Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 187

Маалыматка ылайык Атамбаев УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы милиционер Жалил Атамбаев Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (“Мыйзамсыз баюу”) боюнча 3-мартта кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык Атамбаев УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат. Атайын кызматтын маалыматына караганда Жалил Атамбаевге каршы козголгон бир катар кылмыш иштери боюнча, анын ичинде мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз баюу фактысы тууралуу тергөө иштери жүрүп жатканын кабарлады.

“Тергөө иштеринин жүрүшүндө, ички иштер органдарынын кызматкери болуп саналган Ж. Атамбаев олуттуу финансылык ресурстарга ээ болуп, кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү өзүнүн жакын туугандарынын атына каттатып алган”, деп жазылгат маалыматта.

Булак: Элгезит