Бишкектин Мурас-Ордо конушундагы жеке турак жайдан 17-мартта саат 09:00 — 11:00 чамасында өспүрүм баланын жансыз денеси табылган.
Мурас-Ордо конушунда 13 жаштагы баланын өлүмүнө шектелип өспүрүм кармалды, деп билдирди Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 18-мартта.
- Бишкектин Мурас-Ордо конушундагы жеке турак жайдан 17-мартта саат 09:00 — 11:00 чамасында өспүрүм баланын жансыз денеси табылган. Ал 2008-жылы төрөлгөнү белгилүү болду.
- Баланын мойнунда бычактын изи бар. Анын денесин апасы таап, аймактык милиция кызматкерине кабарлаган.
Туугандарынын айтымында, көз жумган бала талма оорусу менен жабыркагандыктан дайыма көзөмөлдөп турушкан. Окуя болгон күнү ата-энеси жумушка кетип, аны 10-класстагы агасы — 2004-жылы туулган А.С. карап калган.
Окуядан кийин качып кеткен А.С. кийинчерээк ыкчам кызматкерлер, кинологдордун издөө иштеринин натыйжасында камыштардын арасынан табылды. Ал кармалгандан кийин жууп-тазалап койгон бычакты таштап кеткен үйдү көрсөтүп берген. Анын айтымында, иниси экөөнүн ортосунда уруш чыгып, ал бычак шилтеген.
Шектүү убактылуу камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.
Булак: Баракелде


