Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 206

Алар Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына киргизилген.

Мыйзамсыз баюу жана коррупция фактысы боюнча УКМКнын Бишкек шаары боюнча райондук бөлүмүнүн жетекчиси А.Ж. жана борбор калаанын мурдагы вице-мэри А.А. кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз баюу жана коррупция фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жогоруда айтылган адамдар Бишкектин кымбат баалуу жер тилкелерин пайдаланууга беришкен.

Алар Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына киргизилген.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, жогорку кызматтагы адамдар кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, башка кызматтагылар менен бирге Бишкек мэриясынын жооптуу кызматкерлерине басым жасаган. Шектүүлөр жер тилкелерин өздөрүнүн тааныш жактарына мыйзамсыз каттатууга мажбур кылышкан.

Учурда иликтенип жаткан кылмыш иши уланууда.

Булак: Маралфм