Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 150

Өлкөгө малдын жана тоңдурулган балыктын ири партиясын мыйзамсыз ташып кирүү аныкталды.

Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан көзөмөл-өткөрмө пункттарына жакын жердеги товарларды эсепке алуу пункттарында ЕАЭБ өлкөлөрүнөн уруксат берүүчү документтерсиз тоңдурулган балыкты, ири жана майда мүйүздүү бодо малды, ташып кирүү фактыларын аныкташты.

Тактап айтканда, Кыргызстандын аймагына 367 баш ири мүйүздүү малды, 162 майда мүйүздүү малды жана 20 тонна тоңдурулган балыкты мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюлду.

Импорттоочуларда коштоочу документтер жана товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты болгон эмес.

Бузуулардын материалдары мыйзам чегинде тийиштүү иш-чараларды өткөрүү үчүн мобилдик топко берилди.

Булак: Кабар