Райымбек Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидинов кармалды
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн башчысы, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидиновду УКМКнын Оштогу башкармалыгы кылмышка шектүү катары 11-январда кармаганы кабарланды.
Маалыматты Сайпидиновду жакшы билгендер жана күч органдарындагы булактар да ырасташты. Шектүү атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени маалым болду.
Сайпидиновдун кармалып, эки күнгө камакка алынганын жергиликтүү сайттар да жазып чыгышты.
Булак: Элгезит