Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 203

Р.Жапарова камактагы мурунку депутат Садыр Жапаровдун бир тууганы.

«Интерпол» аркылуу эл аралык издөө жарыяланган кыргызстандык аял 22-майда Польшанын аймагынан кармалды. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Райкүл Жапарова мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылган.

Айыпталуучуга Бишкек шаарынын Октябрь райондук жана Бишкек шаардык соттору тарабынан сырттан чечим чыгарылган. Ал 2014-жылдын 22-октябрында жана 2015-жылдын 3-апрелинде:

- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 30-183-беренесинин 3-бөлүмү (Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу кылмышына катышуу);

- 166-беренеси (алдамчылык);

- 221-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча күнөөлүү деп табылган.

Учурда Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тарабынан экстрадициялоо маселелери чечилип жатат.

Р.Жапарова камактагы мурунку депутат Садыр Жапаровдун бир тууганы.

Булак: Баракелде