Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 272

Бишкек, “Саясат.kg”. Бул тууралуу Чүй областтык ИИБнын басма сөз кызматы кабарлады.

Чүй облусунун ИИББнын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан интернет түйүндөрү аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний экстремисттик уюмдардын биринин көз карашын камтыган материалдарды таркатып жаткан аккаунт аныкталган. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык Кодексинин 315-беренеси (“Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу”) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Алынган материалдарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, жыйынтыгында жогорудагы аккаунт аркылуу таркатылган материалдарда Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюумунун көз карашын камтыган материал бар экендиги аныкталган.

Чүй облусунун ИИББдүн экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы жана Сокулуку РИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 2021-жылдын 23-февраль күнү Жалал-Абад облусунда туулуп өскөн 43 жаштагы Б.Э., Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринен кармалган.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Тема: