Бишкек, “Саясат.kg”. Бул тууралуу Чүй областтык ИИБнын басма сөз кызматы кабарлады.

Чүй районунун ички иштер бөлүмүнө Онбир-Жылга айылынын 37 жаштагы жашоочусу Р.Т. арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 23-январга караган түнү анын сарайына белгисиз бирөөлөр киришип, 3 баш мал жандыктарын уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 50 миң сомду түзгөн.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси (“уурдоо”) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталаган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында Чүй облусунун ИИББдын криминалдык милиция кызматы, Сокулук РИИБдүн жана Чүй РИИБдүн кызматкерлери тарабынан Сокулук районунун аймагында автоунаага малдарды жүктөп бара жаткан жеринен 28 жаштагы К.А. жана 25 жаштагы Т.М. аттуулар кармалышкан.

Териштирүү учурунда кармалган жарандар бир топ кылмыш иштерине катыштыгы бар экендиги такталган. Алар: Чүй облусу боюнча 12 фактыга жана республикабыздын башка аймактарында 16 фактыга тиешеси бар экендиги аныкталган.

Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.