Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 198

Бишкектеги Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды.

Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Комитеттин маалыматы боюнча, УКМКнын кызматкерлери ИИМдин Ички иликтөө кызматынын өкүлдөрү менен бирге У.К. аттуу кызматкерди кармашкан. Буга чейн АКИpress агенттигине булактар аркылуу маалым болгондой, ага инспектор, милициянын подполковниги колго түшкөн.

Атайын кызматтын версиясы боюнча, милиция кызматкери жеке компаниянын өкүлүнөн санитардык посттордон жана тосмолордон өтүүгө атайын уруксат кагазын берүү үчүн акча талап кылган. Бул факт Жазык кодексиндеги 326-берене (пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Булак: Баракелде