Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 177

Бүгүнкү интернет жана уюлдук байланыш күч алган заманда эгер башың иштесе, үйдө, ал тургай түрмөдө отуруп алып эле банктарды же ишкерлерди алдап, миллиондогон акчасын ээлеп алсаң болот.

Бирок “уурунун арты кууш”,- демекчи, алардын бири жакында колго түштү. Акыркы учурларда эркиндигинен ажыратылган жайларында жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын катыштыгы бар телефон алдамчылыгы көп катталып, алар жарандардын ишенимине кирип, таанышы же тууганы болоорун, кырсыкка кабылгандыгын айтып, ар кандай шылтоолор менен акча каражаттарын алдап котортуп алышууда. Ошондой эле өздөрүн жогорку кызматтагы адам катары тааныштырып, ар кайсы мекеменин жетекчилерине чалышып, ар кандай максаттарда жардам көрсөтүү талаптарын айткан учурлар дагы жок эмес.

Ошондой көптөгөн алдамчылыктардын бири Чүй облусунун Сокулук РИИБде тергелип жатат. ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери бул иштин үстүнөн иштеп жатып, кезектеги телефон алдамчылыгынын бетин ачышты. Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө жаза өтөө мекемесинде жүрүп, телефон алдамчылыгы менен алектенип жүргөн мурда бир нече жолу соттолгон 1995-жылы туулган М. уулу Р.дин тиешеси бар олутту чыгымга алып келген алдамчылык аракетин аныкташып, бетин ачышты. Алданып калгандардын ичинде ишкерлер дагы бар.

2020-жылы жогоруда көрсөтүлгөн жаран бир нече жүз миң сом турган көп тоннадагы буудайдын акчасын алып, ишкерлерге олуттуу зыян алып келген. Телефон аркылуу алдап жүргөн шылуун абройлуу компаниялардын биринин атынан чалып, буудайды сатуу-сатып алуу боюнча соодагерлер менен макулдашкан. Жүк ташуучу унаага товарды жүктөп бүтүшкөндө, сатып алуучунун (алдамчынын) талабы боюнча акча которулган, андан соң анын телефону ошол замат өчкөн. Бардыгы териштирилгенден кийин маалым болгондой, сатуучу менен сатып алуучу бири-бири менен эмес эле телефон алдамчысы менен сүйлөшүп жүрүшкөндүгү аныкталган. Акча каражатын ал шылуун көрсөткөн эсепке которушканы аныкталган.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматы Сокулук жана Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте татаал жана жоопкерчиликтүү ишти аягына чейин алып барышып, бир нече алдамчылык фактыларын аныкташты.

Булак: “Майдан.kg газетасы