Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 231

Аталган коррупциялык схеманын натыйжасында аталган департаменттин кызмат адамдары тарабынан мамлекетке 49 миллион сомдон ашык суммадагы зыян келтирилген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментиндеги коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, 2019-жылы Департамент жол тейлөө мекемелерин унаа жолдорун куруу жана оңдоо үчүн керектүү заттар менен камсыз кылууга, тендердик жол-жоболор аркылуу «жол битуму» майын өндүргөн продукцияны сатып алган.

Бирок, Башкармалыктын жооптуу кызмат адамдары, аларга баш ийген жол тейлөө мекемелеринин жетекчилиги менен алдын ала макулдашышып, материалдык артыкчылыктарды өндүрүү максатында, сатылып алынган чийки заттын олуттуу бөлүгүн кызыкдар болгон жеке компанияларга сатышкан, ошол эле учурда, берилген маалыматта сарпталган чийки заттын көлөмүн жана баасын атайылап ашыкча көрсөтүшкөн.

Аталган коррупциялык схеманын натыйжасында аталган департаменттин кызмат адамдары тарабынан мамлекетке 49 миллион сомдон ашык суммадагы зыян келтирилген.

2021-жылдын 8-апрелинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) фактысы боюнча кылмышка шектүү делип Чүй облусунун унаа жолдорунун аймактык башкармалыгынын башкы инженери «А.Р.А.» кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.

Булак: Кабар