык кутурушууда? Анткени алар Ак үйдөгү чиновниктерден тартып, сот, прокурор, милиция жана башка укук коргоо кызматкерлерине чейин акчага сатып алышкан...

Аялзаты ким? Күчтүү эркектердин атаандашын жыгуудагы куралыбы же улуттун тукумун улачу эне менен жарбы? Акыркы убакта кыргыз саясатындагы болуп аткан көрүнүштөр саясатчылардын бири-бирине аялзатын колдонуу менен жугунду төгүүдөн башка ыкмасы калбай калгандай ойго салат. Бир канча жыл мурда ОБОНчулар деп аталган, каалаган жетекчини каалаган учурда жакасынан сүйрөп сыртка чыгарып коюуга күчү жеткен жулкунма аялдардын тобу пайда болушу менен кыргыз аялдарынын коомдогу аброю бир тепкичке ылдыйлаган. Бул топту ким, качан түптөгөнү тууралуу ар кандай кептер айтылып жүрөт. Ким болсо да, кыргыз аялдарынын "саясый куралга" айлануусуна "ат көтөргүс эмгек" жасады. Ошондон бери митинг болобу, кайсы бир жетекчини ордуна коюу керекпи, алдыда аялдар жүрөт. Эми аялдар саясый ыкманын дагы бир түрүнө колдонула баштады.

Былтыркы 2013-жыл да январь айындагы чегара чатагы менен башталган. 36 жараныбыз кошуна Өзбекстанда барымтада калган эле. Анда да чатак Баткендеги өзбектердин Сох анклавына байланыштуу болгон. Бул жылыбыздагы чатак Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавынан улам болуп жатат. Былтыр ооруканага токмок жеген аймактык милиция кызматкерибиз түшкөн болсо, быйыл аскерлерибиз тажик кошуналардын артиллериялык аткылоосуна кабылышты.

3-февралда өткөн Коргоо кеңешинин жыйынында президент А.Атамбаев ушинтип туталанды. Бул жыйын саясат менен диндин жуурулушуп кетүү коркунучу боюнча болду. Бийлик бүгүн ойгонгондой түр көрсөтүп, ислам дининин түрдүү агымдары коомго, мамлекеттүүлүккө болгон таасири тууралуу маселени кабыргасынан коюшту. "Кыргыз бийлигине чыныгы оппозиция болуп ислам фундаментализми болбойт деп эч ким кепилдик бералбайт" таризинде "Катани"-Өмүрбек Суваналиев мындан он жыл мурун эле айтып чыккан. Башка диний конфессиялардын "жүрүштөрүн" айтпай туралы, бирок исламдын түрдүү агымдары динге жамынып, өз саясатын "калчап" калганы эч кимге жаңылык деле болбой калган.