Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 276

Бишкек, “Саясат.kg”.  Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев “оор кылмыш жасап, мамлекетке зыянын тийгизбегендерди камактан чыгаралы”- деди.

Ал мындай оюн ЖКнын Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Укук тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү, коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында айтты. Ал адам өлтүрүп, ден соолукка зыян келтирип, зордук-зомбулук кылгандарды, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн, мамлекетке кыянат жасаган адамдарды абакта калтырып, калгандарын аманаттын (залог) негизинде абактан чыгаруу керек деди.

“Аларды багып, акча короткончо майда кылмыш болсо залог системасына өткөрүп, пробациялык көзөмөл жасап, чыгарсак каражаттар үнөмдөлөт,”- дейт.

Ошондой эле экономикалык кылмыш жасагандарды да күрөө акы менен бошотууну карап көрүүнү сунуш кылды. Ал бул дегенибиз менен жакшы эле ой оңдөнөт. Камап, кечирим сураткан менен экономикабыз жогорулап деле кетпесине элдин да көзү жетип калды.

Тема: