Шектүү Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан каракчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын январь айында Ысык-Ата районунун аймагында жеке
ишкерге каракчылык жасалган. Окуя Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү жарандын өздүгү аныкталып, ага издөө жарыяланган.
Чүй ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү жана Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүү жарандын жүргөн жери такталып, Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринен ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Чүй облусу боюнча атайын отрядынын кызматкерлеринин жардамы менен шектүү колго түшүрүлгөн.
Кармалган жаран буга чейин соттолуп, ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турганы аныкталды. Шектүү «БТР» каймана аты бар 28 жаштагы Т.А. экендиги белгилүү болду.
Шектүү Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.
Булак: Баракелде