Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу жана коротуу факты боюнча «Тазалык» муниципалдык ишканасынын мурунку директору кармалды.
Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
2018-жылдын октябрь айынан баштап 2019-жылга чейин «Тазалык» муниципалдык ишканасын Талантбек Казакбаев жетектеген. Ал эми 2019-жылдын октябрь айында аталган ишкананын директорунун орун басары болуп дайындалган.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, 2019-жылы «Тазалык» ишканасы 84 миллиондон ашык сомго күйүүчү-майлоочу май сатып алган. Сатылып алынган май талон түрүндө ишканага коштомо кагаз жана эсеп фактурасы менен берилген.
«Бирок Т.К. башкы эсепчи жана операторлор менен көмүскө бүтүмгө келип, ишкананын ишмердүүлүгүнө арналган май талондорун мыйзамсыз ээлеп алып, короткон. 2019-жылы Чүй жана Талас облустарында 30 530 литр (1 млн сомдон ашык) майдын талону колдонулган. Ал учурда ишканынын Бишкектеги ишмердүүлүгү чектелген. Эсептөө палатасынын аудити боюнча, 2019-жылы Бишкек шаарынын аймагынан тышкары жерде май талону 1 млн 66 миң 100 сомго айландырылган. Сотко чейин өндүрүштүн материалдары Жазык кодексиндеги 205-берененин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам иштер жүргүзүлүп жатат», - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин ушул жылдын 8-февралында «Тазалык» ишканасынын башкы эсепчиси А.О. жана А.М., Б.Н. аттуу операторлор кармалган.
Булак: Баракелде